КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин жамаатына министрдин жаңы орун басары тааныштырылды

12.05.2022 / Просмотров: 1467

Бүгүн, 2022-жылдын 12-майында, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Аппаратынын Экспертиза бөлүмүнүн башкы эксперти Гүлмира Шакирова министрликтин борбордук аппаратынын жамаатына санариптик өнүктүрүү боюнча министрдин жаңы орун басарын тааныштырды. 
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин буйругуна ылайык, Нурийла Жапаровна Шериева саламаттыкты сактоо министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары болуп дайындалды.

 

 

Резюме

Шериева Нурийла Жапаровна

Жеке маалымат:  Туулган датасы: 12.09.1983. Ош шаары.

                                  Улуту: кыргыз.

Билими: Жогорку. Ош мамлекеттик университети Медицина факультети. Жалпы медицина адистиги. 1999-2005-ж.

                                           

Иш тажрыйбасы:

2005-2007 КГМИПиПКнын Оштогу бөлуму.

Терапевт дарыгери катары сертификациядан өткөн.

2007-2008 Жалал-Абад областынын Ала-Бука районунун ҮМБ

Терапевт.

2008-2010 ОшМУнун медицина факультети. Мугалим.

2010-2011 Ош шаарындагы ММКФ ТБ.

Экспертиза жана сапат бөлүмүнүн жетектөөчү адиси.

2012-2013 Ош шаарындагы тез жардам борбору.

Башкы дарыгердин орун басары.

2013 Ош шаардык клиникалык ооруканасы.

OMO жетекчиси.

2013-2017 Башкы дарыгер. №1 ҮМБнын №11Филиалы, Ош.

2017-2021 Ош шаарындагы тез жардам борборунун директору.

2021-2022 Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Саламаттыкты сактоону жана медициналык технологияларды өнүктүрүү борборунун директору.

2022 Саламаттык сактоо министринин санариптик санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары

Билимин жогорулатуу:

2010 Педагогикалык чеберчилик мектеби.

2012 Тез медициналык жардам көрсөтүүнүн тандалган маселелери.

2014 Саламаттык сактоо уюмунун жетекчи кадрларын жана резервин даярдоо курстары.

2017 "Үй-бүлөлүк медицина" кайра даярдоо курсу.

2019 Кардиология жана неврологияда шашылыш медициналык жардам көрсөтүүнүн тандалган маселелери.

2021 Ден соолукту башкаруунун актуалдуу маселелери.

2021 Медициналык кызматкердин жана медициналык жардамды пайдалануучунун укуктары.

Илимий иши: Тема: «Кыргыз Республикасынын Ош областында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды реабилитациялоону жакшыртуунун медициналык-социалдык аспектилери» Илимий изилдөө иштеринин изидөөчүсү.

Тил билүүсү: кыргыз тили – эне тили, орус тили – мыкты, англис,

                                    өзбек тилдерижакшы.

 

Колдонуучу деңгээлинде компьютердик билими:

                                MS Word, MS Excel, Internet Explorer.

Жеке сапаттары: Пунктуалдуу, жоопкерчиликтүү, чынчыл, коммуникабелдүү, командада иштей алат.

Сыйлыктары:

2013 Кыргыз Республикасынын Ош областы боюнча ыйгарым укуктуу Өкмөтүнүн Ардак грамотасы

2013 Ош шаардык кеңешинин Ардак грамотасы. 

2017 Профсоюздардын Ош областтык обкомунун Ардак грамотасы.

2018 ОшМУнун Ардак грамотасы. 

2019 Ош шаарынын мэринин Ардак грамотасы.

2019 Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Ардак грамотасы. 

2020 Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоонун отличниги.

2021 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы. 

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

04.12.2024
Чүй облусундагы мурдагы оорукананын имараты мамлекетке кайтарылып, облустук төрөт үйү болот

Бүгүн, 2024-жылдын 4-декабрында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев иш сапары менен Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылына барды. Иш сапарынын жүрүшүндө ал мурда жеке адамдар тарабынан менчиктештирилип, бирок жакында мамлекеттин менчигине кайтарылган мурдагы оорукананын имаратынын абалы менен таанышты.

