КР Саламаттыкты сактоо министрлиги менен медициналык билим берүү уюмдары клиникалык базаны жакшыртуу боюнча кызматташуу жолдорун талкуулашты

15.04.2023 / Просмотров: 1693

2023-жылдын 14-апрелинде Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова медициналык билим берүү уюмдарынын клиникалык базалар менен өз ара кызматташуусун жакшыртуу маселелерин талкуулады. Бул аталган маселе боюнча экинчи жыйын, ал медициналык кадрларды сапаттуу даярдоо үчүн билим берүү уюмдарынын клиникалык база менен өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин буйругун аткаруу максатында уюштурулду. Жолугушууга ошондой эле Эл аралык жогорку медицина мектебинин ректору, Кыргыз Республикасынын Президентинин коомдук кеңешчиси Сталбек Ахунбаев, ошондой эле мамлекеттик жана жеке медициналык билим берүү уюмдарынын ректорлору жана өкүлдөрү катышты. Буга чейин Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын жана Эл аралык жогорку медицина мектебинин ректорлору мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарында клиникалык базаларды уюштуруу боюнча өздөрүнүн мыкты тажрыйбалары менен тааныштырышкан. Ошондой эле студенттик практиканын деңгээлин жогорулатуу боюнча зарыл иштер жүргүзүлүп жатканы, бирок бүгүнкү күндө ооруканалардын материалдык-техникалык абалын жакшыртуу зарылдыгы айтылды. Ушуга байланыштуу клиникалык базалар менен окуу жайларынын биргелешкен ишинин жакшы тажрыйбасы катары ар бир билим берүү уюмуна клиникалык базаларды оңдоп-түздөөгө жана жабдууга көмөк көрсөтүү сунушталды. Жыйындын жыйынтыгында көтөрүлгөн маселелерди мындан ары изилдөө үчүн жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынды. Жыйындын жүрүшүндө министр жумушчу топ маселелерди иштеп чыгып, ЭЖММ жана КММАнын тажрыйбасынын мисалында ар бир медициналык билим берүү уюмуна республиканын белгилүү бир саламаттыкты сактоо уюмун бекитип, ремонттоо, медициналык жабдуулар менен жабдуу түрүндө колдоо көрсөтүү, ошондой эле медициналык ЖОЖдордун студенттери үчүн клиникалык база катары пайдалануу боюнча сунуштарын бергенин билдирди. Эл аралык жогорку медицина мектебинин ректору, Кыргыз Республикасынын Президентинин коомдук башталыштагы кеңешчиси Сталбек Ахунбаев бул демилгенин Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаров тарабынан да колдоого алынганын белгиледи. «Азыркы студенттер биздин медицинанын эртеңки таянычы жана үмүтү. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги өлкө жетекчилигинин колдоосу менен саламаттык сактоо уюмдарынын потенциалын чыңдоо боюнча масштабдуу иштерди жүргүзүп жатат, бирок бул илим жана кадрларды даярдоо менен бирдикте жүргүзүлүшү керектигин түшүнүшүбүз керек. Мен бул процесстин бардык катышуучуларын бул социалдык долбоордун үстүндө биргелешип иштөөгө чакырам, анткени келечектеги дарыгердин практикалык көндүмдөрү жана бейтап менен баарлашуусу студент үчүн абдан маанилүү. Райондук саламаттык сактоо уюмдары студенттерге практикалык көндүмдөрдү үйрөтүү үчүн клиникалык база боло алат. Келечекте бул мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн да жакшы тажрыйбасы болот. Ошондой эле кээ бир студенттер аймактарда иштөөнү улантып, аймактык ооруканалардын кадрдык потенциалын чыңдайт деген үмүт бар”, - деди КР Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова. Жыйындын жыйынтыгында катышуучулар бул демилгени бир добуштан колдошту.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

29.12.2025
Жаңы жылдык майрам жана дем алыш күндөрү саламаттык сактоо уюмдарынын иш тартиби

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги майрам жана дем алыш күндөрүндө саламаттык сактоо уюмдарынын иштөө тартиби тууралуу маалымдайт.

Медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана үзгүлтүксүз көрсөтүлүшүн камсыз кылуу максатында 2025-жылдын 30–31-декабрында республика боюнча бардык медициналык уюмдарда күчөтүлгөн иш тартиби камсыздалат. Бул күндөрү медициналык кызматкерлердин кошумча нөөмөттөрү уюштурулуп, кызматтардын жогорку даярдыгы камсыз кылынат, ошондой эле калкка шашылыш жана тез жардам көрсөтүү үзгүлтүксүз жүргүзүлөт.

2026-жылдын 1-9-январь аралыгында, жаңы жылдык каникул күндөрүндө, саламаттык сактоо уюмдары белгиленген тартипте иштеп, жооптуу кызматкерлердин нөөмөттөрү уюштурулат. Медициналык мекемелерде күнү-түнү тез жардам көрсөтүү камсыздалып, шашылыш дарылоого муктаж бейтаптарды жаткыруу үчүн керебеттердин резерви түзүлөт. Ошондой эле зарыл болгон дары-дармектердин, медициналык буюмдардын, кан компоненттеринин жана алардын резервдеринин жетиштүүлүгү камсыздалат.

Амбулатордук деңгээлде — үй-бүлөлүк медицина борборлорунда, жалпы дарыгердик практика борборлорунда жана үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунда — 1–9-январь күндөрү үй-бүлөлүк дарыгердин, үй-бүлөлүк медайымдын жана каттоо бөлүмүнүн нөөмөттөрү 08:00дөн 18:00гө чейин, ал эми дарылоо кабинеттери 14:00гө чейин иштейт.

