XXI САММИТ «2019-2030-жылдарга калктын ден соолугун сактоо жана саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү боюнча «Ден соолугу чың адам – өнүккөн өлкө» программасын ишке ашырууда жетишкендиктер жана чакырыктар»

18.11.2022 / Просмотров: 1051

2022-жылдын 15-ноябрынан 17-ноябрына чейин Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен биргеликте 2030-жылга чейинки  «Ден соолугу чың адам – өнүккөн өлкө» программасын ишке ашыруу боюнча биргелешкен жылдык сереп салуу өткөрүлгөн, анын максаты калктын ден соолугун камсыз кылуу, өмүр бою сапаттуу кызматтарды көрсөтүү жана финансылык коргоону камсыз кылуу үчүн саламаттык сактоо системасын чыңдоо болуп саналат.
Бүгүнкү XXI Саммиттин негизги милдети – бул жүргүзүлгөн серептин негизинде 2030-жылга чейинки программаны андан ары ишке ашыруу боюнча практикалык сунуштарды иштеп чыгуу болуп эсептелет.
Аталган сереп салуунун алкагында Саламаттык сактоо министрлигинин жана башка ишке тартылган министрликтердин жана ведомстволордун бул Программаны ишке ашыруунун алкагындагы мындан аркы кадамдары талкууланды. 
Биргелешкен серепте бекитилген артыкчылыктуу багыттар боюнча 2020-2021-жылдар үчүн программанын иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө отчеттор угулуп, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен биргеликте Программаны ишке ашыруунун жүрүшүндөгү негизги жетишкендиктер, тоскоолдуктар жана көйгөйлөр талкууланды.
2030-жылга чейинки Программанын приоритеттүү багыттары боюнча презентациялар жасалып, баа берилди, биргелешкен кийинки кадамдар аныкталды. 
«Коомдук ден соолук жана  профилактика»
«COVID-19» менен күрөшүүнүн алкагында, коомдук саламаттык сактоо кызматын реформалоого байланыштуу кызматка инвестиция салуу боюнча көптөгөн иш-чаралар өткөрүлдү.
Бирок «Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү менен коомдук саламаттык сактоону реформалоо көйгөйү ачык бойдон калууда 
Жогорку окуу жайлары жыл сайын коомдук саламаттык сактоо боюнча жетиштүү адистерди даярдап жаткандыгына карабастан, жаш адистердин адистиги боюнча иштөөгө кызыкпагандыгынын эсебинен кадрлардын тартыштыгы туруктуу бойдон калууда 
Мындан аркы кадамдар:
Саламаттык сактоонун мониторинги жана оорулардын алдын алуу, калктын ден соолугун коргоо жана чыңдоо функцияларын так бөлүштүрүү менен үнөмдүү жана натыйжалуу кызматтарды көрсөтүүгө багытталууга тийиш болгон коомдук саламаттыкты сактоо кызматын модернизациялоо 
Коомдук саламаттык сактоо жана медициналык кызматтар үчүн лабораториялык жана диагностикалык кызматтарды борборлоштуруу, зарыл болгон жабдууларды, анын ичинде Ислам өнүктүрүү банкынын 10 лабораториялык модулун сатып алуу, эксплуатациялоо жана тейлөө баасын төмөндөтүү
Баштапкы медициналык-санитардык жардамды өнүктүрүү
• БМСЖнын натыйжалуу моделин жана БМСЖ менен экинчи / үчүнчү деңгээлдердин ортосунда жолун жолдоочулукту түзүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө 
• БМСЖ деңгээлинде медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу боюнча Жыйынтыктарга негизделген пограмманы ишке ашыруу улантылууда, төлөмдөр менен байланышкан индикаторлорго жетишүү белгиленген мөөнөттөн артта калууда
• Жүргүзүлүп жаткан иш-чараларга карабастан, мониторингге алынган ооруларды аныктоо, алдын алуу жана дарылоо, калктын ишеними жана БМСЖнын деңгээлине кайрылуу төмөн бойдон калууда.
Мындан аркы кадамдар:
• Заманбап инновациялык жана маалыматтык ыкмаларды колдонуу менен баштапкы медициналык-санитардык жардам кызматтарын жакшыртуу, үй-бүлөлүк медицина борборлорун модернизациялоо жана жабдуу
• ЖНК Программасын реструктуризациялоо жана БМСЖнын деңгээлинде өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн бардык долбоорлорунун ишин координациялоо 
• Медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын башкаруу түзүлөт түзүлөт жана иретке келтирилет (саламаттык сактоо уюмдарынын сапаты боюнча комитеттерден тартып Саламаттык сактоо министрлиги менен ММК фондуна чейин)
