Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Наталья Федоровна Иманованы Улуу Жеңиштин 77 жылдыгы менен куттуктады

09.05.2022 / Просмотров: 1417

2022-жылдын 9-майында Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Жапаркул Ташиев, Саламаттыкты сактоо министрлигинин Уюштуруу иштери башкармалыгынын башчысы Гүлмира Ибраева, Дары-дармек менен камсыздоо департаментинин директору Нурдин Кагадзиевдер болуп, Наталья Федоровна Иманованы Улуу Жеңиштин 77 жылдыгы менен куттукташты. 

 

Иманова Наталья Федоровна концлагердин туткуну болгон. Ал Россия Федерациясынын Смоленск облусунан. Кичинекей кезинде ата-энесиз калган, апасы блокадада калган Ленинградда каза болгон, атасы согушта дайынсыз жоголгон. Ал жашаган айылды немистер басып алганда, чоң ата, чоң энеси менен туткунга алынып, Германияга жөнөтүлгөн. Чоң атасы менен чоң апасы улгайып калгандыктан, Латвияда жайгашкан Саласпилс концлагерине жөнөтүлгөн. Согуштун бардык үрөйүн учурган кыйынчылыктарын көргөн Наталья Федоровна концлагерде аман калып, 1944-жылы советтик аскерлер тарабынан бошотулган. Жолдошу менен армияда кызмат өтөп жүргөндө таанышып, баш кошуп, Кыргызстанга келип жашап калышат. Азыр Наталья Федоровна 84 жашта, анын эки кызы, беш небереси жана эки чөбөрөсү бар. Көп жылдар бою Политехникалык институтта электромонтер, андан кийин бухгалтер болуп эмгектенип, бүгүнкү күндө ардактуу эс алууда.

 

Министрдин орун басары Жапаркул Ташиев министрликтин жетекчилигинин жана жамаатынын атынан, ошондой эле республиканын бардык медицина кызматкерлеринин атынан Наталья Федоровнаны майрамы менен куттуктап, ага узун өмүр каалап, дары-дармектерди жана белектерди тапшырды. «Улуу Ата Мекендик согушта жасаган эрдиктериңиз түбөлүккө эрдиктин, туруктуулуктун жана мекенчилдиктин символу болуп кала берет. Бүткүл адамзат үчүн кылган эрдигиңиз  үчүн биз сизге чексиз ыраазыбыз. Ал эми чоң аталарыбыз менен чоң апаларыбыз бизге эркиндикти, бейпил асманды тартуулаган курмандыктарын түбөлүк эсибизде», - деп белгиледи министрдин орун басары.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

28.03.2024
НЕКРОЛОГ

2024-жылдын 27-мартында Ысык-Көл райондор аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Токтоназарова Алина Эсентуровна мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Ал өлкөнүн саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүүдө өчпөс из калтырды.

Эмгек жолун 1998-жылы санитардык агартуу бөлүмүндө санитардык врач болуп баштаган, 2003-жылдан тартып Ысык-Көл райондук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунда тамак-аш гигиенасы боюнча санитардык дарыгер кызматын аркалаган. 2009-жылы Ысык-Көл облустук оорулардын алдын алуу борборунда мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл бөлүмүнүн башчысы, ал эми 2010-жылы санитардык бөлүмдүн башчысы болуп иштеген.

2012-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Бишкек шаардык инспекциясынын башкы санитардык көзөмөл адиси болуп дайындалган. 2013-жылы Ысык-Көл райондук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборуна санитардык дарыгер болуп кайтып келген.

2021-жылы Ысык-Көл райондор аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери болуп дайындалып, өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин баа жеткис эмгегин улантты.

 

Анын кесипкөйлүгү, ишке берилгендиги жана жарандардын ден соолугуна болгон камкордугу кесиптештеринин эсинде түбөлүккө сакталат. Анын дүйнөдөн кайтканы бул керемет инсанды билген жана баалаган ар бир адам үчүн орду толгус жоготуу.

Токтоназарова Алина Эсентуровнанын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

 

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, министрдин орун басары Медербек Исмаилов, министрдин орун басары Айжамал Шамбетова, министрдин орун басары Бүбүжан Арыкбаева, министрдин орун басары Бакыт Джангазиев. Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык департаментинин эмгек жамааты.

27.03.2024
Улуттук госпитал диагностикалык текшерүүлөрдү, ошондой эле атайын транспорт менен бейтаптарды ташуу кызматын көрсөтөт

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталда магниттик-резонанстык томография (МРТ) кабинети, компьютердик томография кабинети жана ангиография кабинети иштейт. Бейтаптар дарыгердин жолдомосу менен кабыл алынат.

Изилдөө баасы:

- МРТ текшерүү – 2100 сом;

MРТ бөлмөсү 24 саат бою иштейт.

Ич көңдөйүнүн жана наркозду талап кылган МРТ изилдөөлөрүнө бейтапты даярдоо тамактанууну жана суюктуктарды ичүүнү убактылуу чектөөнү камтышы мүмкүн. Кийимде металл буюмдар болбошу керек. МРТга каршы көрсөтмөлөр бейтаптын денесинде металл импланттарынын болушу.

 

- Компьютердик томография (КТ) – 1400 сом.

 

Ангиографиялык текшерүү – 5828 сом. Ангиографиялык текшерүүгө сарпталуучу материалдар бейтаптардын эсебинен камсыздалат.

