Тайгак жолдо баратып жаракат алуудан кантип сактануу керек?

10.01.2023 / Просмотров: 883

Тайгак жолдо баратып жаракат алып калбоо үчүн, төмөнкү эрежелерди сактоо керек:

  Коопсуз жолду танданыз - жарыктандырылган, муз азыраак, кум чачылганжолдорго артыкчылык бериңиз. Эсиңизде болсун, муз каптап калган канализациялык люктардын капкактары жана дүкөндүн тепкичтери кооптуу. Ошондуктан, мындай тепкичке чыкканда, кармагычтарды кармануудан тартынбаңыз. Ал эми калың муз тоңгон учурда алгач ар бир тепкичке эки бутуңуз менен чыгып, андан кийин гана кийинки кадамга туруңуз.

  Бут кийимге өзгөчө көңүл буруңуз. Ал тайгаланбаган, туруктуу, эң жакшысы резина же таманында оюктары бар болушу керек. Бийик такалуу бут кийимдерден баш тартыңыз. Эгерде, болбой эле бут кийим тайып кетсе, атайын тикенектүү саптамаларын колдонуңуз. Таманга кайчылаш же тепкич сымал кылып лейкопластырь да чаптап койсоңуз болот, бул убактылуу жардам берет.

  Бутуңузду бийик көтөрбөшүңүз керек. Лыжа тебүүчү сыяктуу кыймылдап, майда кадамдар менен бутту толук жерге тийгизип басып, жантайыңкы жерлерден айланып өтүүгө аракет кылыңыз. Муз үстүндө басууда кадамыңыздын узундугу таманыңыздын узундугуна барабар болушуна аракет кылыңыз.

  Колуңузду чөнтөгүңүзгө салбаңыз. Жыгылганда аларды инстинктивдүү түрдө алып чыгууга убакытыңыз жетпей калат.

  Көчөгө чыкканда улгайган адамдар таяк алып жүрүшү керек. Кош бойлуу аялдар коштоочусу жок чыкпаганы оң, жалгыз жүрүү болочок эне үчүн да, бала үчүн да өтө кооптуу.

  Жолдун машина жүргөн тарабында өзгөчө этият болуңуз. Аны чуркабай, жай баракат кесип өтүңүз. Анткени, тайгаланып жыгылышыңыз мүмкүн. Ал эми мындай кырдаалда айдоочуга унааны дароо токтотуу кыйын экенин, унааны токтуу аралыктары бир топ узарарын унутпаңыз.

  Автобустан же троллейбустан чыкканда кармагычтарды кармаңыз. Жылып бараткан транспортту кууп жетүүнүн кереги жок, тайгаланып, дөңгөлөктөрүнүн астында калуу коркунучу бар.

  Муздуу көчөлөрдө мас абалында жүрүү кооптуу. Ичкиликтин таасири астында оор жаракат алышы мүмкүн. Алкоголь ооруга сезимталдыкты азайтат, ошондуктан көп адамдар дароо медициналык жардамга кайрылышпайт.

  Имараттардын чатырларында муздун пайда болушуна өзгөчө көңүл буруу керек. Мүмкүн болсо, кыймылдын коопсуз жолун тандап, үйлөрдөн жана башка курулуштардан коопсуз аралыкты сактоо зарыл.

  Эгерде сиз тайып жыгылып, башыңыз ооруп, көңүлүңүз айланып, башыңыз айланып, муундар ооруп, шишик пайда болсо - дароо медициналык мекемеге кайрылыңыз!

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

28.03.2024
НЕКРОЛОГ

2024-жылдын 27-мартында Ысык-Көл райондор аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Токтоназарова Алина Эсентуровна мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Ал өлкөнүн саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүүдө өчпөс из калтырды.

Эмгек жолун 1998-жылы санитардык агартуу бөлүмүндө санитардык врач болуп баштаган, 2003-жылдан тартып Ысык-Көл райондук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунда тамак-аш гигиенасы боюнча санитардык дарыгер кызматын аркалаган. 2009-жылы Ысык-Көл облустук оорулардын алдын алуу борборунда мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл бөлүмүнүн башчысы, ал эми 2010-жылы санитардык бөлүмдүн башчысы болуп иштеген.