• 2023-жылы жаңыдан түзүлгөн ЖДПБлардын  ишине мониторинг жүргүзүү жана аларды натыйжалуу башкаруу, кайталоосуз зарыл структураларды түзүү боюнча чараларды көрүү алдыда турат
Оорукана системасын өркүндөтүү жана рационалдаштыруу
• Материалдык ресурстарды талап кылган эски, эскилиги жеткен оорукана имараттары саламаттыкты сактоо ресурстарын бытырандылыкка, кайталоого жана натыйжасыз башкарууга алып келет
• Так бөлүнгөн функциялардын, экинчи жана үчүнчү деңгээлдеги стационарлардын кызматтарынын жоктугу жана бейтаптарды кайра багыттоонун/багыттоонун бирдиктүү системасынын жоктугу негизсиз ооруканага жаткыруунун же кеч ооруканага жаткыруунун себеби болуп саналат
Мындан аркы кадамдар:
• Инфраструктуранын жана жабдуулардын жеткиликтүүлүгү жана сапаты үчүн инфраструктуранын жана жабдуулардын заманбап стандарттарынын негизинде 24 стационар курулат 
• Саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерин дайындоого талаптар жогорулайт (конкурстун негизинде дайындоо жана даярдалган, окутулган кадрлар)
• Каржылоо механизмин кайра карап чыгуу (Клиникалык чыгымдоочу топторду(КЗГ) кайра карап чыгуу жана натыйжага негизделген дем берүүчү төлөмдөрдү киргизүү)
• Жугуштуу эмес оорулардын татаалдашкан учурлары (инфаркт жана инсульт), эненин жана баланын ден соолугун сактоо боюнча, анын ичинде жол-транспорт кырсыгы учурунда жолдомолордун жана кайталап жолдомолордун бирдиктүү критерийлерин иштеп чыгуу.
Шашылыш медициналык тез жардам
• Облустардын деңгээлинде бириктирүү жана башкаруунун автоматташтырылган системасын киргизүү максатында СМП пункттарынын жайгашуусуна талдоо жана карталоо жүргүзүлдү
• Бишкек шаарында Медициналык тез жардамдын автоматташтырылган тутумун башкаруу борборун, Бишкек шаарындагы Медициналык тез жардам борборунун 3 көмөкчордондорун, Ош шаарындагы Медициналык тез жардам кызматынын автоматташтырылган тутумун башкаруу боюнча долбоорлорду, ошондой эле кластерди модернизациялоо долбоору иштелип чыкты. инсульт жана инфаркт үчүн шашылыш медициналык жардам көрсөтүү даярдалды (GIZ, Коордиологиялык терапия улуттук борбору)
• ошол эле учурда учурдагы каржылоо жыйынтыктарга эмес, чыгымдарга негизделген, республика боюнча бирдиктүү диспетчердик борборлор жок. 
• Кийинки кадамдар: 
• • Медициналык тез жардам бригадаларынын санына көз каранды эмес, суткасына 24 саат жана жумасына 7 күн бою тез медициналык жардам көрсөтүү стандартын түзүү жана тез жардам станцияларынын стандарттарын кайра карап чыгуу.
• • ооруканаларда тез медициналык жардам көрсөтүү бөлүмдөрүнүн базасында адегенде райондук (Кыргыз Республикасы боюнча 51 диспетчердик борбор), андан кийин шаардык, облустук жана республикалык деңгээлдеги борборлоштурулган диспетчердик борборлорду түзүү
• • Коордиологиялык терапия улуттук борбору негизинде инсульт жана инфаркт боюнча шашылыш медициналык жардамдын кластерин киргизүү;
•  
Дары-дармек каражаттары жана медициналык багыттагы буюмдар  
Бул багытта көптөгөн иш-чаралар жүргүзүлүүдө:
• мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча, мунун өзү туура жөнгө салууга негиз түзөт
• бааларды жөнгө салуу, чөнтөктөн төлөмдөрдү кыскартуу жана калктын финансылык жактан корголушун жогорулатуу, ошондой эле баалардын күтүлбөгөн өсүшүнө каршы коргоо чарасы
•  дары-дармек каражаттары жана медициналык буюмдар боюнча маалымат базасын санариптештирүү, дары-дармекти өндүрүүчүдөн керектөөчүгө чейин көзөмөлдөө
Мындан аркы кадамдар:
• Фармацевтика секторун ачык-айкындуулук жана ак ниет башкаруу принциптерин жетекчиликке алуу менен дары-дармек каражаттарын жөнгө салуучу органдын функцияларын жана ишмердүүлүгүн күчөтүү
• Калкка өз чөнтөгүнөн төлөнүүчү төлөмдөрдү азайтуу максатында Жашоо үчун маанилүү дары-дармек каражаттарынын баасын жөнгө салуу системасын кайра карап чыгуу жана түзүү
• дары-дармектерди жана медициналык багыттагы буюмдарды мамлекеттик тандоону, сатып алууну жана колдонууну жана саламаттык сактоо уюмдарында дары-дармектерди башкарууну натыйжалуу жүргүзүү
• медицина кызматкерлери тарабынан дары-дармектерди дайындоо практикасын жакшыртуу жана калктын дары-дармектерди негизсиз керектөөсүн азайтуу

