Copyright: ©
Бишкекте Саламаттык сактоо боюнча форум өттү: профилактика, инновациялар жана ден соолукка инвестицияларга багыт
09.10.2025 / Просмотров: 8594
Бишкек, 2025-жылдын 9-октябры — Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо форумы өтүп, анда «Дени сак адам – өнүккөн өлкө» (2019–2030-жж.) мамлекеттик программасын ишке ашыруунун аралык жыйынтыктары жана саламаттык сактоо тармагынын мындан аркы өнүгүү багыттары талкууланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов форумду саламаттык сактоо системасын модернизациялоо боюнча маанилүү диалог аянтчасы катары баалап, Саламаттык сактоо министрлигине жүргүзүлүп жаткан системалуу иштери үчүн ыраазычылык билдирди.
Эдиль Байсалов жакынкы беш жыл ичинде саламаттык сактоого мамлекеттик каржылоону үч эсеге көбөйтүү пландалып жатканын белгиледи. Эгерде 2025-жылкы бюджетте бул тармакка 44 млрд сом каралган болсо, 2030-жылга карата бул сумма 130 млрд сомго жетет.
«Биз мамлекеттик кепилдиктер программасын кеңейтүүнү көздөп жатабыз — бул тарыхта биринчи жолу кызматтардын тизмеси кыскарбай, тескерисинче, кеңейет дегенди билдирет. Өзгөчө көңүл аялдардын жана балдардын саламаттыгына бурулат: улуттук пренаталдык жана неонаталдык скрининг программалары ишке киргизилет, эмдөө жана оорулардын алдын алуу чаралары күчөтүлөт. Калктын жашоо узактыгын жогорулатуу — алдыдагы беш жылдыктагы негизги артыкчылык», — деди Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары.
Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев өз сөзүндө өткөн эки күндүк Биргелешкен жылдык кароонун жыйынтыктары саламаттык сактоо системасын өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктоого жардам бергенин белгиледи. Ал ден соолукка инвестиция — бул өлкөнүн келечегине инвестиция, ошондуктан баштапкы медициналык-санитардык жардамды коомдук саламаттык сактоо кызматтары менен интеграциялоо зарыл экенин белгиледи. Бул чаралар оорулардын жүгүн азайтып, калктын бакубатчылыгын жогорулатууга өбөлгө түзөт.
Форумга БУУнун Кыргыз Республикасындагы туруктуу координатору Антье Граве, Дүйнөлүк банктын саламаттык сактоо боюнча башкы кеңешчиси Мохини Как, ДССУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн саламаттык сактоо саясаты боюнча кеңешчиси Аманда Шривайз, ошондой эле мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана өнүктүрүү өнөктөштөрүнүн өкүлдөрү катышышты. Катышуучулар Кыргызстандын туруктуу жана инклюзивдүү саламаттык сактоо системасын куруу боюнча реформаларды колдоого даярдыгын тастыкташты.
«Ден соолук форуму Кыргызстандын ден-соолукка жана бакубаттуулукка гана эмес, туруктуу өнүгүүнүн негизи катары адамдык капиталга инвестиция салууга болгон бекем умтулуусун чагылдырат. Саламаттыкты сактоо, билим берүү жана социалдык коргоо тармагындагы реформалар өлкөнүн адилеттүү жана туруктуу келечекке карай жылышына өбөлгө түзүүдө. Бириккен Улуттар Уюму саламаттыкты сактоо менен жалпы камтууну өркүндөтүү жана ар бир адам, анын ичинде эң алыскы тоолуу аймактарда жашагандар үчүн сапаттуу медициналык жардамга жетүүнү камсыз кылууда Өкмөттүн жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин ишенимдүү өнөктөшү бойдон калууда. Биз биргелешип, Туруктуу өнүгүүнүн 3-максаты: “Ден соолук жана бакубат жашоо” максатына жетишүү үчүн иштеп жатабыз жана эч ким көңүл сыртында калбашы үчүн аракеттенебиз»,- деди БУУнун Кыргыз Республикасындагы туруктуу координатору Антье Граве.
ДССУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн саламаттык сактоо саясаты боюнча кеңешчиси Аманда Шривайз өз кезегинде мындай деди:
«Кыргызстан калктын ден соолугун чыңдоо боюнча күчтүү лидерлигин көрсөтүп келет — баштапкы медициналык жардамды бекемдөө, жугуштуу эмес ооруларга каршы күрөшүү, жаңы коркунучтарга ыкчам жооп кайтаруу жана санариптик трансформацияны өнүктүрүү боюнча иш-аракеттер муну айгинелейт. ДССУ Саламаттык сактоо министрлиги менен тыгыз өнөктөштүгүнө сыймыктанат жана “Дени сак адам – өнүккөн өлкө” улуттук программасын ишке ашырууну колдойт, ар бир жарандын сапаттуу жана туруктуу медициналык кызматтарга жеткилигин камсыздоого көмөктөшөт».
