Copyright: Администрация Президента КР©

Президент Садыр Жапаров Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европа регионалдык бюросунун директору Ханс Клюгени кабыл алды

14.11.2023 / Просмотров: 2578

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 14-ноябрда, өлкөгө сапар менен келген Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) Европа регионалдык бюросунун директору Ханс Клюгени кабыл алды.

Тараптар ДСУнун ишмердүүлүгү жана республиканын калкынын ден соолугун чыңдоого багытталган саламаттыкты сактоо тармагындагы мындан аркы кызматташууну улантуу боюнча пикир алмашты.

Президент Кыргызстан Уюмдун ишмердүүлүгүн жогору баалай турганын жана мындан ары да ар тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө чоң маани берерин баса белгилеп, саламаттык сактоо тармагы мамлекеттин негизги артыкчылыктарынын бири болуп саналарын айтты.

Садыр Жапаров учурда 2019–2030-жылдар мезгилине багытталган «Дени сак адам – өнүккөн өлкө» программасынын ишке ашырылуусу туурасында айтып берди. Программанын максаты – элдин саламаттыгын сактоо, саламаттык сактоо тутумун жана баштапкы медициналык жардам инфратүзүмүн өнүктүрүү.

Мамлекет башчысы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен саламаттык сактоо секторун реформалоо, медициналык кадрларды даярдоо, эне менен баланын ден соолугун коргоо жана бир катар илдеттерди дарылоо боюнча комплекстүү реформаларды ишке ашыруудагы кызматташтыктын оң тажрыйбасына токтолду.

Президент Садыр Жапаров саламаттык сактоо секторун өнүктүрүү жолунда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмун кыргыз тарап негизги өнөктөш катары көрөрүн өзгөчө белгилеп өттү.

Өз кезегинде Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европа регионалдык бюросунун директору Ханс Клюге меймандостук үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан анын жүрөгүндө өзгөчө орунду ээлей турганын белгиледи.

Ал өлкө жетекчилиги тарабынан саламаттык сактоо тармагына көңүл бурулуп жатканын канааттануу менен белгилеп, өлкөнүн өнүгүү деңгээли адамдык капиталдын өнүгүүсү менен тыгыз байланышта экенин айтты.

Ханс Клюге ДСУ калктын ден соолугун жана бакубат жашоосун жогорулатууга багытталган мамлекеттердин жана коомдордун аракеттерин колдой турганын баса белгилеп, Кыргызстандын калктын саламаттыгын сактоо Программасынын алкагында белгиленген пландарын оң жагынан баалады.

Мындан тышкары, ал санариптештирүү - медицинаны өнүктүрүү үчүн абдан маанилүү экенин жана ДСУ Кыргызстан менен бул багытта кызматташууга даяр экенин кошумчалады.

Сүйлөшүүнүн аягында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европа регионалдык бюросунун директору Кыргызстанга 2024-жылы Борбор Азияда ден соолукту жана бакубат жашоону колдоо боюнча Жол картасын ишке ашыруу боюнча 2022-2025-жылдарга төрагалык кылууну сунуштады.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

28.02.2024
Түркмөнстандын делегациясы менен санариптик саламаттыкты сактоо жаатында тажрыйба алмашуу

Саламаттыкты сактоо министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Түркмөнстандын делегациясын кабыл алды. Жыйында министрдин орун басары саламаттыкты сактоону санариптик трансформациялоо жаатындагы мамлекеттик саясат жана артыкчылыктуу багыттарга токтолду. “iEPID” – саламаттыкты сактоо тармагындагы инциденттерге мониторинг жүргүзүү үчүн маалымат системасы, “iEMDOO” – иммунизациялоонун толук циклдүү маалыматтык системасы, “Санариптик убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчасы”, “Санариптик медициналык маалымкат” - төрөлүү жана өлүм фактыларын алгачкы каттоонун маалыматтык системасы сыяктуу саламаттыкты сактоо тармагындагы санарип продуктулары талкууланды.

 

«Биз санариптик саламаттыкты сактоону өнүктүрүү үчүн экспертиза жана тажрыйба алмашуу жаатында бардык жардамдарды көрсөтүүгө даярбыз», - деп жыйынтыктады Б.Джангазиев.