Саламаттык сактоо системасынын кадрдык ресурстары
Көйгөйлөр:
• Кадрларды эсепке алуу толук эмес болгон учурлар кездешүүдө (жеке менчик  медициналык уюмдардын медицина кызматкерлери, фармацевттер) 
• Медициналык кызматкерлердин санынын төмөндөө тенденциясы байкалууда жана шаар менен аймактардын ортосунда кадрдык дисбаланс сакталууда, үй-бүлөлүк дарыгерлерге, тез жардам дарыгерлерине, жеке тар адистерге (неонатологдор, аллергологдор, реаниматологдор), коомдук саламаттык сактоо тармагындагы адистерге дагы эле муктаждык сакталууда. 
Мындан аркы кадамдар:
• Саламаттык сактоонун мамлекеттик жана жеке секторлорунун медициналык кызматкерлеринин реестрин аягына чыгаруу 
• Саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин компетенцияларын жогорулатуу, аларды ишке алуу жана компетенцияларын баалоо механизмдерин өркүндөтүү 
• Региондорду кадрлар менен камсыз кылууну улантуу жана өркүндөтүү («Дарыгердин депозитин», ординатураны борбордон алыстатуу, клиникалык жайларды аккредитациялоонун стандарттарын иштеп чыгуу) 
• Пилоттук демилгелерди киргизүү жана медайымдык жана акушердик адистер үчүн көп баскычтуу билим берүүнү киргизүү мүмкүнчүлүгү менен медайымдык жана билим берүү тармагын реформалоону улантуу
• Кесиптик ассоциацияларды тартуу аркылуу медициналык жана фармацевтика кызматкерлеринин компетенцияларына көз карандысыз баа берүү системасын түзүү менен аттестациялоо жана кесиптик ишке кабыл алуу боюнча ченемдик документтерди кайра карап чыгууну аяктоо
Каржылоо системасын өнүктүрүү 
Каржылоо жаатында ишке ашырыла турган көптөгөн милдеттер бар, алар :
• ССМ жана ММК Фондунун программалык бюджетин түзүү боюнча иштерди улантылуу
• 2023-жылы Мамлекеттик кепилдиктер программасын түзүү жана кайра карап чыгуу методологиясын жыйынтыктоо жана жаңысын бекитүү.
• Калктын ММК менен камтылышын жогорулатуу максатында, Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун эрежелерин кайра карап чыгуу, бул мыйзамдык жана ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талап кылат 
• Баштапкы медициналык-санитардык жардамдын деңгээлинде акы төлөөнүн жаңы ымаларын иштеп чыгуу 
• Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун кошумча пакетин түзүү жана кайра карап чыгуу методологиясын тактоо жана жаңысын бекитүү 
• 2023-жылы ММК Кошумча пакети боюнча дары-дармек каражаттарыны баасын жөнгө салуу боюнча ММК фондунун маалыматтык базасын өркүндөтүү жана дарыканалардагы бааларга мониторинг жүргүзүү
• ММК фондунун Маалымат базаларын, анын ичинде электрондук жеңилдетилген рецепттер боюнча маалымат базаларын өркүндөтүү жана саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери үчүн маалыматтык модулду иштеп чыгуу менен Электрондук саламаттык сактоо борбору менен интеграциялоо.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

