Адаттан тыш ысык аба-ырайында кантип ден соолукка кам көрүү керек?
27.06.2022 / Просмотров: 2306
Аномалдуу ысык аба ырайын жүрөк-кан тамыр системасынын жана өнөкөт оорулардан жапа чеккендер эмес, дени сак адам да жакшы көтөрө албайт. Мындай аба ырайында өнөкөт оорулар күчөп кетиши мүмкүн. Жай мезгилинде дагы бир маанилүү коркунуч - ичеги-карын инфекциялары, айрыкча жаш балдар арасында жана тамак-аштан уулануу коркунучу бир нече эсеге көбөйөт.
Аномалдуу ысыктан сактануу үчүн эмне кылуу зарыл?
- күндүн эң ысык мезгилинде мүмкүн болушунча көлөкө жерде болууга аракет кылыңыз;
- өзүңүздү ысыктан коргоо үчүн калпак жана табигый кездемеден тигилген жеңил, кенен кийим кийиңиз. Мындай ысыкта синтетикалык кездемеден тигилген кийимдер тери ооруларына алып келет;
-көбүрөөк кайнатылган, бөлмө температурасында муздатылган суюктук (2,5-3л) ичүү сунушталат, эң жакшысы газсыз минералдык суу, лимон кошулган муздак жашыл же кара чай. Газдалган жана алкоголдук ичимдиктерден баш тартуу жакшы;
-суу өтө муздак болбошу керек, анткени ысыкта иммунитеттин төмөндөшүнөн тамак оору жана курч респиратордук инфекцияларга чалдыгып калуу коркунучу күчөйт;
- сууга түшүү - денени муздатуунун жакшы жолу, жуунганда жуунуунун эрежелерин сактоо керек жана эч кандай учурда спирт ичимдиктерин ичпеңиз;
- сунушталбаган, атүгүл тыюу салынган жерлерде сууда сүзбөңүз.
Ичеги инфекциясы менен ооруп калбоо үчүн:
- көчөдөн үйгө кайтып келгенден кийин, тамак ичердин алдында, тамак даярдап жатканда, дааратканага баргандан кийин, коомдук транспортто жүргөндөн кийин колду тез-тез жана жакшылап самындап жууп туруу;
- жашылчаларды, жемиштерди жана мөмөлөрдү суу түтүгүнүн астында жакшылап жууп жегиле;
- сатуучудан сатылып жаткан продукциянын сапат сертификатын суроо;
-ашканада тазалыкты сактаңыз, тамак-аштын калдыктарын чогултпаңыз жана чымындардан сактануу үчүн терезелерди сеткалаңыз;
- жеке үйлөрдө ажатканаларды таза кармоо, аларды өз убагында дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу менен тазалоо, анткени ысык мезгилде патогендик микробдорду таманында алып жүрүүчү чымындардын массалык түрдө көбөйүшүнө жакшы шарттар түзүлөт;
- тамак-ашты туш келди адамдардан, көчө сатуучулардан же базарлардан сатып албаңыз;
- үй шартында ысык жана муздак тамактарды даярдоодо гигиеналык эрежелерди, тамак-аш азыктарын, өзгөчө тез бузулуучу азыктарды сактоо мөөнөтүн жана сактоо шарттарын сактаңыз. Чийки тамактарды жана бышырылган тамактарды өзүнчө сактоо керек;
- чийки тамактарды иштетүү үчүн өзүнчө бычактарды жана кесүүчү такталарды колдонуу шарт;
- тез бузулуучу тамак-аштарды жана даяр тамактарды муздаткычта +2 - +8 градус температурада гана сактоо;
- майрамдык тамак-аштын калдыктары менен алек болбоңуз, даяр калдыктарды муздаткычтарда 1 күндөн ашык эмес сактаңыз жана мурунку күндөгү тамаш-ашты кайра ысытыңыз.
Температуранын жогорулашы кандай ооруларды күчөтөт?
Көбүнчө ысыкта тобокелдик тобуна кирген улгайган адамдар чоң коркунучка кабылышат. Алардын арасында кант диабети, артериялык гипертензия, кандагы холестериндин деңгээли жогору жана жүрөк-кан тамыр ооруларына тукум куума ыкташы бар, ашыкча салмак менен ооруган бейтаптар кирет.
Оорунун курчушуна жол бербөө үчүн зарыл нерселер:
- текшерүүдөн өтүп, дарыгер белгилеген дары-дармектерди өз убагында ичүү;
- кан басымын жана кандагы канттын деңгээлин өлчөө;
- эгерде сиз ооруп жатсаңыз, ысык аба ырайында оор физикалык иштерден оолак болуңуз;
-эгер ден соолугуңуз начарласа, физикалык көнүгүүлөрдү токтотуп, медициналык мекемеге кайрылуу керек.
