Жалал-Абад облусунан эки жүз бала “Алтын Балалык” ден соолукту чыңдоо жана реабилитациялык борборуна эс алууга жөнөтүлдү

14.07.2022 / Просмотров: 1093

Бүгүн, 2022-жылдын 14-июлунда Жалал-Абад облусунан келген эки жүз бала Чолпон-Ата шаарындагы “Алтын Балалык” ден соолукту чыңдоо жана реабилитациялык борборуна эс алууга жөнөтүлдү. 

Саламаттык сактоо министринин орун басары  Улан Садыков эс алууга жөнөп жаткан балдарды узаты жатып, көңүлдүү эс алуу жана ак жол каалап, ошону менен биргеликте коопсуздук эрежелерин так сакташ керектигин эскертти.

Эске салсак, "Алтын балалык" ден соолукту чыңдоо жана калыбына келтирүү борборуна ден соолугунда көйгөйү бар балдар дарыгердин жолдомосу аркылуу, ал эми ден соолукту чыңдоо лагерине калктын аялуу катмарына кирген үй-бүлөлөрдүн балдары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аркылуу тизмеге киргизилет.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

27.03.2024
Бишкекте “Шанхай кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдө кардиологияны өнүктүрүүдөгү инновациялар жана технологиялар” конгресси өтүүдө

2024-жылдын 27-мартында Бишкекте ШКУ өлкөлөрүнүн Эл аралык медициналык конгресси ишин баштады. Конгресс 27-марттан 29-мартка чейин өтөт.

Көрүнүктүү окумуштуу жана клиницист академик, Социалисттик эмгектин баатыры Мирсаид Миррахимовдун жаркын элесине арналган конгресске ШКУга мүчө-мамлекеттердин саламаттык сактоо министрликтеринин өкүлдөрү, ШКУга мүчө-мамлекеттердин жана башка өлкөлөрдүн кардиология, ички жана тоо медицинасы боюнча алдыңкы окумуштуулары жана адистери, жаш окумуштуулар, жогорку окуу жайлардын жана илимий уюмдардын өкүлдөрү, ШКУ өлкөлөрүнүн улуттук илимий жана медициналык борборлорунун өкүлдөрү, ошондой эле эл аралык уюмдардын, анын ичинде ДССУнун өкүлдөрү жана башкалар катышууда.

Конгресстин максаты - ШКУга мүчө мамлекеттерде кардиология жана ички оорулар тармагындагы заманбап жетишкендиктерди жана алдыңкы тажрыйбаларды көрсөтүү, инновациялык технологияларды, фармацевтикалык продукцияларды жана медициналык жабдууларды практикалык медицинага киргизүү.

  «Бүгүн биз маанилүү саламаттык сактоо маселелерин талкуулоо жана конкреттүү иш пландарды иштеп чыгуу үчүн чогулуп жатабыз. Ар түрдүү өлкөлөрдүн өкүлдөрү жалпы максат болгон  журок-кан тамыр жана жугуштуу эмес ооруларга каршы күрөшүү үчүн бириккен. Биздин биригүүбүз жана билим алмашуубуз бул көйгөйлөргө каршы күрөшүүдө күчтүү курал болот деп ишенем. Кыргызстан изилдөөчүлүк ишмердүүлүктү активдештирүүгө жана кардиология, кардиохирургия жана ички оорулар боюнча заманбап илимий кластерлерди түзүүгө умтулууда. Бул аракеттер бизге дарт аныктоонун жана дарылоонун жаңы ыкмаларын иштеп чыгууга, биздин медициналык практиканын натыйжалуулугун жогорулатууга жана өлүм деңгээлин төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет. Аны менен катар эл аралык кызматташуунун жана тажрыйба алмашуунун өзгөчө маанилүүлүгүн баса белгилешибиз керек”, - деп белгиледи Алымкадыр Бейшеналиев өз сөзүндө.

Адистердин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 2021-жылы жүрөк-кан тамыр ооруларынан каза болгондордун көрсөткүчү 52,3%ды, ал эми жалпысынан жугуштуу эмес оорулардан көз жумгандардын көрсөткүчү 80% ашуунду түздү. Жүрөк-кан тамыр ооруларынан өлүмгө учурагандар негизинен жүрөктүн коронардык оорусунан (ЖКО), анын ичинде миокарддын курч инфаркты (МКИ), артериялык гипертензиядан (АГ), олуттуу жүрөк аритмиясынан жана өнөкөт жүрөк жетишсиздигинен (ӨЖЖ) келип чыгат. Ошондуктан стратегияларды жана стандарттарды иштеп чыгуу, жаңы жогорку эффективдүү моделдерди жана башкаруунун жогорку технологиялык жана инновациялык ыкмаларын киргизүүнүн негизинде ЖКТО менен ооруган бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүүнү уюштуруунун заманбап системасын түзүү маанилүү.