Форумдун жыйынтыгында калктын ден соолугун жакшыртуу жана саламаттык сактоо системасын чыңдоо боюнча бир катар чараларды камтыган жыйынтыктоочу билдирүү кабыл алынды. Алардын катарына төмөнкүлөр кирет:
- коомдук саламаттык боюнча профилактикалык программаларды кеңейтүү;
- саламаттык сактоодо санариптештирүүнү жана жасалма интеллектти өнүктүрүү;
- медициналык кызматкерлердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу;
- саламаттык сактоо тармагында каржылык ачыктыкты камсыз кылуу;
- тармакка инвестицияларды көбөйтүү.
Форум Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) жана өнүктүрүү өнөктөштөрүнүн колдоосу менен, Саламаттык сактоо боюнча өнөктөштөрдүн координациялык кеңеши аркылуу уюштурулду.
Иш-чара улуттук саламаттык сактоо системасын модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү боюнча кийинки кадамдарды макулдашуу үчүн негизги диалог аянтчасы болуп калды.
Прикрепленные файлы:
Другие Новости
29.12.2025
Жаңы жылдык майрам жана дем алыш күндөрү саламаттык сактоо уюмдарынын иш тартиби
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги майрам жана дем алыш күндөрүндө саламаттык сактоо уюмдарынын иштөө тартиби тууралуу маалымдайт.
Медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана үзгүлтүксүз көрсөтүлүшүн камсыз кылуу максатында 2025-жылдын 30–31-декабрында республика боюнча бардык медициналык уюмдарда күчөтүлгөн иш тартиби камсыздалат. Бул күндөрү медициналык кызматкерлердин кошумча нөөмөттөрү уюштурулуп, кызматтардын жогорку даярдыгы камсыз кылынат, ошондой эле калкка шашылыш жана тез жардам көрсөтүү үзгүлтүксүз жүргүзүлөт.
2026-жылдын 1-9-январь аралыгында, жаңы жылдык каникул күндөрүндө, саламаттык сактоо уюмдары белгиленген тартипте иштеп, жооптуу кызматкерлердин нөөмөттөрү уюштурулат. Медициналык мекемелерде күнү-түнү тез жардам көрсөтүү камсыздалып, шашылыш дарылоого муктаж бейтаптарды жаткыруу үчүн керебеттердин резерви түзүлөт. Ошондой эле зарыл болгон дары-дармектердин, медициналык буюмдардын, кан компоненттеринин жана алардын резервдеринин жетиштүүлүгү камсыздалат.
Амбулатордук деңгээлде — үй-бүлөлүк медицина борборлорунда, жалпы дарыгердик практика борборлорунда жана үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунда — 1–9-январь күндөрү үй-бүлөлүк дарыгердин, үй-бүлөлүк медайымдын жана каттоо бөлүмүнүн нөөмөттөрү 08:00дөн 18:00гө чейин, ал эми дарылоо кабинеттери 14:00гө чейин иштейт.
Тез жардам кызматы Бишкек жана Ош шаарларында, ошондой эле өлкөнүн бардык аймактарында демалышсыз, күнү-түнү иштейт. Мындан тышкары, санитардык авиациянын үзгүлтүксүз иши, санитардык-эпидемиологиялык кызматтын адистеринин жана лабораториялардын нөөмөтү майрамдык жана дем алыш күндөрү да камсыздалат.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жаңы жылдык майрамдар мезгилинде калкка медициналык жардам толук көлөмдө көрсөтүлөрүн белгилеп, жарандарды зарыл болгон учурда медициналык уюмдарга өз убагында кайрылууга чакырат.
26.12.2025
Дары-дармектерге жеткиликтүүлүк жана ачык-айкын сатып алуулар: КР Саламаттык сактоо министрлиги БУУнун тутумундагы уюмдар менен кызматташуунун артыкчылыктарын талкуулады
2025-жылдын 26-декабрында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов Бириккен Улуттар Уюмунун тутумуна кирген уюмдардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрүп, анда колдонулуп жаткан Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун алкагында дары-дармек менен камсыздоо маселелери талкууланды.
Талкуунун жүрүшүндө тараптар дары-дармек менен камсыздоо жаатындагы кызматташуунун негизги багыттарына — улуттук жөнгө салуу тутумун чыңдоо, өмүр үчүн зарыл дары-дармектерге жеткиликтүүлүктү кеңейтүү, сатып алуулардагы ачык-айкындуулукту жогорулатуу жана жеткирүү чынжырларынын туруктуулугун камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурушту.
Министр сапаттуу дары-дармектерге адилеттүү жана туруктуу жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу саламаттык сактоо тармагындагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин жана бул Туруктуу өнүгүү максаттарына, айрыкча «Чың ден соолук жана бакубаттуулук» максатына жетүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин баса белгиледи.
