Copyright: ©

Кант шаарында Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты курулду

16.05.2024 / Просмотров: 3791

2024-жылдын 16-майында Чүй облусунун Кант шаарында Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун (ҮДТ) жаңы имараты пайдаланууга берилди.
ҮДТнын курулушу Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (TIKA) тарабынан 115 миң АКШ доллары өлчөмүндө каржыланды. Ошондой эле ҮДТнын имаратынын айланасын тосуу, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерине жергиликтүү бюджеттен 1,5 млн сом бөлүнүп, тез жардам унаасы да сатылып алынды.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган, Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (TIKA) президенти Серкандын Каялар, Президенттин Чүй облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Жумагазиевдин катышуусунда өттү.
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев өз сөзүндө Кыргызстан менен Түркиянын саламаттык сактоо тармагындагы жемиштүү кызматташтыгынын бир мисалы катары эл аралык стандарттарга ылайык курулган Кыргыз-Түрк достугу ооруканасынын курулушу экендигин баса белгиледи. Бул оорукана медицина илимдеринин жетишкендиктерин жана технологияларын киргизүү борбору болуп саналат. «Ошондой эле сиздердин жардамыңыздар менен Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдарынын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча башка долбоорлор ишке ашырылууда, алсак, Ош шаарындагы кыргыз-түрк достугу бейтапканасынын курулушу. Саламаттык сактоо системасынын инфраструктурасын жакшыртууга кошкон салымы үчүн боордош түрк элине ыраазычылык билдирем жана мындан ары да жемиштүү кызматташуунун улануусуна ишенем», — деди Алымкадыр Бейшеналиев.
Кант шаары Бишкек-Токмок жолунун 20-70-чакырымында жайгашкан, анда жалпысынан 100 миңге жакын адам жашайт. ҮДТнын имараты жол боюнда жайгашкан жана бүтүндөй Ысык-Ата районунун тургундарына медициналык кызмат көрсөтө алат.
Жалпы аянты 250 м2 болгон эки кабаттуу имаратта 9 дарыгерлер бөлмөсү, 2 медайымдык жана 1 карантин бөлмөсү, ашкана жана кампа бар.6816:46


 

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

07.07.2025
Некролог - Бурмайым Жолдошева

2025-жылдын 6-июлунда 83 жаш курагында Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери, жогорку категориядагы врач Жолдошева Бурмайым Жолдошевна дүйнөдөн кайтты. Ал өз өмүрүн жана кесиптик ишмердүүлүгүн өлкөбүздөгү стоматологиялык кызматты өнүктүрүүгө арнаган.

Жолдошева Бурмайым Жолдошевна 1942-жылдын 27-декабрында Ош облусунун Сузак районуна караштуу Михайловка айылында туулган. 1958-жылы Курган орто мектебин аяктап, ошол эле жылы Бишкек шаарындагы медициналык училищеге тапшырып, 1961-жылы ийгиликтүү аяктаган.

Эмгек жолун Сузак райондук ооруканада тиш дарыгери болуп баштап, кийинчерээк Бишкек шаарындагы №2 стоматологиялык поликлиникада уланткан. 1970-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун стоматология факультетин бүтүрүп, 40 жылдан ашуун убакыт Бишкек шаардык №3 стоматологиялык поликлиникасында терапия бөлүмүнүн башчысы, кийин дарыгер-стоматолог болуп үзгүлтүксүз иштеген.

Ал Ленинград, Москва жана Рига шаарларында квалификациясын жогорулатуу курстарынан өтүп, билимин жана тажрыйбасын дайыма өркүндөтүп келген.

Саламаттыкты сактоо тармагындагы эмгеги үчүн бир катар сыйлыктарга жана наамдарга ээ болгон:

•             Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери

•             Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак грамотасынын ээси

•             «Саламаттык сактоонун отличниги» төш белгисинин ээси

•             Пирогов атындагы алтын медалдын ээси

•             Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук эл сотунун эл өкүлү

•             Бишкек шаардык кеңешинин депутаты

•             Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан бир нече Ардак грамоталар, баалуу белектер менен сыйланган. 

Анын ишмердүүлүгүн жогорку кесипкөйлүк, принципиалдуулук, бейтаптарга болгон камкор мамиле жана кесиптик этика мүнөздөчү.

Жолдошева Бурмайым Жолдошевнанын жаркын элеси, үзүрлүү эмгек жолу жана саламаттыкты сактоо тармагына кошкон эбегейсиз салымы кесиптештеринин, жакындарынын жана бейтаптарынын жүрөгүндө түбөлүк сакталат.

04.07.2025
Медицина кызматкерлеринин күнүнө карата кайрымдуулук фонддордун өкүлдөрү сыйланды

Бүгүн, 2025-жылдын 4-июлунда, Кыргыз Республикасынын Медицина кызматкеринин күнүнө карата саламаттык сактоо системасын өнүктүрүүгө кошкон салымы жана кесипкөйлүгү үчүн бир катар кайрымдуулук уюмдарынын өкүлдөрүнө Саламаттык сактоо министрлигинин ведомстволук сыйлыктары ыйгарылды.

