Copyright: ©
Бишкекте эне жана баланын ден соолугунун жана жашоо сапатынын көйгөйлөрүн чечүү жолдору талкууланууда
17.05.2024 / Просмотров: 3573
17-18-майда Бишкекте Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун 60 жылдыгына, ошондой эле А. Ильин жана В. Кононовдун 100 жылдыгына арналган “Эне жана бала: ден соолук жана жашоо сапатынын көйгөйлөрүн чечүү жолдору” аттуу Эл аралык илимий-практикалык конференция өтүүдө.
Конференциянын программасы бир нече пленардык сессияларды жана симпозиумдарды камтыйт - “Ден соолук жана татыктуу жашоо сапаты – балдар медицинасындагы артыкчылык”; «Эне жана баланын ден соолугунун тарыхый жана заманбап аспектилери»; «Борбордук Азия жана Россия: педиатриялык көйгөйлөрдү чечүүгө болгон мамиле»; «Үй-бүлөнү пландаштыруу жана коопсуз эне болуу»; «Балдардын ооруларынын диагностикасынын, терапиясынын жана алдын алуунун заманбап аспектилери»; «Оорулуу балдарды алып барууда жана дарылоодо чечилген жана чечилбеген маселелер»; «Балдардагы тамактануунун бузулушу – бир тыйындын эки бети»; «Балдар хирургиясын өнүктүрүүнүн көйгөйлөрү жана келечеги»; «Балдар хирургиясы: салттар жана инновациялар»; «Неонатология – чакырыктар жана реалдуулук»; «Перинатология — ресурстар жана мүмкүнчүлүктөр».
Конференцияны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Жогорку Кеңештин депутаты, Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Винера Раимбачаева куттуктоо сөздөрү менен ачты.
Саламаттыкты сактоо тутуму үчүн илимий кадрларды жана кадрларды даярдоого, материалдык-техникалык базаны чыңдоого, ошондой эле илимий долбоорлорду ишке ашырууга кошкон зор салымы үчүн дарыгер-окумуштууларга Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун “Ардактуу профессору” наамы ыйгарылды.
Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин айтымында, «юбиляр борбор жогорку кадрдык, илимий, материалдык-техникалык потенциалы менен айырмаланып, Кыргыз Республикасынын аялдардын жана балдардын ден соолугун сактоого жана чыңдоого баа жеткис салым кошууда. Бул конференциянын жүрүшүндө аялдардын, балдардын жана өспүрүмдөрдүн ооруларынын жана ден соолугунун көптөгөн аспектилери каралат. Медицина илими жана саламаттыкты сактоо кайра жаралууга, реабилитацияга муктаж жана кечиктирилгис комплекстүү чараларды талап кылары талашсыз. Саламаттыкты сактоо уюмдарын, анын ичинде педиатриялык профилдеги уюмдарды дагы эле кадрлар, оорукана керебеттери менен камсыз кылуу, инфраструктурасын жаңылоо жана чыңдоо, медицина кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу, диагностикалык жана дарылоонун жаңы технологияларын киргизүү зарыл. Медицина кызматкерлерин социалдык-укуктук жактан коргоо маселеси курч турат. Реформалардын алга жылышын жаңы кадрларсыз, жаш, билимдүү, таланттуу жана чыгармачыл кадрларсыз элестетүү кыйын.
Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында балдардын, өспүрүмдөрдүн жана аялдардын абалын жакшыртуу боюнча мамлекеттик, жеке, өкмөттүк эмес жана эл аралык уюмдардын ишин координациялоо механизмдери түзүлүүдө. Амбулатордук жана стационардык жардамдын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, абилитациялоо жана реабилитациялоо, балдардын ооруларын алдын алуу боюнча иштерди активдештирүү зарыл.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин башкы штаттан тышкаркы жана жетектөөчү адистери, ошондой эле кесиптик медициналык ассоциациялар менен биргеликте аялдардын, балдар жана жаңы төрөлгөн ымыркайлардын ооруларын диагностикалоо жана дарылоодо инновациялык ыкмаларды иштеп чыгууда жана ишке ашырууда. Бүгүнкү күндө Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун клиникалык-диагностикалык базасы кыйла жаңыланып, кадрдык потенциалы чыңдалууда”.
