Copyright: ©

Саламаттык сактоо министри Шаардык балдар тез жардам ооруканасына барды

10.12.2023 / Просмотров: 4312

  Кезек күтүү боюнча даттануулардын көбөйүп жаткандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бүгүн, 10-декабрда Бишкек шаарындагы Балдар клиникалык тез жардам ооруканасына пландан тышкаркы иш сапары менен барып, анда балдарга медициналык жардам көрсөтүү кызматынын сапаты менен таанышып, ата-энелер менен баарлашып, бөлүмдөрдү кыдырды.

  Шаардык тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Мамановдун айтымында, ооруканага күнүнө 900дөй бейтап кайрылса, алардын 80%ы жолдомосуз келишет. Акыркы суткада 378 бейтап соматикалык, 79 бейтап хирургиялык кабыл алууга, 156 бейтап ЛОР кабылдоосуна, 269 бейтап травмпунктка кайрылган. Кайрылган балдардын көбүнө консультациялар берилип, амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн. Башкы дарыгер дем ​​алыш күндөрү Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору иштебегендигине байланыштуу да кезектер көбөйөөрүн айтып, бирок бардык балдарга медициналык жардам жана консультациялар берилип жаткандыгын баса белгиледи.

Ал ошондой эле министрдин тапшырмасы менен курч респиратордук вирустук инфекциялар жана сасык тумоо менен ооруган балдарды жайгаштыруу үчүн кошумча 30 керебет уюштурулуп, соматикалык оорулууларды дарылоочу педиатрлардын, ординаторлордун саны көбөйгөнүн белгиледи.

Иш сапардын жыйынтыгында министр өз ишин толук жоопкерчилик менен аткарып жаткан балдар ооруканасынын медицина кызматкерлерине ыраазычылык билдирди. Ал белгилегендей, бүгүнкү иш-сапардын негизги максаты башкаруучулук чечимдерди туура кабыл алуу үчүн калк жана медицина кызматкерлери менен баарлашуу экенин белгиледи.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

17.11.2025
НЦОМиДде эрте төрөлгөн балдар күнүнө арналган иш-чара өттү

17-ноябрь дүйнө жүзү боюнча Эл аралык эрте төрөлгөн балдар күнү белгиленет. Бул дата 2009-жылы Европанын жаңы төрөлгөн ымыркайларды колдоо фонду (EFCNI) тарабынан белгиленип, мөөнөтүнөн мурда төрөт, жаңы төрөлгөндөрдү кароо жана үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү маселелерине коомчулуктун көңүлүн бурууга багытталган.

Дүйнөдө жыл сайын наристелердин 6–8 пайызы эрте төрөлөт. Кыргызстанда болсо жылына 10–12 миңден ашык ымыркай мөөнөтүнөн мурда жарык дүйнөгө келип, алардын жашоосу алгачкы күндөрдө жогорку технологиялык медициналык жардамга, адистердин квалификациясына жана коомдун колдоосуна түздөн-түз көз каранды.

Эрте төрөлгөн балдарды багып-көрүү — татаал, узак жана чыгымдуу процесс. Бул учурда ымыркайдын ичиндеги шартка максималдуу жакындатылган кырдаалды түзүү, организмдин али жетиле элек функцияларын колдоо өзгөчө маанилүү. 2004-жылдан тартып Кыргызстан Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) жаңы төрөлгөндөрдү каттоо боюнча критерийлерине толук өткөн, бул бардык балдарга төрөлгөн учурдан тартып бирдей медициналык жардамга жетүүнү камсыздады.

Колдоого муктаж болгондор — бул балдар гана эмес, алардын ата-энелери да. Аларга кесипкөй медициналык жардам, психологиялык колдоо жана ымыркайды багуу боюнча билим берүү зарыл. Эрте төрөлүү — өкүм эмес: мындай балдардын басымдуу бөлүгү кийин ден соолугу чың, активдүү болуп чоңоёт жана көпчүлүгү чоң ийгиликтерге жетишет.

НЦОМиДдин жаңы төрөлгөн жана эрте төрөлгөн балдардын патологиясы бөлүмүнүн башчысы, педиатр-врач, КГМИПиПКнын педиатрия кафедрасынын доценти Сагын Абдувалиева белгилейт:

«Ар бир эрте төрөлгөн ымыркай — бул жашоонун алгачкы мүнөттөрүнөн тартып эле сыноолорго туш болгон кичинекей күрөшчү. Бүгүн медицина абдан төмөн салмак менен төрөлгөн ымыркайларды да багып-көрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Биз 500–700 грамм салмак менен төрөлүп, кийин ден соолугу чың, активдүү болуп чоңойгон балдарды көрүп жатабыз. Бирок ар бир мындай жыйынтыктын артында дарыгерлердин, медайымдардын жана ата-энелердин зор эмгеги турат. Эрте төрөлүү — бул өкүм эмес, жөн гана өзгөчө башталыш. Туура мамиле жана колдоонун натыйжасында ал эң жарык, кубанычтуу жыйынтыктарга алып келет».

