Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ДССУ менен биргеликте коомдук саламаттыкты сактоо тармагындагы өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча симуляциялык машыгуу өткөрдү
10.06.2022 / Просмотров: 1912
Кыргызстандагы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өлкөлүк кеңсеси «Манас» эл аралык аэропортунда толук масштабдуу талаа машыгууларын уюштурууда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнө Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен техникалык колдоо көрсөттү. Машыгуунун максаты коомдук саламаттык сактоо жаатында өзгөчө кырдаалга алып келген жугуштуу ооруларды аныктоодо жана ооруга шектенүү жаралган учурдагы оперативдүү планды иш жүзүндө баалоо болуп саналат. Машыгуунун сценарийи төрт этапты камтыган: конууга чейинки 30 мүнөттүк моделдөөчү мезгил, учакты кондуруу жана токтотуу, бейтаптарды башкаруу жана жүргүнчүлөрдү текшерүү. Машыгуунун жүрүшүндө катышуучулар бекитилген жол-жоболор боюнча стандарттуу иш-чараларды жана жугуштуу оорулар чыккан учурда чара көрүү үчүн зарыл болгон иш жүзүндөгү тапшырмаларды аткарышты.
«Кыргызстанда имитациялык машыгууларды өткөрүү салтка айланып баратканын канааттануу менен белгилейбиз. Мындай имитациялык машыгуулар өзгөчө кырдаалдарга даярдыктын маанилүү жана ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Алардын милдети – өрчүп бара жаткан өзгөчө кырдаалдын имитациясын түзүү аркылуу учурдагы мүмкүнчүлүктөргө мониторинг жана баалоо жүргүзүүнү иштеп чыгуу же жүргүзүү болуп эсептелет», - деп белгиледи өз сөзүндө Кыргызстандагы ДССУнун өлкөлүк кеңсесинин өкүлү жана башчысы Назира Артыкова. «Алар адамдарга өз ролдорун жана милдеттерин иш жүзүндө көрсөтүүгө жана имитацияланган өзгөчө кырдаал учурунда тажрыйба алууга мүмкүнчүлүк берүү менен, өзгөчө кырдаалдарга чейин чара көрүү мүмкүнчүлүктөрүндөгү кемтиктерди аныктоого жана алардын ордун толтурууга жардам берет. Бүгүнкү машыгуу кайсы жерде көйгөйлөр жаралышы мүмкүн экенин жана биздин өлкөнүн шартында кандай өркүндөтүүлөр жана жакшыртуулар зарыл экенин түшүнүүгө жардам берди».
«COVID-19 илдети биздин чара көрүү системабыз алсыз экенин, биз келечектеги пандемияга жана коомдук саламаттык сактоо жаатындагы коркунучтарга даярданууну улантышыбыз керек экендигин көрсөттү. Биз бардыгынын коопсуздугун камсыз кылмайынча эч ким коопсуз боло албайт. Ал эми мындай имитациялык машыгуулар жалпы коопсуздукту камсыз кылуу максатында пландарды тестирлөөгө жана жакшыртууга багытталган», - деп билдирди өз сөзүндө Европа биримдигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Ханс Фарнхаммер мырза.
«Практикалык машыгууларды өткөрүү биринчиден, биздин операциялык жол-жоболорубузду сынап көрүүгө, экинчиден, реалдуу кырдаал түзүлгөнгө чейин аларды жакшыртууга, үчүнчүдөн, өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү жана келечектеги коркунучтарга даярдануу үчүн коомдук саламаттык сактоо системасынын потенциалын жогорулатууга мүмкүндүк берет. Бардык өнөктөштөргө масштабдуу практикалык машыгууларды уюштурууга көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдиргим келет», — деп билдирди Саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева.
Машыгууга көптөгөн кызыкдар тараптар, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин транспортунда мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, Республикалык карантиндик жана өтө кооптуу инфекциялар боюнча республикалык борбордун, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Бажы кызматынын, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык инспекциянын, КР Ички иштер министрлигинин, КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, “Манас” эл аралык аэропортунун дирекциясынын өкүлдөрү жана Европа Союзунун Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү катышышты.
***
Маалымат үчүн: Бул имитацияциялык машыгуу өзгөчө кырдаалдарга даярдык жана чара көрүүнү камсыз кылууга көмөк көрсөтүү боюнча ДССУнун өлкөдөгү ишмердигинин алкагында уюштурулган төртүнчү иш-чара болуп эсептелет (2019-жылдан 2022-жылга чейин). Алар өлкөнүн коомдук саламаттык сактоо кызматынын даярдыгын камсыз кылуу максатында күчтүү жана координацияланган көп сектордук кызматташуунун үлгүсү болду.
