Онкология жана гематология борбору Петров атындагы Улуттук онкология изилдөө борбору менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду

24.03.2023 / Просмотров: 1044

2023-жылы 23-мартта, Санкт-Петербургда өтүп жаткан “Дени сак коом” форумунун алкагында Кыргызстандын УОжГБ жана РФнын “Н.Н. Петров атындагы Улуттук онкология изилдөө борбору” Федералдык мамлекеттик бюджеттик мекемесинин ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду. Бул меморандумдун алкагында кадрларды даярдоо, тажрыйба алмашуу жана медициналык туризмди өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Мындан тышкары, форумдун алкагында КР Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова жана Улуттук онкология жана гематология борборунун директорунун орун басары Бакыт Шайымбетов, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун башкы дарыгери Айна Жетыбаева “Н.Н. Петров атындагы Улуттук онкология изилдөө борбору” Федералдык мамлекеттик бюджеттик мекемесине барышты.

Борбордун директору, Россия илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, медицина илимдеринин доктору, профессор Алексей Михайлович Беляев онкологиялык борбордун ишмердүүлүгүнө токтолуп, клиникага 95 жыл толгондугун, 1927-жылы борбор негизделген күндөн тарта онкологиялык оорулар боюнча илимий-практикалык мекеме катары иштеп келээрин айтты. Н.Н.Петров атындагы Улуттук онкология илимий борбору - Россиядагы дүйнөлүк стандарттын деңгээлинде адистештирилген жана жогорку технологиялык медициналык жардам көрсөтүүчү ири федералдык илимий жана клиникалык борборлордун бири. Кыргызстандык адистер балдардын саркомасын дарылоонун уникалдуу ыкмасы, онкологиялык оорулуулар үчүн 3D протездөө колдонулган, молекулярдык-генетикалык, патоморфологиялык, иммуногистохимиялык жана радиологиялык изилдөөлөр ж.б. жүргүзүлгөн балдар бөлүмүнүн иши менен таанышты. 

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

19.04.2024
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Ысык-Көл облусундагы жаңы тез жардам бөлүмүнүн курулушунун жүрүшү менен таанышты

2024-жылдын 19-апрелинде Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ысык-Көл облусунун Жалпы дарыгерлик практика борборунда болуп, тез жардам бөлүмүнүн жаңы имаратынын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Тамчы айылында «Ас-Сафа Борбору» коомдук кайрымдуулук фондунун каржылоосу менен Тез медициналык жардам бөлүмүнүн (ТМЖБ) имараты курулуп, бүгүнкү күндө курулуш иштери 70-80%га бүткөрүлдү. Учурда ички жасалгалоо жана жабдууларды орнотуу иштери жүрүп жатат.

Ысык-Көл облусунун Жалпы дарыгерлик практика борборунун директору Альмира Алдашеванын айтымында, ТМЖБнын 3 кабаттуу имаратынын курулушуна жалпы 40 млн сом сарпталды. Фонд биздин арызыбызды толугу менен жактырды жана курулуштан тышкары бөлүм бардык зарыл болгон медициналык жабдуулар жана эмеректер менен жабдылат. Кызматкерлердин жана бейтаптардын ыңгайлуулугу үчүн лифт орнотулат. Мындан тышкары, Тамчы айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан ТМЖБнын айланасында көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери жүргүзүлөт.

Министр өзгөчө туристтик сезондун алдында калкыбызды сапаттуу жана өз убагында медициналык жардам менен камсыздоодо Ысык-Көл облусунда тез жардам бөлүмүн уюштуруу чоң роль ойноорун баса белгиледи. Бөлүм өзгөчө кырдаалдар учурунда ыкчам жардам көрсөтүү менен чектелбестен, облустун калкынын жалпы ден соолугун чыңдоого да көмөктөшөт.

Тез медициналык жардам бөлүмүнүн расмий ачылышы жана ишке берилиши үстүбүздөгү жылы 20-майга пландалууда.

19.04.2024
Кене вирустук энцефалиттин алдын алуу боюнча сунуштар

Республикада кене вирустук энцефалитинин (КВЭ) табигый очоктору бардык климаттык зоналарда аныкталган жана адам үчүн коркунучтуулугунун даражасына жараша белгиленет. Үстүбүздөгү жылдын 3 айында республика боюнча 156 адам кене чагып кайрылган. Анын арасында КВЭ жуктурган учур катталган жок. Чоң-Кемин, Кыргыз тоо кыркалары Күнгөй Ала-Тоо, Тескей Ала-Тоо айыл аймактарында жайгашкан очоктор олуттуу коркунучту жаратат.

