Copyright: ©
Некролог
27.09.2024 / Просмотров: 1708
Жогорку даражадагы акушер-гинеколог Жамбилакан Токтосунова мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.
Жамбилакан Токтосунова алгачкы эмгек жолун 1980-жылы Кыргыз мамлекетик медицина иститутун аяктагандан кийин 1981-1984-жылдары Ноокен районуна караштуу Кочкор-Ата шаарындагы төрөт бөлүмүндө бөлүм башчы болуп кызмат өтөгөн.
1984-2012жылдары Базар-Коргон райондук аймактык оорукананын төрөт бөлүмүнүн бөлүм башчы болуп эмгектенип, учурда төрөт бөлүмүндө устат акушер-гинеколог дарыгери болуп үзүрлүү эмгектенип иштеп жаткан.
Жамбилакан Токтосунова өзүнүн иштөө жылдарында ишин мыкты билген мыкты адис, эл арасында жана коллективде сый урматка ээ болду. Түнкү күзөттү жана акушердик ургенттик кызматта талыкпай эмгектенип өзүнүн өмүрүн арнады. Аялдардын жана ымыркайлардын өлүмүн азайтууда кылган эмгеги баа жеткис.
Райондун саламаттыкты сактоо тармагынын өнүгүүсү үчүн бир катар жумуштарды жасап, иштеген кызматтарында билимдүү, уюштургуч, үлгүлүү, тажрыйбалуу насаатчы, кызматтык милдеттерине жоопкерчиликтүү мамиле жасап, жумушун жакшы билген мыкты адис катары өзүн көрсөткөн. Коомдук иштерге активдүү катышуу менен өз ишин так жана өз убагында аткарып, эмгек жамаатынын жана коомчулуктун арасында кадыр-баркка ээ болуп үзүрлүү эмгектенген. Өзүнүн көп жылдык тажрыйбасын жайылтып жетишкендиктерин жаш адистерди тарбиялаган.
Үзүрлүү эмгегинин натыйжасында бир топ сыйлыктардын ээси болгон: 26.02.2010–ж. “Баатыр эне ордени” менен сыйланган, Жогорку даражадагы акушер-гинеколог, Кыргыз Республикасынын “Саламаттык сактоонун ардактуу кызматкери”. Саламаттыкты сактоого кошкон салымы үчүн бир нече жолу райондук, областык ошондой эле Республикалык ардак грамоталар менен сыйланган.
КР Саламаттык сактоо министрлигинин эмгек жамааты Жамбилакан Токтосунованынжакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, кайгысын тең бөлүшөт.
Жамбилакан Токтосунованын элеси аны тааныгандардын баарынын жүрөгүндө түбөлүк жашайт.
Прикрепленные файлы:
Другие Новости
04.10.2024
Саламаттык сактоо министри Талас районунун Көпүрө-Базар айылындагы оорукананын курулушунун жүрүшү менен таанышты
2024-жылдын 4-октябрында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев иш сапары менен Талас облусуна келди. Иш сапардын алкагында министр Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Марат Мураталиев менен бирге Көпүр-Базар айылындагы оорукананын жаңы имаратынын курулушунун жүрүшү менен таанышты.
Жаңы медициналык мекеменин курулушуна республикалык бюджеттен 98 миллион сом бөлүнгөн. Курулуш иштери 2024-жылдын июнь айында башталып, бүтүрүү кийинки жылга пландаштырылган. Жаңы ооруканада төрөт бөлүмү жана үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жайгашып, айыл тургундарына жана жакын жайгашкан калктуу конуштардын жашоочуларына керектүү медициналык жардамды алуу мүмкүнчүлүгүн камсыздайт.
Саламаттыкты сактоо министри белгилегендей, курулуш иштери аяктагандан кийин оорукана бардык керектүү медициналык жабдуулар менен камсыздалат. «Алыскы калктуу конуштарда медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүнүн маанилүүлүгүн эске алып, төрөт бөлүмү төрөт учурундагы аялдарга жана кош бойлуу аялдарга сапаттуу жана жеткиликтүү медициналык кызмат көрсөтөт, ал эми калкка баштапкы деңгээлдеги бардык зарыл медициналык кызматтар көрсөтүлөт”, – деп баса белгиледи Алымкадыр Бейшеналиев.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Марат Мураталиев да республиканын алыскы аймактарына оорукана куруунун маанилүүлүгүн белгиледи: «Калктын саламаттыгына кам көрүү айылдардан башталышы керек».
04.10.2024
Кореялык офтальмологдор Чүй облусунун Жайыл районунун тургундарын бекер текшерүүдөн өткөрүп, операция жасашты
2024-жылдын 30-сентябрынан 4-октябрына чейин Чүй облусунун Жайыл районунда «Vision Eye Camp Kyrgyzstan» компаниясы тарабынан уюштурулган медициналык кайрымдуулук акциясы болуп өттү. Түштүк Кореядан текшерүүлөрдү жана операцияларды жүргүзүү үчүн 22 адис, анын ичинде үч офтальмолог-хирург келген.
Акциянын негизги максаты Чүй облусунун Жайыл районунун жана ага жакын аймактардын тургундарына офтальмология тармагында медициналык жардам көрсөтүү болду.
Адистер 600 бейтапты текшерип, анын ичинен 97 бейтапка катарактага операция жасалат. Ошондой эле акциянын алкагында бейтаптарга 500гө жакын көз айнек жана тамчылаткычтар бекер таратылды.
04.10.2024
Талас районунун №6 “Ак-Сай” Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна тез жардам унаасы тапшырылды
Бүгүн, 2024-жылдын 4-октябрында Талас районунун №6 «Ак-Сай» Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна тез жардам унаасы тапшырылды. Бул унааны ишкер Думан Рыскулов демөөрчүлүк катары белекке берген.
Тез жардам унаасы Манас айылынын тургундарына тез медициналык жардамды өз убагында көрсөтүүнү камсыздайт. Жаңы транспорт керектүү медициналык жабдуулар менен жабдылган, бул медициналык кызматкерлерге чакырууларга эффективдүү жооп берүүгө жана адамдардын өмүрүн сактап калууга мүмкүндүк берет.