Саламаттык сактоо министрлиги менен ДССУнун жаңы биргелешкен изилдөөсү: медициналык кызматкерлер COVID-19 илдети тууралуу эң ишенимдүү маалымат булагы бойдон калууда

29.04.2022 / Просмотров: 1234

Кыргызстанда COVID-19 илдетине карата  жүрүм-турумга талдоо жүргүзүүнүн 5-раундунун негизги учурлары 

Бишкек, Кыргызстан – Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен биргеликте Кыргызстандын калкынын COVID-19 илдети боюнча тажрыйбасына жана кабыл алуусуна талдоо жүргүзүүнүн 5-раундунун жыйынтыгын жарыялады. Талдоо жүргүзүү 2022-жылдын февраль айында ишке ашырылып, Европа Биримдиги жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европалык регионалдык бюросу тарабынан каржылануучу “Борбордук Азиядагы COVID-19 кризисине чара көрүү программасынын” колдоосу менен мүмкүн болду. Изилдөө көрсөткөндөй, саламаттык сактоо адистерине, Саламаттык сактоо министрлигине, мамлекеттик мекемелердин отчетторуна, ДССУга жана COVID боюнча ишеним телефондоруна ишенимдин жогорулашынын эсебинен, маалымат булагы катары, саламаттык сактоо тармагына болгон ишеним 2021-жылдан бери жалпысынан (75%) өскөн. Ошондой эле, изилдөө жүргүзүү аялдардын эркектерге караганда тобокелдикти кабылдоо деңгээли жогору экендигин көрсөттү. Жалпы тобокелдикти кабыл алуу маалымат издөөгө көбүрөөк ыктаган адамдарда жогору өнүккөн. Бирок, көпчүлүк учурда билим деңгээли төмөн адамдардын ооруга кабылышын кабылдоо деңгээли жогору.

Акыркы 3 айдын ичинде (2021-жылдын декабрь айы; 2022-жылдын январь, февраль айлары) респонденттердин 25%ынын жеке финансылык абалы начарлаган (2021-жылдагы деңгээлге салыштырганда, алардын финансылык абалы 35%га начарлаган).

Мурдагыдай эле алдыдагы экономикалык кесепеттер тууралуу тынчсыздануу респонденттердин арасында кеңири таралган: алардын 69% абдан  кооптонушат.

Изилдөө көрсөткөндөй, аялдар коргонуу жүрүм-турум үлгүлөрүн көбүрөөк колдоно тургандыгы аныкталды. Мындай көрүнүш саламаттык сактоо тармагына болгон ишеним менен жана тегерегинде ооруган жакындарынын болушу менен шартталган. Жашыраак эркектер (18-29 жаш) ошол эле курактагы аялдарга караганда көбүрөөк эмделишет. Жалпысынан калктын эмдөөгө болгон терс көз карашынын деңгээли төмөндөдү, бирок 19% дагы эле эмдөөдөн өтпөй тургандыгын белгилешти.

 «Тез, оңой жана колдонууга ийкемдүү, жүрүм-турумду талдоо куралы өлкөлөргө COVID-19 илдетине каршы чара көрүү боюнча алардын иш-аракеттерин колдоо жана негиздөө үчүн баа жеткис маалыматтарды сунуштайт. Жаңы коронавирус илдетине каршы күрөшүүдөгү ийгилигибиз адамдардын маалыматка ээ болушунан, коомдук саламаттык сактоо боюнча туура чараларды көрүүгө болгон каалоосунан жана мүмкүнчүлүктөрүнөн  көз каранды», деп белгиледи өз сөзүндө Назира Артыкова, ДССУнун Кыргызстандагы өкүлү.

Изилдөөнүн 5-чи толук версиясы https://bit.ly/36PyK3F аркылуу англис жана орус тилдеринде жеткиликтүү.

1, 2, 3, 4 изилдөөлөрдүн толук версиялары англис жана орус тилдеринде дагы https://bit.ly/3OQtAps жеткиликтүү.

