«118» кызматы Кыргызстандын бардык облустарында 7 колл-борбор ачат
09.06.2022 / Просмотров: 1505
«Сорос-Кыргызстан» фонду 2022-жылдын 2-июнунда ПРООН жана Корея эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) колдоосу менен республика боюнча иштин сапатын жакшыртуу жана географиялык жактан кеңейтүү үчүн «118 тынымсыз байланыш» кызматын жалпы суммасы 1,9 млн сомго жаңы жабдуулар менен камсыз кылат. Эми COVID-19 пандемиясы учурунда жүз миңдеген кыргызстандыктарга жардам көрсөткөн бул кызмат өлкөнүн бардык аймактарында иштеп, телефон аркылуу алгачкы медициналык кеңештерди берет.
Комплекстүү жардам «118 тынымсыз байланыш» кызматын зарыл техника (компьютер жабдуулары, монитор, Wi-Fi роутер, смартфон, лицензиясы бар программалык камсыздоо, көп функционаджуу түзүлүштөр) менен толук жабдууну, ошондой эле адистердин тобун даярдоодо жана ишти системалаштырууда консультациялык колдоо көрсөтүү, анын ичинде тренингдер, мониторинг жана процесстерди колдоону камтыйт. Мындан тышкары, эл аралык донорлор 2022-жылдын аягына чейин 15 оператордун (региондордо 7 оператор жана Бишкек шаарында 8 оператор) эмгек акы фондун колдоого каражат бөлөт. Зарыл болгон учурда кошумча операторлор тартылат.
«Бул жабдууларды жеткирүү меморандумдун алкагында ишке ашырылды, ага ылайык, «Сорос-Кыргызстан» Фонду ПРООН жана Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттиги эл аралык донорлордун колдоосу менен «118 ыкчам байланыш» кызматын жабдууларын жаңыртууга көмөктөшүүдө. Бул кызмат COVID-19 пандемиясынын учурунда өзүн абдан жакшы көрсөтө алды. Бул кызматтын аркасында миңдеген жарандарыбыз тез арада кеңеш ала алышты. Жана бул кызмат өз убагында уюштурулуп, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрүбүздүн колдоосу менен калкыбыздын жыргалчылыгы үчүн иштегенине абдан ыраазыбыз. Ал эми учурда бул кызматты кеңейтүү жана күчөтүү маселеси турат. Азыр коронавирустук инфекция боюнча эпидемиологиялык абал туруктуу, бирок биз келечекте боло турган бардык чакырыктарга дайыма даяр болушубуз керек. Чет өлкөлөрдө катталган маймыл чечеги, COVID-19 инфекциясынын жаңы штаммдарынын пайда болуу мүмкүнчүлүгү сыяктуу чакырыктарга даярдык көрүү үчүн, биздин эл аралык өнөктөштөр «118 ыкчам байланыш» кызматын жабдууларын жаңыртууга жана бекемдөөгө жардам берүүнү улантууда. КР Саламаттыкты сактоо министрлиги биздин өнөктөштөр тарабынан көрсөтүлгөн техникалык жана каржылык колдоо үчүн терең ыраазычылык билдирет”, -деди КР Саламаттык сактоо министринин убактылуу милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков.
«Биздин ПРООН жана KOICA өнөктөштөрүбүз тарабынан бөлүнгөн финансылык жардам үчүн биз сунуштоочулар арасында тендер өткөрүп, эң жакшы шарттарды таптык, натыйжада акча олуттуу үнөмдөлдү. Ошентип, биз 6 кошумча жабдууну сатып алдык, бул бизге өлкөнүн бардык 7 областында, ошондой эле Бишкек шаарында иштөөгө мүмкүндүк берет», - дейт «Сорос-Кыргызстан» фондунун Коомдук саламаттыкты сактоо программасынын директору Илимбек Садыков.
Буга чейин аталган демилгени ишке ашыруу үчүн Бишкек шаарынын Шаардык саламаттык сактоо башкармалыгы жана «Сорос-Кыргызстан» фонду «Маалыматтарга негизделген 118 тынымсыз байланыш аркылуу COVID-19га каршы аракеттенүүнү колдоо» долбоорунун алкагында кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшкан, ага ылайык мамлекет «118 тынымсыз байланыш» кызматын кайра түзүү үчүн кайтарымсыз финансылык жана техникалык жардам алат.
Кыргыз Республикасындагы KOICA өкүлчүлүгүнүн башчысы Джонгсу Ли белгилегендей: «KOICA COVID-19 пандемиясынан улам курчуп кеткен теңсиздикти жоюу жана Кыргыз Республикасындагы аярлуу топко колдоо көрсөтүү үчүн өнөктөш уюмдарды колдоону кеңейтти».
