Саламаттык сактоо министрлиги менен ДССУнун жаңы биргелешкен изилдөөсү: медициналык кызматкерлер COVID-19 илдети тууралуу эң ишенимдүү маалымат булагы бойдон калууда
29.04.2022 / Просмотров: 1690
Кыргызстанда COVID-19 илдетине карата жүрүм-турумга талдоо жүргүзүүнүн 5-раундунун негизги учурлары
Бишкек, Кыргызстан – Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен биргеликте Кыргызстандын калкынын COVID-19 илдети боюнча тажрыйбасына жана кабыл алуусуна талдоо жүргүзүүнүн 5-раундунун жыйынтыгын жарыялады. Талдоо жүргүзүү 2022-жылдын февраль айында ишке ашырылып, Европа Биримдиги жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европалык регионалдык бюросу тарабынан каржылануучу “Борбордук Азиядагы COVID-19 кризисине чара көрүү программасынын” колдоосу менен мүмкүн болду. Изилдөө көрсөткөндөй, саламаттык сактоо адистерине, Саламаттык сактоо министрлигине, мамлекеттик мекемелердин отчетторуна, ДССУга жана COVID боюнча ишеним телефондоруна ишенимдин жогорулашынын эсебинен, маалымат булагы катары, саламаттык сактоо тармагына болгон ишеним 2021-жылдан бери жалпысынан (75%) өскөн. Ошондой эле, изилдөө жүргүзүү аялдардын эркектерге караганда тобокелдикти кабылдоо деңгээли жогору экендигин көрсөттү. Жалпы тобокелдикти кабыл алуу маалымат издөөгө көбүрөөк ыктаган адамдарда жогору өнүккөн. Бирок, көпчүлүк учурда билим деңгээли төмөн адамдардын ооруга кабылышын кабылдоо деңгээли жогору.
Акыркы 3 айдын ичинде (2021-жылдын декабрь айы; 2022-жылдын январь, февраль айлары) респонденттердин 25%ынын жеке финансылык абалы начарлаган (2021-жылдагы деңгээлге салыштырганда, алардын финансылык абалы 35%га начарлаган).
Мурдагыдай эле алдыдагы экономикалык кесепеттер тууралуу тынчсыздануу респонденттердин арасында кеңири таралган: алардын 69% абдан кооптонушат.
Изилдөө көрсөткөндөй, аялдар коргонуу жүрүм-турум үлгүлөрүн көбүрөөк колдоно тургандыгы аныкталды. Мындай көрүнүш саламаттык сактоо тармагына болгон ишеним менен жана тегерегинде ооруган жакындарынын болушу менен шартталган. Жашыраак эркектер (18-29 жаш) ошол эле курактагы аялдарга караганда көбүрөөк эмделишет. Жалпысынан калктын эмдөөгө болгон терс көз карашынын деңгээли төмөндөдү, бирок 19% дагы эле эмдөөдөн өтпөй тургандыгын белгилешти.
«Тез, оңой жана колдонууга ийкемдүү, жүрүм-турумду талдоо куралы өлкөлөргө COVID-19 илдетине каршы чара көрүү боюнча алардын иш-аракеттерин колдоо жана негиздөө үчүн баа жеткис маалыматтарды сунуштайт. Жаңы коронавирус илдетине каршы күрөшүүдөгү ийгилигибиз адамдардын маалыматка ээ болушунан, коомдук саламаттык сактоо боюнча туура чараларды көрүүгө болгон каалоосунан жана мүмкүнчүлүктөрүнөн көз каранды», деп белгиледи өз сөзүндө Назира Артыкова, ДССУнун Кыргызстандагы өкүлү.
Изилдөөнүн 5-чи толук версиясы https://bit.ly/36PyK3F аркылуу англис жана орус тилдеринде жеткиликтүү.
1, 2, 3, 4 изилдөөлөрдүн толук версиялары англис жана орус тилдеринде дагы https://bit.ly/3OQtAps жеткиликтүү.