«Педиатрия мамлекет тарабынан колдоону жана субсидияларды талап кылган өзүнчө тармак жана аны бардык багыттар боюнча өнүктүрүү керек», - дейт балдар кардиологу, Педиатрия оюндарынын активдүү уюштуруучусу жана катышуучусу, И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын педиатрия факультетинин ассистенти Данияр Аматов. - Педиатрияны бала ооруп калганда эле эмес, бир топ кеңири караш керек. Бул системалуу бүтүндөй бир организм. Жалпы терапиядан тышкары биздин өлкөдө балдардын кардиологиясы, нефрологиясы, эндокринологиясы, балдар гастроэнтерологиясы, хирургиясы, стоматологиясы, ошондой эле зат алмашуу оорулары, балдардын генетикасы сыяктуу али өтө начар өнүккөн тармактар да өнүгүп, жакшы колдоого алынышына умтулуу керек. Менин оюмча, биз үчүн умтулуп, үйрөнө турчу нерсе көп, анткени биздин өлкө балдарды жакшы көрөт, бизде төрөлүү көрсөткүчү жогору, ошондуктан педиатрияны стратегиялык багыт катары караш керек».
Конференцияда «Мыкты педиатриялык медициналык уюм - 2024»; "Мыкты балдар дарыгери - 2024"; «Мыкты педиатрдык медайым – 2024»; «Кыргыз педиатриясынын тарыхы боюнча эң мыкты көркөм-тарыхый очерк» сынактарынын жеңүүчүлөрүнө жана жаш окумуштуулардын илимий иштеринин сынагына катышкандыгы үчүн дипломдор тапшырылат.
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун калыптануу тарыхына токтолсок, узак убакыт бою кош бойлуу аялдарга медициналык жардам көрсөтүү бөлүмү медициналык бөлүмдөрдүн курамында болуп, 1927-жылы гана эне жана баланы коргоо бөлүмүнө бириктирилген. Ошол убактан тартып ушундай бөлүмдөр өлкөнүн бардык аймактарында ачыла баштады. 1926-жылы Кыргыз АССРинин Саламаттык сактоо элдик комиссариатынын алдында эне жана баланы коргоо боюнча өз алдынча бөлүм түзүлүп, калкты медициналык жактан тейлөө байкалаарлык жакшыра баштаган. Кыргызстанда балдардын саламаттыгын сактоону уюштурууда чоң роль ойногон дарыгерлер С.М. Коплан жана В.Ф. Княгичева болгон. 1924-жылы Саратовдон Пишпекке келген А. Покровскийди республикадагы педиатриялык кызматтын уюуштуруучусу, алгачкы педиатр деп эсептөөгө болот. 1960-жылы Фрунзеде 150 койкалуу республикалык балдар ооруканасы ачылып, анын базасында 1961-жылы Эне жана баланы коргоо кыргыз илим-изилдөө институту уюштурулуп, ал илимий иштин борборуна гана эмес, ошондой эле Кыргызстандагы балдардын жана аялдардын ден соолугун коргоодогу бардык маселелер боюнча методикалык жетекчилик борборуна айланган. Балдарга адистештирилген стационардык хирургиялык жардамды өнүктүрүүнүн башталышы деп 1961-жылы Эне жана баланы коргоо боюнча кыргыз илим-изилдөө институтунун алдында 40 койкалуу хирургиялык бөлүмдүн ачылышын эсептөө керек. 1964-жылы бул бөлүм 110 койкага чейин кеңейтилип, жаңы ачылган 3-балдар ооруканасына өткөрүлүп берилген. Алгачкы күндөрдөн тартып бул бөлүмдү ошол кездеги медицина илимдеринин кандидаты В.С. Кононов жетектеген. Андыктан дал ошол В.С. Кононовду республикадагы балдар хирургиясынын негиздөөчүсү деп эсептөө керек.
Прикрепленные файлы:
Другие Новости
20.01.2025
Сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекциялар боюнча эпидемиологиялык кырдаал
Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин оперативдүү маалыматы боюнча, 2024-жылдын 3-жумасында (13.01.25 - 19.01.25) курч респиратордук вирустук инфекциялардын 11 761 учуру жана сасык тумоонун 41 учуру катталып (и.к. 166,2), өткөн жумага салыштырмалуу (02-жума, и.к. 105,0) +1,6 эсеге жогору. Ооругандардын 4,8%ы (563 бейтап) ооруканага жаткырылган.
Лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча октябрь айынан бери курч респиратордук вирустук инфекциялардын таралышы байкалууда, алардын ичинен эң көп таралган респиратордук синцитиалдык вирус – 30,3%, риновирус – 25,8%, аденовирус – 13,2%, I-IV парагрипп – 11,4%, башка вирустук инфекциялар 19,3%ды түздү.
2024-жылдын декабрынын ортосунан баштап A/(H1N1(2009)) тумоосунан жана В тумоосунун айрым учурлары - 10,7% жана COVID-19 - 8,9% шарттаган сасык тумоо мезгили болду.
Эпидемияга каршы иш-чараларды өз убагында уюштуруу жана оорунун алдын алуу максатында кышкы каникулдан кийин балдардын мектепке баруусуна мониторинг жүргүзүлүүдө.
