Министрдин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин саламаттыкты сактоо министрлеринин жыйынына катышты

08.06.2022 / Просмотров: 1553

Бүгүн, 2022-жылдын 8-июнунда, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин саламаттыкты сактоо министрлеринин видеоконференция форматында өткөн жыйынына катышты.

 

Жыйынды Өзбекстан Республикасынын саламаттыкты сактоо министри Бехзод Мусаев алып барды.

 

Саламаттыкты сактоо министрлеринин жыйынынын негизи “COVID-19 пандемиясынын учурунда сапаттуу медициналык жардамга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү боюнча биргелешкен күч-аракеттерди бириктирүү” темасындагы маселелерди талкуулоо болду.

 

Күн тартибинде сапаттуу медициналык тейлөөгө жеткиликтүүлүктү кеңейтүү боюнча биргелешкен күч-аракеттерди консолидациялоо боюнча; салттуу (элдик) медицинаны заманбап саламаттык сактоо системаларына интеграциялоо; жугуштуу эмес оорулардын коркунучун төмөндөтүү: баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрү; ШКУга мүчө-мамлекеттердин телемедицина жаатында кызматташуу Концепциясынын долбоору жөнүндө; жугуштуу оорулардын алдын алуу жана дарылоо боюнча ШКУга мүчө мамлекеттердин медициналык уюмдарынын ортосундагы кызматташуунун Жол картасы жөнүндө маселелер каралды.

 

Жыйында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков министрлик тарабынан калк саламаттыгынын көрсөткүчтөрүн максималдуу жакшыртууга максатталып,калктын ден соолугуна жана адамдарга багытталган сапаттуу кызматтарды көрсөтүүнү өмүр бою камсыз кылуучу системаларды чыңдоо, ден соолук боюнча теңсиздикти азайтуу, финансылык коргоону камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. «Өлкө адилеттүү жана туруктуу саламаттык сактоо системасын түзүү жана бекемдөө боюнча милдеттерди чечүүгө карай алдыга жылат. Сапаттуу жана жеткиликтүү медициналык кызматтарды көрсөтүү үчүн телемедициналык кызматтарды андан ары киргизүү, баштапкы медициналык-санитардык жардамдын деңгээлинде саламаттыкты сактоо системасын бекемдөө жана калктын ден соолугун чыңдоо дагы эле өтө актуалдуу маселе экендигине терең ишенебиз, андыктан ШКУга мүчө мамлекеттер үчүн чоң мааниге ээ. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Шанхай кызматташтык уюмуна кирген мамлекеттердин министрликтери менен мындан ары да тыгыз жана жемиштүү кызматташууну улантат”, - деди Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары Жаркынбек Касымбеков.

 

 

 

Маалымат үчүн:

 

 

 

Пикир алмашуунун жыйынтыгы боюнча Тараптар төмөнкү багыттар боюнча өз ара аракеттенүүнү улантуунун максатка ылайыктуулугун моюнга алышты:

 

- ШКУга мүчө мамлекеттердин калкынын сапаттуу медициналык жардамга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү боюнча биргелешкен күч-аракеттерди бириктирүү;

 

- саламаттык сактоонун туруктуу системаларынын негизи катары баштапкы медициналык-санитардык жардамды өнүктүрүү боюнча кызматташууга түрткү берүү жана ШКУга мүчө мамлекеттерде жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулардын жайылышына каршы күрөшүү;

 

- жугуштуу эмес ооруларды эрте аныктоо жана алдын алуу, дарылоо жана реабилитациялоо жаатында тажрыйба алмашуу;

 

- аялдардын жана балдардын медициналык комплекстүү кызматтарга заманбап жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу аркылуу репродуктивдүү саламаттыкты сактоо багытында саламаттык сактоо тутумдарынын потенциалын чыңдоо;

 

- ШКУга мүчө-мамлекеттердин алдынкы медициналык борборлорунун ортосунда инфекциялык оорулардын алдын алуу жана дарылоо, КОВИДден кийинки реабилитациялоо жаатында кызматташууну чыңдоо;

 

- эмдөө сертификаттарын өз ара таануу жаатында кызматташууга көмөктөшүү;

 

- коронавирус инфекциясын (COVID-19) диагностикалоо, дарылоо жана алдын алуу боюнча алдыңкы тажрыйбаларды алмашуу жана анын жайылышын алдын алуу боюнча күч-аракеттерди бириктирүү;

 

- ШКУга мүчө-мамлекеттердин стратегияларын, артыкчылыктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен коомдук саламаттык сактоо системасын, ошондой эле телемедициналык технологияларды колдонуу чөйрөсүндө күч-аракеттерди бириктирүү;

 

- ШКУга мүчө-мамлекеттердин ортосундагы элдик (салттуу) медицина тармагында кызматташууга жана мамилелерди шайкеш келтирүүгө көмөктөшүү;

 

- саламаттыкты сактоо тармагында ШКУга мүчө мамлекеттердин кызматташтыгын кеңейтүү, ошондой эле медициналык, фармацевтикалык жана санитардык-эпидемиологиялык кызматтардын адистеринин квалификациясын жогорулатуу.