- демейде ичип жүргөн дары-дармектерди ысыкта таштабаңыз, аларды дайыма жаныңызда алып жүрүңүз;
Жаратылышты эс алуу, сууда сүзүү учурунда күндөн коргоочу кремдерди колдонуңуз.
Прикрепленные файлы:
Другие Новости
29.12.2025
Жаңы жылдык майрам жана дем алыш күндөрү саламаттык сактоо уюмдарынын иш тартиби
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги майрам жана дем алыш күндөрүндө саламаттык сактоо уюмдарынын иштөө тартиби тууралуу маалымдайт.
Медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана үзгүлтүксүз көрсөтүлүшүн камсыз кылуу максатында 2025-жылдын 30–31-декабрында республика боюнча бардык медициналык уюмдарда күчөтүлгөн иш тартиби камсыздалат. Бул күндөрү медициналык кызматкерлердин кошумча нөөмөттөрү уюштурулуп, кызматтардын жогорку даярдыгы камсыз кылынат, ошондой эле калкка шашылыш жана тез жардам көрсөтүү үзгүлтүксүз жүргүзүлөт.
2026-жылдын 1-9-январь аралыгында, жаңы жылдык каникул күндөрүндө, саламаттык сактоо уюмдары белгиленген тартипте иштеп, жооптуу кызматкерлердин нөөмөттөрү уюштурулат. Медициналык мекемелерде күнү-түнү тез жардам көрсөтүү камсыздалып, шашылыш дарылоого муктаж бейтаптарды жаткыруу үчүн керебеттердин резерви түзүлөт. Ошондой эле зарыл болгон дары-дармектердин, медициналык буюмдардын, кан компоненттеринин жана алардын резервдеринин жетиштүүлүгү камсыздалат.
Амбулатордук деңгээлде — үй-бүлөлүк медицина борборлорунда, жалпы дарыгердик практика борборлорунда жана үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунда — 1–9-январь күндөрү үй-бүлөлүк дарыгердин, үй-бүлөлүк медайымдын жана каттоо бөлүмүнүн нөөмөттөрү 08:00дөн 18:00гө чейин, ал эми дарылоо кабинеттери 14:00гө чейин иштейт.
Тез жардам кызматы Бишкек жана Ош шаарларында, ошондой эле өлкөнүн бардык аймактарында демалышсыз, күнү-түнү иштейт. Мындан тышкары, санитардык авиациянын үзгүлтүксүз иши, санитардык-эпидемиологиялык кызматтын адистеринин жана лабораториялардын нөөмөтү майрамдык жана дем алыш күндөрү да камсыздалат.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жаңы жылдык майрамдар мезгилинде калкка медициналык жардам толук көлөмдө көрсөтүлөрүн белгилеп, жарандарды зарыл болгон учурда медициналык уюмдарга өз убагында кайрылууга чакырат.
26.12.2025
Дары-дармектерге жеткиликтүүлүк жана ачык-айкын сатып алуулар: КР Саламаттык сактоо министрлиги БУУнун тутумундагы уюмдар менен кызматташуунун артыкчылыктарын талкуулады
2025-жылдын 26-декабрында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов Бириккен Улуттар Уюмунун тутумуна кирген уюмдардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрүп, анда колдонулуп жаткан Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун алкагында дары-дармек менен камсыздоо маселелери талкууланды.
Талкуунун жүрүшүндө тараптар дары-дармек менен камсыздоо жаатындагы кызматташуунун негизги багыттарына — улуттук жөнгө салуу тутумун чыңдоо, өмүр үчүн зарыл дары-дармектерге жеткиликтүүлүктү кеңейтүү, сатып алуулардагы ачык-айкындуулукту жогорулатуу жана жеткирүү чынжырларынын туруктуулугун камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурушту.
Министр сапаттуу дары-дармектерге адилеттүү жана туруктуу жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу саламаттык сактоо тармагындагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин жана бул Туруктуу өнүгүү максаттарына, айрыкча «Чың ден соолук жана бакубаттуулук» максатына жетүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин баса белгиледи.
Өзүнчө көңүл сатып алуулардагы ачык-айкындуулукка жана коррупциялык тобокелдиктерди алдын алууга бурулду. Каныбек Досмамбетов системалуу өзгөрүүлөрдүн зарылдыгын белгилеп, алар адилетсиз практикаларды четтетүүгө жана бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга багытталышы керектигин айтты.
