Кыргыз-түрк достугу ооруканасында 7-марттан 11-мартка чейин аялдар акысыз маммографиядан өтө алышат
07.03.2022 / Просмотров: 1347
Бүгүн, 2022-жылдын 7-мартында Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 8-Март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата маммография акысыз жүргүзүлө турган Кыргыз-түрк достугунун ооруканасына барды. Өз сөзүндө министр Кыргызстандагы бардык аял затын келе жаткан майрамы менен куттуктап, ден соолук жана бакубатчылык каалады. Ошондой эле Түркия Республикасынын Өкмөтүнө республикабыздын саламаттыкты сактоо системасын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди. «Бул иш-чара Кыргызстанда рак ооруларынын алдын алуу жана айымдарга медициналык тейлөөнүн сапатын жогорулатуу максатында уюштурулган. Апта ичинде түркиялык жана кыргызстандык дарыгерлер биргеликте скрининг жана консультацияларды өткөрүшөт. Бул акыркы акция эмес, мындай иш-чаралар жыл бою өткөрүлөт”,-деп билдирди министр.
Текшерүүдөн 7-марттан 11-мартка чейин өтүүгө мүмкүн. Алдын ала катталуу үчүн 0997 650 000, 0312 650 000 номурларына чалсаңыздар болот.
Маалымат үчүн:
Көкүрөк рагы системалуу оору болуп саналат. Ал шишиктен түздөн-түз жабыркаган ткандарды гана жок кылбастан, бүтүндөй организмге терс таасирин тийгизет. Ошондуктан, симптомдору жабыркаган орган менен гана байланыштуу болбойт. Жалпы симптомдору арыктоо, организмдеги жалпы алсыздык. Көпчүлүк учурда оорунун белгилери дароо билинбейт, ошол себептүү шишик алгачкы стадияда байкалбай калышы мүмкүн. Ошондуктан, сүт бездерин маммография, УЗИ же MТР (оор учурларда) сыяктуу инструменталдык изилдөө чоң мааниге ээ. Орто жаштагы аялдар такай текшерилип турушу шарт. Көкүрөк рагы коркунучтуу залалдуу шишик болуп саналат. Дарыланбаса, ал тез өсүп башка органдарга таасир этүүчү бутактарды таратат. Ошондуктан, өз убагында дарылануу абдан маанилүү болуп саналат, бул үчүн ооруну алгачкы этапта аныктоо зарыл.
Эгерде сиз бул белгилердин бир же бир нечесин байкасаңыз, үй-бүлөлүк дарыгериңизге же жергиликтүү медайымга кайрылыңыз:
• эмчектин өлчөмүнүн же формасынын өзгөрүүсү;
• көкүрөктө же колтукта бүдүр, катуу түйүн же коюулануу пайда болушу;
• үрптөгү карттанган же исиркектер менен капталган кычыштырган жара;
• алгачкы жолу, бир жердин туруктуу оорутушу;
• шишик, дене табынын көтөрүлүшү, теринин кызарышы же карарып калышы
Прикрепленные файлы:
Другие Новости
17.04.2024
Бишкекте Кыргызстандын кургак учукка каршы күрөшүү кызматындагы комплекстүү реформалардын жетишкендиктери жана туруктуулугу талкууланды
Бишкекте “USAIDдин “Кургак учукту айыктыруу” демилгесинин алкагында иштелип чыккан комплекстүү реформалардын жетишкендиктери жана туруктуулугу” деген темада конференция өттү.
Конференция USAIDдин “Кургак учукту айыктыруу” беш жылдык долбоорунун жардамы менен Кыргызстандагы кургак учукка каршы саясатты жакшыртууну талкуулоого арналган. Анын ичине кургак учукту аныктоо, дарылоо, алдын алуудагы жетишкендиктер, инновациялар жана туруктуу өнүгүү стратегиялары кирген. Долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өлкөдөгү кургак учукка каршы күрөшүү боюнча аракеттерин колдоого багытталган.
Конференцияга КР Жогорку Кеңешинин депутаты Айбек Маткеримов, КР Саламаттыкты сактоо министринин биринчи орун басары Медер Исмаилов, Кыргызстандагы АКШнын элчилигинин убактылуу ишенимдүү өкүлү Лиз Зентос, ошондой эле медицина кызматкерлери, өнөктөштөр жана USAIDдин “Кургак учукту айыктыруу” долбоорунун адистери катышты.
Конференциянын жүрүшүндө кургак учуктун лабораториялык диагностикасынын системасын чыңдоо, кургак учук менен ооругандарды активдүү аныктоону киргизүү тажрыйбасы, кургак учук боюнча областтык консилиумдун иши, ийгиликтүү дарыланган учурларды верификациялоону жана «кургак учук менен ооругандарды башкаруу» тажрыйбасын киргизүү, Кыргызстанда кургак учукка каршы жардам көрсөтүү системасын оптималдаштыруу боюнча баяндамалар угулду, ошондой эле кургак учук темасын сапаттуу чагылдыруу үчүн журналисттердин дараметин жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалыматтар берилди.
Кыргызстанда кургак учукка каршы жардам көрсөтүү системасын өнүктүрүүгө кошкон салымы жана жемиштүү кызматташуусу үчүн ыраазычылык белгиси катары КР Саламаттык сактоо министрлиги USAIDге Ыраазычылык катын жана анын бир катар кызматкерлерине Ардак грамоталарды тапшырды.