Тез жардам кызматы Бишкек жана Ош шаарларында, ошондой эле өлкөнүн бардык аймактарында демалышсыз, күнү-түнү иштейт. Мындан тышкары, санитардык авиациянын үзгүлтүксүз иши, санитардык-эпидемиологиялык кызматтын адистеринин жана лабораториялардын нөөмөтү майрамдык жана дем алыш күндөрү да камсыздалат.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жаңы жылдык майрамдар мезгилинде калкка медициналык жардам толук көлөмдө көрсөтүлөрүн белгилеп, жарандарды зарыл болгон учурда медициналык уюмдарга өз убагында кайрылууга чакырат.

 

26.12.2025
Дары-дармектерге жеткиликтүүлүк жана ачык-айкын сатып алуулар: КР Саламаттык сактоо министрлиги БУУнун тутумундагы уюмдар менен кызматташуунун артыкчылыктарын талкуулады

2025-жылдын 26-декабрында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов Бириккен Улуттар Уюмунун тутумуна кирген уюмдардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрүп, анда колдонулуп жаткан Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун алкагында дары-дармек менен камсыздоо маселелери талкууланды.

Талкуунун жүрүшүндө тараптар дары-дармек менен камсыздоо жаатындагы кызматташуунун негизги багыттарына — улуттук жөнгө салуу тутумун чыңдоо, өмүр үчүн зарыл дары-дармектерге жеткиликтүүлүктү кеңейтүү, сатып алуулардагы ачык-айкындуулукту жогорулатуу жана жеткирүү чынжырларынын туруктуулугун камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурушту.

Министр сапаттуу дары-дармектерге адилеттүү жана туруктуу жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу саламаттык сактоо тармагындагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин жана бул Туруктуу өнүгүү максаттарына, айрыкча «Чың ден соолук жана бакубаттуулук» максатына жетүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин баса белгиледи.

Өзүнчө көңүл сатып алуулардагы ачык-айкындуулукка жана коррупциялык тобокелдиктерди алдын алууга бурулду. Каныбек Досмамбетов системалуу өзгөрүүлөрдүн зарылдыгын белгилеп, алар адилетсиз практикаларды четтетүүгө жана бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга багытталышы керектигин айтты.

«Мамлекет жыл сайын дары-дармек сатып алууга олуттуу каражаттарды багыттайт, биздин милдет — бул ресурстарды мүмкүн болушунча ачык-айкын жана рационалдуу пайдаланууну камсыз кылуу. Биз сатып алуулар тармагында тартипти катуу орнотууга, системаны адилетсиз практикалардан тазалоого жана туруктуу, чынчыл кызматташтыкты курууга багыт алдык. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрүбүздүн колдоосу менен бул кызматташтык системалуу жана узак мөөнөттүү мүнөздө болот деп ишенебиз», — деп белгиледи Каныбек Досмамбетов.

Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө даяр экенин, анын ичинде эл аралык стандарттарга ылайык сатып алууларды колдоо, жеткирүү чынжырларын башкаруу, санариптик чечимдер, фармакологиялык көзөмөл жана саламаттык сактоо тутумунун институционалдык потенциалын жогорулатуу багыттарында көмөк көрсөтүүнү ырастады.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун жоболорун ишке ашыруу боюнча биргелешкен ишти улантууга макулдашышты. Бул иш конкреттүү, өлчөнө турган натыйжаларга багытталып, дары-дармек коопсуздугун чыңдоого жана бейтаптардын кызыкчылыктарын коргоого кызмат кылмакчы.

25.12.2025
Медициналык 083 формадагы маалымкат алуудагы кезектер боюнча маалымат

Айдоочулук күбөлүк алуу же алмаштыруу үчүн зарыл болгон 083 формадагы медициналык маалымкатты алуу учурунда Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда адамдардын топтолушу тууралуу жарандардын кайрылууларына жана социалдык тармактардагы билдирүүлөргө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги учурдагы кырдаал боюнча түшүндүрмө берип, жарандарды медициналык уюмдардагы убактылуу жогорулаган жүккө түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.

Үй-бүлөлүк медицина борборлорунун жетекчилеринин маалыматына ылайык, акыркы апталарда жарандардын дал ушул 083 формадагы медициналык маалымкат боюнча кайрылуулары кескин көбөйгөн. Мурда мындай маалымкат алуу үчүн күнүнө орто эсеп менен 15–20 адам кайрылса, учурда кайрылуулар кыйла өсүп, айрым медициналык уюмдарда кезектердин жаралышына алып келди. Эгер сентябрь айында республика боюнча орто эсеп менен күнүнө 500гө жакын 083 формадагы медициналык маалымкат берилсе, декабрь айында бул көрсөткүч суткасына 3 миңге чейин жетип, Үй-бүлөлүк медицина борборлоруна түшкөн жүк дээрлик алты эсеге көбөйгөнүн көрсөтүүдө.

Ошол эле учурда Саламаттык сактоо министрлиги медициналык маалымкаттарды берүү штаттык режимде жүргүзүлүп жатканын, медициналык кызматкерлер кабыл алуудан баш тартпаганын жана кайрылган бардык жарандар белгиленген кезек тартибине ылайык кабыл алынып жатканын баса белгилейт.