«Мамлекет жыл сайын дары-дармек сатып алууга олуттуу каражаттарды багыттайт, биздин милдет — бул ресурстарды мүмкүн болушунча ачык-айкын жана рационалдуу пайдаланууну камсыз кылуу. Биз сатып алуулар тармагында тартипти катуу орнотууга, системаны адилетсиз практикалардан тазалоого жана туруктуу, чынчыл кызматташтыкты курууга багыт алдык. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрүбүздүн колдоосу менен бул кызматташтык системалуу жана узак мөөнөттүү мүнөздө болот деп ишенебиз», — деп белгиледи Каныбек Досмамбетов.
Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө даяр экенин, анын ичинде эл аралык стандарттарга ылайык сатып алууларды колдоо, жеткирүү чынжырларын башкаруу, санариптик чечимдер, фармакологиялык көзөмөл жана саламаттык сактоо тутумунун институционалдык потенциалын жогорулатуу багыттарында көмөк көрсөтүүнү ырастады.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун жоболорун ишке ашыруу боюнча биргелешкен ишти улантууга макулдашышты. Бул иш конкреттүү, өлчөнө турган натыйжаларга багытталып, дары-дармек коопсуздугун чыңдоого жана бейтаптардын кызыкчылыктарын коргоого кызмат кылмакчы.
25.12.2025
Кыргызстанда 2026-жылы ажылыкка зыярат кылуучуларга эмдөө иш-чаралары уюштурулду
Санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана жугуштуу оорулардын жайылышын алдын алуу максатында, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан 2026-жылы Меккеге ажылык сапарга баруучу жарандарды профилактикалык эмдөөнү жүргүзүү уюштурду.
Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин бекитилген буйругуна ылайык, бардык зыяратчылар менингококк инфекциясына, ошондой эле сезондук сасык тумоого каршы эмдөөдөн өтүшү керек. Бул чаралар эл аралык саламаттыкты сактоо жана санитардык талаптарга жооп берет жана ажылыкка кирүү үчүн милдеттүү талап болуп саналат.
Эмдөөлөр 2025-жылдын 23-декабрынан 30-декабрына чейин республиканын бардык аймактарындагы саламаттык сактоо уюмдарында 1-таблицага ылайык жүргүзүлөт, милдеттүү түрдө алдын ала медициналык кароодон өтүшөт. Эмдөөлөр бардык коопсуздук талаптарына, «муздак чынжырча» стандарттарына жана инфекцияны көзөмөлдөө эрежелерине жооп берет.
1-таблица
2026-жылдагы ажылык сапарга баруучуларга эмдөө жүргүзүлгөн жерлердин тизмеси
| № | Аймактар | Вакцинацияланган жер |
| 1 | Ош облусу жана Ош шаары | №8 ΥМБ Ош областтык жана Ош ш. эмдөө кабинети, Ж.Райымбекова көч. №22 |
| 3 | Жалал-Абад облусу | Манас шаары, Курманбек көчөсү, №13, №2 ҮДТнын эмдөө кабинети |
| 4 | Баткен облусу | Баткен облусунун ҮМБ эмдөө кабинети, Султанмурат көчөсү, Мин башы №14 |
| 5 | Талас облусу | Талас шаары, областык ҮМБ эмдөө кабинети, Бердике Баатыр көчөсү №293 |
| 6 | Ысык-Көл облусу | Каракол шаары, областык ҮМБ, Абдрахманов көчөсү, № 121 |
| 7 | Нарын облусу | Нарын шаары, областык ҮМБ, эмдөө кабинети Качкынов көчөсү №5 |
| 8 | Чуйская аймак | -ЖДПБ Кант шаары, Ысык-Ата району, көч. Иманкулова №6. - ҮДТ Военно-Антоновка, Сокулук району, Фрунзе көчөсү б/н |
| 9 | Бишкек | Бишкек шаары, №5 ҮМБнын эмдөө кабинети, Курманжан Датка көчөсү, №109а |
Бардык катышкан саламаттыкты сактоо уюмдары эмдөө үчүн зарыл болгон вакциналар жана каражаттар менен камсыздалган. Эмдөө аяктагандан кийин ар бир зыяратчы белгиленген үлгүдөгү эмдөө сертификатын алат жана маалымат электрондук эмдөөнү каттоо системасына киргизилет.
Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги 2026-жылы ажылыкка барууну пландап жаткан жарандарды белгиленген эмдөө пункттарында өз убагында медициналык кароодон жана эмдөөдөн өтүүгө чакырат. Бул чараларды сактоо зыяратчылардын ден соолугун коргоо жана өлкөгө жугуштуу оорулардын киришинин алдын алуу үчүн абдан маанилүү.