Республикада сасык тумоо, курч респиратордук вирустук инфекциялар жана COVID-19 инфекциясы боюнча эпидемиологиялык кырдаалга мониторинг жана баалоо улантылууда жана көзөмөлдө.
17.01.2025
КР Саламаттык сактоо министри Республикалык калыбына келтирүү борборуна барды
2025-жылдын 17-январында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Аламүдүн районунун Дачное айылында жайгашкан Республикалык калыбына келтирүү борборуна барды. Иш сапардын жүрүшүндө министр борбордун иштөө шарттары менен таанышып, анын кызматкерлери менен негизги маселелерди талкуулады жана калыбына келтирүүчү жана адистештирилген медициналык жардам көрсөтүү системасын мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Борбор профилактикалык, кеңеш берүү, дарылоочу, диагностикалык жана калыбына келтирүү сыяктуу кызматтардын түрүн көрсөтөт. Борбордунишмердүүлүгүнүн негизги багыттары бейтаптардын ден соолугун калыбына келтирүүгө көмөктөшүүчү дарылоо гимнастикасы жана дене тарбия секцияларын уюштурууну камтыйт.
Министр Кыргызстанда жыл сайын 1500гө жакын адам инсультка кабылып, калыбына келтирүүчү жардамга муктаж болоорун белгиледи. Мындан тышкары, жол кырсыгынан жабыркагандар жана дарылоонун паллиативдик стадиясындагы бейтаптар да жардамга муктаж. Мындай борборду түзүү республиканын бардык аймактарынан келген тургундар үчүн медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын бир топ жакшыртат.
17.01.2025
Саламаттык сактоо министрлиги Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте кызамык оорусу боюнча көчмө ыкчам штабдын жыйынын өткөрүүдө
2025-жылдын 16-январында КР саламаттык сактоо министринин орун басары Бубужан Арыкбаеванын жана Бишкектин вице-мэри Виктория Мозгачеванын төрагалыгы алдында КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин көчмө ыкчам штабынын жыйыны уюштурулду. Бул жыйын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин протоколдук тапшырмаларын жана Саламаттык сактоо министрлигинин кызамык менен күрөшүү боюнча штабынын чечимдерин аткаруунун жана кызамык боюнча алдын алуу жана эпидемияга каршы иш-чараларга көмөк көрсөтүүнүн алкагында уюштурулду.
Талкууга коомдук саламаттыкты сактоонун жана Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, Бишкек шаарынын саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери, билим берүү мекемелеринин, аймактык администрациялардын өкүлдөрү катышты. Жыйында учурдагы эпидемиологиялык кырдаал, кызамыктын, кызылчанын, курч респиратордук вирустук инфекциялардын жана сасык тумоонун чыгышына жооп катары жүргүзүлгөн эмдөө боюнча өнөктүктөргө мониторинг талкууланды.
Белгилей кетсек, өткөн жылы республикада кошумча жана тазалоочу эмдөөнүн үч баскычы өткөрүлгөн. Республика боюнча 918 000 бала жана 29 258 саламаттык сактоо системасынын кызматкери, орто жана жогорку окуу жайларынын окутуучулары жана студенттери эмдөөдөн өткөн.
2024-жылдын жыйынтыгы боюнча республиканын аймагында кызамык оорусунун 14 380 учуру, анын ичинен 5 681 учуру Бишкек шаарында катталган. 2025-жылдын башынан бери 229 жаңы учур, анын ичинде Бишкек шаарында 144 учур катталды. Оорунун күч алышынын негизги себеби – эмдөөдөн өткөндөрдүн көрсөткүчү талаптагыдан төмөндүгү, Бишкекте адамдардын 95% вакцина алышы керек болсо, учурда бул көрсөткүч 69 %ды түзөт.
Кызамык оорусунун андан ары жайылышын алдын алуу үчүн Саламаттык сактоо министрлиги 9 айдан 7 жашка чейинки курактагы балдар арасында тазалоочу эмдөө боюнча өнөктүктү улантууда, бирок эмдөөдөн баш тарткандардын айынан бул иш кыйынчылыктар менен коштолууда. Ушул себептен улам олуттуу эпидемиологиялык тобокелдиктер бар, себеби вирус эмделбеген балдардын арасында жайылып жатат.
Ыкчам штабдын жыйынынын жыйынтыгы боюнча төмөнкүдөй чечимдер кабыл алынды: кызамыкка каршы күрөшүү боюнча профилактикалык жана эпидемияга каршы иш-чараларды күчөтүү, профилактикалык эмдөөлөрдү 95%дан кем эмес деңгээлге жеткирүү; калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү, эмдөөнүн коопсуздугун жана маанилүүлүгүн түшүндүрүүгө багытталган маалыматтык-агартуу өнөктүктөрүн уюштуру.