 

###

Жүрүм-турумга талдоо жүргүзүүнү изилдөө тууралуу маалымат: ДССУнун COVID-19 илдетине карата  жүрүм-турумга талдоо жүргүзүү куралы – бул ДССУнун  калктын билим деңгээлине, тобокелдикти кабыл алуусуна, жүрүм-турумуна жана ишенимине тез, ийкемдүү жана үнөмдүү мониторинг жүргүзүү куралы, ал азыр ДССУнун Европа аймагындагы өлкөлөргө COVID-19 илдетине каршы актуалдуу жана таасирдүү чараларды көрүү үчүн жеткиликтүү. Кыргызстанда COVID-19 илдетине карата  жүрүм-турумга талдоо жүргүзүүнүн 5-раундунун  маалыматтары (ошондой эле мурунку 1-4-раунддар) компьютердик телефондук интервьюларды (CATI) колдонуу менен чогултулган, ага Кыргызстандын жети облусунан жана эки негизги шаары Бишкек жана Ош шаарларынан 1000ден ашык адам катышкан. Маалыматтарды чогултуу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан көзөмөлдөнүп, ал бул баалоонун алкагында чогултулган бардык маалыматтарга ээлик кылат.

Программа тууралуу маалымат: Борбордук Азиядагы COVID-19 кризисине чара көрүү программасы (CACCR) Европа Биримдиги (ЕБ) менен Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европалык регионалдык бюросунун биргелешкен аракети болуп саналат жана Казакстан, Кыргызстан жана Түркмөнстанга багытталган. Эки жылдык, наркы 3 миллион евролук аймактык долбоор COVID-19 пандемиясынын алдын алууга, аныктоого жана ага каршы чара көрүүгө, ошондой эле коомдук саламаттык сактоого карата окшош коркунучтарга чара көрүү үчүн өлкөлөрдүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган. Долбоор өлкөнүн коомдук саламаттык сактоо тармагындагы өзгөчө кырдаалдарга даярдыгын, координациялоону, аныктоону жана чара көрүүнү күчөтүүгө жана улуттук саламаттык сактоо системаларынын туруктуулугун жогорулатууга багытталган. Долбоор Евробиримдиктин Өкүлчүлүктөрү, улуттук бийлик органдары жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен тыгыз байланышта ДССУнун Европалык регионалдык бюросу жана ДССУнун Өлкөлүк кеңселери тарабынан ишке ашырылат.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

20.04.2024
Медицина кызматкерлери жалпы республикалык ишембиликке активдүү катышты

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Жарлыгынын 1-пункту менен апрель айынын үчүнчү ишембиси “Улуттук тазалык күнү” деп белгиленген.

Бүгүн, 2024-жылдын 20-апрелинде Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин борбордук аппаратынын кызматкерлери, министрликтин алдындагы Мамлекеттик санэпидэм көзөмөл департаментинин, “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасынын, Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун, Электрондук саламаттык сактоо борборунун, Саламаттык сактоону өнүктүрүү жана медициналык техника борборунун кызматкерлери менен биргеликте  “Улуттук тазалык күнүнө” карата уюштурулган республикалык ишембиликке чыкты. Медициналык кызматкерлер ишембиликтин алкагында Бишкектин четиндеги Степное, Озёрное айылдары тараптагы 4.5 кмге жакын  жолдун жээгин таштандылардан тазалоо иштерин жүргүзүштү.

 Мындан тышкары республикадагы бардык саламаттык сактоо уюмдары мекемеге тийиштүү аймактарда ишембилик өткөрүштү.

Саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Медер Исмаилов айлана-чөйрөгө кам көрүү максатында мамлекет башчысы тарабынан демилгеленген иш-чараны колдоп ишембиликке чыгып, айлана-чөйрөнүн тазалыгына көңүл кош карабаган ар бир кызматкерге ыраазычылыгын билдирди. 

 

“Үч-төрт сааттын ичинде 250дөн ашык кап таштанды чыгарылып, калаабызды айланып өткөн жол жээги тазалыгы менен көз кубандырып калды. Мындай иш-чаралар туруктуу негизде жүргүзүлүп, мамлекетибиздин ар бир жараны жаратылышка аяр мамиле жасоого чакырам. Тазалык – ден соолуктун булагы эмеспи”, - деди ал. 

