Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ДССУ менен биргеликте коомдук саламаттыкты сактоо тармагындагы өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча симуляциялык машыгуу өткөрдү

10.06.2022 / Просмотров: 1267

Кыргызстандагы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өлкөлүк кеңсеси «Манас» эл аралык аэропортунда толук масштабдуу талаа машыгууларын уюштурууда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнө Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен техникалык колдоо көрсөттү. Машыгуунун максаты коомдук саламаттык сактоо жаатында өзгөчө кырдаалга алып келген жугуштуу ооруларды аныктоодо жана ооруга шектенүү жаралган учурдагы оперативдүү планды иш жүзүндө баалоо болуп саналат. Машыгуунун сценарийи төрт этапты камтыган: конууга чейинки 30 мүнөттүк моделдөөчү мезгил, учакты кондуруу жана токтотуу, бейтаптарды башкаруу жана жүргүнчүлөрдү текшерүү. Машыгуунун жүрүшүндө катышуучулар бекитилген жол-жоболор боюнча стандарттуу иш-чараларды жана жугуштуу оорулар чыккан учурда чара көрүү үчүн зарыл болгон иш жүзүндөгү тапшырмаларды аткарышты.

«Кыргызстанда имитациялык машыгууларды өткөрүү салтка айланып баратканын канааттануу менен белгилейбиз. Мындай имитациялык машыгуулар өзгөчө кырдаалдарга даярдыктын маанилүү жана ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Алардын милдети – өрчүп бара жаткан өзгөчө кырдаалдын имитациясын түзүү аркылуу учурдагы мүмкүнчүлүктөргө мониторинг жана баалоо жүргүзүүнү иштеп чыгуу же жүргүзүү болуп эсептелет», - деп белгиледи өз сөзүндө Кыргызстандагы ДССУнун өлкөлүк кеңсесинин өкүлү жана башчысы Назира Артыкова. «Алар адамдарга өз ролдорун жана милдеттерин иш жүзүндө көрсөтүүгө жана имитацияланган өзгөчө кырдаал учурунда тажрыйба алууга мүмкүнчүлүк берүү менен, өзгөчө кырдаалдарга чейин чара көрүү мүмкүнчүлүктөрүндөгү кемтиктерди аныктоого жана алардын ордун толтурууга жардам берет. Бүгүнкү машыгуу кайсы жерде көйгөйлөр жаралышы мүмкүн экенин жана биздин өлкөнүн шартында кандай өркүндөтүүлөр жана жакшыртуулар зарыл экенин түшүнүүгө жардам берди».

 «COVID-19 илдети биздин чара көрүү системабыз алсыз экенин, биз келечектеги пандемияга жана коомдук саламаттык сактоо жаатындагы коркунучтарга даярданууну улантышыбыз керек экендигин көрсөттү. Биз бардыгынын коопсуздугун камсыз кылмайынча эч ким коопсуз боло албайт. Ал эми мындай имитациялык машыгуулар жалпы коопсуздукту камсыз кылуу максатында пландарды тестирлөөгө жана жакшыртууга багытталган», - деп билдирди өз сөзүндө Европа биримдигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Ханс Фарнхаммер мырза. 

«Практикалык машыгууларды өткөрүү биринчиден, биздин операциялык жол-жоболорубузду сынап көрүүгө, экинчиден, реалдуу кырдаал түзүлгөнгө чейин аларды жакшыртууга, үчүнчүдөн, өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү жана келечектеги коркунучтарга даярдануу үчүн коомдук саламаттык сактоо системасынын потенциалын жогорулатууга мүмкүндүк берет. Бардык өнөктөштөргө масштабдуу практикалык машыгууларды уюштурууга көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдиргим келет», — деп билдирди Саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева.

Машыгууга көптөгөн кызыкдар тараптар, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин транспортунда мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, Республикалык карантиндик жана өтө кооптуу инфекциялар боюнча республикалык борбордун, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Бажы кызматынын, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык инспекциянын, КР Ички иштер министрлигинин, КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, “Манас” эл аралык аэропортунун дирекциясынын өкүлдөрү жана Европа Союзунун Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү катышышты. 

***

 

Маалымат үчүн: Бул имитацияциялык машыгуу өзгөчө кырдаалдарга даярдык жана чара көрүүнү камсыз кылууга көмөк көрсөтүү боюнча ДССУнун өлкөдөгү ишмердигинин алкагында уюштурулган төртүнчү иш-чара болуп эсептелет (2019-жылдан 2022-жылга чейин). Алар өлкөнүн коомдук саламаттык сактоо кызматынын даярдыгын камсыз кылуу максатында күчтүү жана координацияланган көп сектордук кызматташуунун үлгүсү болду.

ДССУ бул иш-чараны Европа Биримдиги (ЕБ) жана ДССУнун Европа Регионалдык бюросу тарабынан каржылануучу “COVID-19 Борбордук Азия өлкөлөрүндө: Кризиске жооп кайтаруу чаралары” (CACCR) программасынын алкагында уюштурду. Бул долбоор Казакстан, Кыргызстан жана Түркмөнстанды камтыйт жана бул өлкөлөрдө COVID-19 пандемиясынын алдын алууга, аныктоого жана ага каршы чара көрүүгө багытталган.

