Copyright: ©

Бишкекте жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу боюнча жогорку деңгээлдеги диалог өттү

22.10.2025 / Просмотров: 5934

Тармактар аралык кызматташтык жана профилактикага инвестициялар — жугуштуу эмес оорулардан өлүмдү азайтуунун ачкычы

2025-жылдын 22-октябрында Бишкек шаарында «Жугуштуу эмес оорулар: туруктуу өнүгүү үчүн инвестициялоонун убактысы» аттуу жогорку деңгээлдеги диалог болуп өттү.
Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) менен биргеликте уюштурду.

Ага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев, Экономика жана коммерция министрлигинин, Финансы министрлигинин, Мамлекеттик салык кызматынын, Билим берүү министрлигинин өкүлдөрү, ошондой эле ДССУнун Европа бюросунун эл аралык эксперттери катышты.

Иш-чаранын максаты — жүрөк-кан тамыр оорулары, онкология, өнөкөт дем алуу оорулары жана диабет сыяктуу жугуштуу эмес оорулардан (ЖЭО) өлүмдү азайтуу боюнча тармактар аралык чечимдерди жана иш-аракеттер планын иштеп чыгуу.  Алар Кыргызстандагы бардык өлүмдүн 83 пайызын түзүп, өлкө экономикасына жыл сайын 29,8 млрд сом (ИДПнын 4,8%) көлөмүндө зыян келтирет.

Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев белгилегендей, жугуштуу эмес оорулар менен күрөшүү — бул бир гана саламаттык сактоо системасынын эмес, бүтүндөй коомдун жана мамлекеттик органдардын милдети.

«Инсульт, инфаркт, онкология, диабет сыяктуу оорулар бүгүн саламаттык сактоо системасына чоң жүк болуп жатат. Биз дарылоо жана көзөмөл жүргүзүү менен алектенебиз, бирок бул оорулардын алдын алуунун негизги ыкмалары саламаттык сактоо системасынан тышкаркы чөйрөлөрдө. Бул — зыяндуу азыктарга, айрыкча тамекиге, алкоголдук жана кант кошулган суусундуктарга салыктарды жогорулатуу жана алардын жеткиликтүүлүгүн чектөө. Ошондой эле сатуу убактысын жана жерлерин жөнгө салган мыйзамдык чаралар, калкты дени сак жашоого шыктандырган чөйрөнү түзүү, велосипед жана жөө жүрүү инфраструктурасын өнүктүрүү, дыйкандарды колдоо жана органикалык азыктарды керектөөнү жайылтуу.
Профилактикага байланышкан чечимдер Саламаттык сактоо министрлиги, Экономика жана коммерция министрлиги, Финансы министрлиги, Салык кызматы, Билим берүү министрлиги жана жергиликтүү бийлик органдары тарабынан биргеликте кабыл алынышы керек. Азыр тармактар аралык чаралардын зарылдыгы боюнча түшүнүк өсүп жатат. Экономика жана коммерция министрлиги алкоголдук продукцияга салыктарды жогорулатуу боюнча сунуштарды даярдап, биз тамеки жана кант кошулган суусундуктар боюнча акциздерди көтөрүү багытында системалуу иш жүргүзүп жатабыз. ДССУнун эксперттери менен биргеликте жугуштуу эмес оорулар боюнча улуттук стратегиянын долбоорун быйыл аягына чыгарып, 2026-жылы аны өкмөттүн токтому же президенттин жарлыгы менен бекитүүнү пландап жатабыз, анткени документ бардык негизги тармактарды — экономиканы, билим берүүнү жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну камтыйт. Биргелешкен аракеттер гана өлүмдү азайтууга жана улуттун саламаттыгын чыңдоого реалдуу мүмкүнчүлүк берет», — деди министр.

Саламаттык сактоо министрлиги, БУУнун Өнүктүрүү программасынын колдоосу менен ДССУ жана UNIATF тарабынан даярдалган жаңы инвестициялык негиздемеге ылайык, илдеттин алдын алууга жумшалган ар бир 1 сом 15 жыл ичинде 10 сомдон ашык экономикалык кайтарым алып келет, 87 миңден ашык адамдын өмүрүн сактап, эмгек өндүрүмдүүлүгүн 34,4 млрд сомго жогорулатат.

