Copyright: ©

Кызамыкка жана кызылчага каршы тазалоочу эмдөөнүн алкагында 60 миңден ашык бала эмдөөдөн өттү

13.11.2024 / Просмотров: 7163

Республикалык иммунопрофилактика борбору жыл башынан бери Кыргызстанда кызамык оорусунун 13 475 учуру катталганын билдирди. Алардын 1314ү чоңдор, 12161и балдар, анын ичинен 9067си 4 жашка чейинки балдар. Эң көп учур Бишкек шаарында катталган – 5012 адам, Чүй облусунда – 3326 адам, Ош облусунда – 1804 адам, Жалал-Абад облусунда – 1406 адам, Ош шаарында – 837 адам, Баткен облусунда - 510 адам, Ысык-Көл облусунда - 249 адам, Талас облусунда - 154 адам жана Нарын облусу – 177 адам. Жыл башынан бери Кыргызстанда кызамыктан каза болгон 3 учур катталды.

Кыргызстанда 2024-жылдын 21-октябрында кызамык жана кызылча оорусунун алдын алуу боюнча тазалоочу эмдөө өнөктүгүн башталган. Иш-чара 9 айдан 7 жашка чейинки, мурда эмдөө албаган же бир жолу эмделген балдарга багытталган. Эмдөөдөн өтпөгөн медицина кызматкерлери, орто жана жогорку окуу жайлардын студенттери жана мугалимдери да эмдөөдөн өтүүгө тийиш.

Кызамыкка жана кызылчага каршы эмдөөнүн алкагында 2024-жылдын 6-ноябрына карата 60 295 бала эмдөөдөн өттү. Эске сала кетсек, былтыртан бери өлкөдө кызамык оорусунун чыгышына каршы эки этаптуу эмдөө өнөктүгү ишке ашырылган. Анын жүрүшүндө 9 айдан 7 жашка чейинки 818 939 бала эмдөөдөн өткөн, бул максаттуу топтун 84,6% түзөт.

Тазалоочу эмдөөнүн максаты тигил же бул себептерден улам толук эмдөөдөн өтпөгөн калктын топторун кызылча жана кызамыктан коргоону камсыз кылуу болуп саналат. Бул жамааттык иммунитетти пайда кылып, оорулардын чыгышын алдын алууга жана алардын, өзгөчө балдар арасында жайылуу коркунучун минималдаштырууга жардам берет. Ушуга байланыштуу кызамык жана кызылчага каршы эмдөө вакцина албаган бардык балдарды камтууга жетишкенге чейин улантылат.

Кызамык - коркунучтуу жана өтө жугуштуу вирустук оору, аны айыктырууга болбойт жана анын өтүшүп кетүүсү өлүмгө алып келиши мүмкүн. Эмдөө гана оорудан коргой алат.

Урматтуу ата-энелер! Өз убагында эмдөө балдар арасында оорунун алдын алууга жардам берет жана чоң кишилерде инфекциянын коркунучун азайтат, анткени алар үчүн татаалдашуу ыктымалдыгы алда канча жогору. Эгерде сиздин балаңыз эмдөөдөн өтпөсө, анын ден соолугуна кам көрүп, эмдөөдөн өткөрүңүз!

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

04.12.2024
Чүй облусундагы мурдагы оорукананын имараты мамлекетке кайтарылып, облустук төрөт үйү болот

Бүгүн, 2024-жылдын 4-декабрында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев иш сапары менен Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылына барды. Иш сапарынын жүрүшүндө ал мурда жеке адамдар тарабынан менчиктештирилип, бирок жакында мамлекеттин менчигине кайтарылган мурдагы оорукананын имаратынын абалы менен таанышты.

Административдик-аймактык реформанын алкагында Чүй төрөт үйүнүн имараты Бишкек шаарынын карамагына өтүп, Чүй облусунда тобокелдик тобуна кирген аялдарга акушердик жардам көрсөтүү үчүн Чүй облусунун аймагында жаңы медициналык мекемени уюштуруу зарылчылыгы келип чыккан. Министр кайтарылган имараттын базасында 100 орундуу заманбап Чүй облустук төрөт үйүн түзүү боюнча иштерди баштоону тапшырды.

