Copyright: ©

Кыргызстанда саламаттыкты сактоону санариптештирүү: жетишкендиктер жана перспективалар

28.11.2024 / Просмотров: 2662

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги бүгүнкү күндө республикадагы бардык деңгээлдеги саламаттыкты сактоо уюмдарында 7 маалымат системасы иштеп жатканын билдирет. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин бардык санариптик чечимдери саламаттыкты сактоо уюмдарына акысыз жеткиликтүү.

"Sanarip Clinic" бейтаптын санариптик амбулатордук картасы 

"Sanarip Clinic" маалыматтык тутумунун базасында республикадагы 88 баштапкы денгээлдеги саламаттык сактоо уюмдарынын 88и иштейт: үй-бүлөлүк медицина борборлору (анын ичинде 600дөн ашык үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу), жалпы дарыгерлик практика борборлору, клиникалык диагностикалык бөлүмдөр, адистештирилген саламаттык сактоо уюмдар. Учурда системада 16 миңден ашык медициналык кызматкер иштейт. 2024-жылдын 9 айындагы маалыматтык системанын ишинин негизги көрсөткүчтөрү:

• Уникалдуу санариптик амбулаториялык карталардын саны: 2,1 млн.

• баштапкы медициналык-санитардык жардамга катталгандардын саны: 7 млн.

• Дарыгердин кабыл ауусуна онлайн катталуунун саны: 7 миллион.

• Санариптик убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчасынын саны: 147 миң.

• МСЭКке жолдомолордун саны: 4 миңден ашык.

Система «Тундук» мобилдик тиркемесинин «Санариптик ден соолук профили», «Убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчасы» кызматтары жана E-Kyzmat маалымат системасы менен интеграцияланган.

Бейтаптын санариптик стационардык картасы

2024-жылдын январь айынан баштап "Sanarip Clinic" маалыматтык тутумунун «Стационардык картасы» жана «Бейтаптарга жолдомо/багыттоо» кичи системаларын ишке киргизүү башталды. Бүгүнкү күндө бул кичи системада 46 стационардык саламаттыкты сактоо уюмдары иштейт, алар 96 миңге жакын санариптик медициналык документтерди түзүштү. Системада 8310 активдүү колдонуучу катталган.

Система «Тундук» мобилдик тиркемесинин «Санариптик ден соолук профили», «Убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчасы» кызматтары жана E-Kyzmat маалымат системасы менен интеграцияланган.

2024-жылдын аягына чейин Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун «Дарыланган учурлар» маалымат базасы менен интеграциялоону аяктоо пландаштырылууда, бул ооруканаларды каржылоону оптималдаштырууга мүмкүндүк берет.

Иммундаштыруу

«Иммундаштыруу» маалымат системасы республика боюнча жүргүзүлгөн бардык эмдөөлөрдүн эсебин жүргүзөт.

• Эмдөө алган жарандардын саны: 1,3 млн.

• Катталган эмдөө карталарынын саны: 2,7 млн.

• Системаны колдонуучулардын саны: Республика боюнча 3000ден ашык.

Система «Тундук» мобилдик тиркемесинин «Санариптик ден соолук профили» жана «Эмдөө сертификаты» кызматтары менен интеграцияланган.

iEPID эпидемиологиялык платформасы

Платформа эпидемиологиялык маалыматтардын мониторингин жана эсепке алууну камсыз кылат.

• 2024-жылдын 9 айында берилген шашылыш билдирүүлөрдүн саны: 100 миңден ашык.

• Системаны колдонуучулардын саны: 1700дөн ашык.

iLAB лабораториялык системасы

Система республиканын лабораторияларындагы процесстерди автоматташтырат.

2024-жылдын 9 айында жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн саны: 1 миллиондон ашык.

Системаны колдонуучулардын саны: 2500дөн ашык.

Система «Түндүк» мобилдик тиркемесинин «Санариптик ден соолук профили» жана «Лабораториялык тесттин натыйжалары» кызматтары менен интеграцияланган.

НИСУР (ресурстарды эсепке алуу боюнча улуттук маалымат системасы)

Система республика боюнча саламаттыкты сактоо системасындагы адам ресурстарынын эсебин камтыйт. Бухгалтердик эсеп бардык медициналык кызматкерлер үчүн, ошондой эле отчеттуулук модулдарынын функционалдуулугу үчүн каралган. Катталган саламаттык сактоо уюмдарынын саны: 4000ден ашык.

Туулган жана өлгөндүгү тууралуу санариптик медициналык күбөлүк

Бул система республика боюнча төрөттөрдү жана өлүмдөрдү эсепке алуу процесстерин автоматташтырат.

• 2024-жылы катталган төрөлгөндөрдүн саны: 131 миңден ашык.

• Катталган өлүмдөрдүн саны: 27 миңге жакын.