22.04.2024
Европалык иммунизация жумалыгы муундар үчүн эмдөөнүн маанилүү экендигин баса белгилейт

Бүгүн 2024-жылдын 22-апрелинен 28-апрелине чейин белгиленген Европалык иммунизация жумалыгы башталды. Бул жылы жумалык ДССУнун Иммунизация боюнча кеңейтилген программасынын 50 жылдыгын жана Кыргызстандын улуттук эмдөө программасынын 30 жылдыгын белгилөөгө арналган. Евробиримдиктин, ДССУнун жана ЮНИСЕФтин колдоосу менен Саламаттыкты сактоо министрлиги жетектеген кампания эмдөө көптөгөн муундарды вакцина менен алдын ала турган оорулардан кантип коргогондугун көрсөтөт.

Негизги максат – жугуштуу оорулардын алдын алуу чарасы катары эмдөөнүн маанилүүлүгү жөнүндө калкка маалымат жеткирүү. Бул жумалыкта узак жана ден-соолукта өмүр сүрүүгө салым кошкон вакциналарга кеңири жол ачууга чакырыктар айтылат.

1974-жылы Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан демилгеленген Иммунизация боюнча кеңейтилген программа ар бир баланын өмүрүн сактап калуучу вакциналарга тең укуктуу жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга багытталган. Акыркы 50 жыылда вакциналар дүйнө жүзү боюнча миллиондогон адамдардын өмүрүн сактап, жугуштуу оорулардын жүгүн азайтып, дени сак келечекке жол ачты.

Кыргызстан калкты эмдөөдө орчундуу ийгиликтерге жетишти. ДССУнун Европа аймагынын башка өлкөлөрү менен биргеликте 2002-жылы Кыргызстан полиомиелиттен эркин өлкө катары тастыктама алган. Акыркы жылдарда ВИГА, ДССУ жана ЮНИСЕФтин колдоосу астында  Кыргызстандын улуттук эмдөөлөр календарына бир нече жаңы вакциналар: 2016-ж., пневмококк конъюгацияланган вакцина, 2018-ж., полиомиелитке каршы инактивацияланган вакцина, 2019-ж., ротавирус вакцинасы жана 2022-ж., адамдын папиллома вирусуна (АПВ) каршы вакцина киргизилди. 

Бул жетишкендиктерге карабастан эмдөөлөрдөн баш тартуулар “Бир кумалак бир карын майды чиритет” деген макал сындуу кала берүүдө жана бул ДСУнун Европа аймагында кайрадан кызамыктын пайда болуусунун себептеринин бири болду. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда кызамыктын 8029 учуру 2024-жылдан бери катталды. Эмдөө вакциналардын жардамы менен бөгөт коюлучу кызамыктын жана башка оорулардын жайылуусун алдын алуунун кыйла натыйжалуу каражаты болуп кала бере тургандыгын эстен чыгарбоо зарыл. Вакцинанын бирдей жеткиликтүү болуусун камсыздоо жана коомчулуктун иммунизация программаларына карата ишенимин бекемдөө аркылуу биз учурдагы жана келечектеги муундардын ден соолугун сактап кала алабыз. 