 

Тараптар ошондой эле эксперттик деңгээлде даярдалган ШКУга мүчө мамлекеттердин телемедицина чөйрөсүндөгү кызматташуу Концепциясынын жана ШКУга мүчө мамлекеттердин медициналык уюмдарынын инфекциялык оорулардын алдын алуу жана дарылоо боюнча кызматташуусу боюнча Жол картасынын долбоорлорун карап, жактырышты.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

29.12.2025
Жаңы жылдык майрам жана дем алыш күндөрү саламаттык сактоо уюмдарынын иш тартиби

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги майрам жана дем алыш күндөрүндө саламаттык сактоо уюмдарынын иштөө тартиби тууралуу маалымдайт.

Медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана үзгүлтүксүз көрсөтүлүшүн камсыз кылуу максатында 2025-жылдын 30–31-декабрында республика боюнча бардык медициналык уюмдарда күчөтүлгөн иш тартиби камсыздалат. Бул күндөрү медициналык кызматкерлердин кошумча нөөмөттөрү уюштурулуп, кызматтардын жогорку даярдыгы камсыз кылынат, ошондой эле калкка шашылыш жана тез жардам көрсөтүү үзгүлтүксүз жүргүзүлөт.

2026-жылдын 1-9-январь аралыгында, жаңы жылдык каникул күндөрүндө, саламаттык сактоо уюмдары белгиленген тартипте иштеп, жооптуу кызматкерлердин нөөмөттөрү уюштурулат. Медициналык мекемелерде күнү-түнү тез жардам көрсөтүү камсыздалып, шашылыш дарылоого муктаж бейтаптарды жаткыруу үчүн керебеттердин резерви түзүлөт. Ошондой эле зарыл болгон дары-дармектердин, медициналык буюмдардын, кан компоненттеринин жана алардын резервдеринин жетиштүүлүгү камсыздалат.

Амбулатордук деңгээлде — үй-бүлөлүк медицина борборлорунда, жалпы дарыгердик практика борборлорунда жана үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунда — 1–9-январь күндөрү үй-бүлөлүк дарыгердин, үй-бүлөлүк медайымдын жана каттоо бөлүмүнүн нөөмөттөрү 08:00дөн 18:00гө чейин, ал эми дарылоо кабинеттери 14:00гө чейин иштейт.

Тез жардам кызматы Бишкек жана Ош шаарларында, ошондой эле өлкөнүн бардык аймактарында демалышсыз, күнү-түнү иштейт. Мындан тышкары, санитардык авиациянын үзгүлтүксүз иши, санитардык-эпидемиологиялык кызматтын адистеринин жана лабораториялардын нөөмөтү майрамдык жана дем алыш күндөрү да камсыздалат.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жаңы жылдык майрамдар мезгилинде калкка медициналык жардам толук көлөмдө көрсөтүлөрүн белгилеп, жарандарды зарыл болгон учурда медициналык уюмдарга өз убагында кайрылууга чакырат.

 

26.12.2025
Дары-дармектерге жеткиликтүүлүк жана ачык-айкын сатып алуулар: КР Саламаттык сактоо министрлиги БУУнун тутумундагы уюмдар менен кызматташуунун артыкчылыктарын талкуулады

2025-жылдын 26-декабрында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов Бириккен Улуттар Уюмунун тутумуна кирген уюмдардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрүп, анда колдонулуп жаткан Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун алкагында дары-дармек менен камсыздоо маселелери талкууланды.

Талкуунун жүрүшүндө тараптар дары-дармек менен камсыздоо жаатындагы кызматташуунун негизги багыттарына — улуттук жөнгө салуу тутумун чыңдоо, өмүр үчүн зарыл дары-дармектерге жеткиликтүүлүктү кеңейтүү, сатып алуулардагы ачык-айкындуулукту жогорулатуу жана жеткирүү чынжырларынын туруктуулугун камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурушту.

Министр сапаттуу дары-дармектерге адилеттүү жана туруктуу жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу саламаттык сактоо тармагындагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин жана бул Туруктуу өнүгүү максаттарына, айрыкча «Чың ден соолук жана бакубаттуулук» максатына жетүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин баса белгиледи.

