Copyright: ©

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри "Реацентр Бишкек" балдардын неврологиялык реабилитациялык борборуна барды

13.09.2024 / Просмотров: 1708

2024-жылдын 12-сентябрында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев "Реацентр Бишкек" балдардын неврологиялык реабилитациялык борборуна барды. Борбор ар кандай неврологиялык оорулары бар, анын ичинде аутизм, сүйлөө жана психикалык өнүгүүсүнүн кечигиши, көңүл буруу жетишсиздиги жана гиперактивдүүлүк синдрому, церебралдык шал оорусу, Даун синдрому жана башка оорулары бар балдарды реабилитациялоого адистешкен.

Министр борбордун жайлуу жана жагымдуу атмосферасын, ишти уюштуруунун жогорку деңгээлин, медицина кызматкерлеринин кесипкөйлүгүн жана инновациялык комплекстүү реабилитациялык жана абилитациялык программалардын, анын ичинде жогоруда аталган неврологиялык бузулуулары бар балдарды комплекстүү реабилитациялоодо эффективдүү метод экени далилденген «Микротоктуу рефлексотерапия» жаңы ыкмасын Кыргызстанда киргизилишин белгиледи.

Сапардын жүрүшүндө республикада реабилитациялык кызматты мындан ары өнүктүрүүгө байланышкан маанилүү маселелер да талкууланды. Бул темалар Кыргыз Республикасынын Физиотерапевттер жана реабилитологдор ассоциациясы Кыргызстандын медициналык туризм ассоциациясы менен биргеликте өтө турган Физиотерапевттердин жана реабилитологдордун эл аралык форумунда негизги тема болуп калат. Форум 2024-жылдын 27-сентябрында И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын жыйындар залында өтөт жана алдыңкы окумуштуулардын, практик дарыгерлердин жана физиотерапия жана реабилитация тармагында иштеген компаниялардын өкүлдөрүнүн башын бириктирет.

Жолугушуунун жыйынтыгында Алымкадыр Бейшеналиев өлкөдө физиотерапиялык жана реабилитациялык кызматтарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурарын убада кылып, ден соолугунда көйгөйлөрү бар адамдардын, ошондой эле өзгөчө муктаждыгы бар балдардын жашоо сапатын жакшыртуу үчүн бул тармактын маанилүүлүгүн белгиледи.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

04.10.2024
Саламаттык сактоо министри Талас районунун Көпүрө-Базар айылындагы оорукананын курулушунун жүрүшү менен таанышты

2024-жылдын 4-октябрында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев иш сапары менен Талас облусуна келди. Иш сапардын алкагында министр Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Марат Мураталиев менен бирге Көпүр-Базар айылындагы оорукананын жаңы имаратынын курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Жаңы медициналык мекеменин курулушуна республикалык бюджеттен 98 миллион сом бөлүнгөн. Курулуш иштери 2024-жылдын июнь айында башталып, бүтүрүү кийинки жылга пландаштырылган. Жаңы ооруканада төрөт бөлүмү жана үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жайгашып, айыл тургундарына жана жакын жайгашкан калктуу конуштардын жашоочуларына керектүү медициналык жардамды алуу мүмкүнчүлүгүн камсыздайт.

Саламаттыкты сактоо министри белгилегендей, курулуш иштери аяктагандан кийин оорукана бардык керектүү медициналык жабдуулар менен камсыздалат. «Алыскы калктуу конуштарда медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүнүн маанилүүлүгүн эске алып, төрөт бөлүмү төрөт учурундагы аялдарга жана кош бойлуу аялдарга сапаттуу жана жеткиликтүү медициналык кызмат көрсөтөт, ал эми калкка баштапкы деңгээлдеги бардык зарыл медициналык кызматтар көрсөтүлөт”, – деп баса белгиледи Алымкадыр Бейшеналиев.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Марат Мураталиев да республиканын алыскы аймактарына оорукана куруунун маанилүүлүгүн белгиледи: «Калктын саламаттыгына кам көрүү айылдардан башталышы керек».

04.10.2024
Кореялык офтальмологдор Чүй облусунун Жайыл районунун тургундарын бекер текшерүүдөн өткөрүп, операция жасашты

2024-жылдын 30-сентябрынан 4-октябрына чейин Чүй облусунун Жайыл районунда «Vision Eye Camp Kyrgyzstan» компаниясы тарабынан уюштурулган медициналык кайрымдуулук акциясы болуп өттү. Түштүк Кореядан текшерүүлөрдү жана операцияларды жүргүзүү үчүн 22 адис, анын ичинде үч офтальмолог-хирург келген.

Акциянын негизги максаты Чүй облусунун Жайыл районунун жана ага жакын аймактардын тургундарына офтальмология тармагында медициналык жардам көрсөтүү болду.

Адистер 600 бейтапты текшерип, анын ичинен 97 бейтапка катарактага операция жасалат. Ошондой эле акциянын алкагында бейтаптарга 500гө жакын көз айнек жана тамчылаткычтар бекер таратылды.

04.10.2024
Талас районунун №6 “Ак-Сай” Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна тез жардам унаасы тапшырылды

Бүгүн, 2024-жылдын 4-октябрында Талас районунун №6 «Ак-Сай» Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна тез жардам унаасы тапшырылды. Бул унааны ишкер Думан Рыскулов демөөрчүлүк катары белекке берген.

Тез жардам унаасы Манас айылынын тургундарына тез медициналык жардамды өз убагында көрсөтүүнү камсыздайт. Жаңы транспорт керектүү медициналык жабдуулар менен жабдылган, бул медициналык кызматкерлерге чакырууларга эффективдүү жооп берүүгө жана адамдардын өмүрүн сактап калууга мүмкүндүк берет.