2012-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Бишкек шаардык инспекциясынын башкы санитардык көзөмөл адиси болуп дайындалган. 2013-жылы Ысык-Көл райондук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборуна санитардык дарыгер болуп кайтып келген.

2021-жылы Ысык-Көл райондор аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери болуп дайындалып, өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин баа жеткис эмгегин улантты.

 

Анын кесипкөйлүгү, ишке берилгендиги жана жарандардын ден соолугуна болгон камкордугу кесиптештеринин эсинде түбөлүккө сакталат. Анын дүйнөдөн кайтканы бул керемет инсанды билген жана баалаган ар бир адам үчүн орду толгус жоготуу.

Токтоназарова Алина Эсентуровнанын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

 

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, министрдин орун басары Медербек Исмаилов, министрдин орун басары Айжамал Шамбетова, министрдин орун басары Бүбүжан Арыкбаева, министрдин орун басары Бакыт Джангазиев. Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык департаментинин эмгек жамааты.

28.03.2024
НЕКРОЛОГ

Саламаттыкты сактоо системасы, анын ичинде Эне жана баланы коргоо улуттук борбору орду толгус жоготууга учурады. Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун мурдагы директору, медицина илимдеринин доктору, илимий кызматкер Маймерова Гүлзат Шаршенбековна 51 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Маймерова Гүлзат Шаршенбековна 1973-жылы 2-июнда Бишкек шаарында туулган. Гүлзат Шаршенбековна 2000-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын ийгиликтүү аяктап, 2010-жылы илимий ишмердүүлүгүн баштап, медицина илимдеринин кандидаты, 2016-жылы ага илимий кызматкер наамы ыйгарылып, 2018-жылы медицина илимдеринин доктору илимий даражасын ийгиликтүү коргогон.

   Мугалимдик эмгек жолун 2015-жылы баштаган, ал учурда Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда клиникалык ординаторлордун жетекчиси болгон. 2019-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы дипломдон кийинки билим берүүнүн координациялык кеңешинин катчысынын милдетин аткарып, жалпы практикадагы ординаторлордун күндөлүгүн түзүүгө активдүү катышкан.

2016-жылдан тарта Г.Ш.Маймерова Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директорунун илимий иштер боюнча орун басары кызматына дайындалгандан кийин 20 жылдан бери биринчи жолу балдар хирургиясы боюнча кандидаттык диссертация корголгон. Ошондон бери Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун «Эне жана баланы коргоо» илимий журналында педиатрия, балдар хирургиясы жана акушердик-гинекология боюнча редактордун орун басары болуп эмгектенип келген. Гүлзат Маймерованын жигердүү ишинин натыйжасында 2020-жылдан баштап бул журнал Россия Федерациясынын Россиянын илимий цитаталар индексинин базасына киргизилген.

Жогорку категориядагы дарыгер, саламаттыкты сактоонун “Эмгек сиңирген ишмери” Гүлзат Шаршенбековна 2018-жылы Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо тармагында көп жылдык үзүрлүү эмгеги,калктын ден соолугун чыңдоого кошкон зор салымы, ошондой эле активдүү коомдук ишмердиги үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Ардак Грамотасы” менен сыйланган. Ал мыкты сапаттарга ээ, өзүнө коюлган милдеттерди тез жана сапаттуу чече билген тажрыйбалуу адис эле.

   Гүлзат Шаршенбековнанын үй-бүлөсүнө, бир туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, орду толгус кайгысын тең бөлүшөбүз!

 

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, министрдин орун басары Медербек Исмаилов, министрдин орун басары Айжамал Шамбетова, министрдин орун басары Бүбүжан Арыкбаева, министрдин орун басары Бакыт Жангазиев.

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жетекчилиги жана кызматкерлери.

27.03.2024
Бишкекте “Шанхай кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдө кардиологияны өнүктүрүүдөгү инновациялар жана технологиялар” конгресси өтүүдө

2024-жылдын 27-мартында Бишкекте ШКУ өлкөлөрүнүн Эл аралык медициналык конгресси ишин баштады. Конгресс 27-марттан 29-мартка чейин өтөт.