 

Сыйлыктарды Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев тапшырып, өлкөдөгү медициналык жардамды жакшыртуу багытындагы көп жылдык колдоосу жана активдүү катышуусу үчүн терең ыраазычылык билдирди.

«Саламаттык сактоонун ардактуу кызматкери» төш белгиси менен төмөнкү кайрымдуулук уюмдарынын өкүлдөрү сыйланышты:

  • Резаханова Зумрият Рамазановна — «Зита жана Гита Резахановдор» коомдук фондунун директору;
  • Мальсагов Ибрагим Алиевич — «Ас-Сафа Борбору» коомдук бирикмесинин аткаруучу директору;
  • Ли Чжонгже — «Милал жүрөк» коомдук фондунун президенти;
  • Ли Сынгчжон — «Милал жүрөк» фондунун кызматкери;
  • Чой Мин Геон — «Милал жүрөк» фондунун кызматкери.

 

Министр өз сөзүндө өкмөттүк эмес уюмдар жана фонддор менен натыйжалуу өнөктөштүк өлкөнүн саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүүдө маанилүү ролду ойной турганын белгиледи: «Биз сиздердин чын ниеттен көрсөтүлгөн колдооңуздарды, демилгечилдигиңиздерди жана күнүмдүк ишиңиздер аркылуу медициналык жардамды элге жеткиликтүү жана натыйжалуу кылуудагы салымыңызды жогору баалайбыз», — деди Эркин Чечейбаев.

 

Ошондой эле Саламаттык сактоо министрлигинин Борбордук аппаратынын жана башка медициналык уюмдардын бир катар кызматкерлерине министрликтин жана башка мамлекеттик органдардын ведомстволук сыйлыктары жана ыраазычылык каттары тапшырылды.

 

Эске сала кетсек, быйыл Медицина кызматкерлеринин күнүнө карата республика боюнча 486 медицина кызматкери «Саламаттык сактоонун ардактуу кызматкери» төш белгисине, дагы 401 дарыгер жана медициналык кызматкер Саламаттык сактоо министрлигинин Ардак грамотасына татыктуу болушкан.

04.07.2025
Бишкекте 2025-жылдын мыкты тез жардам бригадасы тандалды

2025-жылдын 4-июлунда Бишкек шаардык медициналык тез жардам борборунда тез жардам бригадалары арасында кесиптик чеберчилик боюнча мелдеш болуп өттү. Иш-чара Медицина кызматкерлеринин күнүнө карата уюштурулуп, тез жардам кызматынын кызматкерлеринин кесиптик деңгээлин жана командалык духун жогорулатууга багытталган масштабдуу сынак форматында өткөрүлдү.

Мелдешке Борбордун түрдүү бөлүмдөрү: психоневрологиялык, педиатрия, реанимация жана кардиология бөлүмдөрү, ошондой эле №1, №2, №3, №4 жана №5 көмөкчордондорунун атынан тогуз команда катышты.

Сынак эки этапта өттү:

• Чыгармачылык этап, мында катышуучулар видеороликтерди, юмордук миниатюраларды жана тематикалык сценкаларды тартуулашты;

• Практикалык этап, анын жүрүшүндө катышуучулар телефон аркылуу чалууларды кабыл алып, тез жардам унаалары менен окуя болгон жерге тез арада барып, атайын даярдалган актёрлор «оорулууларга» кечиктирилгис жардам көрсөтүштү.

Практикалык бөлүгү реалдуу эмгек шарттарына мүмкүн болушунча жакын болду. Командалар төмөнкү сценарийлер боюнча көйгөйлөрдү чечиши керек болчу: анафилактикалык шок, бийиктиктен кулап кетүүдөн улам омуртка жаракаты, бала катышкан кырсык, көчөдө жүрөктүн капысынан токтоп калышы жана миокард инфаркты. Тапшырмалардын сапаты алдын ала бекитилген текшерүү баракчалары боюнча калыстар тобу тарабынан бааланды.

Сынактын жыйынтыгы боюнча байгелер төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү:

• 🥇 1-орун - кардиологдор командасы (байге: 20 000 сом);

• 🥈 2-орун - №4 көмөкчордондун командасы (байге: 15 000 сом);

• 🥉 3-орун — №5 көмөкчордондун командасы (байге: 10 000 сом).

Бишкек шаардык медициналык тез жардам борборунун башкы дарыгери Искендер Шаяхметов кесиптик майрамды мындай форматта белгилөө биринчи жолу болуп жатканын белгиледи.

Ал башка өлкөлөрдүн "Тез жардам" бригадаларынын ортосунда өтүүчү эл аралык таймаштар — мисалы, Европалык оюндар — тууралуу айтып, Бишкек шаарынын командасын келечекте ошондой иш-чараларга алып чыгуу максаты бар экенин кошумчалады.

И. Шаяхметов бишкектик дарыгерлер быйыл сентябрда Казакстандын Атырау шаарында өтө турган "Тез жардам" бригадаларынын эл аралык мелдешине катышат деген үмүтүн билдирди.