Саламаттыкты сактоо министри фармацевтикалык компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү
02.03.2022 / Просмотров: 2199
Бүгүн, 2022-жылдын 2-мартында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Дары-дармек жана медициналык буюмдар департаментинин жана Кыргызстандын Фармацевтика союзунун катышуусунда өлкөнүн дары-дармек коопсуздугун камсыз кылуу максатында тоскоолдуктарды азайтуу боюнча кеңешме өткөрдү.
Жолугушууда Кыргызстандагы фармацевтикалык компаниялардын өкүлдөрү дүйнөдөгү, тактап айтканда, Орусия менен Украинадагы азыркы кризистик кырдаалга тынчсыздануусун билдиришти.
Кыргызстандын Фармацевтика биримдигинин жетекчиси Эрнис Асанов белгилегендей, Кыргызстанга 30дан ашык өлкөдөн дары-дармек жана медициналык буюмдар импорттолот. Россиядан жана Украинадан келген товарлардын үлүшү өлкөгө импорттун 60%га жакынын түзөт. Учурда эки өлкөнүн ортосундагы кырдаалды эске алуу менен Украинада берилген бардык заказдар жокко чыгарылды жана жеткирүүлөрдү кайра баштоо мүмкүнчүлүгү белгисиз бойдон калууда. Ошондой эле Россияга каршы көпчүлүк өлкөлөрдөн санкциялар киргизилип жатканын эске алып, орусиялык өндүрүүчүлөр рублдин курсунун туруксуздугуна байланыштуу товарларды ташууну белгисиз мөөнөткө токтотту. Санкциялардан улам көптөгөн европалык өндүрүүчүлөр Орусияга дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды берүүнү токтотушу мүмкүн деген кооптонуулар бар, бул сөзсүз түрдө орусиялык өндүрүүчүлөрдүн экспортун токтотууга жана алардын ички рыноктун керектөөлөрүн жабууга багыттоосуна алып келет. Ошондуктан, жогоруда айтылгандардын баарын эске алуу менен фармацевтикалык бизнестин өкүлдөрү дүйнөлүк фармацевтика рыногу турукташтырылганга чейин бааларды жөнгө салуу боюнча пилоттук долбоорду токтотууну, андан кийин реалдуу баанын негизинде кайра карап чыгууну сунушташты. Ошондой эле, социалдык маанидеги дары-дармек каражаттарын жана өзгөчө маркировкасы бар медициналык багыттагы буюмдарды ташып келүүгө уруксат берүү, улуттук талаптарды сактоо менен дары-дармек каражаттарынын таңгагын милдеттүү ташып келүү талабын токтотууну сунушташты. Фармацевтикалык компаниялар бул чаралар өлкөбүздүн калкынын жана саламаттыкты сактоо уюмдарынын керектүү дары-дармектерге жана медициналык буюмдарга болгон керектөөлөрүн салыштырмалуу үзгүлтүксүз канааттандырууга мүмкүндүк берерин белгилешти.
Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев белгилегендей, керектүү дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын болушу, аларды үзгүлтүксүз жеткирүү биздин республика үчүн өтө маанилүү. «Мен түзүлгөн кырдаалдын маанилүүлүгүн түшүнөм жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги бул маселени изилдеп, эң туура чечим кабыл алуу үчүн колдон келгендин баарын кылууга даяр. Калктын саламаттыгы үчүн аларды сапаттуу жана керектүү дары-дармектер менен камсыз кылуу министрликтин ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат”,-деди КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.
Жыйындын жыйынтыгында министр тиешелүү адистерге жумушчу топ түзүп, бул маселени тез арада иштеп чыгып, сунуштарды киргизүүнү тапшырды.
Прикрепленные файлы:
Другие Новости
20.01.2025
Сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекциялар боюнча эпидемиологиялык кырдаал
Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин оперативдүү маалыматы боюнча, 2024-жылдын 3-жумасында (13.01.25 - 19.01.25) курч респиратордук вирустук инфекциялардын 11 761 учуру жана сасык тумоонун 41 учуру катталып (и.к. 166,2), өткөн жумага салыштырмалуу (02-жума, и.к. 105,0) +1,6 эсеге жогору. Ооругандардын 4,8%ы (563 бейтап) ооруканага жаткырылган.
Лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча октябрь айынан бери курч респиратордук вирустук инфекциялардын таралышы байкалууда, алардын ичинен эң көп таралган респиратордук синцитиалдык вирус – 30,3%, риновирус – 25,8%, аденовирус – 13,2%, I-IV парагрипп – 11,4%, башка вирустук инфекциялар 19,3%ды түздү.
2024-жылдын декабрынын ортосунан баштап A/(H1N1(2009)) тумоосунан жана В тумоосунун айрым учурлары - 10,7% жана COVID-19 - 8,9% шарттаган сасык тумоо мезгили болду.