Көрүнүктүү окумуштуу жана клиницист академик, Социалисттик эмгектин баатыры Мирсаид Миррахимовдун жаркын элесине арналган конгресске ШКУга мүчө-мамлекеттердин саламаттык сактоо министрликтеринин өкүлдөрү, ШКУга мүчө-мамлекеттердин жана башка өлкөлөрдүн кардиология, ички жана тоо медицинасы боюнча алдыңкы окумуштуулары жана адистери, жаш окумуштуулар, жогорку окуу жайлардын жана илимий уюмдардын өкүлдөрү, ШКУ өлкөлөрүнүн улуттук илимий жана медициналык борборлорунун өкүлдөрү, ошондой эле эл аралык уюмдардын, анын ичинде ДССУнун өкүлдөрү жана башкалар катышууда.

Конгресстин максаты - ШКУга мүчө мамлекеттерде кардиология жана ички оорулар тармагындагы заманбап жетишкендиктерди жана алдыңкы тажрыйбаларды көрсөтүү, инновациялык технологияларды, фармацевтикалык продукцияларды жана медициналык жабдууларды практикалык медицинага киргизүү.

  «Бүгүн биз маанилүү саламаттык сактоо маселелерин талкуулоо жана конкреттүү иш пландарды иштеп чыгуу үчүн чогулуп жатабыз. Ар түрдүү өлкөлөрдүн өкүлдөрү жалпы максат болгон  журок-кан тамыр жана жугуштуу эмес ооруларга каршы күрөшүү үчүн бириккен. Биздин биригүүбүз жана билим алмашуубуз бул көйгөйлөргө каршы күрөшүүдө күчтүү курал болот деп ишенем. Кыргызстан изилдөөчүлүк ишмердүүлүктү активдештирүүгө жана кардиология, кардиохирургия жана ички оорулар боюнча заманбап илимий кластерлерди түзүүгө умтулууда. Бул аракеттер бизге дарт аныктоонун жана дарылоонун жаңы ыкмаларын иштеп чыгууга, биздин медициналык практиканын натыйжалуулугун жогорулатууга жана өлүм деңгээлин төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет. Аны менен катар эл аралык кызматташуунун жана тажрыйба алмашуунун өзгөчө маанилүүлүгүн баса белгилешибиз керек”, - деп белгиледи Алымкадыр Бейшеналиев өз сөзүндө.

Адистердин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 2021-жылы жүрөк-кан тамыр ооруларынан каза болгондордун көрсөткүчү 52,3%ды, ал эми жалпысынан жугуштуу эмес оорулардан көз жумгандардын көрсөткүчү 80% ашуунду түздү. Жүрөк-кан тамыр ооруларынан өлүмгө учурагандар негизинен жүрөктүн коронардык оорусунан (ЖКО), анын ичинде миокарддын курч инфаркты (МКИ), артериялык гипертензиядан (АГ), олуттуу жүрөк аритмиясынан жана өнөкөт жүрөк жетишсиздигинен (ӨЖЖ) келип чыгат. Ошондуктан стратегияларды жана стандарттарды иштеп чыгуу, жаңы жогорку эффективдүү моделдерди жана башкаруунун жогорку технологиялык жана инновациялык ыкмаларын киргизүүнүн негизинде ЖКТО менен ооруган бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүүнү уюштуруунун заманбап системасын түзүү маанилүү.

Белгилей кетчү нерсе, өлүмдүн жана майыптуулуктун жогорку көрсөткүчтөрүнөн улам жүрөк-кан тамыр жана жугуштуу эмес оорулар Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) кирген өлкөлөрдө да олуттуу көйгөй болуп саналат. Бул өз кезегинде биргелешкен стратегияларды иштеп чыгуу жана ДССУнун программаларынын жана БУУнун Миң жылдыктын Декларациясынын алкагында саламаттыкты сактоонун бардык деңгээлдеринде медициналык жардамды уюштуруунун жогорку эффективдүү моделдери жана системаларын түзүү үчүн күч-аракеттерди бириктирүүнү талап кылат.

Конгресстин программасы кардиология, кардиохирургия, ички жана тоо медицинасы чөйрөсүндөгү акыркы сунуштарга жана иштеп чыгууларга, далилдерге негизделген маалыматтарга, саламаттыкты сактоонун бардык деңгээлдеринде медициналык жардамдын жогорку натыйжалуу системасын өркүндөтүүгө жана түзүүгө, ошондой эле эл аралык стандарттарга ылайык жаңы муундагы адистерди даярдоого багытталат.