Copyright: ©

«Жооптуу бол!» республикалык бир айлыктын алкагында 680 миңден ашык эркек баштапкы медико-санитардык жардам көрсөтүү уюмдарына барышты

18.03.2024 / Просмотров: 3055

«Жооптуу бол!» республикалык бир айлыктын алкагында февраль айында республика боюнча 18 жаштан жогорку курактагы 680 миңден ашык эркектер жугуштуу эмес ооруларга алып келүүчү тобокелдик факторлорун аныктоо үчүн баштапкы медико-санитардык жардам көрсөтүү уюмдарына барышты. 

Жугуштуу эмес оорулар (ЖЭО) – бул өнөкөт, жай өөрчүгөн оорулар. Аларга жүрөк-кан тамыр оорулары, рак, өпкө оорулары жана кант диабети кирет. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 2022-жылы жүрөк-кан тамыр оорулары өлүмдүн негизги себеби болуп, өлкөдөгү бардык өлүмдөрдүн 52,1%ын түзгөн, ал эми рак (12,2%) экинчи орунда туруп, андан кийин өпкө оорулары (5,5%) болуп турган. Туура эмес тамактануу (өзгөчө тузду көп колдонуу, жашылча-жемиштерди жетишсиз колдонуу), тамеки чегүү, алкоголдук ичимдиктерди ашыкча ичүү жана физикалык активдүүлүктүн төмөндүгү жугуштуу эмес оорулардын эң кеңири таралган алдын ала турган тобокел факторлору болуп саналат. 

 

Бир айлыктын негизги максаты - жугуштуу эмес ооруларды жана алардын татаалданышын алдын алуу ошондой эле бул ооруларды алгачкы стадияларында аныктоо үчүн Кыргызстандын эркектерин баштапкы медициналык-санитардык жардам мекемелерине тартуу. Быйылкы бир айлыктын алкагында өлкө боюнча баштапкы медициналык-санитардык жардам уюмдарына 680 000ден ашык эркек кайрылган. Алардын ичинен 149 000 эркек баштапкы медициналык-санитардык жардам уюмдарына буга чейин эч качан барышкан эмес же акыркы 2 жылда биринчи жолу кайрылышкан. 44,000ден ашык эркектер (6%) жүрөк-кан тамыр ооруларына, ал эми дээрлик 33,000ге (5%) кант диабетине чалдыгуу коркунучу жогору болгон. Медициналык мекемелерге кайрылган жалпы эркектердин камтылышы республикада жашаган 18 жаштан жогорку эркектердин жалпы санынын 47% түздү. Бул кампаниянын кеңири жайылышын жана натыйжалуулугун көрсөтүп турат.

 

Акция биринчи жолу 2019-жылы «Кыргызстандагы жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу» швейцариялык долбоорунун алкагында өткөрүлгөн. Кампаниянын ийгилигин жана таасирин эске алып, 2023-жылы Саламаттык сактоо министрлиги жыл сайын февраль айында республика боюнча бир айлыкты өткөрүү буйругун чыгарган.

 

***

Швейцария өкмөтү Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүүдө. 1994-жылдан бери Швейцария Кыргызстанга 500 миллионго жакын швейцариялык франкты техникалык, финансылык жана гуманитардык жардам катары көрсөткөн

 

 

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

20.04.2024
Медицина кызматкерлери жалпы республикалык ишембиликке активдүү катышты

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Жарлыгынын 1-пункту менен апрель айынын үчүнчү ишембиси “Улуттук тазалык күнү” деп белгиленген.

Бүгүн, 2024-жылдын 20-апрелинде Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин борбордук аппаратынын кызматкерлери, министрликтин алдындагы Мамлекеттик санэпидэм көзөмөл департаментинин, “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасынын, Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун, Электрондук саламаттык сактоо борборунун, Саламаттык сактоону өнүктүрүү жана медициналык техника борборунун кызматкерлери менен биргеликте  “Улуттук тазалык күнүнө” карата уюштурулган республикалык ишембиликке чыкты. Медициналык кызматкерлер ишембиликтин алкагында Бишкектин четиндеги Степное, Озёрное айылдары тараптагы 4.5 кмге жакын  жолдун жээгин таштандылардан тазалоо иштерин жүргүзүштү.

 Мындан тышкары республикадагы бардык саламаттык сактоо уюмдары мекемеге тийиштүү аймактарда ишембилик өткөрүштү.

Саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Медер Исмаилов айлана-чөйрөгө кам көрүү максатында мамлекет башчысы тарабынан демилгеленген иш-чараны колдоп ишембиликке чыгып, айлана-чөйрөнүн тазалыгына көңүл кош карабаган ар бир кызматкерге ыраазычылыгын билдирди. 