###
Жүрүм-турумга талдоо жүргүзүүнү изилдөө тууралуу маалымат: ДССУнун COVID-19 илдетине карата жүрүм-турумга талдоо жүргүзүү куралы – бул ДССУнун калктын билим деңгээлине, тобокелдикти кабыл алуусуна, жүрүм-турумуна жана ишенимине тез, ийкемдүү жана үнөмдүү мониторинг жүргүзүү куралы, ал азыр ДССУнун Европа аймагындагы өлкөлөргө COVID-19 илдетине каршы актуалдуу жана таасирдүү чараларды көрүү үчүн жеткиликтүү. Кыргызстанда COVID-19 илдетине карата жүрүм-турумга талдоо жүргүзүүнүн 5-раундунун маалыматтары (ошондой эле мурунку 1-4-раунддар) компьютердик телефондук интервьюларды (CATI) колдонуу менен чогултулган, ага Кыргызстандын жети облусунан жана эки негизги шаары Бишкек жана Ош шаарларынан 1000ден ашык адам катышкан. Маалыматтарды чогултуу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан көзөмөлдөнүп, ал бул баалоонун алкагында чогултулган бардык маалыматтарга ээлик кылат.
Программа тууралуу маалымат: Борбордук Азиядагы COVID-19 кризисине чара көрүү программасы (CACCR) Европа Биримдиги (ЕБ) менен Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европалык регионалдык бюросунун биргелешкен аракети болуп саналат жана Казакстан, Кыргызстан жана Түркмөнстанга багытталган. Эки жылдык, наркы 3 миллион евролук аймактык долбоор COVID-19 пандемиясынын алдын алууга, аныктоого жана ага каршы чара көрүүгө, ошондой эле коомдук саламаттык сактоого карата окшош коркунучтарга чара көрүү үчүн өлкөлөрдүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган. Долбоор өлкөнүн коомдук саламаттык сактоо тармагындагы өзгөчө кырдаалдарга даярдыгын, координациялоону, аныктоону жана чара көрүүнү күчөтүүгө жана улуттук саламаттык сактоо системаларынын туруктуулугун жогорулатууга багытталган. Долбоор Евробиримдиктин Өкүлчүлүктөрү, улуттук бийлик органдары жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен тыгыз байланышта ДССУнун Европалык регионалдык бюросу жана ДССУнун Өлкөлүк кеңселери тарабынан ишке ашырылат.
Прикрепленные файлы:
Другие Новости
29.12.2025
Жаңы жылдык майрам жана дем алыш күндөрү саламаттык сактоо уюмдарынын иш тартиби
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги майрам жана дем алыш күндөрүндө саламаттык сактоо уюмдарынын иштөө тартиби тууралуу маалымдайт.
Медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана үзгүлтүксүз көрсөтүлүшүн камсыз кылуу максатында 2025-жылдын 30–31-декабрында республика боюнча бардык медициналык уюмдарда күчөтүлгөн иш тартиби камсыздалат. Бул күндөрү медициналык кызматкерлердин кошумча нөөмөттөрү уюштурулуп, кызматтардын жогорку даярдыгы камсыз кылынат, ошондой эле калкка шашылыш жана тез жардам көрсөтүү үзгүлтүксүз жүргүзүлөт.
2026-жылдын 1-9-январь аралыгында, жаңы жылдык каникул күндөрүндө, саламаттык сактоо уюмдары белгиленген тартипте иштеп, жооптуу кызматкерлердин нөөмөттөрү уюштурулат. Медициналык мекемелерде күнү-түнү тез жардам көрсөтүү камсыздалып, шашылыш дарылоого муктаж бейтаптарды жаткыруу үчүн керебеттердин резерви түзүлөт. Ошондой эле зарыл болгон дары-дармектердин, медициналык буюмдардын, кан компоненттеринин жана алардын резервдеринин жетиштүүлүгү камсыздалат.
Амбулатордук деңгээлде — үй-бүлөлүк медицина борборлорунда, жалпы дарыгердик практика борборлорунда жана үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунда — 1–9-январь күндөрү үй-бүлөлүк дарыгердин, үй-бүлөлүк медайымдын жана каттоо бөлүмүнүн нөөмөттөрү 08:00дөн 18:00гө чейин, ал эми дарылоо кабинеттери 14:00гө чейин иштейт.
Тез жардам кызматы Бишкек жана Ош шаарларында, ошондой эле өлкөнүн бардык аймактарында демалышсыз, күнү-түнү иштейт. Мындан тышкары, санитардык авиациянын үзгүлтүксүз иши, санитардык-эпидемиологиялык кызматтын адистеринин жана лабораториялардын нөөмөтү майрамдык жана дем алыш күндөрү да камсыздалат.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жаңы жылдык майрамдар мезгилинде калкка медициналык жардам толук көлөмдө көрсөтүлөрүн белгилеп, жарандарды зарыл болгон учурда медициналык уюмдарга өз убагында кайрылууга чакырат.
