Саламаттыкты сактоо министрлиги кургак учукка каршы кызматка киргизилип жаткан комплекстүү реформалардын иштешин журналисттерге көрсөттүү максатында пресс-тур уюштурду
29.08.2022 / Просмотров: 1678
КРнын Саламаттыкты сактоо министрлиги пресс-тур уюштуруп, өлкөдөгү USAID «Кургак учукту айыктыруу» долбоорунун техникалык колдоосу менен кургак учукка каршы кызматка киргизилип жаткан комплекстүү реформалардын иштешин журналисттерге көрсөттү. Министрликтин пресс-секретарь Жылдыз Айгерчинова белгилеп кеткендей, пресс-тур үчүн эң алыскы, ошол эле кезде башка өлкөлөр менен чек арага чектеш жайгашканына байланыштуу кыйынчыктары бар региондордун бири – Баткен облусу тандалган.
Журналисттер Баткен облустук кургак учук менен күрөшүү борборунда (БОККБ) облустук кургак учукка каршы кызматтын санариптештирүүсү менен таанышышты. Алар облустук консилиум бейтаптардын оору таржымалын онлайн режиминде карап жатканын көрүштү. «ТБ-регистр» деп аталган маалымат системасын иштеп чыгуу жана рентген-сүрөттөрдү электрондук форматка которуп жаткан санарип дигитайзерин киргизүү биздин райондук дарыгер-фтизиатрларга облустук борборго келбестен, өз жумуш ордунан эле консилиумдун ишине катышканга мүмкүнчүлүк түзүп берди», - деп билдирди борбордун директору Женишбек Шарипов.
Ошондой эле журналисттерге БОККБунда:
- оорукананын кызматкерлери – дарыгерлер, медайымдар, менеджерлер ж.б. ортосунда электрондук өз ара байланышуу кандайча жолго салынганын;
- биоматериалдарды (башкача айтканда, бейтаптардын анализдерин) ташып жеткирүү системасы кандай иштеп, кандай пайда алып келип жатканын;
- кургак учукту аныктоо боюнча лабораториялык кызмат көрсөтүүнүн сапаты кандай жогорулаганын;
- кургак учуктун жаңы учурларын активдүү табуу кандай жүргүзүлүп жатканын көрсөтүштү.
Кызыл-Кыя шаарынын Жалпы врачтык практика борборунда (ЖВРБ) журналисттерге кургак учук менен ооруган бейтаптардын амбулатордук дарылоосуна киргизилип жаткан «Кургак учук учурун башкаруу» деп бейтапка-багытталган ыкмасы жөнүндө кеңири маалымат берилди. Бул ыкманын максаты кургак учукка каршы медициналык жардамды бейтаптар жашаган жерге мүмкүн болушунча жакындатуу болуп саналат. ЖВРБнун директору Жыргалбек Кадыровдын айтымында, ар бир бейтап үчүн «Кургак учук учурун башкаруу» боюнча өзүнчө команда түзүлүп, ага райондук дарыгер-фтизиатр, үй-бүлөлүк дарыгер жана медайым киришет. Ошондой команда мүчөлөрү катары – дарыгер-фтизиатр Асель Ажимаматова, үй-бүлөлүк дарыгер Эльмира Усенова жана медайым Сурмакан Сайпидинова өзүнүн иши, бири-бири менен өз ара аракеттенүүсү жана аткарган иши үчүн мамлекеттен алган каржылык шыктандыруулар жөнүндө айтып беришти. «Бир эле дарыларга сезгич формасындагы кургак учук менен ооруган бейтаптын ийгиликтүү дарылоосу үчүн мен 5 миң сомдго жакын акча алдым. Ылдам чуркап өз ишимди жакшы аткарам депд ароо эле бекем бут кийим алгам», - деп тамашалап айтып берди Сурмакан Сайпидинова. Керектүү учурларда командага Улуттук кызыл ай коому же Айылдык ден-соолук комитетер Ассоциациясынын өкүлдөрү тартылат. Медициналык кызматкерлеринин ошондой жардамчылары катары журналисттердин суроолоруна Жыргалбек Мадымаров жана Разия Бакирова жооп берип атышты.
КРнын Саламаттыкты сактоо министрлиги USAID «Кургак учукту айыктыруу» долбоорунун колдоосу менен уюштурган пресс-турга республикалык жана облустук ондон ашык ЖМК өкүлдөрү катышышты.