«Кыргызстан 20 жылдан бери Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европалык иммунизация жумалыгын өткөрүүдөгү демилгесин колдойт, 2024-жылы ал “Муундарды коргоо” урааны астында өтүп жатат. Кыргыз Республикасында жүргүзүлүп жаткан калкты пландуу иммунизациялоонун жардамы менен кептөөр, селейме, жаңы төрөлгөн балдардагы кургак учук менингити, “В” вирустук гепатити 5 жашка чейинки балдар арасында катталган жок. 1993-жылдан тарта өлкө полиомиелиттен эркин өлкө статусуна ээ. “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана КР Саламаттык сактоо министрлиги Иммунизациялоо программасын коомдук саламаттык сактоонун артыкчылыктуу программаларынын бири катары аныктайт жана калкка иммунизациянын сапаттуу кызматтарынын адилеттүү жана туруктуу жеткиликтүүлүгүн камсыздоо боюнча бардык күч-аракетин жумшап жатат”,-деп белгиледи Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысынын м.а. Анара Мамбетисаева.

“Европалык иммунизация жумалыгы – бул коммуникациялык иш-чараларды, ошондой эле жогорку тобокелчилик тобундагы калкка иммунизация жүргүзүү аркылуу иммунизациялоого көңүл бурдуруу үчүн колдонулуучу регионалдык демилге.  Саламаттык сактоо министрлиги жана биздин өнөктөштөрдүн биргелешкен аракеттеринин, анын ичинде улуттук иммунизация программасынын талыкпаган ишинин жардамы менен биз калктын ден соолугун чыңдоодо чоң прогресске жетиштик. Бирок Кыргызстандагы жана дүйнө жүзүнүн башка көптөгөн өлкөлөрүндөгү кызамыктын чыгышы, адамдарды эмдөө маселеси туруктуу көңүл бурууну талап кыла тургандыгын көрсөтүүдө. Биз Кыргызстандын кызамыктын чыгуусуна бөгөт коюуга багытталган күч-аракетин жогору баалайбыз жана ден соолук сакчысы болуп кала беребиз”, -деп белгиледи Кыргыз Республикасындагы ДССУнун өкүлү, д-р Ливиу Ведраско.

«Эмдөө - Кыргызстандагы балдардын ден соолугун чыңдоо үчүн гана эмес, аман калышы үчүн да эң зарыл чара. Азыркы учурда бул эң эффективдүү коомдук саламаттыкты сактоо чарасы. ЮНИСЕФ ар бир бала эмделип, анын ден соолугун коргоо үчүн Өкмөт жана башка өнөктөштөр менен иштөөнү улантууда», - деп белгиледи ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлүнүн орун басарынын милдетин аткаруучу Сильви Хилл.

***

 

Маалымдама: жыл сайын БДСУнун Европа аймагында оорулардын алдын алуу жана өмүрлөрдү коргоо үчүн аябагандай чоң мааниге ээ болгон иммунизацияны жайылтууга багытталган Европалык иммунизация жумалыгы (ЕИЖ) өтөт. Алгачкы жолу ЕИЖ 2005-ж., өткөн жана ага Аймактагы болгону бир нече өлкө катышкан. Демилгенин максаты ар бир бала вакциналардын жардамы менен алдын алууга боло турган оорулардан коргоого муктаж жана мындай коргоого укуктуу экендиги тууралуу маалыматты жайылтуу жолу менен эмдөөгө камтууну көбөйтүүдө турган. ЕИЖ ошол замат Аймактагы коомдук саламаттык сактоо тармагындагы эң эле көрүнүктүү жана белгилүү кампаниялардын бири болуп калды жана Кыргызстанда ДССУ долбоору – Борбор Азия боюнча COVID-19га жооп кайтаруу боюнча Европа биримдигинин (CACCR) колдоосу астында жүзөгө ашырылып жатат.

 

22.04.2024
Мини-футбол боюнча мелдеште Саламаттык сактоо министрлигинин футболдук командасы 1-орунду ээледи

Саламаттык сактоо министрлигинин футбол командасы Кара-Кыргыз автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган кичи футбол боюнча мелдеште 1-орунду ээлеп, жеңишин майрамдоодо. 2024-жылдын 20-21-апрелинде өткөн бул турнир президенттин “Кыргызстанда 2024-2034-жылдарга футболду мындан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында уюштурулуп, анын максаты - футболду өнүктүрүү ден соолукту сактоонун жана чыңдоонун багыты катары кызматкерлердин физикалык даярдыгын жогорулатуу жана спортту пропагандалоо.