ДССУ «Эң пайдалуу инвестициялар (Best Buys WHO)» деп аталган ыкмаларды колдонууга чакырат. Алар беш жыл ичинде тез натыйжа берет:
– тамекиге, алкоголдук жана кант кошулган суусундуктарга акциздерди жогорулатуу;
– тузду керектөөнү азайтуу;
– калктын физикалык активдүүлүгүн көбөйтүү.

ДССУнун Европа регионалдык бюросунун аймактык кеңешчиси д-р Кремлин Викрамсингхе финансылык чаралар аркылуу коомдук саламаттыкты чыңдоо боюнча презентация жасады. Ал белгилегендей, зыяндуу товарларга баанын жогорулашы алардын керектөөсүн азайтып гана тим болбостон, үч эсе экономикалык пайда алып келет: салыктык кирешелердин өсүшү, дарылоого кеткен чыгымдардын азайышы жана эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн жогорулашы.

Мамлекет менен эл аралык уюмдардын биргелешкен аракеттеринин негизги максаты — өлкө жарандарынын ден соолугун чыңдоо жана туруктуу экономикалык өнүгүүгө жетишүү.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

29.12.2025
Жаңы жылдык майрам жана дем алыш күндөрү саламаттык сактоо уюмдарынын иш тартиби

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги майрам жана дем алыш күндөрүндө саламаттык сактоо уюмдарынын иштөө тартиби тууралуу маалымдайт.

Медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана үзгүлтүксүз көрсөтүлүшүн камсыз кылуу максатында 2025-жылдын 30–31-декабрында республика боюнча бардык медициналык уюмдарда күчөтүлгөн иш тартиби камсыздалат. Бул күндөрү медициналык кызматкерлердин кошумча нөөмөттөрү уюштурулуп, кызматтардын жогорку даярдыгы камсыз кылынат, ошондой эле калкка шашылыш жана тез жардам көрсөтүү үзгүлтүксүз жүргүзүлөт.

2026-жылдын 1-9-январь аралыгында, жаңы жылдык каникул күндөрүндө, саламаттык сактоо уюмдары белгиленген тартипте иштеп, жооптуу кызматкерлердин нөөмөттөрү уюштурулат. Медициналык мекемелерде күнү-түнү тез жардам көрсөтүү камсыздалып, шашылыш дарылоого муктаж бейтаптарды жаткыруу үчүн керебеттердин резерви түзүлөт. Ошондой эле зарыл болгон дары-дармектердин, медициналык буюмдардын, кан компоненттеринин жана алардын резервдеринин жетиштүүлүгү камсыздалат.

Амбулатордук деңгээлде — үй-бүлөлүк медицина борборлорунда, жалпы дарыгердик практика борборлорунда жана үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунда — 1–9-январь күндөрү үй-бүлөлүк дарыгердин, үй-бүлөлүк медайымдын жана каттоо бөлүмүнүн нөөмөттөрү 08:00дөн 18:00гө чейин, ал эми дарылоо кабинеттери 14:00гө чейин иштейт.

Тез жардам кызматы Бишкек жана Ош шаарларында, ошондой эле өлкөнүн бардык аймактарында демалышсыз, күнү-түнү иштейт. Мындан тышкары, санитардык авиациянын үзгүлтүксүз иши, санитардык-эпидемиологиялык кызматтын адистеринин жана лабораториялардын нөөмөтү майрамдык жана дем алыш күндөрү да камсыздалат.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жаңы жылдык майрамдар мезгилинде калкка медициналык жардам толук көлөмдө көрсөтүлөрүн белгилеп, жарандарды зарыл болгон учурда медициналык уюмдарга өз убагында кайрылууга чакырат.

 

26.12.2025
Дары-дармектерге жеткиликтүүлүк жана ачык-айкын сатып алуулар: КР Саламаттык сактоо министрлиги БУУнун тутумундагы уюмдар менен кызматташуунун артыкчылыктарын талкуулады

2025-жылдын 26-декабрында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов Бириккен Улуттар Уюмунун тутумуна кирген уюмдардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрүп, анда колдонулуп жаткан Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун алкагында дары-дармек менен камсыздоо маселелери талкууланды.

