Copyright: ©

КР Саламаттыкты сактоо министрлиги кореялык H-Robotics компаниясынан реабилитациялык жабдууларды алат

08.07.2024 / Просмотров: 13590

Бүгүн, 8-июлда, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев H-Robotics компаниясынын эл аралык бизнести өнүктүрүү боюнча директору Марина Ли айым менен жолугушту. 

 

Жолугушуунун жүрүшүндө кореялык компаниянын өкүлдөрү тарабынан ар кандай реабилитациялык программаларда, анын ичинде инсульттан, мээ жаракатынан жана кыймылдын бузулушун пайда кылган башка оорулардан кийин калыбына келтирүүдө колдонулуучу REBLESS жабдуусу менен тааныштырышты. 

 

Белгилүү болгондой, H-Robotics компаниясынын өкүлдөрү КР Саламаттык сактоо министрлигине ушундай 20 комплект жабдуу берүү ниетин билдиришти. Ушуга байланыштуу жолугушуунун катышуучулары аны Кыргызстандын саламаттыкты сактоо системасында колдонуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. 

 

Министр Бейшеналиев H-Robotics компаниясына ыраазычылык билдирип, жабдыктар республиканын саламаттык сактоо уюмдары  тарабынан көрсөтүлүүчү реабилитациялык  кызматтарга баалуу кошумча болорун белгиледи. 

 

«Биз медициналык жардамга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү жана жаңы технологияларды колдонуу саясатыбызда кореялык тараптан мындай практикалык колдоо көрүп жатканыбызга абдан кубанычтабыз. Биз бул жабдуулар көптөгөн адамдардын жашоо сапатын жакшыртууга жана алардын толук кандуу активдүүлүккө кайтып келишине жардам берет деп үмүттөнөбүз", - деди Алымкадыр Бейшеналиев. 

 

Жолугушуунун соңунда министр Алымкадыр Бейшеналиев кореялык тарап менен кызматташуу айкын багытка ээ болуп, кийин эки өлкөнүн ортосундагы саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташтыкты калыптандырууга жана бекемдөөгө негиз болот деген ишенимин билдирди. 

 

Маалымат үчүн: Rebless – бул чыканактын, билектин, тамандын жана тизе муундарынын кыймылдуулугун камсыз кылган роботтоштурулган реабилитациялык аппарат.

 

 

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

04.12.2024
Чүй облусундагы мурдагы оорукананын имараты мамлекетке кайтарылып, облустук төрөт үйү болот

Бүгүн, 2024-жылдын 4-декабрында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев иш сапары менен Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылына барды. Иш сапарынын жүрүшүндө ал мурда жеке адамдар тарабынан менчиктештирилип, бирок жакында мамлекеттин менчигине кайтарылган мурдагы оорукананын имаратынын абалы менен таанышты.

Административдик-аймактык реформанын алкагында Чүй төрөт үйүнүн имараты Бишкек шаарынын карамагына өтүп, Чүй облусунда тобокелдик тобуна кирген аялдарга акушердик жардам көрсөтүү үчүн Чүй облусунун аймагында жаңы медициналык мекемени уюштуруу зарылчылыгы келип чыккан. Министр кайтарылган имараттын базасында 100 орундуу заманбап Чүй облустук төрөт үйүн түзүү боюнча иштерди баштоону тапшырды.

Саламаттык сактоо министри облустун координатору Алмаз Назарбековго имаратты капиталдык оңдоого кеткен чыгымдарды эсептеп, керектүү медициналык жабдуулардын тизмесин түзүп, Саламаттык сактоо министрлигине долбоорду каржылоону камсыздоо боюнча сунуштарды даярдоону тапшырды.

04.12.2024
Шаардык тез жардам балдар ооруканасында кичинекей бейтаптар жана алардын ата-энелери үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү

Бүгүн, 2024-жылдын 4-декабрында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Шаардык балдар клиникалык тез медициналык жардам ооруканасына барды. Анда министр бөлүмдөрдү кыдырып, кызматкерлер менен баарлашып, бейтаптардын жана алардын ата-энелеринин жашоо шартын жакшыртууга багытталган чаралар менен таанышты.

Министр соматикалык имараттын кабыл алуу бөлүмүндөгү жаңы күтүү залына өзгөчө көңүл бурду. Аны кеңейтүүгө республикалык бюджеттен 18 миллион сом бөлүнгөн. Мындай чечимди былтыркы кырдаал, КРВИ жана сасык тумоо боюнча эпидемиологиялык сезондун кызуу маалында бейтаптардын агымы абдан көп болгондуктан, аларга сыртка чатыр тигип берүүгө аргасыз болгон.

Аянты 240 чарчы метр болгон жаңы күтүү залы бардык керектүү жабдыктар менен жабдылган. Эми балдарын коштоп жүргөн ата-энелер кезекти ыңгайлуу шарттарда күтө алышат.

«Саламаттык сактоо министрлиги медициналык мекемелерде ыңгайлуу жана заманбап инфраструктураны түзүү боюнча ырааттуу иш алып барууда. Биз бейтаптарга жана медициналык кызматкерлерге сапаттуу жана өз убагында жардам көрсөтүү үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзүүгө аракет кылабыз», - деди Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.

Оорукананын башкы дарыгери Акылбек Маманов министрге ооруканага күнүнө 300-350дөй бейтап келип жатканын билдирди. Тез жардам бөлүмү күчөтүлгөн режимде иштеп, 25 дарыгер, анын ичинде педиатрлар, хирургдар, травматологдор жана реаниматологдор күнү-түнү иштешүүдө.

«Бейтаптардын көп агымы инфраструктураны модернизациялоону талап кылат. Саламаттык сактоо министрлигинин демилгеси менен быйыл кабыл алуу бөлүмүнүн кошумча имараты курулуп, жабдылып, биздин бейтаптар үчүн шарттар бир топ жакшырды», - деди Акылбек Маманов.

03.12.2024
КР Саламаттык сактоо министри Клиникалык тез жардам ооруканасына барды

Бүгүн, 2024-жылдын 3-декабрында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкек шаарындагы Клиникалык тез жардам ооруканасына барды. Иш сапардын жүрүшүндө ал медициналык мекеменин жамааты менен жолугушуп, учурдагы көйгөйлөрдү талкуулап, аларды чечүүнүн жолдорун белгиледи.

Талкуунун негизги темаларынын бири оорукананын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу болду. Министр стерилизация жана кир жуучу бөлүмгө автоклав орнотуу зарылчылыгына көңүл буруп, медициналык аспаптарды сапаттуу стерилизациялоону камсыз кылуу үчүн бул жабдыктын маанилүүлүгүн белгиледи.

Мындан тышкары, оорукананын жамааты эки оорукананын имаратынын ортосун бириктирүүчү өтмөк куруу маселесин көтөрүштү. Министр бул маселени тез арада карап чыгып, жакынкы аралыкта анын чечилишин камсыз кылууга убада берди.

Өз сөзүндө министр Саламаттык сактоо министрлиги бейтаптар жана медицина кызматкерлери үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, ошондой эле сапаттуу жана өз убагында медициналык жардам алуу үчүн оорукананын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча иштерди уланта берерин баса белгиледи.