ДССУ бул иш-чараны Европа Биримдиги (ЕБ) жана ДССУнун Европа Регионалдык бюросу тарабынан каржылануучу “COVID-19 Борбордук Азия өлкөлөрүндө: Кризиске жооп кайтаруу чаралары” (CACCR) программасынын алкагында уюштурду. Бул долбоор Казакстан, Кыргызстан жана Түркмөнстанды камтыйт жана бул өлкөлөрдө COVID-19 пандемиясынын алдын алууга, аныктоого жана ага каршы чара көрүүгө багытталган.
Прикрепленные файлы:
Другие Новости
29.12.2025
Жаңы жылдык майрам жана дем алыш күндөрү саламаттык сактоо уюмдарынын иш тартиби
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги майрам жана дем алыш күндөрүндө саламаттык сактоо уюмдарынын иштөө тартиби тууралуу маалымдайт.
Медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана үзгүлтүксүз көрсөтүлүшүн камсыз кылуу максатында 2025-жылдын 30–31-декабрында республика боюнча бардык медициналык уюмдарда күчөтүлгөн иш тартиби камсыздалат. Бул күндөрү медициналык кызматкерлердин кошумча нөөмөттөрү уюштурулуп, кызматтардын жогорку даярдыгы камсыз кылынат, ошондой эле калкка шашылыш жана тез жардам көрсөтүү үзгүлтүксүз жүргүзүлөт.
2026-жылдын 1-9-январь аралыгында, жаңы жылдык каникул күндөрүндө, саламаттык сактоо уюмдары белгиленген тартипте иштеп, жооптуу кызматкерлердин нөөмөттөрү уюштурулат. Медициналык мекемелерде күнү-түнү тез жардам көрсөтүү камсыздалып, шашылыш дарылоого муктаж бейтаптарды жаткыруу үчүн керебеттердин резерви түзүлөт. Ошондой эле зарыл болгон дары-дармектердин, медициналык буюмдардын, кан компоненттеринин жана алардын резервдеринин жетиштүүлүгү камсыздалат.
Амбулатордук деңгээлде — үй-бүлөлүк медицина борборлорунда, жалпы дарыгердик практика борборлорунда жана үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунда — 1–9-январь күндөрү үй-бүлөлүк дарыгердин, үй-бүлөлүк медайымдын жана каттоо бөлүмүнүн нөөмөттөрү 08:00дөн 18:00гө чейин, ал эми дарылоо кабинеттери 14:00гө чейин иштейт.
Тез жардам кызматы Бишкек жана Ош шаарларында, ошондой эле өлкөнүн бардык аймактарында демалышсыз, күнү-түнү иштейт. Мындан тышкары, санитардык авиациянын үзгүлтүксүз иши, санитардык-эпидемиологиялык кызматтын адистеринин жана лабораториялардын нөөмөтү майрамдык жана дем алыш күндөрү да камсыздалат.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жаңы жылдык майрамдар мезгилинде калкка медициналык жардам толук көлөмдө көрсөтүлөрүн белгилеп, жарандарды зарыл болгон учурда медициналык уюмдарга өз убагында кайрылууга чакырат.
26.12.2025
Дары-дармектерге жеткиликтүүлүк жана ачык-айкын сатып алуулар: КР Саламаттык сактоо министрлиги БУУнун тутумундагы уюмдар менен кызматташуунун артыкчылыктарын талкуулады
2025-жылдын 26-декабрында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов Бириккен Улуттар Уюмунун тутумуна кирген уюмдардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрүп, анда колдонулуп жаткан Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун алкагында дары-дармек менен камсыздоо маселелери талкууланды.
Талкуунун жүрүшүндө тараптар дары-дармек менен камсыздоо жаатындагы кызматташуунун негизги багыттарына — улуттук жөнгө салуу тутумун чыңдоо, өмүр үчүн зарыл дары-дармектерге жеткиликтүүлүктү кеңейтүү, сатып алуулардагы ачык-айкындуулукту жогорулатуу жана жеткирүү чынжырларынын туруктуулугун камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурушту.
Министр сапаттуу дары-дармектерге адилеттүү жана туруктуу жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу саламаттык сактоо тармагындагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин жана бул Туруктуу өнүгүү максаттарына, айрыкча «Чың ден соолук жана бакубаттуулук» максатына жетүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин баса белгиледи.
Өзүнчө көңүл сатып алуулардагы ачык-айкындуулукка жана коррупциялык тобокелдиктерди алдын алууга бурулду. Каныбек Досмамбетов системалуу өзгөрүүлөрдүн зарылдыгын белгилеп, алар адилетсиз практикаларды четтетүүгө жана бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга багытталышы керектигин айтты.