 

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мүмкүнчүлүктөрдү жогорулатуу жана туруктуу негизде тажрыйба алмашуу жаатында кызматташуу боюнча макулдашууга жетишти.

22.02.2024
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун дарыгерлер тобу Түркияда жилик чучугун трансплантациялоо технологиясын өздөштүрүүдө

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Түркиянын «Инөнү» университетинин ортосундагы кызматташуу боюнча кол коюлган келишимдин алкагында Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун дарыгерлер, лаборанттар жана медайымдар кирген 8 адамдан турган дарыгерлер тобу Түркиянын Малатья шаарына келишти.

«Инөнү» университетинин клиникасында дарыгерлер тобу окутулуп, жилик чучугун алмаштыруунун технологиясын өздөштүрүшөт. Бул университеттик клиника чоңдор жана балдар үчүн органдарды, анын ичинде жилик чучугун трансплантациялоо операцияларын жасайт.

«Түрк клиникасынын жетекчилиги бизди абдан жылуу тосуп алды. Малатьядагы Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун медициналык командасы кийин мекенибизде колдонуу үчүн жетишерлик билим алып келишет деп үмүттөнөбүз. Президентибиздин көрсөтмөсү менен бул долбоорду баштап, бизди ушундай керектүү окууга жиберген министрибиз Алымкадыр Бейшеналиевге онкологмдарыгерлер терең ыраазычылыктарын билдиришет”, - деп бөлүштү Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун онкология бөлүмүнүн башчысы Султан Стамбеков.

Эскерте кетсек, 2024-жылдын 11-12-январында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев клиникасы органдарды трансплантациялоо боюнча беш эң мыкты мекеменин бири болуп саналган Түркиянын «Инөнү» университетинде болгон. Иш сапардын жыйынтыгында КР Саламаттык сактоо министрлиги менен «Инөнү» университетинин ортосунда кызматташуу келишимине кол коюлган.

21.02.2024
КР Саламаттыкты сактоо министри менен Жогорку Кеңештин депутаты Кыз-келиндер күрөшү залында болуп, Олимпиадага чейин спортчуларга дары-дармек сатып алуу көйгөйлөрүн талкуулашты

2024-жылдын 20-февралында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Таалайбек Масабировдун коштоосунда Кыргыз Республикасынын Маданият, Маалымат, спорт жана Жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин бөлүмчөсү болгон Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын чакыруусун кабыл алып, Кыз-келиндер күрөшү залына барды.

Иш сапардын алкагында коноктор Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын алдыдагы мелдештерге даярдыгы менен таанышты. Жолугушуунун жүрүшүндө Парижде боло турган жайкы Олимпиада оюндарына байланыштуу команданын алдында турган актуалдуу көйгөйлөр, аларды чечүүнүн жолдору талкууланды.

Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча департаменттин директору Мелис Тобокелов менен улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков спортчуларга витамин жана дары-дармек сатып алуу кечеңдеп жатканына тынчсыздануусун билдиришти. Каржылоо өз деңгээлинде каралганы менен керектүү дары-дармектерди сатып алуу боюнча тендер арыздар түшпөгөндүктөн өтпөй калган. Бул квалификациялык курамды даярдоодо олуттуу кыйынчылыктарды жаратат жана биздин спортчулардын олимпиадалык аренадагы ийгилигине терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев айтылган кооптонууларга жооп кылып, витаминдерди жана дары-дармектерди сатып алууну каржылоо КР Саламаттык сактоо министрлиги аркылуу жүрбөй турганын баса белгиледи. Ал «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасына дары-дармектерди тендердик жол-жоболорду өткөрбөстөн түз жеткирүүчүлөрдөн сатып алууга мүмкүндүк берүүчү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин буйругун даярдоону сунуштады. Анын үстүнө керектүү дары-дармектердин 80%га жакыны “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасынан жеткиликтүү. Министр сатып алууларды жөнөкөйлөтүү демилгеси депутаттар тарабынан колдоого алынып, жакынкы аралыкта ишке ашат деген ишенимин билдирди.