Copyright: ©
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри ДСАнын 77-сессиясында антибиотиктерге туруктуулук менен күрөшүү боюнча чаралар жөнүндө сөз сүйлөдү
29.05.2024 / Просмотров: 4746
Женева, 2024-жылдын 29-майы – Дүйнөлүк саламаттык сактоо ассамблеясынын 77-сессиясынын алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев антибиотиктерге туруктуулук (АМР) көйгөйү жана аны чечүү үчүн Кыргызстанда көрүлүп жаткан чаралар тууралуу баяндама жасады.
Министр өз сөзүндө антибиотиктерге туруктуулук адамзатка глобалдык он негизги коркунучтун бири экенин баса белгиледи. Дары-дармекке туруктуу микроорганизмдер жаныбарлардын, адамдардын жана өсүмдүктөрдүн популяцияларынын ортосунда айлана-чөйрө аркылуу көчүп, инфекциялардан аман калуу мүмкүнчүлүгүбүзгө доо кетириши мүмкүн. Микробго каршы туруктуулук саламаттык сактоо системаларынын туруктуулугуна коркунуч келтирет, бул саламаттыкты сактоо кызматтары менен жалпы камтууну, Туруктуу өнүгүү максаттарына (ТӨМ) жетүүнү жана баштапкы медициналык-санитардык жардам кызматын чыңдоону кыйындатат.
Министр Кыргызстандын антибиотиктерге туруктуулук менен күрөшүү боюнча олуттуу кадамдарына токтолду. 2023-жылдын биринчи кварталында АМРдин таралышын баалоо үчүн бактериологиялык жактан тастыкталган кандагы инфекциялар менен ооруканага жаткырылган бейтаптар арасында AMRди өлчөөгө багытталган улуттук изилдөөлөрдүн методологиялык принциптери жана негиздери жарыяланган.
Кыргызстан биринчи пилоттук изилдөө үчүн анын уникалдуу шарттарына, анын ичинде бактерияларды идентификациялоонун жана антибиотиктерге сезгичтикти текшерүүнүн автоматташтырылган системаларынын болушуна байланыштуу тандалып алынган. Бул демилге өлкөдө AMR таралышын аныктоо, анын калк саламаттыгына жана экономикага тийгизген кесепеттерин талдоо, чектөө стратегияларын иштеп чыгуу жана кандагы инфекциялар менен жабыркаган бейтаптарды башкаруу үчүн клиникалык протоколдорду жакшыртууга багытталган.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун техникалык колдоосу менен Кыргызстанда адамдардын кандагы бактериялык инфекцияларынын таралышын, ден соолукка тийгизген таасирин жана экономикалык чыгымдарды баалоо боюнча Улуттук изилдөөнү баштоого даярданууда. Изилдөө 40 оорукананы жана үч референттик лабораторияны камтыйт.
Долбоорду ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин буйруктары бекитилип, in vitro диагностикасы үчүн керектүү медициналык буюмдар сатылып алынды, лабораториялык жана клиникалык кызматкерлер үчүн окуу сабактары өткөрүлдү. Изилдөөнүн башталышы 2024-жылдын 5-июнуна пландаштырылган.
Алымкадыр Бейшеналиев ар тараптуу техникалык колдоо көрсөткөндүгү үчүн ДСУга, ошондой эле изилдөөгө каражат бөлүп берген Welcome Trust жана FIND донордук уюмдарына терең ыраазычылык билдирди. Ал биргелешкен аракеттер менен Кыргызстан антибиотиктерге туруктуулук менен күрөшүүгө өз өлкөсүндө гана эмес, дүйнөлүк масштабда да чоң салым кошоорун баса белгиледи.
Министр изилдөөнүн натыйжалары АМРди камтыган стратегияларды иштеп чыгууга, клиникалык протоколдорду өркүндөтүүгө жана микробго каршы каражаттарды рационалдуу жана эффективдүү колдонууну камсыз кылууга жардам берерине ишенимин билдирип, өз сөзүн жыйынтыктады, бул акыр аягында калктын саламаттыгынын жакшырышына жана саламаттык сактоо системаларынын туруктуулугуна алып келет.
Маалымат үчүн:
ДСУнун Европа аймагында микробго каршы туруктуулукка байланыштуу өлүм көрсөткүчү 2019-жылы жарым миллиондон ашкан, бул сасык тумоонун, кургак учуктун жана ВИЧ/СПИДдин ден-соолукка тийгизген оорчулугуна барабар. Европа Биримдигинде AMR менен байланышкан жылдык чыгымдар 1,5 миллиард еврого бааланат.
Прикрепленные файлы:
Другие Новости
20.01.2025
Сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекциялар боюнча эпидемиологиялык кырдаал
Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин оперативдүү маалыматы боюнча, 2024-жылдын 3-жумасында (13.01.25 - 19.01.25) курч респиратордук вирустук инфекциялардын 11 761 учуру жана сасык тумоонун 41 учуру катталып (и.к. 166,2), өткөн жумага салыштырмалуу (02-жума, и.к. 105,0) +1,6 эсеге жогору. Ооругандардын 4,8%ы (563 бейтап) ооруканага жаткырылган.
Лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча октябрь айынан бери курч респиратордук вирустук инфекциялардын таралышы байкалууда, алардын ичинен эң көп таралган респиратордук синцитиалдык вирус – 30,3%, риновирус – 25,8%, аденовирус – 13,2%, I-IV парагрипп – 11,4%, башка вирустук инфекциялар 19,3%ды түздү.