«Мамлекет жыл сайын дары-дармек сатып алууга олуттуу каражаттарды багыттайт, биздин милдет — бул ресурстарды мүмкүн болушунча ачык-айкын жана рационалдуу пайдаланууну камсыз кылуу. Биз сатып алуулар тармагында тартипти катуу орнотууга, системаны адилетсиз практикалардан тазалоого жана туруктуу, чынчыл кызматташтыкты курууга багыт алдык. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрүбүздүн колдоосу менен бул кызматташтык системалуу жана узак мөөнөттүү мүнөздө болот деп ишенебиз», — деп белгиледи Каныбек Досмамбетов.
Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө даяр экенин, анын ичинде эл аралык стандарттарга ылайык сатып алууларды колдоо, жеткирүү чынжырларын башкаруу, санариптик чечимдер, фармакологиялык көзөмөл жана саламаттык сактоо тутумунун институционалдык потенциалын жогорулатуу багыттарында көмөк көрсөтүүнү ырастады.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун жоболорун ишке ашыруу боюнча биргелешкен ишти улантууга макулдашышты. Бул иш конкреттүү, өлчөнө турган натыйжаларга багытталып, дары-дармек коопсуздугун чыңдоого жана бейтаптардын кызыкчылыктарын коргоого кызмат кылмакчы.
25.12.2025
Кыргызстанда 2026-жылы ажылыкка зыярат кылуучуларга эмдөө иш-чаралары уюштурулду
Санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана жугуштуу оорулардын жайылышын алдын алуу максатында, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан 2026-жылы Меккеге ажылык сапарга баруучу жарандарды профилактикалык эмдөөнү жүргүзүү уюштурду.
Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин бекитилген буйругуна ылайык, бардык зыяратчылар менингококк инфекциясына, ошондой эле сезондук сасык тумоого каршы эмдөөдөн өтүшү керек. Бул чаралар эл аралык саламаттыкты сактоо жана санитардык талаптарга жооп берет жана ажылыкка кирүү үчүн милдеттүү талап болуп саналат.
Эмдөөлөр 2025-жылдын 23-декабрынан 30-декабрына чейин республиканын бардык аймактарындагы саламаттык сактоо уюмдарында 1-таблицага ылайык жүргүзүлөт, милдеттүү түрдө алдын ала медициналык кароодон өтүшөт. Эмдөөлөр бардык коопсуздук талаптарына, «муздак чынжырча» стандарттарына жана инфекцияны көзөмөлдөө эрежелерине жооп берет.
1-таблица
2026-жылдагы ажылык сапарга баруучуларга эмдөө жүргүзүлгөн жерлердин тизмеси
| № | Аймактар | Вакцинацияланган жер |
| 1 | Ош облусу жана Ош шаары | №8 ΥМБ Ош областтык жана Ош ш. эмдөө кабинети, Ж.Райымбекова көч. №22 |
| 3 | Жалал-Абад облусу | Манас шаары, Курманбек көчөсү, №13, №2 ҮДТнын эмдөө кабинети |
| 4 | Баткен облусу | Баткен облусунун ҮМБ эмдөө кабинети, Султанмурат көчөсү, Мин башы №14 |
| 5 | Талас облусу | Талас шаары, областык ҮМБ эмдөө кабинети, Бердике Баатыр көчөсү №293 |
| 6 | Ысык-Көл облусу | Каракол шаары, областык ҮМБ, Абдрахманов көчөсү, № 121 |
| 7 | Нарын облусу | Нарын шаары, областык ҮМБ, эмдөө кабинети Качкынов көчөсү №5 |
| 8 | Чуйская аймак | -ЖДПБ Кант шаары, Ысык-Ата району, көч. Иманкулова №6. - ҮДТ Военно-Антоновка, Сокулук району, Фрунзе көчөсү б/н |
| 9 | Бишкек | Бишкек шаары, №5 ҮМБнын эмдөө кабинети, Курманжан Датка көчөсү, №109а |
Бардык катышкан саламаттыкты сактоо уюмдары эмдөө үчүн зарыл болгон вакциналар жана каражаттар менен камсыздалган. Эмдөө аяктагандан кийин ар бир зыяратчы белгиленген үлгүдөгү эмдөө сертификатын алат жана маалымат электрондук эмдөөнү каттоо системасына киргизилет.
Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги 2026-жылы ажылыкка барууну пландап жаткан жарандарды белгиленген эмдөө пункттарында өз убагында медициналык кароодон жана эмдөөдөн өтүүгө чакырат. Бул чараларды сактоо зыяратчылардын ден соолугун коргоо жана өлкөгө жугуштуу оорулардын киришинин алдын алуу үчүн абдан маанилүү.