Кыргызстанда Эрте төрөлгөн балдар күнү онунчу жолу Улуттук энени жана баланы коргоо борборунун базасында өткөрүлүп жатат. Иш-чарага салттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда төрөлүп, акыркы 10–15 жыл ичинде жаңы төрөлгөндөр патологиясы бөлүмүнөн чыгарылган балдар чакырылат. Бул — үй-бүлөлөр үчүн өзгөчө күн: дарыгерлер өз эмгегинин натыйжасын көрүшөт, ата-энелер болсо бири-бири менен тажрыйба бөлүшүп, колдоо көрсөтүшөт.

Дүйнөдө эрте төрөлгөн балдардын жашап кетүү көрсөткүчү жаңы технологиялардын, заманбап жабдуулардын жана эл аралык стандарттардын аркасында өсүүдө. Кыргызстан да перинаталдык кызматтарды өркүндөтүп, адистердин квалификациясын жогорулатып, жогорку технологиялык жардамдын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүнү улантууда.

17.11.2025
КРВИ жана сасык тумоонун эпидемиологиялык абалы

2025-жылдын 46-жумасында (10–16-ноябрь) республика боюнча КРВИ жана сасык тумоонун 7966 учуру катталды (и.к. – 110,3). Бул көрсөткүч өткөн жумага салыштырмалуу (45-жума – 94,0) 17,3% көп.
Ооругандардын 65,5% — 14 жашка чейинки балдар (5216 учур). Бардык катталган учурлардын ичинен 8,5% (679 адам) ооруканага жаткырылган.

Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында оор курч респиратордук инфекциялар  жана сасык тумоого окшош оорулар боюнча дозордук көзөмөл уланууда.

46-жумада алынган үлгүлөрдүн ичинен:

  • Грипп А/H3N2 — 16 учур,
  • Грипп В — 1 учур Ош жана Бишкек шаарларында аныкталды.

Ошондой эле курч респиратордук вирустук инфекциялар айланууда. Алардын ичинен:

  • Аденовирус — 31,3% (10 учур),
  • Риновирус — 28,1% (9 учур),
  • Парагрипп I–IV — 18,7% (6 учур),
  • Башка вирустар — 21,9% (7 учур).

Республиканын бардык аймагында окуучулардын мектепке баруусуна мониторинг жүргүзүлүүдө. Бишкек шаарында 46-жумада окуучулардын КРВИден улам сабакты калтырган учурлардын деңгээли 3,2% түзүп, сезондук нормада калууда.

Эпидемиологиялык абал туруктуу, мониторинг улантылууда.

 

Саламаттык сактоо министрлиги эскертет:
– вакцина — сасык тумоонун оор өтүшүнөн эң натыйжалуу коргонуу жолу;
– дене табы көтөрүлгөндө же КРВИ белгилери байкалганда үйдө калып, үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылуу зарыл;
– колду бат-баттан жууп жана адамдар көп чогулган жайларда беткап тагынуу жугуу коркунучун азайтат.
Эпидемиологиялык абал туруктуу жана көзөмөлдө. КРВИ, сасык тумоонун жана COVID-19дун деңгээлин көзөмөлдөө улантылууда.

17.11.2025
17 ноября 2025 года — Всемирный день действий по ликвидации рака шейки матки

2025-жылдын 17-ноябры — Жатын моюнчасынын рагын жоюу боюнча дүйнөлүк аракет күнү

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жатын моюнчасынын рагын жоюу боюнча Дүйнөлүк аракет күнүн белгилеп, ар бир адамдын жана жалпы коомдун саламаттыгын сактоонун жана чыңдоонун маанилүүлүгүн баса белгилейт.

АПВна каршы эмдөө Кыргыз Республикасында 2022-жылы расмий түрдө киргизилген. Кыргыз Республикасынын Улуттук алдын алуучу календарына ылайык 11 жаштагы өспүрүм курактагы 238 763 кыздар, максаттуу топтун 67,5%ы эмдөөдөн өттү. Бул эмдөөнү киргизүү алдында саламаттыкты сактоо кызматкерлери маалымат берүүдө ата-энелердин мүмкүн болуучу суроолоруна жооп берүүгө жана алардын тынчсызданууларын жоюуга багытталган окутуудан өтүшкөн. Ошондой эле ата-энелерди маалымдар кылуу максатында маалыматтык материалдар таратылган. Мындан тышкары, онкологиялык оорулардын скрининги жана эрте аныктоо иштери күчөтүлдү. 

Дүйнө жүзү боюнча жатын моюнчасынын рагынын 95%дан ашуун учурларына себеп болгон АПВ инфекциясынын алдын алуунун эң натыйжалуу ыкмаларынын бири – буд эмдөө. ДССУнун баалоолоруна ылайык, Кыргызстанда жыл сайын болжол менен 600 аялда жатын моюнчасынын рагы аныкталат жана алардын 300үндө оору өлүм менен аяктайт. Жатын моюнчасынын рагы өлкөдөгү аялдар арасында эң көп таралган экинчи онкологиялык оору болуп саналат; ошондой эле 25–44 жаштагы аялдарда эң көп учураган рак түрү болуп эсептелет.