2024-жылдын декабрынын ортосунан баштап A/(H1N1(2009)) тумоосунан жана В тумоосунун айрым учурлары - 10,7% жана COVID-19 - 8,9% шарттаган сасык тумоо мезгили болду.
Эпидемияга каршы иш-чараларды өз убагында уюштуруу жана оорунун алдын алуу максатында кышкы каникулдан кийин балдардын мектепке баруусуна мониторинг жүргүзүлүүдө.
Республикада сасык тумоо, курч респиратордук вирустук инфекциялар жана COVID-19 инфекциясы боюнча эпидемиологиялык кырдаалга мониторинг жана баалоо улантылууда жана көзөмөлдө.
17.01.2025
КР Саламаттык сактоо министри Республикалык калыбына келтирүү борборуна барды
2025-жылдын 17-январында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Аламүдүн районунун Дачное айылында жайгашкан Республикалык калыбына келтирүү борборуна барды. Иш сапардын жүрүшүндө министр борбордун иштөө шарттары менен таанышып, анын кызматкерлери менен негизги маселелерди талкуулады жана калыбына келтирүүчү жана адистештирилген медициналык жардам көрсөтүү системасын мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Борбор профилактикалык, кеңеш берүү, дарылоочу, диагностикалык жана калыбына келтирүү сыяктуу кызматтардын түрүн көрсөтөт. Борбордунишмердүүлүгүнүн негизги багыттары бейтаптардын ден соолугун калыбына келтирүүгө көмөктөшүүчү дарылоо гимнастикасы жана дене тарбия секцияларын уюштурууну камтыйт.
Министр Кыргызстанда жыл сайын 1500гө жакын адам инсультка кабылып, калыбына келтирүүчү жардамга муктаж болоорун белгиледи. Мындан тышкары, жол кырсыгынан жабыркагандар жана дарылоонун паллиативдик стадиясындагы бейтаптар да жардамга муктаж. Мындай борборду түзүү республиканын бардык аймактарынан келген тургундар үчүн медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын бир топ жакшыртат.
17.01.2025
Саламаттык сактоо министрлиги Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте кызамык оорусу боюнча көчмө ыкчам штабдын жыйынын өткөрүүдө
2025-жылдын 16-январында КР саламаттык сактоо министринин орун басары Бубужан Арыкбаеванын жана Бишкектин вице-мэри Виктория Мозгачеванын төрагалыгы алдында КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин көчмө ыкчам штабынын жыйыны уюштурулду. Бул жыйын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин протоколдук тапшырмаларын жана Саламаттык сактоо министрлигинин кызамык менен күрөшүү боюнча штабынын чечимдерин аткаруунун жана кызамык боюнча алдын алуу жана эпидемияга каршы иш-чараларга көмөк көрсөтүүнүн алкагында уюштурулду.
Талкууга коомдук саламаттыкты сактоонун жана Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, Бишкек шаарынын саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери, билим берүү мекемелеринин, аймактык администрациялардын өкүлдөрү катышты. Жыйында учурдагы эпидемиологиялык кырдаал, кызамыктын, кызылчанын, курч респиратордук вирустук инфекциялардын жана сасык тумоонун чыгышына жооп катары жүргүзүлгөн эмдөө боюнча өнөктүктөргө мониторинг талкууланды.
Белгилей кетсек, өткөн жылы республикада кошумча жана тазалоочу эмдөөнүн үч баскычы өткөрүлгөн. Республика боюнча 918 000 бала жана 29 258 саламаттык сактоо системасынын кызматкери, орто жана жогорку окуу жайларынын окутуучулары жана студенттери эмдөөдөн өткөн.
2024-жылдын жыйынтыгы боюнча республиканын аймагында кызамык оорусунун 14 380 учуру, анын ичинен 5 681 учуру Бишкек шаарында катталган. 2025-жылдын башынан бери 229 жаңы учур, анын ичинде Бишкек шаарында 144 учур катталды. Оорунун күч алышынын негизги себеби – эмдөөдөн өткөндөрдүн көрсөткүчү талаптагыдан төмөндүгү, Бишкекте адамдардын 95% вакцина алышы керек болсо, учурда бул көрсөткүч 69 %ды түзөт.
Кызамык оорусунун андан ары жайылышын алдын алуу үчүн Саламаттык сактоо министрлиги 9 айдан 7 жашка чейинки курактагы балдар арасында тазалоочу эмдөө боюнча өнөктүктү улантууда, бирок эмдөөдөн баш тарткандардын айынан бул иш кыйынчылыктар менен коштолууда. Ушул себептен улам олуттуу эпидемиологиялык тобокелдиктер бар, себеби вирус эмделбеген балдардын арасында жайылып жатат.
Ыкчам штабдын жыйынынын жыйынтыгы боюнча төмөнкүдөй чечимдер кабыл алынды: кызамыкка каршы күрөшүү боюнча профилактикалык жана эпидемияга каршы иш-чараларды күчөтүү, профилактикалык эмдөөлөрдү 95%дан кем эмес деңгээлге жеткирүү; калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү, эмдөөнүн коопсуздугун жана маанилүүлүгүн түшүндүрүүгө багытталган маалыматтык-агартуу өнөктүктөрүн уюштуру.