Copyright: ©

760 миңден ашуун аялдар «Айымдардын ден соолугу!» республикалык бир айлыгынын алкагында медициналык мекемелерге кайрылышты

21.11.2024 / Просмотров: 5333

Октябрьайында республика боюнча 760 миңденашуун аялдар «Айымдардынден соолугу!» республикалык бир айлыгынын алкагында профилактикалык кароодон өтүштү. Булөлкөнүн жергиликтүү медициналык мекемелерине катталган жалпы аялдардын 50% түзөт. 

 

ОктябрьайындагыбирайлыкКыргызРеспубликасынынСаламаттыксактооминистрлигитарабынан «Кыргызстандагыжугуштууэмесоорулардыэффективдүүбашкаруужанаалдыналуу» швейцариялыкдолбоорунунколдоосумененөткөрүлдү. 

 

Жыйынтыгында, 45 000гежакынаялдаканбасымынынжогорулашыбиринчижолуаныкталды, 10 000 аялдажүрөк-кантамырооруларынынпайдаболуукоркунучужогоруэкенибелгилүүболду. Ошондойэле, 5 600дөнашуунаялдакантдиабетининжогоркукоркунучуаныкталды. 300 аялэмчекбезининрагына, алэми 550 аялжатынмоюнчасынынрагынашектелипсаламаттыксактоосистемасынынүчүнчүдеңгээлинежөнөтүлдү.   

 

2023-жылдын октябрь айында 430 000ден ашуун аял баштапкы медициналык-санитардык жардам мекемелеринде профилактикалык скринингден өттү. 33 000ден ашууну контрольдук кароого кайрылып, алардын ичинен 1400 аялга гипертониялык оору диагнозу коюлду. Жугуштуу эмес оорулардын тобокелдик факторлору менен биринчи жолу аныкталган аялдар медициналык кароолор олуттуу ооруларды эрте аныктоодо жана контролдоодо өтө маанилүү роль ойной турганын белгилешти. Ошондой эле, калктын саламаттык сактоо тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу боюнча үзгүлтүксүз демилгелердин зарылдыгы белгиленди.

 

Жүрөк-кан тамыр оорулары, рак, диабет жана өпкөнүн өнөкөт оорулары сыяктуу жугуштуу эмес оорулар Кыргызстанда жана дүйнө жүзүндө өлүмдүн негизги себептери болуп саналат. Бул оорулардын өнүгүшүнө негизги түрткү болгон факторлордун катарына туура эмес тамактануу, физикалык активдүүлүктүн жетишсиздиги, алкоголдук ичимдиктерди ичүү жана тамеки тартуу кирет.

 

Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланган “Кыргызстандагы жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу” долбоору сапаттуу баштапкы медико-санитардык жардам көрсөтүүгө бирдей мүмкүнчүлүк алуу жана сергек жашоо мүнөзүн жайылтуу аркылуу Кыргызстан калкынын ден соолугун жана бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган. Долбоор Чүй, Нарын, Талас жана Ысык-Көл облустарын камтыган Ал эми азыр, долбоор Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында иш алып барууда.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

04.12.2024
Чүй облусундагы мурдагы оорукананын имараты мамлекетке кайтарылып, облустук төрөт үйү болот

Бүгүн, 2024-жылдын 4-декабрында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев иш сапары менен Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылына барды. Иш сапарынын жүрүшүндө ал мурда жеке адамдар тарабынан менчиктештирилип, бирок жакында мамлекеттин менчигине кайтарылган мурдагы оорукананын имаратынын абалы менен таанышты.

Административдик-аймактык реформанын алкагында Чүй төрөт үйүнүн имараты Бишкек шаарынын карамагына өтүп, Чүй облусунда тобокелдик тобуна кирген аялдарга акушердик жардам көрсөтүү үчүн Чүй облусунун аймагында жаңы медициналык мекемени уюштуруу зарылчылыгы келип чыккан. Министр кайтарылган имараттын базасында 100 орундуу заманбап Чүй облустук төрөт үйүн түзүү боюнча иштерди баштоону тапшырды.

Саламаттык сактоо министри облустун координатору Алмаз Назарбековго имаратты капиталдык оңдоого кеткен чыгымдарды эсептеп, керектүү медициналык жабдуулардын тизмесин түзүп, Саламаттык сактоо министрлигине долбоорду каржылоону камсыздоо боюнча сунуштарды даярдоону тапшырды.

04.12.2024
Шаардык тез жардам балдар ооруканасында кичинекей бейтаптар жана алардын ата-энелери үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү

Бүгүн, 2024-жылдын 4-декабрында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Шаардык балдар клиникалык тез медициналык жардам ооруканасына барды. Анда министр бөлүмдөрдү кыдырып, кызматкерлер менен баарлашып, бейтаптардын жана алардын ата-энелеринин жашоо шартын жакшыртууга багытталган чаралар менен таанышты.

Министр соматикалык имараттын кабыл алуу бөлүмүндөгү жаңы күтүү залына өзгөчө көңүл бурду. Аны кеңейтүүгө республикалык бюджеттен 18 миллион сом бөлүнгөн. Мындай чечимди былтыркы кырдаал, КРВИ жана сасык тумоо боюнча эпидемиологиялык сезондун кызуу маалында бейтаптардын агымы абдан көп болгондуктан, аларга сыртка чатыр тигип берүүгө аргасыз болгон.

Аянты 240 чарчы метр болгон жаңы күтүү залы бардык керектүү жабдыктар менен жабдылган. Эми балдарын коштоп жүргөн ата-энелер кезекти ыңгайлуу шарттарда күтө алышат.

«Саламаттык сактоо министрлиги медициналык мекемелерде ыңгайлуу жана заманбап инфраструктураны түзүү боюнча ырааттуу иш алып барууда. Биз бейтаптарга жана медициналык кызматкерлерге сапаттуу жана өз убагында жардам көрсөтүү үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзүүгө аракет кылабыз», - деди Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.

Оорукананын башкы дарыгери Акылбек Маманов министрге ооруканага күнүнө 300-350дөй бейтап келип жатканын билдирди. Тез жардам бөлүмү күчөтүлгөн режимде иштеп, 25 дарыгер, анын ичинде педиатрлар, хирургдар, травматологдор жана реаниматологдор күнү-түнү иштешүүдө.

«Бейтаптардын көп агымы инфраструктураны модернизациялоону талап кылат. Саламаттык сактоо министрлигинин демилгеси менен быйыл кабыл алуу бөлүмүнүн кошумча имараты курулуп, жабдылып, биздин бейтаптар үчүн шарттар бир топ жакшырды», - деди Акылбек Маманов.

03.12.2024
Улуттук онкология жана гематология борборуна жаңы директор дайындалды

Бүгүн, 2024-жылдын 3-декабрында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Улуттук онкология жана гематология борборунун жамаатына борбордун жаңы директору Букуев Нурбек Медетбековичти тааныштырды.

Иш-чаранын жүрүшүндө министр борборду онкологиялык жана гематологиялык ооруларды дарылоого адистешкен өлкөдөгү негизги медициналык мекемелердин бири катары мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Алымкадыр Бейшеналиев Нурбек Медетбековичтин жетекчилиги астында борбордун позициясы бекемдеп, дарылоонун алдыңкы ыкмаларын киргизип, бейтаптарга жогорку деңгээлдеги медициналык жардам көрсөтүлөөрүнө ишеним билдирди.