Copyright: ©

Кыргызстан алыскы аймактарда медициналык тейлөөнү жакшыртуу үчүн санариптик саламаттыкты сактоо технологияларын киргизүүдө

27.01.2025 / Просмотров: 4980

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев баштаган Кыргызстандын делегациясы Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Москвага расмий иш сапары менен барды. Иш сапардын алкагында санариптик медицина тармагында алдыңкы чечимдерди иштеп чыгуучу SberMedAI компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу болду.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргызстанда компакттуу медициналык комплекстерди – «Санарип ФАПтарды» киргизүү чечими кабыл алынды. Бул приборлор заманбап диагностикалык жабдуулар, анын ичинде электрокардиографтар, пульсоксиметрлери, кан жана заара анализаторлору, ошондой эле алгачкы диагностика үчүн башка аспаптар менен жабдылган көчмө кейс. «Санариптик ФАПтар» квалификациялуу медициналык адистер жетишсиз болгон өлкөнүн алыскы жана жетүүгө кыйын аймактарында медициналык кызматтарга жеткиликтүүлүктү кыйла жакшыртат.

Кошумчалай кетсек, саламаттыкты сактоону санариптештирүүнүн алкагында бул жабдуулар иштелип жаткан Sanarip Clinic маалымат системасына, атап айтканда бейтаптын электрондук амбулаториялык картасы менен туташтырылат. Бул реалдуу убакыт тартибинде дарыгерлерди керектүү маалымат менен камсыз кылып, медициналык маалыматтарды эффективдүү башкарууга мүмкүндүк берет.

Программанын алкагында 200 «Санарип ФАПты» сатып алуу пландаштырылууда, алар өлкөнүн бардык аймактарына таркатылат.

«Мындай технологияларды ишке киргизүү алыскы аймактардагы бейтаптарды диагностикалоону жана дарылоону жакшыртууга мүмкүнчүлүк берет. Бул демилге Кыргыз Республикасында санариптик саламаттыкты сактоону өнүктүрүү жана баштапкы медициналык-санитардык жардам системасын чыңдоо стратегиясынын бир бөлүгү болуп калат”, - деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.

Жакынкы айларда аймактарга алгачкы комплекстердин жеткирилиши күтүлүүдө.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

07.02.2025
ЮНИСЕФ Саламаттык сактоо министрлигине 507 даана компьютер тапшырды

Бүгүн, 2025-жылдын 7-февралында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде министр Эркин Чечейбаев менен ЮНИСЕФтин өкүлү Самман Тапанын жолугушуусу болуп өттү. Жыйындын жүрүшүндө ЮНИСЕФ министрликке «iEMDOO» маалымат системасын ишке киргизүү үчүн 507 моноблок тапшырды. Бул система баштапкы медициналык-санитардык жардам деңгээлинде эмдөө программасына санариптик инструменттерди киргизүүгө, персоналдаштырылган эсепти жакшыртууга жана балдарды эмдөө менен камтууну жогорулатууга мүмкүндүк берет. Демилге Кыргызстанда баштапкы медициналык-санитардык жардамды модернизациялоого жана саламаттыкты сактоодо санариптик технологияларды өнүктүрүүгө багытталган.

 

Жолугушуунун жүрүшүндө ЮНИСЕФтин 2023-2027-жылдарга карата өлкө программасы да талкууланды. Самман Тапа Саламаттыкты сактоо министрлиги, ЮНИСЕФтин жүргүзүлүп жаткан иш-чаралары жана иш планы менен тыгыз кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилеп, уюмдун Кыргызстандагы балдардын ден соолугун, өнүгүүсүн жана бакубаттуулугун жакшыртууга умтулуусун баса белгиледи. Бул аракеттер бардык жарандардын өмүр бою негизги медициналык кызматтардын толук спектрин камтыган, финансылык кыйынчылыктарсыз сапаттуу медициналык тейлөөгө жетүүсүн камсыз кылууга багытталган.

 

«I-EMDOO» системасы Кыргызстандагы медициналык кызматтарды санариптештирүүдөгү олуттуу прогрессти билдирет. Эмдөөлөрдү каттоону толугу менен санариптештирүү менен система медициналык кызматкерлердин административдик жүгүн азайтат, бул аларга бейтаптарды тейлөөгө көбүрөөк көңүл бурууга жана коомдук саламаттыкты сактоонун алдын алуу чараларынын алкагында камтылбай калган балдарды жана калкты оңой көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет. Учурдагы саламаттык сактоо маалымат базалары жана платформалары менен интеграциялоо коомдук саламаттыкты сактоону эффективдүү башкаруу үчүн маанилүү болгон ар тараптуу жана так маалыматтарды чогултууну камсыздайт», - деди Самман Тапа.

