Ботулизмден сак болгула!!!

23.11.2022 / Просмотров: 1376

Баткен мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан алынган маалыматка караганда, Баткен облусунун Кадамжай районунда тамак-аштан 5 адам ууланган учур катталган.
Ууланган күнү: 21.11.2022 саат 13:00
Уулануунун алгачкы белгилери байкалган күнү: 22.11.2022 саат 7:10.
Медициналык жардам алууга кайрылган күнү - 22.11.2022 саат 8:00
Ооруканага жаткырылган күнү жана орду - 22.11.2020, 11:20.  Кадамжай районунун ЖДПБ.

Жабыркагандардын бардыгы Кадамжай ЖДПБнын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды, 3 жабырлануучунун абалы өтө оор деп бааланууда (жасалма дем алдыруучу аппаратта жатышат), экөөнүн абалы оор. Учурда бардык керектүү дарылануудан өтүшүүдө. Бардык жабырлануучулардан лабораториялык изилдөө үчүн клиникалык материалдар алынды.
Алдын ала эпидемиологиялык иликтөө иштеринин жүрүшүндө жогоруда аталган жабырлануучулардын бардыгы 2022-жылдын 21-ноябрында саат 13:00дө жумуш ордунда түшкү тамактануу учурунда үй шартында жасалган жашылча консервалары менен тамактанышкан (курамы: помидор, капуста, бадыраң, калемпир).
Маалымат үчүн:
2022-жылдын 10 айында республикада тамак-аштан уулануунун 100 учуру катталып, 437 адам жабыркаган, анын ичинен ботулизмдин 25 учурунда 34 адам жабыркаган. Акыркы эки жумада эле ботулизм оорусунун оор түрү менен 2 учур катталып, 7 адам жабыркады.
Ботулизм - ботулизм таякчалары менен булганган жана нерв системасына таасир этүүчү ботулотоксиндерди камтыган тамак-аштарды колдонуунун натыйжасында уулануу. Ботулизмдин козгогучу кычкылтексиз өнүгө турган анаэробдук Clostridium botulinum таякчасы. Ал табияттагы эң күчтүү ууну чыгарууга жөндөмдүү. Көптөгөн адамдар ботулизм деген эмне экенин билишпей, анын адам өмүрүнө өтө кооптуу экенине көңүл бурушпайт.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

29.03.2024
Курортология жана реабилитациялык дарылоо кыргыз илимий-изилдөө институтунда мамлекеттик аптека ачылды

Бүгүн, 2024-жылдын 29-мартында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Курортология жана реабилитациялык дарылоо кыргыз илимий-изилдөө институтунун базасында «Эл Аман» мамлекеттик дарыканасынын ачылыш аземине катышты.

Министр өз сөзүндө республиканын саламаттык сактоо уюмдарынын базасында «Эл Аман» мамлекеттик аптекалар тармагынын ачылышы өлкөнүн калкын жеткиликтүү жана сапаттуу дары-дармек менен камсыздоого умтулуу экендигин белгиледи. Мамлекеттик аптека өлкөдөгү жеке дарыканаларга салыштырмалуу 10-15% арзандатылган жеткиликтүү баада дарылардын кеңири спектрин сунуштайт.

Курортология жана реабилитациялык дарылоо кыргыз илимий-изилдөө институтунда жылына 15 миңге жакын бейтап дарыланып, Таш-Дөбө, Бер-Булак, Кашка-Суу, Байтик, Арчалы, Арашан айылдарынын тургундары керектүү дары-дармектерди ҮДТнын дарыгерлери жазып берген рецепт боюнча сатып ала алышат.

Белгилей кетсек, өлкө боюнча жалпысынан 78 мамлекеттик дарыкана иштеп, калкты жеткиликтүү баада дары-дармек менен камсыз кылууда.