Өзүнчө көңүл сатып алуулардагы ачык-айкындуулукка жана коррупциялык тобокелдиктерди алдын алууга бурулду. Каныбек Досмамбетов системалуу өзгөрүүлөрдүн зарылдыгын белгилеп, алар адилетсиз практикаларды четтетүүгө жана бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга багытталышы керектигин айтты.
«Мамлекет жыл сайын дары-дармек сатып алууга олуттуу каражаттарды багыттайт, биздин милдет — бул ресурстарды мүмкүн болушунча ачык-айкын жана рационалдуу пайдаланууну камсыз кылуу. Биз сатып алуулар тармагында тартипти катуу орнотууга, системаны адилетсиз практикалардан тазалоого жана туруктуу, чынчыл кызматташтыкты курууга багыт алдык. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрүбүздүн колдоосу менен бул кызматташтык системалуу жана узак мөөнөттүү мүнөздө болот деп ишенебиз», — деп белгиледи Каныбек Досмамбетов.
Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө даяр экенин, анын ичинде эл аралык стандарттарга ылайык сатып алууларды колдоо, жеткирүү чынжырларын башкаруу, санариптик чечимдер, фармакологиялык көзөмөл жана саламаттык сактоо тутумунун институционалдык потенциалын жогорулатуу багыттарында көмөк көрсөтүүнү ырастады.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун жоболорун ишке ашыруу боюнча биргелешкен ишти улантууга макулдашышты. Бул иш конкреттүү, өлчөнө турган натыйжаларга багытталып, дары-дармек коопсуздугун чыңдоого жана бейтаптардын кызыкчылыктарын коргоого кызмат кылмакчы.
25.12.2025
Кыргызстанда 2026-жылы ажылыкка зыярат кылуучуларга эмдөө иш-чаралары уюштурулду
Санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана жугуштуу оорулардын жайылышын алдын алуу максатында, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан 2026-жылы Меккеге ажылык сапарга баруучу жарандарды профилактикалык эмдөөнү жүргүзүү уюштурду.
Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин бекитилген буйругуна ылайык, бардык зыяратчылар менингококк инфекциясына, ошондой эле сезондук сасык тумоого каршы эмдөөдөн өтүшү керек. Бул чаралар эл аралык саламаттыкты сактоо жана санитардык талаптарга жооп берет жана ажылыкка кирүү үчүн милдеттүү талап болуп саналат.
Эмдөөлөр 2025-жылдын 23-декабрынан 30-декабрына чейин республиканын бардык аймактарындагы саламаттык сактоо уюмдарында 1-таблицага ылайык жүргүзүлөт, милдеттүү түрдө алдын ала медициналык кароодон өтүшөт. Эмдөөлөр бардык коопсуздук талаптарына, «муздак чынжырча» стандарттарына жана инфекцияны көзөмөлдөө эрежелерине жооп берет.
1-таблица
2026-жылдагы ажылык сапарга баруучуларга эмдөө жүргүзүлгөн жерлердин тизмеси
| № | Аймактар | Вакцинацияланган жер |
| 1 | Ош облусу жана Ош шаары | №8 ΥМБ Ош областтык жана Ош ш. эмдөө кабинети, Ж.Райымбекова көч. №22 |
| 3 | Жалал-Абад облусу | Манас шаары, Курманбек көчөсү, №13, №2 ҮДТнын эмдөө кабинети |
| 4 | Баткен облусу | Баткен облусунун ҮМБ эмдөө кабинети, Султанмурат көчөсү, Мин башы №14 |
| 5 | Талас облусу | Талас шаары, областык ҮМБ эмдөө кабинети, Бердике Баатыр көчөсү №293 |
| 6 | Ысык-Көл облусу | Каракол шаары, областык ҮМБ, Абдрахманов көчөсү, № 121 |
| 7 | Нарын облусу | Нарын шаары, областык ҮМБ, эмдөө кабинети Качкынов көчөсү №5 |
| 8 | Чуйская аймак | -ЖДПБ Кант шаары, Ысык-Ата району, көч. Иманкулова №6. - ҮДТ Военно-Антоновка, Сокулук району, Фрунзе көчөсү б/н |
| 9 | Бишкек | Бишкек шаары, №5 ҮМБнын эмдөө кабинети, Курманжан Датка көчөсү, №109а |
Бардык катышкан саламаттыкты сактоо уюмдары эмдөө үчүн зарыл болгон вакциналар жана каражаттар менен камсыздалган. Эмдөө аяктагандан кийин ар бир зыяратчы белгиленген үлгүдөгү эмдөө сертификатын алат жана маалымат электрондук эмдөөнү каттоо системасына киргизилет.
Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги 2026-жылы ажылыкка барууну пландап жаткан жарандарды белгиленген эмдөө пункттарында өз убагында медициналык кароодон жана эмдөөдөн өтүүгө чакырат. Бул чараларды сактоо зыяратчылардын ден соолугун коргоо жана өлкөгө жугуштуу оорулардын киришинин алдын алуу үчүн абдан маанилүү.