«ЮНИСЕФтин Өкүлү Самман Тапа мырза менен жолугуп жатканыбызга кубанычтабыз жана Кыргызстанга, өзгөчө эне жана баланын саламаттыгы тармагында көрсөтүлүп келе жаткан колдоо үчүн терең ыраазычылык билдиребиз. Биздин кызматташтыгыбыз уланып, чыңдалып жатканы маанилүү. Өткөн жылы эле биз өлкөнүн саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүүдө олуттуу ролду ойногон 3 миллион долларга жакын жардам алдык. ЮНИСЕФтин COVID-19 пандемиясынын учурунда маанилүү болгон иммунизация системасын санариптештирүүгө кошкон салымы өзгөчө баалуу. Биз мындан ары жемиштүү өнөктөштүктү, анын ичинде техникалык колдоо жана эксперттик жардам маселелерин чыдамсыздык менен күтөбүз. Учурда биз саламаттыкты сактоо тутумундагы кырдаалга комплекстүү баа берүүнү жүргүзүп жатабыз жана бирдиктүү эксперттик топ түзүү үчүн эл аралык өнөктөштөрдүн, анын ичинде ЮНИСЕФтин, ДССУнун жана башка уюмдардын аракеттерин бириктиришибиз керек. Бул бизге Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагын мындан ары өнүктүрүү боюнча негиздүү сунуштарды иштеп чыгууга мүмкүндүк берет»,-деди КРнын саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев.

 

2025-жылы эмдөө процессин кагазсыз эсепке алууга толук өтүү үчүн шарттарды камсыз кылуу пландалып жатканын белгилейбиз. Бул үчүн бардык журналдарды жана эсепке алуу формаларын санариптештирүү, ошондой эле республика боюнча 1750гө жакын эмдөө пункттарында «iEMDOO» маалымат системасын киргизүү талап кылынат.

 

Маалымат үчүн:

Компьютерлер ЮНИСЕФтин аракеттеринин алкагында ГАВИ (Вакциналар жана иммунизация боюнча Глобалдык альянс) жана Канада Өкмөтүнүн колдоосу менен тапшырылды. Бул салым ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы саламаттыкты сактоо системасын чыңдоо боюнча жүргүзүп жаткан аракеттеринин бир бөлүгү болуп саналат. ЮНИСЕФ ГАВИ менен биргеликте жакында төрөт үйлөрүндөгү дагы бир маалыматтык система үчүн 117 компьютер, 9500дөн ашык жеке коргонуу каражаттары жана Саламаттык сактоо министрлигине вакциналарды ташуу үчүн 26 жол тандабас алып берген.

05.02.2025
КР Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев тармакты өнүктүрүү боюнча пландары менен бөлүштү

Бүгүн, 2025-жылдын 5-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин пленардык жыйынында Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев өз ишмердүүлүгүндөгү негизги багыттарды белгиледи:

«Мен саламаттык сактоо тутумун өнүктүрүүдө негизги деп эсептеген багыттарга токтолгум келет. Биринчи кезекте – бул башкаруу деңгээлиндеги системалуу коррупцияга каршы күрөш. Бул жөнөкөй дарыгерлерге эмес, чечим кабыл алган жетекчилерге, Саламаттык сактоо министрлигинин борбордук аппаратынын, республикалык медициналык уюмдардын жетекчилерине, башкы дарыгерлерге, мамлекеттик каражатты бөлүштүргөн жана сатып алууларды жүргүзгөн адамдарга тиешелүү. Коррупцияга каршы күрөш – менин ишмердүүлүгүмдөгү эң маанилүү багыттардын бири.

Экинчиден, калкты дары-дармектер жана медициналык буюмдар менен жеткиликтүү камсыздоо. Бул финансылык жактан гана эмес, физикалык жана географиялык жеткиликтүүлүктү да камтыйт. Айрыкча алыскы аймактардагы жарандар өздөрүнө керектүү дары-дармектерди оңой сатып ала алышы керек. Бул багытта Кыргызстанда азыр олуттуу көйгөйлөр бар.

Үчүнчүдөн, «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасы боюнча маселе. Дары-дармектердин баасын жөнгө салуу идеясы абдан жакшы, бирок аны ишке ашыруунун механизмдери жакшыртууну талап кылат. Алгач пилоттук долбоорлорду киргизип, бардык процесстерди так иштеп чыгуу зарыл. Медицина мекемелеринде дары-дармектердин жетишсиздиги болбошу керек, калк зарыл болгон медикаменттер менен камсыз болушу керек. Учурда биз кырдаалды талдап жатабыз, андан кийин өз сунуштарыбызды киргизебиз.

