Copyright: ©
Жаңы жылдык эс алуу күндөрү республика боюнча медицина кызматкерлери кадимки режимде иштеп, 1 жана 7-январь дем алыш күндөрү нөөмөттө турушат
03.01.2025 / Просмотров: 11381
Антсе да, Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына кайрылуулардын агымы абдан көп, анын дээрлик 70%ы амбулатордук дарылануучулар. Буга байланыштуу жарандарды катталган жери боюнча үй-бүлөлүк медицина борборлоруна (ҮМБ) кайрылып, үй-бүлөлүк дарыгерлердин кеңешин алуусун суранабыз. Ооруканага жаткыруу талап кылынса, үй-бүлөлүк дарыгерлер ооруканага жолдомо беришет. Бул ооруканалардагы узун кезек күтүүнү жок кылып жана медициналык жардам көрсөтүү процессин тездетүүгө жардам берет.
2025-жылдын 2-январында РКЖООРнун кабыл алуу бөлүмүнө 281 адам кайрылган, алардын 93ү гана ооруканага жаткырылган, анын 87си балдар. 188 бейтап амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөн. Кыштын келиши менен курч респиратордук вирустук инфекциялар (КРВИ) көбөйүп, кызамык жана көк жөтөл менен ооругандар да бар. Күнү-түнү оорулуулардын агымы азайбайт.
500 орунга ылайыкташкан ооруканада 596 (багуучулары менен 1000ден ашык) адам бар. Ооруканага жаткырылгандардын арасында КРВИ менен 186, кызамык менен 216, вирустук гепатит менен 65 жана башка нозологиялар бар. КРВИ менен ооругандарды ооруканага жаткыруу үчүн 6 бөлүм, кызамык менен ооругандар үчүн 6 бөлүм, вирустук гепатит менен ооругандар үчүн 2 бөлүмдүн профили өзгөртүлдү. Реанимация бөлүмүндө 11 бейтап, кызамык менен ооруган 5 бала, өпкөнү жасалма желдетүү аппаратында эки бейтап жатат.
РКЖООнун медициналык кызматкерлери чоң жүктөм менен иштешет, бирок оорукана эч кимге жардам берүүдөн баш тартпайт. Күн сайын кабыл алуу бөлүмүндө 13 дарыгер иштейт. Белгилей кетүүчү нерсе, ар бир жугуштуу оору ар кандай мамилени талап кылат, ал эми кээ бир учурларда текшерүү жана кенеш берүү узагыраак убакытка созулушу мүмкүн. Биз жарандарды кезек күтүүгө түшүнүү менен мамиле кылууга чакырабыз.
Жарандар үчүн сунуштар:
1. Кеңеш алуу үчүн катталган жериңиздеги Үй-бүлөлүк медицина борборлоруна (ҮМБ) кайрылыңыз. Үй-бүлөлүк дарыгерлер зарыл болгон учурда, эгер бул чындап эле зарыл болсо, сизди ооруканага жөнөтүшөт.
2. Медицина кызматкерлеринин эмгегин урматтоого жана түшүнүүгө чакырабыз. Биз жарандарды чыр-чатактарды жаратпоого чакырабыз, анткени аны териштирүүгө кеткен ар бир көз ирмем башка бейтап үчүн өтө маанилүү болуп калышы мүмкүн.
3. Алдын алуу чараларын көрүңүз: эмдөө, гигиена, беткап кийүү жана оорулуулар менен байланышты чектөө инфекциялардын жайылышын алдын алуу үчүн маанилүү чаралар болуп саналат.
Прикрепленные файлы:
Другие Новости
29.12.2025
Жаңы жылдык майрам жана дем алыш күндөрү саламаттык сактоо уюмдарынын иш тартиби
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги майрам жана дем алыш күндөрүндө саламаттык сактоо уюмдарынын иштөө тартиби тууралуу маалымдайт.
Медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана үзгүлтүксүз көрсөтүлүшүн камсыз кылуу максатында 2025-жылдын 30–31-декабрында республика боюнча бардык медициналык уюмдарда күчөтүлгөн иш тартиби камсыздалат. Бул күндөрү медициналык кызматкерлердин кошумча нөөмөттөрү уюштурулуп, кызматтардын жогорку даярдыгы камсыз кылынат, ошондой эле калкка шашылыш жана тез жардам көрсөтүү үзгүлтүксүз жүргүзүлөт.
2026-жылдын 1-9-январь аралыгында, жаңы жылдык каникул күндөрүндө, саламаттык сактоо уюмдары белгиленген тартипте иштеп, жооптуу кызматкерлердин нөөмөттөрү уюштурулат. Медициналык мекемелерде күнү-түнү тез жардам көрсөтүү камсыздалып, шашылыш дарылоого муктаж бейтаптарды жаткыруу үчүн керебеттердин резерви түзүлөт. Ошондой эле зарыл болгон дары-дармектердин, медициналык буюмдардын, кан компоненттеринин жана алардын резервдеринин жетиштүүлүгү камсыздалат.
Амбулатордук деңгээлде — үй-бүлөлүк медицина борборлорунда, жалпы дарыгердик практика борборлорунда жана үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунда — 1–9-январь күндөрү үй-бүлөлүк дарыгердин, үй-бүлөлүк медайымдын жана каттоо бөлүмүнүн нөөмөттөрү 08:00дөн 18:00гө чейин, ал эми дарылоо кабинеттери 14:00гө чейин иштейт.