Административдик-аймактык реформанын алкагында Чүй төрөт үйүнүн имараты Бишкек шаарынын карамагына өтүп, Чүй облусунда тобокелдик тобуна кирген аялдарга акушердик жардам көрсөтүү үчүн Чүй облусунун аймагында жаңы медициналык мекемени уюштуруу зарылчылыгы келип чыккан. Министр кайтарылган имараттын базасында 100 орундуу заманбап Чүй облустук төрөт үйүн түзүү боюнча иштерди баштоону тапшырды.

Саламаттык сактоо министри облустун координатору Алмаз Назарбековго имаратты капиталдык оңдоого кеткен чыгымдарды эсептеп, керектүү медициналык жабдуулардын тизмесин түзүп, Саламаттык сактоо министрлигине долбоорду каржылоону камсыздоо боюнча сунуштарды даярдоону тапшырды.

04.12.2024
Шаардык тез жардам балдар ооруканасында кичинекей бейтаптар жана алардын ата-энелери үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү

Бүгүн, 2024-жылдын 4-декабрында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Шаардык балдар клиникалык тез медициналык жардам ооруканасына барды. Анда министр бөлүмдөрдү кыдырып, кызматкерлер менен баарлашып, бейтаптардын жана алардын ата-энелеринин жашоо шартын жакшыртууга багытталган чаралар менен таанышты.

Министр соматикалык имараттын кабыл алуу бөлүмүндөгү жаңы күтүү залына өзгөчө көңүл бурду. Аны кеңейтүүгө республикалык бюджеттен 18 миллион сом бөлүнгөн. Мындай чечимди былтыркы кырдаал, КРВИ жана сасык тумоо боюнча эпидемиологиялык сезондун кызуу маалында бейтаптардын агымы абдан көп болгондуктан, аларга сыртка чатыр тигип берүүгө аргасыз болгон.

Аянты 240 чарчы метр болгон жаңы күтүү залы бардык керектүү жабдыктар менен жабдылган. Эми балдарын коштоп жүргөн ата-энелер кезекти ыңгайлуу шарттарда күтө алышат.

«Саламаттык сактоо министрлиги медициналык мекемелерде ыңгайлуу жана заманбап инфраструктураны түзүү боюнча ырааттуу иш алып барууда. Биз бейтаптарга жана медициналык кызматкерлерге сапаттуу жана өз убагында жардам көрсөтүү үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзүүгө аракет кылабыз», - деди Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.

Оорукананын башкы дарыгери Акылбек Маманов министрге ооруканага күнүнө 300-350дөй бейтап келип жатканын билдирди. Тез жардам бөлүмү күчөтүлгөн режимде иштеп, 25 дарыгер, анын ичинде педиатрлар, хирургдар, травматологдор жана реаниматологдор күнү-түнү иштешүүдө.

«Бейтаптардын көп агымы инфраструктураны модернизациялоону талап кылат. Саламаттык сактоо министрлигинин демилгеси менен быйыл кабыл алуу бөлүмүнүн кошумча имараты курулуп, жабдылып, биздин бейтаптар үчүн шарттар бир топ жакшырды», - деди Акылбек Маманов.

03.12.2024
КР Саламаттык сактоо министри Клиникалык тез жардам ооруканасына барды

Бүгүн, 2024-жылдын 3-декабрында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкек шаарындагы Клиникалык тез жардам ооруканасына барды. Иш сапардын жүрүшүндө ал медициналык мекеменин жамааты менен жолугушуп, учурдагы көйгөйлөрдү талкуулап, аларды чечүүнүн жолдорун белгиледи.

Талкуунун негизги темаларынын бири оорукананын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу болду. Министр стерилизация жана кир жуучу бөлүмгө автоклав орнотуу зарылчылыгына көңүл буруп, медициналык аспаптарды сапаттуу стерилизациялоону камсыз кылуу үчүн бул жабдыктын маанилүүлүгүн белгиледи.

Мындан тышкары, оорукананын жамааты эки оорукананын имаратынын ортосун бириктирүүчү өтмөк куруу маселесин көтөрүштү. Министр бул маселени тез арада карап чыгып, жакынкы аралыкта анын чечилишин камсыз кылууга убада берди.

Өз сөзүндө министр Саламаттык сактоо министрлиги бейтаптар жана медицина кызматкерлери үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, ошондой эле сапаттуу жана өз убагында медициналык жардам алуу үчүн оорукананын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча иштерди уланта берерин баса белгиледи.