Саламаттык сактоонун алгачкы баскычында кант диабетин көзөмөлдөө жана дарылоонун жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу

03.03.2022 / Просмотров: 1278

Бүгүн, 2022-жылдын 3-мартында, Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги, Дүйнөлүк саламатттык сактоо уюму менен биргеликте саламаттык сактоонун алгачкы баскычында жугуштуу эмес ооруларды көзөмөлдөөгө жана алдын алууга  жеткиликтүүлүктү жакшыртуу боюнча кеңешме өткөрүп, Саламаттык сактоо министрлигинин кант диабетин алдын алуу жана дарылоо боюнча 2022-2024-жылдарга карата планын талкуулашты.

Кеңешмеге катышууга Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин,  Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европа аймактык бюросунун, Бүткүл дүйнөлүк диабет фондунун өкүлдөрү, саламаттыкты сактоо кызматкерлери, негизги кызыкдар тараптар жана саламаттыкты сактоо боюнча өнөктөштөр чакырылган.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин адистери учурдагы жетишкендиктерге, көйгөйлөргө жана диабет жаатындагы маселелерге жана иштеп чыгууларга кырдаалдык талдоо жүргүзүштү.

Бул аткарылып жаткан иштердин жыйынтыгы 2030-жылга чейин жугуштуу эмес оорулардан эрте өлүмдү үчтөн бирге кыскартуу боюнча Туруктуу Өнүгүү Максаттарына (ТӨМ 3.4)  жана саламаттык сактоо кызматтары менен жалпы камтууга (ТӨМ 3.8) жетишүүгө жардам берет деп күтүлүүдө.

«Кыргызстанда кант диабетин алдын алуу жана дарылоо маселеси абдан актуалдуу. Бүгүнкү күндө биздин республикада кант диабети менен ооруган 70 миңге жакын адам катталган. Бирок ар кандай изилдөөлөргө ылайык, алардын саны 130дан 200 миңге чейин жетиши мүмкүн. Бул адамдардын бардыгына өз убагында диагноз коюлбай, оору татаалдашкан учурда гана аныкталганынан кабар берет”, - дейт саламаттыкты сактоо министринин орун басары Бакыт Жангазиев.

«Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине Кыргыз Республикасынын калкынын арасында кант диабетин жана гипертониялык ооруларды аныктоо аркылуу жугуштуу эмес оорулардын алдын алууга багытталган жаңы долбоордун демилгесин колдоого алууда. Анткени кант диабети менен ооругандардын көбү өз оорусун билишпейт. Ошондуктан, кеңейтилген медициналык текшерүүлөр жүргүзүлөт "Диабеттик ретинопатия" жана "Диабеттик таманга" , фокус жасалмакчы. Үч жылдын ичинде долбоор Кыргызстандын бардык аймактарын камтыйт”, - дейт ДССУнун Кыргызстандагы өлкөлүк кеңсесинин жетекчиси Назира Артыкова.

Диабетти эрте аныктоо жана бардык бейтаптар үчүн калыс, комплекстүү, жеткиликтүү жана сапаттуу дарылоону камсыз кылуу боюнча иш-чаралар Кыргызстандагы Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун жана Бүткүл дүйнөлүк Диабеттик Фонддун техникалык колдоосу менен жүзөгө ашырылат. Жана Кыргызстандын ар бир тургуну үчүн диагноз коюунун жана дарылоонун баштапкы медициналык-санитардык жардамдын деңгээлинде жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга багытталат. Мындан тышкары, кант диабетинин "диабеттик ретинопатия" жана "диабеттик таман" сыяктуу өтүшүп кетүүсүнө өзгөчө көңүл бурулат. Бул долбоордо бейтаптарга кам көрүү, алып баруу, диагностикалоо, көзөмөл жүргүзүү сыяктуу маанилүү аспектилерден тышкары бейтаптын өз оорусуна карата сабаттуулугун өркүндөтүүгө өзгөчө көңүл бурулат.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

28.03.2024
НЕКРОЛОГ

2024-жылдын 27-мартында Ысык-Көл райондор аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Токтоназарова Алина Эсентуровна мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Ал өлкөнүн саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүүдө өчпөс из калтырды.

Эмгек жолун 1998-жылы санитардык агартуу бөлүмүндө санитардык врач болуп баштаган, 2003-жылдан тартып Ысык-Көл райондук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунда тамак-аш гигиенасы боюнча санитардык дарыгер кызматын аркалаган. 2009-жылы Ысык-Көл облустук оорулардын алдын алуу борборунда мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл бөлүмүнүн башчысы, ал эми 2010-жылы санитардык бөлүмдүн башчысы болуп иштеген.

2012-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Бишкек шаардык инспекциясынын башкы санитардык көзөмөл адиси болуп дайындалган. 2013-жылы Ысык-Көл райондук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборуна санитардык дарыгер болуп кайтып келген.

2021-жылы Ысык-Көл райондор аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери болуп дайындалып, өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин баа жеткис эмгегин улантты.