Тез жардам кызматы Бишкек жана Ош шаарларында, ошондой эле өлкөнүн бардык аймактарында демалышсыз, күнү-түнү иштейт. Мындан тышкары, санитардык авиациянын үзгүлтүксүз иши, санитардык-эпидемиологиялык кызматтын адистеринин жана лабораториялардын нөөмөтү майрамдык жана дем алыш күндөрү да камсыздалат.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жаңы жылдык майрамдар мезгилинде калкка медициналык жардам толук көлөмдө көрсөтүлөрүн белгилеп, жарандарды зарыл болгон учурда медициналык уюмдарга өз убагында кайрылууга чакырат.
26.12.2025
Дары-дармектерге жеткиликтүүлүк жана ачык-айкын сатып алуулар: КР Саламаттык сактоо министрлиги БУУнун тутумундагы уюмдар менен кызматташуунун артыкчылыктарын талкуулады
2025-жылдын 26-декабрында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов Бириккен Улуттар Уюмунун тутумуна кирген уюмдардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрүп, анда колдонулуп жаткан Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун алкагында дары-дармек менен камсыздоо маселелери талкууланды.
Талкуунун жүрүшүндө тараптар дары-дармек менен камсыздоо жаатындагы кызматташуунун негизги багыттарына — улуттук жөнгө салуу тутумун чыңдоо, өмүр үчүн зарыл дары-дармектерге жеткиликтүүлүктү кеңейтүү, сатып алуулардагы ачык-айкындуулукту жогорулатуу жана жеткирүү чынжырларынын туруктуулугун камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурушту.
Министр сапаттуу дары-дармектерге адилеттүү жана туруктуу жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу саламаттык сактоо тармагындагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин жана бул Туруктуу өнүгүү максаттарына, айрыкча «Чың ден соолук жана бакубаттуулук» максатына жетүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин баса белгиледи.
Өзүнчө көңүл сатып алуулардагы ачык-айкындуулукка жана коррупциялык тобокелдиктерди алдын алууга бурулду. Каныбек Досмамбетов системалуу өзгөрүүлөрдүн зарылдыгын белгилеп, алар адилетсиз практикаларды четтетүүгө жана бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга багытталышы керектигин айтты.
«Мамлекет жыл сайын дары-дармек сатып алууга олуттуу каражаттарды багыттайт, биздин милдет — бул ресурстарды мүмкүн болушунча ачык-айкын жана рационалдуу пайдаланууну камсыз кылуу. Биз сатып алуулар тармагында тартипти катуу орнотууга, системаны адилетсиз практикалардан тазалоого жана туруктуу, чынчыл кызматташтыкты курууга багыт алдык. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрүбүздүн колдоосу менен бул кызматташтык системалуу жана узак мөөнөттүү мүнөздө болот деп ишенебиз», — деп белгиледи Каныбек Досмамбетов.
Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө даяр экенин, анын ичинде эл аралык стандарттарга ылайык сатып алууларды колдоо, жеткирүү чынжырларын башкаруу, санариптик чечимдер, фармакологиялык көзөмөл жана саламаттык сактоо тутумунун институционалдык потенциалын жогорулатуу багыттарында көмөк көрсөтүүнү ырастады.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун жоболорун ишке ашыруу боюнча биргелешкен ишти улантууга макулдашышты. Бул иш конкреттүү, өлчөнө турган натыйжаларга багытталып, дары-дармек коопсуздугун чыңдоого жана бейтаптардын кызыкчылыктарын коргоого кызмат кылмакчы.
25.12.2025
Медициналык 083 формадагы маалымкат алуудагы кезектер боюнча маалымат
Айдоочулук күбөлүк алуу же алмаштыруу үчүн зарыл болгон 083 формадагы медициналык маалымкатты алуу учурунда Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда адамдардын топтолушу тууралуу жарандардын кайрылууларына жана социалдык тармактардагы билдирүүлөргө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги учурдагы кырдаал боюнча түшүндүрмө берип, жарандарды медициналык уюмдардагы убактылуу жогорулаган жүккө түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.
Үй-бүлөлүк медицина борборлорунун жетекчилеринин маалыматына ылайык, акыркы апталарда жарандардын дал ушул 083 формадагы медициналык маалымкат боюнча кайрылуулары кескин көбөйгөн. Мурда мындай маалымкат алуу үчүн күнүнө орто эсеп менен 15–20 адам кайрылса, учурда кайрылуулар кыйла өсүп, айрым медициналык уюмдарда кезектердин жаралышына алып келди. Эгер сентябрь айында республика боюнча орто эсеп менен күнүнө 500гө жакын 083 формадагы медициналык маалымкат берилсе, декабрь айында бул көрсөткүч суткасына 3 миңге чейин жетип, Үй-бүлөлүк медицина борборлоруна түшкөн жүк дээрлик алты эсеге көбөйгөнүн көрсөтүүдө.
Ошол эле учурда Саламаттык сактоо министрлиги медициналык маалымкаттарды берүү штаттык режимде жүргүзүлүп жатканын, медициналык кызматкерлер кабыл алуудан баш тартпаганын жана кайрылган бардык жарандар белгиленген кезек тартибине ылайык кабыл алынып жатканын баса белгилейт.