26.12.2025
Дары-дармектерге жеткиликтүүлүк жана ачык-айкын сатып алуулар: КР Саламаттык сактоо министрлиги БУУнун тутумундагы уюмдар менен кызматташуунун артыкчылыктарын талкуулады
2025-жылдын 26-декабрында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов Бириккен Улуттар Уюмунун тутумуна кирген уюмдардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрүп, анда колдонулуп жаткан Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун алкагында дары-дармек менен камсыздоо маселелери талкууланды.
Талкуунун жүрүшүндө тараптар дары-дармек менен камсыздоо жаатындагы кызматташуунун негизги багыттарына — улуттук жөнгө салуу тутумун чыңдоо, өмүр үчүн зарыл дары-дармектерге жеткиликтүүлүктү кеңейтүү, сатып алуулардагы ачык-айкындуулукту жогорулатуу жана жеткирүү чынжырларынын туруктуулугун камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурушту.
Министр сапаттуу дары-дармектерге адилеттүү жана туруктуу жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу саламаттык сактоо тармагындагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин жана бул Туруктуу өнүгүү максаттарына, айрыкча «Чың ден соолук жана бакубаттуулук» максатына жетүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин баса белгиледи.
Өзүнчө көңүл сатып алуулардагы ачык-айкындуулукка жана коррупциялык тобокелдиктерди алдын алууга бурулду. Каныбек Досмамбетов системалуу өзгөрүүлөрдүн зарылдыгын белгилеп, алар адилетсиз практикаларды четтетүүгө жана бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга багытталышы керектигин айтты.
«Мамлекет жыл сайын дары-дармек сатып алууга олуттуу каражаттарды багыттайт, биздин милдет — бул ресурстарды мүмкүн болушунча ачык-айкын жана рационалдуу пайдаланууну камсыз кылуу. Биз сатып алуулар тармагында тартипти катуу орнотууга, системаны адилетсиз практикалардан тазалоого жана туруктуу, чынчыл кызматташтыкты курууга багыт алдык. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрүбүздүн колдоосу менен бул кызматташтык системалуу жана узак мөөнөттүү мүнөздө болот деп ишенебиз», — деп белгиледи Каныбек Досмамбетов.
Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө даяр экенин, анын ичинде эл аралык стандарттарга ылайык сатып алууларды колдоо, жеткирүү чынжырларын башкаруу, санариптик чечимдер, фармакологиялык көзөмөл жана саламаттык сактоо тутумунун институционалдык потенциалын жогорулатуу багыттарында көмөк көрсөтүүнү ырастады.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун жоболорун ишке ашыруу боюнча биргелешкен ишти улантууга макулдашышты. Бул иш конкреттүү, өлчөнө турган натыйжаларга багытталып, дары-дармек коопсуздугун чыңдоого жана бейтаптардын кызыкчылыктарын коргоого кызмат кылмакчы.
25.12.2025
Медициналык 083 формадагы маалымкат алуудагы кезектер боюнча маалымат
Айдоочулук күбөлүк алуу же алмаштыруу үчүн зарыл болгон 083 формадагы медициналык маалымкатты алуу учурунда Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда адамдардын топтолушу тууралуу жарандардын кайрылууларына жана социалдык тармактардагы билдирүүлөргө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги учурдагы кырдаал боюнча түшүндүрмө берип, жарандарды медициналык уюмдардагы убактылуу жогорулаган жүккө түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.
Үй-бүлөлүк медицина борборлорунун жетекчилеринин маалыматына ылайык, акыркы апталарда жарандардын дал ушул 083 формадагы медициналык маалымкат боюнча кайрылуулары кескин көбөйгөн. Мурда мындай маалымкат алуу үчүн күнүнө орто эсеп менен 15–20 адам кайрылса, учурда кайрылуулар кыйла өсүп, айрым медициналык уюмдарда кезектердин жаралышына алып келди. Эгер сентябрь айында республика боюнча орто эсеп менен күнүнө 500гө жакын 083 формадагы медициналык маалымкат берилсе, декабрь айында бул көрсөткүч суткасына 3 миңге чейин жетип, Үй-бүлөлүк медицина борборлоруна түшкөн жүк дээрлик алты эсеге көбөйгөнүн көрсөтүүдө.
Ошол эле учурда Саламаттык сактоо министрлиги медициналык маалымкаттарды берүү штаттык режимде жүргүзүлүп жатканын, медициналык кызматкерлер кабыл алуудан баш тартпаганын жана кайрылган бардык жарандар белгиленген кезек тартибине ылайык кабыл алынып жатканын баса белгилейт.