«118 тынымсыз байланыш» кызматы толук ишке киргендей кийин элге консультациялык жардам кеңири түрдө жеткиликтүү болот, анын ичинде:
- Алгачкы медициналык-санитардык уюмдарга «118 тынымсыз байланыш», интернет-байланыш же почта аркылуу келип түшкөн кайрылууларды/чалууларды кабыл алуу;
- Bitrix системасынын маалыматтар базасында электрондук журналга жарандардын кайрылууларын/чалууларын каттоо;
- Бейтаптар сурап жаткан COVID-19 жана башка ооруларга (гипертония оорулары, жүрөк-кан тамыр оорулары, эндокриндик оорулар, жугуштуу оорулар жана коопсуз жүрүм-турум боюнча чаралар) байланыштуу маалымат берүү, соматикалык оорулар боюнча алгачкы консультация берүү, белгиленген форма боюнча эпиданамнезди чогултуу, электрондук анкетаны толтуруу, үй-бүлөлүк дарыгерлер жана алардын иш графиги боюнча жумушка тийиштүү маалымат берүү;
- * Бейтаптын абалына он-лайн режиминде тез клиникалык баа берүү жана бейтаптын тактикасын чечкен көчмө амбулатордук кызматка же үй-бүлөлүк дарыгерге маалымат берүү: өзүн-өзү изоляциялоо, көчмө амбулатордук кызматты жөнөтүү же кайрылуу себебине жараша адиске кайрылуу;
- Мобилдик командалардын чыгуусу боюнча кайрылуулардын өз убагында каралышын контролдоону камсыз кылуу ж. б.
- ###
Маалымдама: COVID-19 пандемиясы социалдык чөйрөгө да, экономикага да катуу сокку урду. Бирок, саламаттыкты сактоо тутумуна ашыкча күч келгендиктен жана калктын медициналык кызматтарга жеткиликтүүлүгүн толук камсыздай албагандыктан зыян тартты. Бишкек шаарынын мэриясы, «Сорос-Кыргызстан» фонду, Швейцария медициналык билим берүүнү реформалоо долбоору (MERP) өнөктөштүгү жана Кыргыз Республикасындагы ПРООНдун өлкөлүк кеңсесинин андан ары колдоосу менен түзүлгөн «118 тынымсыз байланыш кызматы оорулууларга консультация берүү функциясын аткаруу менен бейтаптарды бөлүштүрүү ишинде алгачкы медициналык жардам тутумуна чоң жардам көрсөттү. Тажрыйба көрсөткөндөй, адамдар медициналык жардам алуу үчүн тийиштүү уюмдарга кайрылышат, бирок көп сандагы бейтаптарга күн сайын жардам көрсөтүү үчүн ресурс жетишсиз.
«Сорос-Кыргызстан» фонду 2020-жылдын март айынан сентябрь айы аралыгында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы, Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институту жана Швейцария Элчилигинин MER долбоору менен тыгыз кызматташтыкта «COVID-19га өзүн-өзү диагностикалоо боюнча 118 тынымсыз байланыш» уникалдуу улуттук долбоорго 46 000 АКШ доллары суммасында техникалык жана финансылык колдоо көрсөткөн. Бул убакыт аралыгында 8 колл-борбор бардык областык борборлордо жана Бишкек шаарында COVID-19 маселеси боюнча кайрылган 180000 ашуун жаранга квалификациялык шашылыш медициналык-консультациялык жардам көрсөткөн.
2021-жылы жаздын аягы жай айларынын башында ПРООНдун финансылык колдоосу менен работа «118 тынымсыз байланыш» кызматынын иши күчөтүлгөн. Өлкө боюнча 8 колл-борбор ишке кирип, 2021-жылдын июль айында 45 оператор, август айында 32 оператор ишке тартылган. Колл-борбордун операторлору теле-консультация берүү, COVID-19 менен ооругандарга жардам берүү, вакцинация маселеси, жугуштуу оорууларды алдын алуу, мобилдик командалар менен байланышуу боюнча окутулган. «118» колл-борбору Бишкек шаарында калкка күнү-түнү кызмат көрсөткөн, ал эми облустук борборлордо жайгашкан колл-борборлор саат 9:00 дөн 20:00 гө чейин кызмат көрсөтүшкөн.