Белгилей кетчү нерсе, өлүмдүн жана майыптуулуктун жогорку көрсөткүчтөрүнөн улам жүрөк-кан тамыр жана жугуштуу эмес оорулар Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) кирген өлкөлөрдө да олуттуу көйгөй болуп саналат. Бул өз кезегинде биргелешкен стратегияларды иштеп чыгуу жана ДССУнун программаларынын жана БУУнун Миң жылдыктын Декларациясынын алкагында саламаттыкты сактоонун бардык деңгээлдеринде медициналык жардамды уюштуруунун жогорку эффективдүү моделдери жана системаларын түзүү үчүн күч-аракеттерди бириктирүүнү талап кылат.

Конгресстин программасы кардиология, кардиохирургия, ички жана тоо медицинасы чөйрөсүндөгү акыркы сунуштарга жана иштеп чыгууларга, далилдерге негизделген маалыматтарга, саламаттыкты сактоонун бардык деңгээлдеринде медициналык жардамдын жогорку натыйжалуу системасын өркүндөтүүгө жана түзүүгө, ошондой эле эл аралык стандарттарга ылайык жаңы муундагы адистерди даярдоого багытталат.

27.03.2024
Улуттук госпитал диагностикалык текшерүүлөрдү, ошондой эле атайын транспорт менен бейтаптарды ташуу кызматын көрсөтөт

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталда магниттик-резонанстык томография (МРТ) кабинети, компьютердик томография кабинети жана ангиография кабинети иштейт. Бейтаптар дарыгердин жолдомосу менен кабыл алынат.

Изилдөө баасы:

- МРТ текшерүү – 2100 сом;

MРТ бөлмөсү 24 саат бою иштейт.

Ич көңдөйүнүн жана наркозду талап кылган МРТ изилдөөлөрүнө бейтапты даярдоо тамактанууну жана суюктуктарды ичүүнү убактылуу чектөөнү камтышы мүмкүн. Кийимде металл буюмдар болбошу керек. МРТга каршы көрсөтмөлөр бейтаптын денесинде металл импланттарынын болушу.

 

- Компьютердик томография (КТ) – 1400 сом.

 

Ангиографиялык текшерүү – 5828 сом. Ангиографиялык текшерүүгө сарпталуучу материалдар бейтаптардын эсебинен камсыздалат.

 

Мындан тышкары, Улуттук госпиталдын базасында бейтаптарды кайра жандандыруу унаасы менен республиканын бардык аймактарына жеткирүү кызматы көрсөтүлүп, жол кире баасы саатына 826 сом, чакыруунун минималдуу убактысы 2 саат, километрге жараша күйүүчү май буйрутма берген тараптын эсебинен.

 

Жогоруда көрсөтүлгөн кызматтардын бардыгы Мамлекеттик монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги менен макулдашылган жана бекитилгендигин белгилейбиз.

 

Кененирээк маалымат алуу жана алдын ала жазылуу үчүн 1295 кыска номуруна же 0755600161 байланыш номуруна чалсаңыз болот.

26.03.2024
Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын оңдоп-түзөөгө жабылган 3 бөлүмү бейтаптарды кабыл ала баштады

“Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын 6 бөлүмү ноябрь айында оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу жабылган. Ремонт иштери май айына чейин пландалган. Бирок биздин суранычыбыз боюнча 100 орундуу 3 бөлүмдүн оңдоо иштери бүткөрүлүп, бүгүнтөн тарта бейтаптарды кабыл алып баштадык. Себеби биздин оорулуулар башка ооруканаларга бөлүштүрүлүп жаткырылып жаткан”, - деп билдирди Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Гулжигит Аалиев.

 Бул бөлүмдөрдө курч ичеги-карын инфекциялары, курч мүнөздөгү дем алуу органдарынын вирустук оорулары, скарлатина, танзилит, энтеровирустук инфекция менен ооругандар жаткырылат. Бул корпус 1989-жылы курулган, андан бери бир да жолу капиталдык оңдоодон өткөн эмес. Ошондуктан бардык системалар эскилиги жетип, иштен чыккан. Азыр канализация трубалары, суу түтүктөрү, электр чубалгылары толугу менен жаңыланды. Ошону менен бирге ар бир палатага инфекциялык көзөмөлдүн талабы болгон сырттан абаны тазалап киргизүүчү желдетүү системасы коюлду. 

Оңдоо иштери Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “COVID-19га ыкчам чара көрүү” долбоорунун алкагында жүргүзүлүүдө.

 

Маалымат үчүн: Долбоордун максаты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тиешелүү профилактикалык иш-чараларды камсыз кылуу, уюмдарга дары-дармектерди, керектелүүчү материалдарды жана медициналык жабдууларды сатып алуу, ошондой эле саламаттык сактоо тармагындагы шарттарды жакшыртуу аркылуу COVID-19 пандемиясына каршы аракеттенүү мүмкүнчүлүгүн күчөтүүгө көмөк көрсөтүү болуп саналат.