 

“Үч-төрт сааттын ичинде 250дөн ашык кап таштанды чыгарылып, калаабызды айланып өткөн жол жээги тазалыгы менен көз кубандырып калды. Мындай иш-чаралар туруктуу негизде жүргүзүлүп, мамлекетибиздин ар бир жараны жаратылышка аяр мамиле жасоого чакырам. Тазалык – ден соолуктун булагы эмеспи”, - деди ал. 

 

 

 

19.04.2024
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Ысык-Көл облусундагы жаңы тез жардам бөлүмүнүн курулушунун жүрүшү менен таанышты

2024-жылдын 19-апрелинде Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ысык-Көл облусунун Жалпы дарыгерлик практика борборунда болуп, тез жардам бөлүмүнүн жаңы имаратынын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Тамчы айылында «Ас-Сафа Борбору» коомдук кайрымдуулук фондунун каржылоосу менен Тез медициналык жардам бөлүмүнүн (ТМЖБ) имараты курулуп, бүгүнкү күндө курулуш иштери 70-80%га бүткөрүлдү. Учурда ички жасалгалоо жана жабдууларды орнотуу иштери жүрүп жатат.

Ысык-Көл облусунун Жалпы дарыгерлик практика борборунун директору Альмира Алдашеванын айтымында, ТМЖБнын 3 кабаттуу имаратынын курулушуна жалпы 40 млн сом сарпталды. Фонд биздин арызыбызды толугу менен жактырды жана курулуштан тышкары бөлүм бардык зарыл болгон медициналык жабдуулар жана эмеректер менен жабдылат. Кызматкерлердин жана бейтаптардын ыңгайлуулугу үчүн лифт орнотулат. Мындан тышкары, Тамчы айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан ТМЖБнын айланасында көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери жүргүзүлөт.

Министр өзгөчө туристтик сезондун алдында калкыбызды сапаттуу жана өз убагында медициналык жардам менен камсыздоодо Ысык-Көл облусунда тез жардам бөлүмүн уюштуруу чоң роль ойноорун баса белгиледи. Бөлүм өзгөчө кырдаалдар учурунда ыкчам жардам көрсөтүү менен чектелбестен, облустун калкынын жалпы ден соолугун чыңдоого да көмөктөшөт.

Тез медициналык жардам бөлүмүнүн расмий ачылышы жана ишке берилиши үстүбүздөгү жылы 20-майга пландалууда.

19.04.2024
Кене вирустук энцефалиттин алдын алуу боюнча сунуштар

Республикада кене вирустук энцефалитинин (КВЭ) табигый очоктору бардык климаттык зоналарда аныкталган жана адам үчүн коркунучтуулугунун даражасына жараша белгиленет. Үстүбүздөгү жылдын 3 айында республика боюнча 156 адам кене чагып кайрылган. Анын арасында КВЭ жуктурган учур катталган жок. Чоң-Кемин, Кыргыз тоо кыркалары Күнгөй Ала-Тоо, Тескей Ала-Тоо айыл аймактарында жайгашкан очоктор олуттуу коркунучту жаратат.

Кене вирустук энцефалити кантип жугушу мүмкүн?

Оорунун козгогучу (арбовирус) адамга вирус жуккан кенен чаккан алгачкы мүнөттөрүндө анын ооруну басуучу шилекейи менен кошо жугат:

• КВЭ боюнча эндемикалык аймактарга барууда (токойлордо, токой сейил бактарында, жеке бакча участокторунда);

• кенелер жаныбарлар (иттер, мышыктар аркылуу келгенде;

• кене энцефалити боюнчу коопсуз аймактарда эчкинин (көбүнчө), койдун, уйдун чийки сүтүн ичкенде, кенелердин массалык чабуул учурунда сүттө вирус болушу мүмкүн. Баса белгилей кетүүчү нерсе, чийки сүт гана эмес, андан жасалган азыктар (быштак, каймак ж.б.) да жугуштуу;

• вирусту териге сүрткөндө кенени эзгенде же чаккан жерди тырмаганда.

• Ушул себептен чийки сүт азыктарын кайнагандан кийин гана колдонуу керек.

Оорунун кесепеттери: толук айыккандан ден соолук көйгөйлөрүнө чейин, майыптыкка жана өлүмгө алып келет.

Кене вирустук энцефалитке ким кабылышы мүмкүн?

Жашына жана жынысына карабастан бардык адамдар кене энцефалитинин инфекциясына кабылышат. Жумушуна байланыштуу токойдо жүргөндөр (жыгач өнөр жай ишканаларынын кызматкерлери, геологиялык чалгындоо кызматтары, автомобиль жана темир жол куруучулар, мунай жана газ түтүктөрүн, электр линияларын куруучулар, топографтар, мергенчилер, туристтер) тобокел тобуна кирет. Шаардын жашоочулары жумуш жана эс алуу учурунда шаар четиндеги токойлордо, сейил бактарында, бакча участокторунда жуктуруп алышат.