Эки ай ичинде саламаттыкты сактоонун улуттук тутумуна COVID-19 боюнча консультация берүү боюнча көмөктөшүүнүн алкагында 94 299 жарандын кайрылуусу каралган. Бул көрсөткүч 100 000ге жакын жаранга стационарга чейин эле жардам бергендигин ырастайт, анын натыйжасында саламаттыкты сактоо уюмдарына болгон оорчулук жеңилдеген. Алардын ичинен 81 121 жаранга алгачкы консультация берилген. COVID-19 катталган 13 178 учурга үй-бүлөлүк медицина борборлорунан мобилдик командалар жиберилген.
Прикрепленные файлы:
Другие Новости
29.12.2025
Жаңы жылдык майрам жана дем алыш күндөрү саламаттык сактоо уюмдарынын иш тартиби
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги майрам жана дем алыш күндөрүндө саламаттык сактоо уюмдарынын иштөө тартиби тууралуу маалымдайт.
Медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана үзгүлтүксүз көрсөтүлүшүн камсыз кылуу максатында 2025-жылдын 30–31-декабрында республика боюнча бардык медициналык уюмдарда күчөтүлгөн иш тартиби камсыздалат. Бул күндөрү медициналык кызматкерлердин кошумча нөөмөттөрү уюштурулуп, кызматтардын жогорку даярдыгы камсыз кылынат, ошондой эле калкка шашылыш жана тез жардам көрсөтүү үзгүлтүксүз жүргүзүлөт.
2026-жылдын 1-9-январь аралыгында, жаңы жылдык каникул күндөрүндө, саламаттык сактоо уюмдары белгиленген тартипте иштеп, жооптуу кызматкерлердин нөөмөттөрү уюштурулат. Медициналык мекемелерде күнү-түнү тез жардам көрсөтүү камсыздалып, шашылыш дарылоого муктаж бейтаптарды жаткыруу үчүн керебеттердин резерви түзүлөт. Ошондой эле зарыл болгон дары-дармектердин, медициналык буюмдардын, кан компоненттеринин жана алардын резервдеринин жетиштүүлүгү камсыздалат.
Амбулатордук деңгээлде — үй-бүлөлүк медицина борборлорунда, жалпы дарыгердик практика борборлорунда жана үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунда — 1–9-январь күндөрү үй-бүлөлүк дарыгердин, үй-бүлөлүк медайымдын жана каттоо бөлүмүнүн нөөмөттөрү 08:00дөн 18:00гө чейин, ал эми дарылоо кабинеттери 14:00гө чейин иштейт.
Тез жардам кызматы Бишкек жана Ош шаарларында, ошондой эле өлкөнүн бардык аймактарында демалышсыз, күнү-түнү иштейт. Мындан тышкары, санитардык авиациянын үзгүлтүксүз иши, санитардык-эпидемиологиялык кызматтын адистеринин жана лабораториялардын нөөмөтү майрамдык жана дем алыш күндөрү да камсыздалат.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жаңы жылдык майрамдар мезгилинде калкка медициналык жардам толук көлөмдө көрсөтүлөрүн белгилеп, жарандарды зарыл болгон учурда медициналык уюмдарга өз убагында кайрылууга чакырат.
26.12.2025
Дары-дармектерге жеткиликтүүлүк жана ачык-айкын сатып алуулар: КР Саламаттык сактоо министрлиги БУУнун тутумундагы уюмдар менен кызматташуунун артыкчылыктарын талкуулады
2025-жылдын 26-декабрында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов Бириккен Улуттар Уюмунун тутумуна кирген уюмдардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрүп, анда колдонулуп жаткан Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун алкагында дары-дармек менен камсыздоо маселелери талкууланды.
Талкуунун жүрүшүндө тараптар дары-дармек менен камсыздоо жаатындагы кызматташуунун негизги багыттарына — улуттук жөнгө салуу тутумун чыңдоо, өмүр үчүн зарыл дары-дармектерге жеткиликтүүлүктү кеңейтүү, сатып алуулардагы ачык-айкындуулукту жогорулатуу жана жеткирүү чынжырларынын туруктуулугун камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурушту.
Министр сапаттуу дары-дармектерге адилеттүү жана туруктуу жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу саламаттык сактоо тармагындагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин жана бул Туруктуу өнүгүү максаттарына, айрыкча «Чың ден соолук жана бакубаттуулук» максатына жетүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин баса белгиледи.
Өзүнчө көңүл сатып алуулардагы ачык-айкындуулукка жана коррупциялык тобокелдиктерди алдын алууга бурулду. Каныбек Досмамбетов системалуу өзгөрүүлөрдүн зарылдыгын белгилеп, алар адилетсиз практикаларды четтетүүгө жана бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга багытталышы керектигин айтты.