Маалымат үчүн:
USAIDдин “Кургак учукту айыктыруу” долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө дары-дармекке туруктуу кургак учукка өзгөчө көңүл буруу менен, кургак учук менен ооруган адамдарды диагностикалоодо, дарылоодо жана айыктырууда колдоо көрсөтөт. Долбоор эл аралык сунуштамаларга ылайык Кыргызстандын кургак учукка каршы аракеттенүүсүн күчөтүү үчүн системаларды, шаймандарды, ресурстарды жана кадрдык потенциалды чыңдоого багытталган.
17.04.2024
Саламаттык сактоо министри Талас облусундагы көрсөтүлүп жаткан медициналык кызматтардын сапаты менен таанышты
Бүгүн, 2024-жылдын 17-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Чолпон Мамбетов атындагы Талас облустук биргелешкен ооруканасын кыдырып көрүп, оорукананын абалы менен таанышты. Анын жүрүшүндө кардиология бөлүмүнө ангиограф аппаратын алуу боюнча маселе көтөрүлүп, чечип берүү жагын караштарын айтып, дарыланып жаткан бейтаптардын абалынан кабар алды.
Андан соң Талас областтык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунда болуп, ал жердеги көйгөйлөр менен таанышты.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Марат Мураталиев менен биргеликте Талас медициналык колледжине интерактивдик панель, компьютер, принтер сыяктуу заманбап жабдууларды тапшыруу аземине катышты. Колледждин эмгек жамааты менен жолугушууда учурдагы көйгөйлүү маселелердин бири болгон ремонт иштерине жардам берерин убада кылды.
Мындан тышкары, Талас облустук Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборундагы көйгөйлүү маселелер менен таанышып, элге шарттарды түзүү максатында ремонт иштерин бүткөрүү керек экенине токтолду.
Талас облусунун медицина кызматкерлери менен жолугушуу өткөрүлүп, анда айлык маяна, депозит, турак жай, ипотека, жумуш орундары боюнча маселелер көтөрүлдү.
16.04.2024
Кенелер ойгонду
Кенелердин активдүүлүгүнүн мезгили келди, суук түшкөнгө - кеч күзгө чейин созулат.
Кене энцефалити – бул биринчи кезекте борбордук нерв системасын жабыркатуучу курч жугуштуу вирустук оору. Оорунун кесепеттери майыптыкка жана өлүмгө алып келет.
Кене энцефалитинде адам өзүн алгач алсыз жана начар сезет. Болжол менен бир жумадан кийин бул симптомдор басаңдашы мүмкүн, бирок андан кийин катуу баш оору жана жогорку дене тап менен коштолгон экинчи фазасы пайда болот.
Оорунун мезгилдүүлүгү жана оорунун негизги белгилери
Оору кенелердин эң чоң активдүүлүгүнүн мезгили менен байланышкан жаз-күз мезгилдүүлүк менен мүнөздөлөт (апрель-сентябрь). Инкубациялык мезгил (инфекция жуккан учурдан тартып оорунун алгачкы белгилери пайда болгонго чейин) адатта 1 күндөн 60 күнгө чейин термелүү менен 7-14 күнгө созулат.
Оору катуу башталып, чыйрыгуу, катуу баш оору, температуранын 38-39 градуска чейин кескин көтөрүлүшү, жүрөк айлануу, кусуу менен коштолот. Бейтапты көбүнчө моюн жана ийинде пайда болгон ооруксунуу, көкүрөк жана белдин арткы бөлүгүндө, буту-колдогу булчуңдардын оорушу тынчсыздандырат. Бейтаптын көрүнүшү: бети кызарып канга толуп (гиперемия), кийинчерээк ал тулку боюна тарайт.
Эгерде адамда жогоруда аталган оорунун белгилери болсо, анда дарылоо-профилактикалык уюмдарга тез арада медициналык жардамга кайрылуу зарыл.
Кене вирустук энцефалитке ким кабылат?
Бардык адамдар жашына жана жынысына карабастан кене энцефалитинин инфекциясына кабылышат. Жумушу токойдо жүрүү менен байланышкан жарандарда (жыгач өнөр жай ишканаларынын кызматкерлери, геологиялык чалгындоо кызматтары, авто жана темир жол куруучулар, мунай жана газ түтүктөрүн, электр линияларын куруучулар, топографтар, мергенчилер, туристтер) жуктуруп алуу тобокелдиги жогору. Шаардын жашоочулары шаар четиндеги токойлордо, сейил бактарда, бакчаларда жумуш жана эс алуу учурунда жуктуруп алышы ыктымал.
Табиятта кене чаккандан кантип сактануу керек?
Жаратылышка эс алууга чыкканда жабык, ачык түстөгү кийимдерди кийүү талапка ылайык. Кийимдин ичине кене кирип кетпеши үчүн шымды өтүктүн ичине же калың резинасы бар байпактарга кыстарып коюу керек. Үстүнкү кийимди (көйнөк, куртка) шымга шымдап, жең манжети колго жабышып турушу шарт. Баш жана моюн жоолук менен жабылышы керек.
Кенелерден коргонуу үчүн дененин ачык жерлерин жана кийимдерди курт-кумурсканы качыруучу аэрозоль, мазь, крем ж.б.(репелленттер) менен сүртүп алса болот.
Кене вирустук энцефалитинин табигый очогу болгон учурда ар бир 30 мүнөт сайын кийимди жана денени текшерип, кийимге жабышкан кенелерди түшүрүп туруу керек.
Үйгө кайтып келгенден кийин бардык кийимдерди чечип, баштын терисин кылдат текшерип, эс алуудан алып келинген жууркан, дасторкон, сумкаларды силкип, күнгө илип коюңуз.
Кененин көп жабышкан жерлери — кулак, көкүрөк, колтук, моюн, табарсык, курсак жана белдин ылдыйкы бөлүгү.