Кыргыз Республикасында 11 жаштагы өспүрүм кыздарды АПВга каршы эмдөө боюнча камтуунун туруктуу өсүшү байкалууда. Көрсөткүчтөр жыл сайын жогорулап келет: 2022-жылы — 66,7%, 2023-жылы — 71,0%, 2024-жылы — 87,7%. Ал эми 2025-жылдын 9 айынын жыйынтыгында камтуу 70,4%ды түзүп, мурунку жылдардагы өсүү динамикасына ылайык келди.

Камтуунун жогорулоосу ата-энелердин жана коомдун эмдөөгө болгон ишениминин артканын, маалымдуулуктун күчөгөнүн, ошондой эле медицина кызматкерлери менен коомдук саламаттыкты сактоо тармагындагы өнөктөштөрдүн натыйжалуу ишин көрсөтөт.

Муну да белгилеп кетүү маанилүү: эмдөө киргизилген биринчи жылы негизги топко кошумча катары 12–14 жаштагы өспүрүм кыздар да эмдөөдөн өткөрүлгөн. Биринчи доза менен 173 078 өспүрүм кыз эмделип, бул максаттуу топтун 72%ын түзгөн. Экинчи доза 148 миң кызга жасалып, бул 62%ды түзгөн. Максаттуу топтун жалпы саны 240 287 (12–14 жаш) кызды камтыган.

2020-жылы ДССУ жатын моюнчасынын рагын коомдук саламаттыкты сактоонун көйгөйү катары жоюу боюнча глобалдык демилгенин башталганын жарыялаган. Демилге «90–70–90» максатына негизделет:

✓ 90% кыздар АПВга каршы эмдөөдөн өтүшү керек; 

✓ 70% аялдар скринингден өтүшү керек;

✓ Алдын ала рактык өзгөрүүлөр аныкталган аялдардын 90%ы дарылоо алышы керек.

Изилдөөлөр көрсөткөндөй, кеңири камтууну камсыз кылган эмдөө программаларын киргизген өлкөлөрдө төмөнкүлөр байкалууда:

✓ Жатын моюнчасынын алдын ала рактык өзгөрүүлөрү 87%га чейин азайган, рак учурлары алдын ала деңгээлде кыскарган,

✓ АПВнын эң коркунучтуу түрлөрүнүн (16 жана 18) таралышы азайган,

✓ Аял затынын келечектеги муундарында вирусту кармоо көрсөткүчү олуттуу төмөндөгөн.

Кыргыз Республикасы глобалдык стратегияны колдоп, биринчи жана экинчи даражадагы алдын алуу чараларын акырындык менен киргизүүдө.

Бул биз үчүн төмөнкүлөрдү билдирет:

✅ Келечекте жатын моюнчасынын рагынын жүздөгөн учурларын алдын алуу;

✅ Эмгекке жарамдуу курактагы аялдар арасындагы өлүм көрсөткүчтөрүн азайтуу;

✅ Саламаттык сактоо системасына түшкөн жүктү азайтуу;

✅ Элдин саламаттыгын чыңдоо.

Кыргызстанда ата-энелердин көбү алдын алуучу эмдөөлөр өмүрдү сактай турганын түшүнүп башташты. АПВга каршы эмдөө мектептерде жана үй-бүлөлүк медицина борборлорунда жеткиликтүү. Бүгүн эмдөөдөн өткөрүү менен, биз кыздарыбыз жана аялдарыбыз үчүн саламат келечекти түзөбүз. 

Маалымат үчүн:

Кыргызстанда жатын моюнчасынын рагын алдын алуу иш-чаралары негизги улуттук документтерге ылайык жүргүзүлөт — «Коомдук саламаттыкты сактоо жөнүндө» жана «Жарандардын репродуктивдик укуктары жөнүндө» мыйзамдар, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Дени сак адам — өнүккөн өлкө» (2019–2030) калктын саламаттыгына кам көрүү программасы, 2025–2030-жылдарга багытталган «Иммунопрофилактика» программасы, ошондой эле онкологиялык ооруларды контролдоо жана алдын алуу стратегиясы (Саламаттык сактоо министрлигинин №1019 буйругу, 28.07.2021).

Саламаттык сактоо министрлигинин 18.07.2022-жылдагы №859 буйругу менен «Өспүрүм курактагы кыздарды АПВга каршы эмдөөнү киргизүү» боюнча, 2022-жылдын ноябрь айында Кыргыз Республикасынын аймагында АПВга каршы вакцина киргизилген. Эмдөөдө төрт валенттүү рекомбинанттык адам вирусуна каршы вакцина (6, 11, 16, 18 типтери) колдонулган.