Төртүнчү багыт – стационардык кызматты чыңдоо. Ооруканаларды куруу, оңдоо жана заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздоо иштерин улантуу зарыл. Өлкө боюнча ооруканалардын абалы начар, жана биз муну өзгөртүшүбүз керек. Айрыкча алыскы аймактарда, райондордо жаңы клиникалар курулушу керек. Азыр клиникалар ар кандай фонддордун жана башка каржылык булактардын эсебинен курулууда, бул ишти күчөтүү керек.

Кадр маселеси дагы чоң көйгөй бойдон калууда. Медициналык адистердин жетишсиздиги аймактарда гана эмес, Бишкек жана Ош шаарларында да байкалууда. Бизге врачтар, орто медициналык кызматкерлер жетишпейт. Медициналык кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатуу бул көйгөйдү чечүүнүн негизги фактору болуп саналат. Биз буга байланыштуу комплекстүү анализ жүргүзүп жатабыз жана жакынкы убакта өз сунуштарыбызды киргизебиз.

Жана акыркы маанилүү маселе – бул оорулардын алдын алуу жана профилактиканы өнүктүрүү. Азыркы учурда саламаттык сактоо тутуму негизинен оорулардын кесепеттери менен күрөшүүгө багытталган. Бирок биз алдыбызга калктын орточо жашоо узактыгын жогорулатуу, улгайган адамдардын жашоо сапатын жакшыртуу сыяктуу башка максаттарды коюубуз керек. Пенсионерлер ооруканага барып убакыт өткөрбөстөн, дени сак жана активдүү жашоо кечириши керек. Бирок мунун баары профилактикага жетиштүү деңгээлде каржы бөлүүгө байланыштуу. Азыр саламаттык сактоо бюджетинин болгону 5% гана профилактикага жумшалат, биз бул көрсөткүчтү жогорулатышыбыз керек.

Жалпысынан, мен саламаттык сактоо тутумун өнүктүрүүдө төрт негизги багытты көрүп турам – коррупцияга каршы күрөш, медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгү, кадр саясаты жана профилактика», – деп билдирди Эркин Чечейбаев.

05.02.2025
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда операциялык зал, жандандыруу жана паллиативдик жардам бөлмөлөрү уюштурулду

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун балдар онкологиясы бөлүмүндө онкологиялык патологиясы бар балдар үчүн операциялык зал, жандандыруу жана паллиативдик жардам бөлмөлөрү ачылды. Мындай чаралар онкологиялык патологиясы бар балдарга адистештирилген медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын бир топ жакшыртат.

Химиотерапия же нур терапиясын алган балдардын өмүрүнө коркунуч туудурган кыйынчылыктар сейрек эмес. Алардын иммундук системалары бул дарылоо аркылуу басылып, инфекцияларга алсыз болуп калат. Ошондуктан, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында жаңы адистештирилген түзүмдөрдүн ачылышыизоляцияга алынган бейтаптарга күнү-түнү мониторинг жүргүзүүгө, инфекциялык оорлошууларды алдын алууга, начарлоонун алгачкы белгилерине ыкчам чара көрүүгө мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, балдар чоңдорго караганда респиратордук жардамга көбүрөөк муктаж.

Паллиативдик жардам негизги дарылоого толуктоо катары диагноз коюлган учурдан башталышы керек. Аны онкопатологиянын терминалдык баскычы менен гана байланыштыруу жаңылыштык. Мындай жардамдын негизги максаты - ыңгайлуу шарттарды түзүү, баланын жана үй-бүлөнүн жашоо сапатын жакшыртуу, физикалык, эмоционалдык жана социалдык кыйынчылыктарды жеңүүдө колдоо көрсөтүү. Изилдөөлөр паллиативдик кызматтарды эрте тартуу ата-энелердин тынчсыздануу жана депрессия деңгээлин азайтарын жана ооруканага шашылыш жаткырылгандардын санын азайтарын тастыктайт.

Бул түзүмдөрдү уюштуруу мультидисциплинардык бригаданы (онколог, реаниматолог, психолог, физиотерапевт жана социалдык кызматкер) жана кошумча каржылык чыгымдарды талап кылат.

Биз бул багытка инвестиция салуу медициналык гана зарылчылык эмес, ошондой эле аярлуу бейтаптар алдындагы коомчулуктун моралдык милдети деп эсептейбиз.