«Мамлекет жыл сайын дары-дармек сатып алууга олуттуу каражаттарды багыттайт, биздин милдет — бул ресурстарды мүмкүн болушунча ачык-айкын жана рационалдуу пайдаланууну камсыз кылуу. Биз сатып алуулар тармагында тартипти катуу орнотууга, системаны адилетсиз практикалардан тазалоого жана туруктуу, чынчыл кызматташтыкты курууга багыт алдык. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрүбүздүн колдоосу менен бул кызматташтык системалуу жана узак мөөнөттүү мүнөздө болот деп ишенебиз», — деп белгиледи Каныбек Досмамбетов.
Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө даяр экенин, анын ичинде эл аралык стандарттарга ылайык сатып алууларды колдоо, жеткирүү чынжырларын башкаруу, санариптик чечимдер, фармакологиялык көзөмөл жана саламаттык сактоо тутумунун институционалдык потенциалын жогорулатуу багыттарында көмөк көрсөтүүнү ырастады.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун жоболорун ишке ашыруу боюнча биргелешкен ишти улантууга макулдашышты. Бул иш конкреттүү, өлчөнө турган натыйжаларга багытталып, дары-дармек коопсуздугун чыңдоого жана бейтаптардын кызыкчылыктарын коргоого кызмат кылмакчы.
25.12.2025
Кыргызстанда 2026-жылы ажылыкка зыярат кылуучуларга эмдөө иш-чаралары уюштурулду
Санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана жугуштуу оорулардын жайылышын алдын алуу максатында, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан 2026-жылы Меккеге ажылык сапарга баруучу жарандарды профилактикалык эмдөөнү жүргүзүү уюштурду.
Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин бекитилген буйругуна ылайык, бардык зыяратчылар менингококк инфекциясына, ошондой эле сезондук сасык тумоого каршы эмдөөдөн өтүшү керек. Бул чаралар эл аралык саламаттыкты сактоо жана санитардык талаптарга жооп берет жана ажылыкка кирүү үчүн милдеттүү талап болуп саналат.
Эмдөөлөр 2025-жылдын 23-декабрынан 30-декабрына чейин республиканын бардык аймактарындагы саламаттык сактоо уюмдарында 1-таблицага ылайык жүргүзүлөт, милдеттүү түрдө алдын ала медициналык кароодон өтүшөт. Эмдөөлөр бардык коопсуздук талаптарына, «муздак чынжырча» стандарттарына жана инфекцияны көзөмөлдөө эрежелерине жооп берет.
1-таблица
2026-жылдагы ажылык сапарга баруучуларга эмдөө жүргүзүлгөн жерлердин тизмеси
| № | Аймактар | Вакцинацияланган жер |
| 1 | Ош облусу жана Ош шаары | №8 ΥМБ Ош областтык жана Ош ш. эмдөө кабинети, Ж.Райымбекова көч. №22 |
| 3 | Жалал-Абад облусу | Манас шаары, Курманбек көчөсү, №13, №2 ҮДТнын эмдөө кабинети |
| 4 | Баткен облусу | Баткен облусунун ҮМБ эмдөө кабинети, Султанмурат көчөсү, Мин башы №14 |
| 5 | Талас облусу | Талас шаары, областык ҮМБ эмдөө кабинети, Бердике Баатыр көчөсү №293 |
| 6 | Ысык-Көл облусу | Каракол шаары, областык ҮМБ, Абдрахманов көчөсү, № 121 |
| 7 | Нарын облусу | Нарын шаары, областык ҮМБ, эмдөө кабинети Качкынов көчөсү №5 |
| 8 | Чуйская аймак | -ЖДПБ Кант шаары, Ысык-Ата району, көч. Иманкулова №6. - ҮДТ Военно-Антоновка, Сокулук району, Фрунзе көчөсү б/н |
| 9 | Бишкек | Бишкек шаары, №5 ҮМБнын эмдөө кабинети, Курманжан Датка көчөсү, №109а |
Бардык катышкан саламаттыкты сактоо уюмдары эмдөө үчүн зарыл болгон вакциналар жана каражаттар менен камсыздалган. Эмдөө аяктагандан кийин ар бир зыяратчы белгиленген үлгүдөгү эмдөө сертификатын алат жана маалымат электрондук эмдөөнү каттоо системасына киргизилет.
Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги 2026-жылы ажылыкка барууну пландап жаткан жарандарды белгиленген эмдөө пункттарында өз убагында медициналык кароодон жана эмдөөдөн өтүүгө чакырат. Бул чараларды сактоо зыяратчылардын ден соолугун коргоо жана өлкөгө жугуштуу оорулардын киришинин алдын алуу үчүн абдан маанилүү.