Саламаттык сактоо министри облустун координатору Алмаз Назарбековго имаратты капиталдык оңдоого кеткен чыгымдарды эсептеп, керектүү медициналык жабдуулардын тизмесин түзүп, Саламаттык сактоо министрлигине долбоорду каржылоону камсыздоо боюнча сунуштарды даярдоону тапшырды.

04.12.2024
Шаардык тез жардам балдар ооруканасында кичинекей бейтаптар жана алардын ата-энелери үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү

Бүгүн, 2024-жылдын 4-декабрында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Шаардык балдар клиникалык тез медициналык жардам ооруканасына барды. Анда министр бөлүмдөрдү кыдырып, кызматкерлер менен баарлашып, бейтаптардын жана алардын ата-энелеринин жашоо шартын жакшыртууга багытталган чаралар менен таанышты.

Министр соматикалык имараттын кабыл алуу бөлүмүндөгү жаңы күтүү залына өзгөчө көңүл бурду. Аны кеңейтүүгө республикалык бюджеттен 18 миллион сом бөлүнгөн. Мындай чечимди былтыркы кырдаал, КРВИ жана сасык тумоо боюнча эпидемиологиялык сезондун кызуу маалында бейтаптардын агымы абдан көп болгондуктан, аларга сыртка чатыр тигип берүүгө аргасыз болгон.

Аянты 240 чарчы метр болгон жаңы күтүү залы бардык керектүү жабдыктар менен жабдылган. Эми балдарын коштоп жүргөн ата-энелер кезекти ыңгайлуу шарттарда күтө алышат.

«Саламаттык сактоо министрлиги медициналык мекемелерде ыңгайлуу жана заманбап инфраструктураны түзүү боюнча ырааттуу иш алып барууда. Биз бейтаптарга жана медициналык кызматкерлерге сапаттуу жана өз убагында жардам көрсөтүү үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзүүгө аракет кылабыз», - деди Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.

Оорукананын башкы дарыгери Акылбек Маманов министрге ооруканага күнүнө 300-350дөй бейтап келип жатканын билдирди. Тез жардам бөлүмү күчөтүлгөн режимде иштеп, 25 дарыгер, анын ичинде педиатрлар, хирургдар, травматологдор жана реаниматологдор күнү-түнү иштешүүдө.

«Бейтаптардын көп агымы инфраструктураны модернизациялоону талап кылат. Саламаттык сактоо министрлигинин демилгеси менен быйыл кабыл алуу бөлүмүнүн кошумча имараты курулуп, жабдылып, биздин бейтаптар үчүн шарттар бир топ жакшырды», - деди Акылбек Маманов.

03.12.2024
КР Саламаттык сактоо министри Клиникалык тез жардам ооруканасына барды

Бүгүн, 2024-жылдын 3-декабрында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкек шаарындагы Клиникалык тез жардам ооруканасына барды. Иш сапардын жүрүшүндө ал медициналык мекеменин жамааты менен жолугушуп, учурдагы көйгөйлөрдү талкуулап, аларды чечүүнүн жолдорун белгиледи.

Талкуунун негизги темаларынын бири оорукананын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу болду. Министр стерилизация жана кир жуучу бөлүмгө автоклав орнотуу зарылчылыгына көңүл буруп, медициналык аспаптарды сапаттуу стерилизациялоону камсыз кылуу үчүн бул жабдыктын маанилүүлүгүн белгиледи.

Мындан тышкары, оорукананын жамааты эки оорукананын имаратынын ортосун бириктирүүчү өтмөк куруу маселесин көтөрүштү. Министр бул маселени тез арада карап чыгып, жакынкы аралыкта анын чечилишин камсыз кылууга убада берди.

Өз сөзүндө министр Саламаттык сактоо министрлиги бейтаптар жана медицина кызматкерлери үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, ошондой эле сапаттуу жана өз убагында медициналык жардам алуу үчүн оорукананын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча иштерди уланта берерин баса белгиледи.