 

Мындан тышкары, Улуттук госпиталдын базасында бейтаптарды кайра жандандыруу унаасы менен республиканын бардык аймактарына жеткирүү кызматы көрсөтүлүп, жол кире баасы саатына 826 сом, чакыруунун минималдуу убактысы 2 саат, километрге жараша күйүүчү май буйрутма берген тараптын эсебинен.

 

Жогоруда көрсөтүлгөн кызматтардын бардыгы Мамлекеттик монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги менен макулдашылган жана бекитилгендигин белгилейбиз.

 

Кененирээк маалымат алуу жана алдын ала жазылуу үчүн 1295 кыска номуруна же 0755600161 байланыш номуруна чалсаңыз болот.

27.03.2024
Бишкекте “Шанхай кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдө кардиологияны өнүктүрүүдөгү инновациялар жана технологиялар” конгресси өтүүдө

2024-жылдын 27-мартында Бишкекте ШКУ өлкөлөрүнүн Эл аралык медициналык конгресси ишин баштады. Конгресс 27-марттан 29-мартка чейин өтөт.

Көрүнүктүү окумуштуу жана клиницист академик, Социалисттик эмгектин баатыры Мирсаид Миррахимовдун жаркын элесине арналган конгресске ШКУга мүчө-мамлекеттердин саламаттык сактоо министрликтеринин өкүлдөрү, ШКУга мүчө-мамлекеттердин жана башка өлкөлөрдүн кардиология, ички жана тоо медицинасы боюнча алдыңкы окумуштуулары жана адистери, жаш окумуштуулар, жогорку окуу жайлардын жана илимий уюмдардын өкүлдөрү, ШКУ өлкөлөрүнүн улуттук илимий жана медициналык борборлорунун өкүлдөрү, ошондой эле эл аралык уюмдардын, анын ичинде ДССУнун өкүлдөрү жана башкалар катышууда.

Конгресстин максаты - ШКУга мүчө мамлекеттерде кардиология жана ички оорулар тармагындагы заманбап жетишкендиктерди жана алдыңкы тажрыйбаларды көрсөтүү, инновациялык технологияларды, фармацевтикалык продукцияларды жана медициналык жабдууларды практикалык медицинага киргизүү.

  «Бүгүн биз маанилүү саламаттык сактоо маселелерин талкуулоо жана конкреттүү иш пландарды иштеп чыгуу үчүн чогулуп жатабыз. Ар түрдүү өлкөлөрдүн өкүлдөрү жалпы максат болгон  журок-кан тамыр жана жугуштуу эмес ооруларга каршы күрөшүү үчүн бириккен. Биздин биригүүбүз жана билим алмашуубуз бул көйгөйлөргө каршы күрөшүүдө күчтүү курал болот деп ишенем. Кыргызстан изилдөөчүлүк ишмердүүлүктү активдештирүүгө жана кардиология, кардиохирургия жана ички оорулар боюнча заманбап илимий кластерлерди түзүүгө умтулууда. Бул аракеттер бизге дарт аныктоонун жана дарылоонун жаңы ыкмаларын иштеп чыгууга, биздин медициналык практиканын натыйжалуулугун жогорулатууга жана өлүм деңгээлин төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет. Аны менен катар эл аралык кызматташуунун жана тажрыйба алмашуунун өзгөчө маанилүүлүгүн баса белгилешибиз керек”, - деп белгиледи Алымкадыр Бейшеналиев өз сөзүндө.

Адистердин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 2021-жылы жүрөк-кан тамыр ооруларынан каза болгондордун көрсөткүчү 52,3%ды, ал эми жалпысынан жугуштуу эмес оорулардан көз жумгандардын көрсөткүчү 80% ашуунду түздү. Жүрөк-кан тамыр ооруларынан өлүмгө учурагандар негизинен жүрөктүн коронардык оорусунан (ЖКО), анын ичинде миокарддын курч инфаркты (МКИ), артериялык гипертензиядан (АГ), олуттуу жүрөк аритмиясынан жана өнөкөт жүрөк жетишсиздигинен (ӨЖЖ) келип чыгат. Ошондуктан стратегияларды жана стандарттарды иштеп чыгуу, жаңы жогорку эффективдүү моделдерди жана башкаруунун жогорку технологиялык жана инновациялык ыкмаларын киргизүүнүн негизинде ЖКТО менен ооруган бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүүнү уюштуруунун заманбап системасын түзүү маанилүү.

Белгилей кетчү нерсе, өлүмдүн жана майыптуулуктун жогорку көрсөткүчтөрүнөн улам жүрөк-кан тамыр жана жугуштуу эмес оорулар Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) кирген өлкөлөрдө да олуттуу көйгөй болуп саналат. Бул өз кезегинде биргелешкен стратегияларды иштеп чыгуу жана ДССУнун программаларынын жана БУУнун Миң жылдыктын Декларациясынын алкагында саламаттыкты сактоонун бардык деңгээлдеринде медициналык жардамды уюштуруунун жогорку эффективдүү моделдери жана системаларын түзүү үчүн күч-аракеттерди бириктирүүнү талап кылат.

Конгресстин программасы кардиология, кардиохирургия, ички жана тоо медицинасы чөйрөсүндөгү акыркы сунуштарга жана иштеп чыгууларга, далилдерге негизделген маалыматтарга, саламаттыкты сактоонун бардык деңгээлдеринде медициналык жардамдын жогорку натыйжалуу системасын өркүндөтүүгө жана түзүүгө, ошондой эле эл аралык стандарттарга ылайык жаңы муундагы адистерди даярдоого багытталат.