Өзүнчө көңүл сатып алуулардагы ачык-айкындуулукка жана коррупциялык тобокелдиктерди алдын алууга бурулду. Каныбек Досмамбетов системалуу өзгөрүүлөрдүн зарылдыгын белгилеп, алар адилетсиз практикаларды четтетүүгө жана бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга багытталышы керектигин айтты.

«Мамлекет жыл сайын дары-дармек сатып алууга олуттуу каражаттарды багыттайт, биздин милдет — бул ресурстарды мүмкүн болушунча ачык-айкын жана рационалдуу пайдаланууну камсыз кылуу. Биз сатып алуулар тармагында тартипти катуу орнотууга, системаны адилетсиз практикалардан тазалоого жана туруктуу, чынчыл кызматташтыкты курууга багыт алдык. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрүбүздүн колдоосу менен бул кызматташтык системалуу жана узак мөөнөттүү мүнөздө болот деп ишенебиз», — деп белгиледи Каныбек Досмамбетов.

Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө даяр экенин, анын ичинде эл аралык стандарттарга ылайык сатып алууларды колдоо, жеткирүү чынжырларын башкаруу, санариптик чечимдер, фармакологиялык көзөмөл жана саламаттык сактоо тутумунун институционалдык потенциалын жогорулатуу багыттарында көмөк көрсөтүүнү ырастады.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун жоболорун ишке ашыруу боюнча биргелешкен ишти улантууга макулдашышты. Бул иш конкреттүү, өлчөнө турган натыйжаларга багытталып, дары-дармек коопсуздугун чыңдоого жана бейтаптардын кызыкчылыктарын коргоого кызмат кылмакчы.

25.12.2025
Кыргызстанда 2026-жылы ажылыкка зыярат кылуучуларга эмдөө иш-чаралары уюштурулду

Санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана жугуштуу оорулардын жайылышын алдын алуу максатында, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан 2026-жылы Меккеге ажылык сапарга баруучу жарандарды профилактикалык эмдөөнү жүргүзүү уюштурду. 

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин бекитилген буйругуна ылайык, бардык зыяратчылар менингококк инфекциясына, ошондой эле сезондук сасык тумоого каршы эмдөөдөн өтүшү керек. Бул чаралар эл аралык саламаттыкты сактоо жана санитардык талаптарга жооп берет жана ажылыкка кирүү үчүн милдеттүү талап болуп саналат.

Эмдөөлөр 2025-жылдын 23-декабрынан 30-декабрына чейин республиканын бардык аймактарындагы саламаттык сактоо уюмдарында 1-таблицага ылайык жүргүзүлөт, милдеттүү түрдө алдын ала медициналык кароодон өтүшөт. Эмдөөлөр бардык коопсуздук талаптарына, «муздак чынжырча» стандарттарына жана инфекцияны көзөмөлдөө эрежелерине жооп берет. 

1-таблица

2026-жылдагы ажылык сапарга баруучуларга эмдөө жүргүзүлгөн жерлердин тизмеси

 

АймактарВакцинацияланган жер
1Ош облусу жана Ош шаары№8 ΥМБ Ош областтык жана Ош ш. эмдөө кабинети, Ж.Райымбекова көч. №22
3Жалал-Абад облусуМанас шаары, Курманбек көчөсү, №13, №2 ҮДТнын эмдөө кабинети
4Баткен облусуБаткен облусунун ҮМБ эмдөө кабинети, Султанмурат көчөсү, Мин башы №14 
5Талас облусуТалас шаары, областык ҮМБ эмдөө кабинети, Бердике Баатыр көчөсү №293 
6Ысык-Көл облусуКаракол шаары, областык ҮМБ, Абдрахманов көчөсү, № 121
7Нарын облусуНарын шаары, областык ҮМБ, эмдөө кабинети Качкынов көчөсү №5
8

Чуйская

аймак

-ЖДПБ Кант шаары, Ысык-Ата району, көч. Иманкулова №6.

- ҮДТ Военно-Антоновка, Сокулук району, Фрунзе көчөсү б/н

9БишкекБишкек шаары, №5 ҮМБнын эмдөө кабинети, Курманжан Датка көчөсү, №109а

Бардык катышкан саламаттыкты сактоо уюмдары эмдөө үчүн зарыл болгон вакциналар жана каражаттар менен камсыздалган. Эмдөө аяктагандан кийин ар бир зыяратчы белгиленген үлгүдөгү эмдөө сертификатын алат жана маалымат электрондук эмдөөнү каттоо системасына киргизилет.

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги 2026-жылы ажылыкка барууну пландап жаткан жарандарды белгиленген эмдөө пункттарында өз убагында медициналык кароодон жана эмдөөдөн өтүүгө чакырат. Бул чараларды сактоо зыяратчылардын ден соолугун коргоо жана өлкөгө жугуштуу оорулардын киришинин алдын алуу үчүн абдан маанилүү.