Прикрепленные файлы:
Другие Новости
29.12.2025
Жаңы жылдык майрам жана дем алыш күндөрү саламаттык сактоо уюмдарынын иш тартиби
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги майрам жана дем алыш күндөрүндө саламаттык сактоо уюмдарынын иштөө тартиби тууралуу маалымдайт.
Медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана үзгүлтүксүз көрсөтүлүшүн камсыз кылуу максатында 2025-жылдын 30–31-декабрында республика боюнча бардык медициналык уюмдарда күчөтүлгөн иш тартиби камсыздалат. Бул күндөрү медициналык кызматкерлердин кошумча нөөмөттөрү уюштурулуп, кызматтардын жогорку даярдыгы камсыз кылынат, ошондой эле калкка шашылыш жана тез жардам көрсөтүү үзгүлтүксүз жүргүзүлөт.
2026-жылдын 1-9-январь аралыгында, жаңы жылдык каникул күндөрүндө, саламаттык сактоо уюмдары белгиленген тартипте иштеп, жооптуу кызматкерлердин нөөмөттөрү уюштурулат. Медициналык мекемелерде күнү-түнү тез жардам көрсөтүү камсыздалып, шашылыш дарылоого муктаж бейтаптарды жаткыруу үчүн керебеттердин резерви түзүлөт. Ошондой эле зарыл болгон дары-дармектердин, медициналык буюмдардын, кан компоненттеринин жана алардын резервдеринин жетиштүүлүгү камсыздалат.
Амбулатордук деңгээлде — үй-бүлөлүк медицина борборлорунда, жалпы дарыгердик практика борборлорунда жана үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунда — 1–9-январь күндөрү үй-бүлөлүк дарыгердин, үй-бүлөлүк медайымдын жана каттоо бөлүмүнүн нөөмөттөрү 08:00дөн 18:00гө чейин, ал эми дарылоо кабинеттери 14:00гө чейин иштейт.
Тез жардам кызматы Бишкек жана Ош шаарларында, ошондой эле өлкөнүн бардык аймактарында демалышсыз, күнү-түнү иштейт. Мындан тышкары, санитардык авиациянын үзгүлтүксүз иши, санитардык-эпидемиологиялык кызматтын адистеринин жана лабораториялардын нөөмөтү майрамдык жана дем алыш күндөрү да камсыздалат.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жаңы жылдык майрамдар мезгилинде калкка медициналык жардам толук көлөмдө көрсөтүлөрүн белгилеп, жарандарды зарыл болгон учурда медициналык уюмдарга өз убагында кайрылууга чакырат.
26.12.2025
Дары-дармектерге жеткиликтүүлүк жана ачык-айкын сатып алуулар: КР Саламаттык сактоо министрлиги БУУнун тутумундагы уюмдар менен кызматташуунун артыкчылыктарын талкуулады
2025-жылдын 26-декабрында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов Бириккен Улуттар Уюмунун тутумуна кирген уюмдардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрүп, анда колдонулуп жаткан Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун алкагында дары-дармек менен камсыздоо маселелери талкууланды.
Талкуунун жүрүшүндө тараптар дары-дармек менен камсыздоо жаатындагы кызматташуунун негизги багыттарына — улуттук жөнгө салуу тутумун чыңдоо, өмүр үчүн зарыл дары-дармектерге жеткиликтүүлүктү кеңейтүү, сатып алуулардагы ачык-айкындуулукту жогорулатуу жана жеткирүү чынжырларынын туруктуулугун камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурушту.
Министр сапаттуу дары-дармектерге адилеттүү жана туруктуу жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу саламаттык сактоо тармагындагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин жана бул Туруктуу өнүгүү максаттарына, айрыкча «Чың ден соолук жана бакубаттуулук» максатына жетүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин баса белгиледи.
Өзүнчө көңүл сатып алуулардагы ачык-айкындуулукка жана коррупциялык тобокелдиктерди алдын алууга бурулду. Каныбек Досмамбетов системалуу өзгөрүүлөрдүн зарылдыгын белгилеп, алар адилетсиз практикаларды четтетүүгө жана бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга багытталышы керектигин айтты.