 

Анын кесипкөйлүгү, ишке берилгендиги жана жарандардын ден соолугуна болгон камкордугу кесиптештеринин эсинде түбөлүккө сакталат. Анын дүйнөдөн кайтканы бул керемет инсанды билген жана баалаган ар бир адам үчүн орду толгус жоготуу.

Токтоназарова Алина Эсентуровнанын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

 

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, министрдин орун басары Медербек Исмаилов, министрдин орун басары Айжамал Шамбетова, министрдин орун басары Бүбүжан Арыкбаева, министрдин орун басары Бакыт Джангазиев. Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык департаментинин эмгек жамааты.

28.03.2024
НЕКРОЛОГ

Саламаттыкты сактоо системасы, анын ичинде Эне жана баланы коргоо улуттук борбору орду толгус жоготууга учурады. Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун мурдагы директору, медицина илимдеринин доктору, илимий кызматкер Маймерова Гүлзат Шаршенбековна 51 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Маймерова Гүлзат Шаршенбековна 1973-жылы 2-июнда Бишкек шаарында туулган. Гүлзат Шаршенбековна 2000-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын ийгиликтүү аяктап, 2010-жылы илимий ишмердүүлүгүн баштап, медицина илимдеринин кандидаты, 2016-жылы ага илимий кызматкер наамы ыйгарылып, 2018-жылы медицина илимдеринин доктору илимий даражасын ийгиликтүү коргогон.

   Мугалимдик эмгек жолун 2015-жылы баштаган, ал учурда Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда клиникалык ординаторлордун жетекчиси болгон. 2019-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы дипломдон кийинки билим берүүнүн координациялык кеңешинин катчысынын милдетин аткарып, жалпы практикадагы ординаторлордун күндөлүгүн түзүүгө активдүү катышкан.

2016-жылдан тарта Г.Ш.Маймерова Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директорунун илимий иштер боюнча орун басары кызматына дайындалгандан кийин 20 жылдан бери биринчи жолу балдар хирургиясы боюнча кандидаттык диссертация корголгон. Ошондон бери Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун «Эне жана баланы коргоо» илимий журналында педиатрия, балдар хирургиясы жана акушердик-гинекология боюнча редактордун орун басары болуп эмгектенип келген. Гүлзат Маймерованын жигердүү ишинин натыйжасында 2020-жылдан баштап бул журнал Россия Федерациясынын Россиянын илимий цитаталар индексинин базасына киргизилген.

Жогорку категориядагы дарыгер, саламаттыкты сактоонун “Эмгек сиңирген ишмери” Гүлзат Шаршенбековна 2018-жылы Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо тармагында көп жылдык үзүрлүү эмгеги,калктын ден соолугун чыңдоого кошкон зор салымы, ошондой эле активдүү коомдук ишмердиги үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Ардак Грамотасы” менен сыйланган. Ал мыкты сапаттарга ээ, өзүнө коюлган милдеттерди тез жана сапаттуу чече билген тажрыйбалуу адис эле.

   Гүлзат Шаршенбековнанын үй-бүлөсүнө, бир туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, орду толгус кайгысын тең бөлүшөбүз!

 

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, министрдин орун басары Медербек Исмаилов, министрдин орун басары Айжамал Шамбетова, министрдин орун басары Бүбүжан Арыкбаева, министрдин орун басары Бакыт Жангазиев.

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жетекчилиги жана кызматкерлери.

27.03.2024
Улуттук госпитал диагностикалык текшерүүлөрдү, ошондой эле атайын транспорт менен бейтаптарды ташуу кызматын көрсөтөт

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталда магниттик-резонанстык томография (МРТ) кабинети, компьютердик томография кабинети жана ангиография кабинети иштейт. Бейтаптар дарыгердин жолдомосу менен кабыл алынат.

Изилдөө баасы:

- МРТ текшерүү – 2100 сом;

MРТ бөлмөсү 24 саат бою иштейт.

Ич көңдөйүнүн жана наркозду талап кылган МРТ изилдөөлөрүнө бейтапты даярдоо тамактанууну жана суюктуктарды ичүүнү убактылуу чектөөнү камтышы мүмкүн. Кийимде металл буюмдар болбошу керек. МРТга каршы көрсөтмөлөр бейтаптын денесинде металл импланттарынын болушу.

 

- Компьютердик томография (КТ) – 1400 сом.

 

Ангиографиялык текшерүү – 5828 сом. Ангиографиялык текшерүүгө сарпталуучу материалдар бейтаптардын эсебинен камсыздалат.

 

Мындан тышкары, Улуттук госпиталдын базасында бейтаптарды кайра жандандыруу унаасы менен республиканын бардык аймактарына жеткирүү кызматы көрсөтүлүп, жол кире баасы саатына 826 сом, чакыруунун минималдуу убактысы 2 саат, километрге жараша күйүүчү май буйрутма берген тараптын эсебинен.

 

Жогоруда көрсөтүлгөн кызматтардын бардыгы Мамлекеттик монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги менен макулдашылган жана бекитилгендигин белгилейбиз.

 

Кененирээк маалымат алуу жана алдын ала жазылуу үчүн 1295 кыска номуруна же 0755600161 байланыш номуруна чалсаңыз болот.