Талкуунун жүрүшүндө тараптар дары-дармек менен камсыздоо жаатындагы кызматташуунун негизги багыттарына — улуттук жөнгө салуу тутумун чыңдоо, өмүр үчүн зарыл дары-дармектерге жеткиликтүүлүктү кеңейтүү, сатып алуулардагы ачык-айкындуулукту жогорулатуу жана жеткирүү чынжырларынын туруктуулугун камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурушту.

Министр сапаттуу дары-дармектерге адилеттүү жана туруктуу жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу саламаттык сактоо тармагындагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин жана бул Туруктуу өнүгүү максаттарына, айрыкча «Чың ден соолук жана бакубаттуулук» максатына жетүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин баса белгиледи.

Өзүнчө көңүл сатып алуулардагы ачык-айкындуулукка жана коррупциялык тобокелдиктерди алдын алууга бурулду. Каныбек Досмамбетов системалуу өзгөрүүлөрдүн зарылдыгын белгилеп, алар адилетсиз практикаларды четтетүүгө жана бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга багытталышы керектигин айтты.

«Мамлекет жыл сайын дары-дармек сатып алууга олуттуу каражаттарды багыттайт, биздин милдет — бул ресурстарды мүмкүн болушунча ачык-айкын жана рационалдуу пайдаланууну камсыз кылуу. Биз сатып алуулар тармагында тартипти катуу орнотууга, системаны адилетсиз практикалардан тазалоого жана туруктуу, чынчыл кызматташтыкты курууга багыт алдык. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрүбүздүн колдоосу менен бул кызматташтык системалуу жана узак мөөнөттүү мүнөздө болот деп ишенебиз», — деп белгиледи Каныбек Досмамбетов.

Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө даяр экенин, анын ичинде эл аралык стандарттарга ылайык сатып алууларды колдоо, жеткирүү чынжырларын башкаруу, санариптик чечимдер, фармакологиялык көзөмөл жана саламаттык сактоо тутумунун институционалдык потенциалын жогорулатуу багыттарында көмөк көрсөтүүнү ырастады.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун жоболорун ишке ашыруу боюнча биргелешкен ишти улантууга макулдашышты. Бул иш конкреттүү, өлчөнө турган натыйжаларга багытталып, дары-дармек коопсуздугун чыңдоого жана бейтаптардын кызыкчылыктарын коргоого кызмат кылмакчы.

25.12.2025
Медициналык 083 формадагы маалымкат алуудагы кезектер боюнча маалымат

Айдоочулук күбөлүк алуу же алмаштыруу үчүн зарыл болгон 083 формадагы медициналык маалымкатты алуу учурунда Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда адамдардын топтолушу тууралуу жарандардын кайрылууларына жана социалдык тармактардагы билдирүүлөргө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги учурдагы кырдаал боюнча түшүндүрмө берип, жарандарды медициналык уюмдардагы убактылуу жогорулаган жүккө түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.

Үй-бүлөлүк медицина борборлорунун жетекчилеринин маалыматына ылайык, акыркы апталарда жарандардын дал ушул 083 формадагы медициналык маалымкат боюнча кайрылуулары кескин көбөйгөн. Мурда мындай маалымкат алуу үчүн күнүнө орто эсеп менен 15–20 адам кайрылса, учурда кайрылуулар кыйла өсүп, айрым медициналык уюмдарда кезектердин жаралышына алып келди. Эгер сентябрь айында республика боюнча орто эсеп менен күнүнө 500гө жакын 083 формадагы медициналык маалымкат берилсе, декабрь айында бул көрсөткүч суткасына 3 миңге чейин жетип, Үй-бүлөлүк медицина борборлоруна түшкөн жүк дээрлик алты эсеге көбөйгөнүн көрсөтүүдө.

Ошол эле учурда Саламаттык сактоо министрлиги медициналык маалымкаттарды берүү штаттык режимде жүргүзүлүп жатканын, медициналык кызматкерлер кабыл алуудан баш тартпаганын жана кайрылган бардык жарандар белгиленген кезек тартибине ылайык кабыл алынып жатканын баса белгилейт.