«Мамлекет жыл сайын дары-дармек сатып алууга олуттуу каражаттарды багыттайт, биздин милдет — бул ресурстарды мүмкүн болушунча ачык-айкын жана рационалдуу пайдаланууну камсыз кылуу. Биз сатып алуулар тармагында тартипти катуу орнотууга, системаны адилетсиз практикалардан тазалоого жана туруктуу, чынчыл кызматташтыкты курууга багыт алдык. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрүбүздүн колдоосу менен бул кызматташтык системалуу жана узак мөөнөттүү мүнөздө болот деп ишенебиз», — деп белгиледи Каныбек Досмамбетов.
Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө даяр экенин, анын ичинде эл аралык стандарттарга ылайык сатып алууларды колдоо, жеткирүү чынжырларын башкаруу, санариптик чечимдер, фармакологиялык көзөмөл жана саламаттык сактоо тутумунун институционалдык потенциалын жогорулатуу багыттарында көмөк көрсөтүүнү ырастады.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун жоболорун ишке ашыруу боюнча биргелешкен ишти улантууга макулдашышты. Бул иш конкреттүү, өлчөнө турган натыйжаларга багытталып, дары-дармек коопсуздугун чыңдоого жана бейтаптардын кызыкчылыктарын коргоого кызмат кылмакчы.
25.12.2025
Кыргызстанда 2026-жылы ажылыкка зыярат кылуучуларга эмдөө иш-чаралары уюштурулду
Санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана жугуштуу оорулардын жайылышын алдын алуу максатында, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан 2026-жылы Меккеге ажылык сапарга баруучу жарандарды профилактикалык эмдөөнү жүргүзүү уюштурду.
Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин бекитилген буйругуна ылайык, бардык зыяратчылар менингококк инфекциясына, ошондой эле сезондук сасык тумоого каршы эмдөөдөн өтүшү керек. Бул чаралар эл аралык саламаттыкты сактоо жана санитардык талаптарга жооп берет жана ажылыкка кирүү үчүн милдеттүү талап болуп саналат.
Эмдөөлөр 2025-жылдын 23-декабрынан 30-декабрына чейин республиканын бардык аймактарындагы саламаттык сактоо уюмдарында 1-таблицага ылайык жүргүзүлөт, милдеттүү түрдө алдын ала медициналык кароодон өтүшөт. Эмдөөлөр бардык коопсуздук талаптарына, «муздак чынжырча» стандарттарына жана инфекцияны көзөмөлдөө эрежелерине жооп берет.
1-таблица
2026-жылдагы ажылык сапарга баруучуларга эмдөө жүргүзүлгөн жерлердин тизмеси
| № | Аймактар | Вакцинацияланган жер |
| 1 | Ош облусу жана Ош шаары | №8 ΥМБ Ош областтык жана Ош ш. эмдөө кабинети, Ж.Райымбекова көч. №22 |
| 3 | Жалал-Абад облусу | Манас шаары, Курманбек көчөсү, №13, №2 ҮДТнын эмдөө кабинети |
| 4 | Баткен облусу | Баткен облусунун ҮМБ эмдөө кабинети, Султанмурат көчөсү, Мин башы №14 |
| 5 | Талас облусу | Талас шаары, областык ҮМБ эмдөө кабинети, Бердике Баатыр көчөсү №293 |
| 6 | Ысык-Көл облусу | Каракол шаары, областык ҮМБ, Абдрахманов көчөсү, № 121 |
| 7 | Нарын облусу | Нарын шаары, областык ҮМБ, эмдөө кабинети Качкынов көчөсү №5 |
| 8 | Чуйская аймак | -ЖДПБ Кант шаары, Ысык-Ата району, көч. Иманкулова №6. - ҮДТ Военно-Антоновка, Сокулук району, Фрунзе көчөсү б/н |
| 9 | Бишкек | Бишкек шаары, №5 ҮМБнын эмдөө кабинети, Курманжан Датка көчөсү, №109а |
Бардык катышкан саламаттыкты сактоо уюмдары эмдөө үчүн зарыл болгон вакциналар жана каражаттар менен камсыздалган. Эмдөө аяктагандан кийин ар бир зыяратчы белгиленген үлгүдөгү эмдөө сертификатын алат жана маалымат электрондук эмдөөнү каттоо системасына киргизилет.
Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги 2026-жылы ажылыкка барууну пландап жаткан жарандарды белгиленген эмдөө пункттарында өз убагында медициналык кароодон жана эмдөөдөн өтүүгө чакырат. Бул чараларды сактоо зыяратчылардын ден соолугун коргоо жана өлкөгө жугуштуу оорулардын киришинин алдын алуу үчүн абдан маанилүү.