28.03.2024
НЕКРОЛОГ

Саламаттыкты сактоо системасы, анын ичинде Эне жана баланы коргоо улуттук борбору орду толгус жоготууга учурады. Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун мурдагы директору, медицина илимдеринин доктору, илимий кызматкер Маймерова Гүлзат Шаршенбековна 51 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Маймерова Гүлзат Шаршенбековна 1973-жылы 2-июнда Бишкек шаарында туулган. Гүлзат Шаршенбековна 2000-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын ийгиликтүү аяктап, 2010-жылы илимий ишмердүүлүгүн баштап, медицина илимдеринин кандидаты, 2016-жылы ага илимий кызматкер наамы ыйгарылып, 2018-жылы медицина илимдеринин доктору илимий даражасын ийгиликтүү коргогон.

   Мугалимдик эмгек жолун 2015-жылы баштаган, ал учурда Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда клиникалык ординаторлордун жетекчиси болгон. 2019-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы дипломдон кийинки билим берүүнүн координациялык кеңешинин катчысынын милдетин аткарып, жалпы практикадагы ординаторлордун күндөлүгүн түзүүгө активдүү катышкан.

2016-жылдан тарта Г.Ш.Маймерова Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директорунун илимий иштер боюнча орун басары кызматына дайындалгандан кийин 20 жылдан бери биринчи жолу балдар хирургиясы боюнча кандидаттык диссертация корголгон. Ошондон бери Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун «Эне жана баланы коргоо» илимий журналында педиатрия, балдар хирургиясы жана акушердик-гинекология боюнча редактордун орун басары болуп эмгектенип келген. Гүлзат Маймерованын жигердүү ишинин натыйжасында 2020-жылдан баштап бул журнал Россия Федерациясынын Россиянын илимий цитаталар индексинин базасына киргизилген.

Жогорку категориядагы дарыгер, саламаттыкты сактоонун “Эмгек сиңирген ишмери” Гүлзат Шаршенбековна 2018-жылы Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо тармагында көп жылдык үзүрлүү эмгеги,калктын ден соолугун чыңдоого кошкон зор салымы, ошондой эле активдүү коомдук ишмердиги үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Ардак Грамотасы” менен сыйланган. Ал мыкты сапаттарга ээ, өзүнө коюлган милдеттерди тез жана сапаттуу чече билген тажрыйбалуу адис эле.

   Гүлзат Шаршенбековнанын үй-бүлөсүнө, бир туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, орду толгус кайгысын тең бөлүшөбүз!

 

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, министрдин орун басары Медербек Исмаилов, министрдин орун басары Айжамал Шамбетова, министрдин орун басары Бүбүжан Арыкбаева, министрдин орун басары Бакыт Жангазиев.

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жетекчилиги жана кызматкерлери.

28.03.2024
НЕКРОЛОГ

2024-жылдын 27-мартында Ысык-Көл райондор аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Токтоназарова Алина Эсентуровна мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Ал өлкөнүн саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүүдө өчпөс из калтырды.

Эмгек жолун 1998-жылы санитардык агартуу бөлүмүндө санитардык врач болуп баштаган, 2003-жылдан тартып Ысык-Көл райондук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунда тамак-аш гигиенасы боюнча санитардык дарыгер кызматын аркалаган. 2009-жылы Ысык-Көл облустук оорулардын алдын алуу борборунда мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл бөлүмүнүн башчысы, ал эми 2010-жылы санитардык бөлүмдүн башчысы болуп иштеген.

2012-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Бишкек шаардык инспекциясынын башкы санитардык көзөмөл адиси болуп дайындалган. 2013-жылы Ысык-Көл райондук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборуна санитардык дарыгер болуп кайтып келген.

2021-жылы Ысык-Көл райондор аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери болуп дайындалып, өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин баа жеткис эмгегин улантты.

 

Анын кесипкөйлүгү, ишке берилгендиги жана жарандардын ден соолугуна болгон камкордугу кесиптештеринин эсинде түбөлүккө сакталат. Анын дүйнөдөн кайтканы бул керемет инсанды билген жана баалаган ар бир адам үчүн орду толгус жоготуу.

Токтоназарова Алина Эсентуровнанын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

 

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, министрдин орун басары Медербек Исмаилов, министрдин орун басары Айжамал Шамбетова, министрдин орун басары Бүбүжан Арыкбаева, министрдин орун басары Бакыт Джангазиев. Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык департаментинин эмгек жамааты.