Турнирге министрликтердин, ведомстволордун, Бишкек шаарынын мамлекеттик жана муниципалдык мекемелеринин командалары катышты, бул спорттук иш-чараларга болгон кызыгууну жана алардын калк арасында физикалык активдүүлүктү жогорулатуудагы ролун чагылдырат.

22.04.2024
"Сапатты көзөмөлдөөнүн максаты жазалоо эмес, келечекте оор жагдайларды аныктоо жана алдын алууга багытталган"

2024-жылдын 12-13-апрелинде Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын жана Жалал-Абад бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт үйлөрүнүн Сапат комиссияларынын мүчөлөрүн камтыган медицина кызматкерлери натыйжалуу жана сапаттуу жардам көрсөтүү үчүн зарыл болгон эл аралык жана улуттук сапат принциптери, стандарттары жана инструменттери боюнча билимин жана көндүмдөрүн кеңейтип чыңдашты.

Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын неонаталдык реанимация бөлүмүнүн башчысы Рахат Изабекова башка семинардын катышуучуларына жеткиликтүүлүк, эффективдүүлүк жана ыкчамдуулук сыяктуу факторлор сапатка жетүүгө жардам берээри менен бөлүштү: «Биздин ооруканада балдардын жана энелердин өлүмүнүн алдын алуу, ошондой эле инфекцияларга каршы күрөшүүдө Сапат комитети маанилүү ролду ойнойт. Биздин максат – эне менен баланын ден соолугу чың болуп үйгө чыгарылышын жана ар бир бейтаптын жалпы канааттануусун камсыз кылуу. Семинарда алынган жаңы маалыматтын негизинде ар бир кадамды кылдат пландаштырып, эң негизгиси реалдуу план түзүшүбүз керек экенин түшүндүм. Ар бир кырдаалда шылтоолорду айта берсек, маселенин маңызын толук түшүнө албай, керектүү деталдары так жазылбай калат. Биздин максат жазалоо эмес, келечекте оор кырдаалды аныктоо жана алдын алуу».

Төрөткө чейинки кызматтардын жана квалификациялуу төрөттүн кенен камтылышына карабастан, энелердин өлүмүнүн көрсөткүчү кооптуу бойдон калууда жана ал 2022-жылы 100 000 тирүү төрөлүүгө карата 28,1 учурду түзүп келди. Бул көйгөйгө чара катары Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги коопсуздук стандарттарына жана калктын керектөөлөрүнө ылайык медициналык кызматтарды көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн тааныган Улуттук сапат стратегиясын бекитти.

«Кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу биздин саламаттыкты сактоо системабыз үчүн маанилүү. Перинаталдык жардамды төрөт учурундагы жана төрөттөн кийинки мезгилге көбүрөөк маани беришибиз керек, анткени бул адам өмүрүн сактап калуу жана өлүү төрөттүн алдын алуу үчүн абдан маанилүү. Бул интервенциялардын камтылышын жогорулатуу гана эмес, кеп ар бир аял жана жаңы төрөлгөн баланын квалификациялуу, далилдүү жана урматка негизделген кам көрүшү тууралуу болуп атат. Энелерге жана жаңы төрөлгөн ымыркайларга медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапаты жаатында медицина кызматкерлеринин потенциалын жогорулатуу боюнча бул семинар аталган максатка жетүүдөгү алгылыктуу кадам болуп саналат”, - деп Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары Айжамал Шамбетова белгилей кетти.

Эки күндүк семинардын катышуучулары сапат боюнча жалпы түшүнүктөрүн кеңейтип, Сапат комитети менен төрөт үйлөрүнүн/бөлүмдөрүнүн ортосундагы интеграцияны бекемдөө үчүн ар кандай сапат куралдарын колдонуп, үзгүлтүксүз сапатты жакшыртууну уюштуруу боюнча клиникалык билимин талкуулашты.

Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын медициналык кызматтын сапатын башкаруу бөлүмүнүн башчысы Дамира Турсунбекова баса белгилегендей: «Изилденген темалар бизге бейтаптардын канааттануусун жана көрсөтүлүүчү медициналык кызматтын сапатын жогорулатуу боюнча иштерди пландаштырууга жана натыйжалуу уюштурууга жардам берет. Эмпатия жана бейтаптын керектөөсүнө көңүл буруу абдан маанилүү жана коопсуздук деген түшүнүк ооруканага киргенде эле башталат: ага пандустардын орнотулушу жана тепкичтердеги белгилердин илиниши кирет. Өзүмдүн тажрыйбама таянып, сапат стандарттарын өзгөртүүгө бир эле адам болсо дагы олуттуу таасир эте алаарын көрдүм. Өзүбузгө жогорку талаптарды коюп, жетекчинин дагы эрки, көз карашы жана так багытты белгилеши маанилүү”.

БУУнун Калк фондунун жана Индиялык өнөктөштүк фондунун “Төрөт үйлөрүндө акушердик байкоо жана телеконсультация үчүн жооп берүү системасын колдонуу аркылуу сапаттуу медициналык кызматтарга жетүүдө алдын ала турган энелердин ооруларын азайтуу” долбоорунун алкагында медициналык кызматкерлердин потенциалын жогорулатуу боюнча иш-чаралар Кыргыз Республикасында сапаттуу медициналык тейлөөнү жакшыртуу, ар бир кош бойлуу аялдын жана жаңы төрөлгөн ымыркайдын өз убагында сапаттуу жардам алуусун камсыз кылууда маанилүү кадам болуп эсептелет.

Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт үйүнүн кош бойлуу аялдардын патологиясы бөлүмүнүн башчысы Тамара Азимбаева медициналык тейлөөнүн сапатын сактоо боюнча ой бөлүштү: “Бир чоң көйгөйдү чоо-жайына чейин бөлүп кароо менен сапаттуу жана рационалдуу чечимдеп кабыл алынат. Бул семинарда биз “даярдоо”, “контролду күчөтүү” сыяктуу жалпы терминдерди колдонууга караганда конкреттүү деталдарды берүү натыйжалуураак экенин билдик. Иштин жана көрсөтүлүүчү медициналык кызматтын сапатын жакшыртуу үчүн мен өзүмдүн бөлүмүмдө ушул ыкманы колдоном».

Талкуунун жүрүшүндө семинардын катышуучулары бүгүнкү күндө эмгек акынын аздыгы жана кадрлардын жана ресурстардын жетишсиздиги, тилекке каршы, дарыгерлерге бир топ жүктү алып келип, медициналык тейлөөнүн сапатына терс таасирин тийгизип жатканы тууралуу ой – пикир бөлүшүштү.

«Келечектеги ишибизде биз семинарда айтылган методологияны колдонуп, ар кандай көйгөйлөрдүн түпкү себебин аныктоого жана түшүндүрүүгө ниеттенип жатабыз. Оорукананын сапаты боюнча подкомитеттер биздин ишмердүүлүктү карап чыгып, эч кимди күнөөлөп же жазалабастан, жакшырта турган жерлерибизди аныктай алат. Бул максатта биз дарыгерлердин арасында өз ара көзөмөл жүргүзүү ыкмасын мындан ары да колдонобуз», - деди Асанова Асылкан, Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт үйүнүн башчысы.

Медициналык кызматкерлер, анын ичинде Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын жана Жалал-Абад бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт үйлөрүнүн Сапат боюнча комитеттин мүчөлөрүнүн арасында өткөрүлгөн семинар Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Бириккен Улуттар Уюмунун Калк фонду тарабынан колдоого алынып ишке ашырылуучу акушердик көзөмөл жана телемедициналык кызматтар сыяктуу инновациялык чаралар аркылуу алдын ала турган энелердин жана ымыркайлардын өлүмүнүн жана оорууларынын алдын алуусуна багытталган БУУнун Түштүк-Түштүк кызматташтыгы долбоорунун алкагында уюштурулган.