Эпидемияга каршы иш-чараларды өз убагында уюштуруу жана оорунун алдын алуу максатында кышкы каникулдан кийин балдардын мектепке баруусуна мониторинг жүргүзүлүүдө.
Республикада сасык тумоо, курч респиратордук вирустук инфекциялар жана COVID-19 инфекциясы боюнча эпидемиологиялык кырдаалга мониторинг жана баалоо улантылууда жана көзөмөлдө.
17.01.2025
Саламаттык сактоо министрлиги Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте кызамык оорусу боюнча көчмө ыкчам штабдын жыйынын өткөрүүдө
2025-жылдын 16-январында КР саламаттык сактоо министринин орун басары Бубужан Арыкбаеванын жана Бишкектин вице-мэри Виктория Мозгачеванын төрагалыгы алдында КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин көчмө ыкчам штабынын жыйыны уюштурулду. Бул жыйын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин протоколдук тапшырмаларын жана Саламаттык сактоо министрлигинин кызамык менен күрөшүү боюнча штабынын чечимдерин аткаруунун жана кызамык боюнча алдын алуу жана эпидемияга каршы иш-чараларга көмөк көрсөтүүнүн алкагында уюштурулду.
Талкууга коомдук саламаттыкты сактоонун жана Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, Бишкек шаарынын саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери, билим берүү мекемелеринин, аймактык администрациялардын өкүлдөрү катышты. Жыйында учурдагы эпидемиологиялык кырдаал, кызамыктын, кызылчанын, курч респиратордук вирустук инфекциялардын жана сасык тумоонун чыгышына жооп катары жүргүзүлгөн эмдөө боюнча өнөктүктөргө мониторинг талкууланды.
Белгилей кетсек, өткөн жылы республикада кошумча жана тазалоочу эмдөөнүн үч баскычы өткөрүлгөн. Республика боюнча 918 000 бала жана 29 258 саламаттык сактоо системасынын кызматкери, орто жана жогорку окуу жайларынын окутуучулары жана студенттери эмдөөдөн өткөн.
2024-жылдын жыйынтыгы боюнча республиканын аймагында кызамык оорусунун 14 380 учуру, анын ичинен 5 681 учуру Бишкек шаарында катталган. 2025-жылдын башынан бери 229 жаңы учур, анын ичинде Бишкек шаарында 144 учур катталды. Оорунун күч алышынын негизги себеби – эмдөөдөн өткөндөрдүн көрсөткүчү талаптагыдан төмөндүгү, Бишкекте адамдардын 95% вакцина алышы керек болсо, учурда бул көрсөткүч 69 %ды түзөт.
Кызамык оорусунун андан ары жайылышын алдын алуу үчүн Саламаттык сактоо министрлиги 9 айдан 7 жашка чейинки курактагы балдар арасында тазалоочу эмдөө боюнча өнөктүктү улантууда, бирок эмдөөдөн баш тарткандардын айынан бул иш кыйынчылыктар менен коштолууда. Ушул себептен улам олуттуу эпидемиологиялык тобокелдиктер бар, себеби вирус эмделбеген балдардын арасында жайылып жатат.
Ыкчам штабдын жыйынынын жыйынтыгы боюнча төмөнкүдөй чечимдер кабыл алынды: кызамыкка каршы күрөшүү боюнча профилактикалык жана эпидемияга каршы иш-чараларды күчөтүү, профилактикалык эмдөөлөрдү 95%дан кем эмес деңгээлге жеткирүү; калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү, эмдөөнүн коопсуздугун жана маанилүүлүгүн түшүндүрүүгө багытталган маалыматтык-агартуу өнөктүктөрүн уюштуру.
17.01.2025
КР Саламаттык сактоо министри Республикалык калыбына келтирүү борборуна барды
2025-жылдын 17-январында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Аламүдүн районунун Дачное айылында жайгашкан Республикалык калыбына келтирүү борборуна барды. Иш сапардын жүрүшүндө министр борбордун иштөө шарттары менен таанышып, анын кызматкерлери менен негизги маселелерди талкуулады жана калыбына келтирүүчү жана адистештирилген медициналык жардам көрсөтүү системасын мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Борбор профилактикалык, кеңеш берүү, дарылоочу, диагностикалык жана калыбына келтирүү сыяктуу кызматтардын түрүн көрсөтөт. Борбордунишмердүүлүгүнүн негизги багыттары бейтаптардын ден соолугун калыбына келтирүүгө көмөктөшүүчү дарылоо гимнастикасы жана дене тарбия секцияларын уюштурууну камтыйт.
Министр Кыргызстанда жыл сайын 1500гө жакын адам инсультка кабылып, калыбына келтирүүчү жардамга муктаж болоорун белгиледи. Мындан тышкары, жол кырсыгынан жабыркагандар жана дарылоонун паллиативдик стадиясындагы бейтаптар да жардамга муктаж. Мындай борборду түзүү республиканын бардык аймактарынан келген тургундар үчүн медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын бир топ жакшыртат.