Copyright: ©

КР Саламаттык сактоо министрлиги менен америкалык Abbott компаниясы жүрөк-кан тамыр ооруларын дарылоо үчүн дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды колдонуу тармагында кызматташат

23.08.2024 / Просмотров: 2959

Бүгүн, 23-августта Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев дүйнөлүк саламаттыкты сактоо тармагындагы америкалык ири химиялык жана фармацевтикалык компаниялардын бири болгон Сэнт Джуд Медикал Координэшн Сентр БиВиБиЭй (Abbott Laboratories компаниясы) өкүлдөрү менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Меморандум медицина кызматкерлерин: терапевттерди, кардиологдорду, реанимация кызматкерлерин, хирургдарды жана башка адистерди жүрөк-кан тамыр ооруларын дарылоо жаатында дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды колдонуунун ыкмалары жөнүндө маалымат берүү, алар менен иштөөнүн практикалык көндүмдөрүн калыптандыруу, ошондой эле жүрөк-кан тамыр системасынын оорулары менен ооругандарга медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу максатында илимий жана окуу иш-чараларын уюштуруу боюнча кызматташуунун бир катар багыттарын камтыйт.

 

Меморандумдун алкагында тараптар иш-чаралардын кеңири спектрин макулдашышты, анын ичинде жүрөк оорулары менен ооруган бейтаптар үчүн митралдык жана жүрөк жетишсиздигин дарылоо боюнча программаларды ишке ашыруу, медицина кызматкерлерин даярдоого жана квалификациясын жогорулатууга көмөктөшүү, жүрөктүн структуралык ооруларын жана жүрөк жетишсиздигин дарылоо жана терапияны өнүктүрүү боюнча эл аралык долбоорлорго катыштыруу, медициналык мекемелердин билим берүү программаларына көз карандысыз эл аралык эксперттерди тартуу, ошондой эле алдыңкы тажрыйбаларды киргизүү макчатында Европанын алдыңкы борборлору менен Кыргыз Республикасынын медициналык борборлорунун ортосундагы өнөктөштүк программаларын ишке ашыруу.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

15.09.2024
Улуттук госпиталда борборлоштурулган медициналык тез жардам бөлүмү ачылды

 2024-жылдын 15-сентябрында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын жаңы борборлоштурулган тез медициналык жардам бөлүмү ачылды.

Салтанаттуу иш-чара министрдин биринчи орун басары Медербек Исмаилов, Кувейттин "Ас-Сафа" кайрымдуулук фондунун негиздөөчүсү жана башкармалыгынын төрагасы шейх Мухаммад Абдурахман Альшая, Улуттук госпиталдын жамааты жана башка коноктордун катышуусунда өттү.

«Ас-Сафа Центр» коомдук бирикмесинин колдоосу менен ал жерде бардык зарыл болгон курулуш жана оңдоо иштери жүргүзүлүп, бейтаптарды кабыл алууга жана медицина кызматкерлеринин иштөөсү үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Жаңы борбор Улуттук госпиталдын негизги тез жардам кызматтарын бир чатырдын астында бириктирет, бул медициналык адистердин өз ара аракеттенүүсүн жакшыртууга жана оор кырдаалдарда жардам көрсөтүү процессин тездетүүгө мүмкүндүк берет.

Бөлүмгө төмөнкүлөр кирет: нейротравматологиянын кабыл алуу бөлүмү; жаак-бет хирургиясы; манжа микрохирургиясы; көздүн микрохирургиясы №2 (көздүн тез жардам бөлүмү); ыкчам урология; травматология; ЛОР (кулак, мурун, тамак); ыкчам хирургия; терапиянын кабыл алуу бөлүмү; проктология; ыкчам неврология; кан тамыр хирургиясы. Медициналык жардамды эң жогорку деңгээлде көрсөтүүгө мүмкүндүк берген заманбап жабдылган операциялык жана реанимация блокторго өзгөчө көңүл бурулду.

Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Бакыт Төлөгөнов Кыргызстандын медициналык инфраструктурасын өнүктүрүүдө көрсөткөн колдоосу үчүн Кувейт кайрымдуулук фондуна терең ыраазычылык билдирди. «Акыркы 3 жылда оорукананын тез жардам бөлүмдөрүндө оорулуулардын көбөйүшү жаңы борбордун зарылдыгын тастыктайт. Тез жардамды борборлоштуруу ар башка имараттар менен байланышкан мурунку логистикалык татаалдыктарды жок кылат, убакытты үнөмдөйт жана бейтаптарды тейлөөнү жакшыртат. Азыр бардык тез жардам бөлүмдөрү бир жерге топтолду, бул медициналык кызмат көрсөтүү процессин оптималдаштырууга жана алардын жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга шарт түзөт”, - дейт Бакыт Төлөгөнов.

14.09.2024
Медицина кызматкерлери жалпы республикалык ишембиликке активдүү катышты

Бүгүн, 2024-жылдын 14-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдарга карата Турмуш-тиричилик калдыктарын башкаруунун натыйжалуу инфраструктурасын түзүү боюнча иш-чаралардын планы жөнүндө” 2022-жылдын 6-сентябрындагы № 305 Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында өтүп жаткан жалпы республикалык ишембиликке Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги да катышты. Бул масштабдуу иш-чара өлкөнүн санитардык абалын жакшыртууга жана айлана-чөйрөнү коргоодо жарандардын күч-аракетин бириктирүүгө багытталган.

Ишембилик КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин борбордук аппаратынын жана ведомствого караштуу уюмдардын кызматкерлеринин катышуусунда бекитилген участокто өткөрүлдү, тактап айтканда, дарыгерлер тарабынан Степное жана Озерное айылдары жактагы айланма жолдун 4,5 чакырым бөлүгү тазаланды.

Мындан тышкары республикадагы ар бир саламаттыкты сактоо уюмдары өз карамагындагы территорияда ишембилик өткөрүштү.

Мындай иш-чараларды тынымсыз өткөрүү санитардык абалды жакшыртат жана жарандардын экологиялык жоопкерчилигин жогорулатат. Анткени, тазалык – ден соолуктун ачкычы.

Өлкөбүздүн тазалыгына, экологиясына ар бир адам салым кошо алат!

13.09.2024
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри "Реацентр Бишкек" балдардын неврологиялык реабилитациялык борборуна барды

2024-жылдын 12-сентябрында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев "Реацентр Бишкек" балдардын неврологиялык реабилитациялык борборуна барды. Борбор ар кандай неврологиялык оорулары бар, анын ичинде аутизм, сүйлөө жана психикалык өнүгүүсүнүн кечигиши, көңүл буруу жетишсиздиги жана гиперактивдүүлүк синдрому, церебралдык шал оорусу, Даун синдрому жана башка оорулары бар балдарды реабилитациялоого адистешкен.

Министр борбордун жайлуу жана жагымдуу атмосферасын, ишти уюштуруунун жогорку деңгээлин, медицина кызматкерлеринин кесипкөйлүгүн жана инновациялык комплекстүү реабилитациялык жана абилитациялык программалардын, анын ичинде жогоруда аталган неврологиялык бузулуулары бар балдарды комплекстүү реабилитациялоодо эффективдүү метод экени далилденген «Микротоктуу рефлексотерапия» жаңы ыкмасын Кыргызстанда киргизилишин белгиледи.

Сапардын жүрүшүндө республикада реабилитациялык кызматты мындан ары өнүктүрүүгө байланышкан маанилүү маселелер да талкууланды. Бул темалар Кыргыз Республикасынын Физиотерапевттер жана реабилитологдор ассоциациясы Кыргызстандын медициналык туризм ассоциациясы менен биргеликте өтө турган Физиотерапевттердин жана реабилитологдордун эл аралык форумунда негизги тема болуп калат. Форум 2024-жылдын 27-сентябрында И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын жыйындар залында өтөт жана алдыңкы окумуштуулардын, практик дарыгерлердин жана физиотерапия жана реабилитация тармагында иштеген компаниялардын өкүлдөрүнүн башын бириктирет.

Жолугушуунун жыйынтыгында Алымкадыр Бейшеналиев өлкөдө физиотерапиялык жана реабилитациялык кызматтарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурарын убада кылып, ден соолугунда көйгөйлөрү бар адамдардын, ошондой эле өзгөчө муктаждыгы бар балдардын жашоо сапатын жакшыртуу үчүн бул тармактын маанилүүлүгүн белгиледи.