 

 

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

19.04.2024
Кене вирустук энцефалиттин алдын алуу боюнча сунуштар

Республикада кене вирустук энцефалитинин (КВЭ) табигый очоктору бардык климаттык зоналарда аныкталган жана адам үчүн коркунучтуулугунун даражасына жараша белгиленет. Үстүбүздөгү жылдын 3 айында республика боюнча 156 адам кене чагып кайрылган. Анын арасында КВЭ жуктурган учур катталган жок. Чоң-Кемин, Кыргыз тоо кыркалары Күнгөй Ала-Тоо, Тескей Ала-Тоо айыл аймактарында жайгашкан очоктор олуттуу коркунучту жаратат.

Кене вирустук энцефалити кантип жугушу мүмкүн?

Оорунун козгогучу (арбовирус) адамга вирус жуккан кенен чаккан алгачкы мүнөттөрүндө анын ооруну басуучу шилекейи менен кошо жугат:

• КВЭ боюнча эндемикалык аймактарга барууда (токойлордо, токой сейил бактарында, жеке бакча участокторунда);

• кенелер жаныбарлар (иттер, мышыктар аркылуу келгенде;

• кене энцефалити боюнчу коопсуз аймактарда эчкинин (көбүнчө), койдун, уйдун чийки сүтүн ичкенде, кенелердин массалык чабуул учурунда сүттө вирус болушу мүмкүн. Баса белгилей кетүүчү нерсе, чийки сүт гана эмес, андан жасалган азыктар (быштак, каймак ж.б.) да жугуштуу;

• вирусту териге сүрткөндө кенени эзгенде же чаккан жерди тырмаганда.

• Ушул себептен чийки сүт азыктарын кайнагандан кийин гана колдонуу керек.

Оорунун кесепеттери: толук айыккандан ден соолук көйгөйлөрүнө чейин, майыптыкка жана өлүмгө алып келет.

Кене вирустук энцефалитке ким кабылышы мүмкүн?

Жашына жана жынысына карабастан бардык адамдар кене энцефалитинин инфекциясына кабылышат. Жумушуна байланыштуу токойдо жүргөндөр (жыгач өнөр жай ишканаларынын кызматкерлери, геологиялык чалгындоо кызматтары, автомобиль жана темир жол куруучулар, мунай жана газ түтүктөрүн, электр линияларын куруучулар, топографтар, мергенчилер, туристтер) тобокел тобуна кирет. Шаардын жашоочулары жумуш жана эс алуу учурунда шаар четиндеги токойлордо, сейил бактарында, бакча участокторунда жуктуруп алышат.

19.04.2024
Бөкөнбаев айылында «Эл Аман» мамлекеттик дарыканасы ачылды

2024-жылдын 19-апрелинде Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Бөкөнбаев айылындагы Жалпы медициналык практика борборунда «Эл Аман» мамлекеттик дарыканасы ачылды.

Ачылыш аземге КР саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышты.

 

Министр өз сөзүндө мамлекеттик дарыканаларды ачуунун негизги максаты  калктын жеткиликтүү дары-дармектерге байланыштуу көйгөйлөрүн чечүү экенин белгиледи.

 

Жалпысынан Ысык-Көл облусунда 6 мамлекеттик “Эл Аман” дарыканасы иштөөдө.

19.04.2024
Каракол шаарында 350 орундуу көп тармактуу оорукананын курулушу башталды

Бүгүн, 19-апрелде Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын аймагында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун демилгеси менен калкка сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүгө багытталган 350 орундуу көп функционалдуу медициналык мекеменин имаратынын курулушу башталды. Долбоорду 2025-жылга бүтүрүү пландалууда.

Капсула салуу иш-чарасына саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Гүлкан Молдобекова, Акылбек Түмөнбаев, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев, облустагы саламаттыкты сактоо мекемелеринин жетекчилери жана кызматкерлери катышты.

 

Министр өз сөзүндө ден соолукту чыңдоо, алдын алуу жана сергек жашоо мүнөзүн калыптандыруу азыркы дүйнөнүн эң маанилүү көйгөйлөрүнүн бири экенин, ошондуктан өлкөнүн мамлекеттик саясаты жарандардын ден соолугун сактоо жана чыңдоо үчүн бардык шарттарды түзүүгө багытталганын белгиледи.

«Өлкө калкынын саламаттыгы 2026-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасынын негизги артыкчылыктарынын бири болуп саналат жана бүгүнкү күндө калктын саламаттыгына кам көрүү маселеси мамлекеттин көңүл борборунда. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нуркожоевич Жапаровго терең ыраазычылык билдирем, анын колдоосу менен бул курулуш башталып, 600 миллион сомго жакын акча каражаты бөлүнүп жатат. Каракол шаарындагы жаңы облустук оорукананын курулушу облустун тургундарына көрсөтүлүүчү медициналык кызматтын сапатын жогорулатат».

 

Жалпы аянты 6200 м2 болгон 350 орундуу оорукана 5 блоктон турат, анда консультациялык-диагностикалык бөлүм, операциялык бөлмөсү бар хирургиялык жана травматология бөлүмдөрү, ЛОР, көз, терапия, онкология, балдар жана башка бөлүмдөр каралган, ошондой эле лаборатория, ашкана, кир жуучу жай, кампа ж.б. уюштурулат.

Мындан тышкары, оорукананын аймагында МОРГ, ТП, кислород станциясы, откана, автопарковка, генератор орнотулат.