Кене вирустук энцефалити кантип жугушу мүмкүн?

Оорунун козгогучу (арбовирус) адамга вирус жуккан кенен чаккан алгачкы мүнөттөрүндө анын ооруну басуучу шилекейи менен кошо жугат:

• КВЭ боюнча эндемикалык аймактарга барууда (токойлордо, токой сейил бактарында, жеке бакча участокторунда);

• кенелер жаныбарлар (иттер, мышыктар аркылуу келгенде;

• кене энцефалити боюнчу коопсуз аймактарда эчкинин (көбүнчө), койдун, уйдун чийки сүтүн ичкенде, кенелердин массалык чабуул учурунда сүттө вирус болушу мүмкүн. Баса белгилей кетүүчү нерсе, чийки сүт гана эмес, андан жасалган азыктар (быштак, каймак ж.б.) да жугуштуу;

• вирусту териге сүрткөндө кенени эзгенде же чаккан жерди тырмаганда.

• Ушул себептен чийки сүт азыктарын кайнагандан кийин гана колдонуу керек.

Оорунун кесепеттери: толук айыккандан ден соолук көйгөйлөрүнө чейин, майыптыкка жана өлүмгө алып келет.

Кене вирустук энцефалитке ким кабылышы мүмкүн?

Жашына жана жынысына карабастан бардык адамдар кене энцефалитинин инфекциясына кабылышат. Жумушуна байланыштуу токойдо жүргөндөр (жыгач өнөр жай ишканаларынын кызматкерлери, геологиялык чалгындоо кызматтары, автомобиль жана темир жол куруучулар, мунай жана газ түтүктөрүн, электр линияларын куруучулар, топографтар, мергенчилер, туристтер) тобокел тобуна кирет. Шаардын жашоочулары жумуш жана эс алуу учурунда шаар четиндеги токойлордо, сейил бактарында, бакча участокторунда жуктуруп алышат.

19.04.2024
Каракол шаарында 350 орундуу көп тармактуу оорукананын курулушу башталды

Бүгүн, 19-апрелде Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын аймагында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун демилгеси менен калкка сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүгө багытталган 350 орундуу көп функционалдуу медициналык мекеменин имаратынын курулушу башталды. Долбоорду 2025-жылга бүтүрүү пландалууда.

Капсула салуу иш-чарасына саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Гүлкан Молдобекова, Акылбек Түмөнбаев, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев, облустагы саламаттыкты сактоо мекемелеринин жетекчилери жана кызматкерлери катышты.

 

Министр өз сөзүндө ден соолукту чыңдоо, алдын алуу жана сергек жашоо мүнөзүн калыптандыруу азыркы дүйнөнүн эң маанилүү көйгөйлөрүнүн бири экенин, ошондуктан өлкөнүн мамлекеттик саясаты жарандардын ден соолугун сактоо жана чыңдоо үчүн бардык шарттарды түзүүгө багытталганын белгиледи.

«Өлкө калкынын саламаттыгы 2026-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасынын негизги артыкчылыктарынын бири болуп саналат жана бүгүнкү күндө калктын саламаттыгына кам көрүү маселеси мамлекеттин көңүл борборунда. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нуркожоевич Жапаровго терең ыраазычылык билдирем, анын колдоосу менен бул курулуш башталып, 600 миллион сомго жакын акча каражаты бөлүнүп жатат. Каракол шаарындагы жаңы облустук оорукананын курулушу облустун тургундарына көрсөтүлүүчү медициналык кызматтын сапатын жогорулатат».

 

Жалпы аянты 6200 м2 болгон 350 орундуу оорукана 5 блоктон турат, анда консультациялык-диагностикалык бөлүм, операциялык бөлмөсү бар хирургиялык жана травматология бөлүмдөрү, ЛОР, көз, терапия, онкология, балдар жана башка бөлүмдөр каралган, ошондой эле лаборатория, ашкана, кир жуучу жай, кампа ж.б. уюштурулат.

Мындан тышкары, оорукананын аймагында МОРГ, ТП, кислород станциясы, откана, автопарковка, генератор орнотулат.