 

 

 

19.04.2024
Кене вирустук энцефалиттин алдын алуу боюнча сунуштар

Республикада кене вирустук энцефалитинин (КВЭ) табигый очоктору бардык климаттык зоналарда аныкталган жана адам үчүн коркунучтуулугунун даражасына жараша белгиленет. Үстүбүздөгү жылдын 3 айында республика боюнча 156 адам кене чагып кайрылган. Анын арасында КВЭ жуктурган учур катталган жок. Чоң-Кемин, Кыргыз тоо кыркалары Күнгөй Ала-Тоо, Тескей Ала-Тоо айыл аймактарында жайгашкан очоктор олуттуу коркунучту жаратат.

Кене вирустук энцефалити кантип жугушу мүмкүн?

Оорунун козгогучу (арбовирус) адамга вирус жуккан кенен чаккан алгачкы мүнөттөрүндө анын ооруну басуучу шилекейи менен кошо жугат:

• КВЭ боюнча эндемикалык аймактарга барууда (токойлордо, токой сейил бактарында, жеке бакча участокторунда);

• кенелер жаныбарлар (иттер, мышыктар аркылуу келгенде;

• кене энцефалити боюнчу коопсуз аймактарда эчкинин (көбүнчө), койдун, уйдун чийки сүтүн ичкенде, кенелердин массалык чабуул учурунда сүттө вирус болушу мүмкүн. Баса белгилей кетүүчү нерсе, чийки сүт гана эмес, андан жасалган азыктар (быштак, каймак ж.б.) да жугуштуу;

• вирусту териге сүрткөндө кенени эзгенде же чаккан жерди тырмаганда.

• Ушул себептен чийки сүт азыктарын кайнагандан кийин гана колдонуу керек.

Оорунун кесепеттери: толук айыккандан ден соолук көйгөйлөрүнө чейин, майыптыкка жана өлүмгө алып келет.

Кене вирустук энцефалитке ким кабылышы мүмкүн?

Жашына жана жынысына карабастан бардык адамдар кене энцефалитинин инфекциясына кабылышат. Жумушуна байланыштуу токойдо жүргөндөр (жыгач өнөр жай ишканаларынын кызматкерлери, геологиялык чалгындоо кызматтары, автомобиль жана темир жол куруучулар, мунай жана газ түтүктөрүн, электр линияларын куруучулар, топографтар, мергенчилер, туристтер) тобокел тобуна кирет. Шаардын жашоочулары жумуш жана эс алуу учурунда шаар четиндеги токойлордо, сейил бактарында, бакча участокторунда жуктуруп алышат.

19.04.2024
Саламаттык сактоо министри Республикалык балдар реабилитациялык борборунун жаңы имаратынын курулуш иштери менен таанышты

Бүгүн КР саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында, Чолпон-Ата шаарында жайгашкан Ибн Сина атындагы Республикалык балдар реабилитациялык борборунун жаңы имаратынын курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринде таанышты. 

Аталган имаратынын курулушу 2023-жылы май айында башталган. 2 кабаттан турган 3 корпус курулууда. Азыркы күндө курулуш иштери аяктап, ички жасалгалоо иштери жүрүүдө. 

Азыркы учурда ичүүчү суу менен камсыз кылуу үчүн скважинанын курулушу чечилип, имараттын тегерек четин көрктөндүрүүгө, балдарга спорт жана ойноо аянтчаларын курууга кошумча каражат бөлүү чечими кабыл алынган.

Борбордун ачылышы 2024-жылдын 1-июнунда Эл аралык балдарды коргоо күнүнө пландаштырылууда.

Жаңы имарат 100 орунга ылайыкташкан, бардык санитардык эпидемиологиялык талаптарга жооп берет. Борбордо 2 бөлүм, клиникалык, бактериологиялык лабораториялар, рентген кабинет, физиобөлүм, стоматологиялык кабинет, туз шахтасы, тамак-аш блогу, спорт зал, дарылоочу дене тарбия залы каралган. 

Борбордо өпкө оорулары менен жабыркаган балдарды дарылоо жана реабилитациялык жардам көрсөтүлөт.