• Системаны колдонуучулардын саны: 3000ден ашык.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

04.12.2024
Чүй облусундагы мурдагы оорукананын имараты мамлекетке кайтарылып, облустук төрөт үйү болот

Бүгүн, 2024-жылдын 4-декабрында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев иш сапары менен Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылына барды. Иш сапарынын жүрүшүндө ал мурда жеке адамдар тарабынан менчиктештирилип, бирок жакында мамлекеттин менчигине кайтарылган мурдагы оорукананын имаратынын абалы менен таанышты.

Административдик-аймактык реформанын алкагында Чүй төрөт үйүнүн имараты Бишкек шаарынын карамагына өтүп, Чүй облусунда тобокелдик тобуна кирген аялдарга акушердик жардам көрсөтүү үчүн Чүй облусунун аймагында жаңы медициналык мекемени уюштуруу зарылчылыгы келип чыккан. Министр кайтарылган имараттын базасында 100 орундуу заманбап Чүй облустук төрөт үйүн түзүү боюнча иштерди баштоону тапшырды.

Саламаттык сактоо министри облустун координатору Алмаз Назарбековго имаратты капиталдык оңдоого кеткен чыгымдарды эсептеп, керектүү медициналык жабдуулардын тизмесин түзүп, Саламаттык сактоо министрлигине долбоорду каржылоону камсыздоо боюнча сунуштарды даярдоону тапшырды.

04.12.2024
Шаардык тез жардам балдар ооруканасында кичинекей бейтаптар жана алардын ата-энелери үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү

Бүгүн, 2024-жылдын 4-декабрында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Шаардык балдар клиникалык тез медициналык жардам ооруканасына барды. Анда министр бөлүмдөрдү кыдырып, кызматкерлер менен баарлашып, бейтаптардын жана алардын ата-энелеринин жашоо шартын жакшыртууга багытталган чаралар менен таанышты.

Министр соматикалык имараттын кабыл алуу бөлүмүндөгү жаңы күтүү залына өзгөчө көңүл бурду. Аны кеңейтүүгө республикалык бюджеттен 18 миллион сом бөлүнгөн. Мындай чечимди былтыркы кырдаал, КРВИ жана сасык тумоо боюнча эпидемиологиялык сезондун кызуу маалында бейтаптардын агымы абдан көп болгондуктан, аларга сыртка чатыр тигип берүүгө аргасыз болгон.

Аянты 240 чарчы метр болгон жаңы күтүү залы бардык керектүү жабдыктар менен жабдылган. Эми балдарын коштоп жүргөн ата-энелер кезекти ыңгайлуу шарттарда күтө алышат.

«Саламаттык сактоо министрлиги медициналык мекемелерде ыңгайлуу жана заманбап инфраструктураны түзүү боюнча ырааттуу иш алып барууда. Биз бейтаптарга жана медициналык кызматкерлерге сапаттуу жана өз убагында жардам көрсөтүү үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзүүгө аракет кылабыз», - деди Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.

Оорукананын башкы дарыгери Акылбек Маманов министрге ооруканага күнүнө 300-350дөй бейтап келип жатканын билдирди. Тез жардам бөлүмү күчөтүлгөн режимде иштеп, 25 дарыгер, анын ичинде педиатрлар, хирургдар, травматологдор жана реаниматологдор күнү-түнү иштешүүдө.

«Бейтаптардын көп агымы инфраструктураны модернизациялоону талап кылат. Саламаттык сактоо министрлигинин демилгеси менен быйыл кабыл алуу бөлүмүнүн кошумча имараты курулуп, жабдылып, биздин бейтаптар үчүн шарттар бир топ жакшырды», - деди Акылбек Маманов.

03.12.2024
КР Саламаттык сактоо министри Клиникалык тез жардам ооруканасына барды

Бүгүн, 2024-жылдын 3-декабрында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкек шаарындагы Клиникалык тез жардам ооруканасына барды. Иш сапардын жүрүшүндө ал медициналык мекеменин жамааты менен жолугушуп, учурдагы көйгөйлөрдү талкуулап, аларды чечүүнүн жолдорун белгиледи.

Талкуунун негизги темаларынын бири оорукананын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу болду. Министр стерилизация жана кир жуучу бөлүмгө автоклав орнотуу зарылчылыгына көңүл буруп, медициналык аспаптарды сапаттуу стерилизациялоону камсыз кылуу үчүн бул жабдыктын маанилүүлүгүн белгиледи.

Мындан тышкары, оорукананын жамааты эки оорукананын имаратынын ортосун бириктирүүчү өтмөк куруу маселесин көтөрүштү. Министр бул маселени тез арада карап чыгып, жакынкы аралыкта анын чечилишин камсыз кылууга убада берди.

Өз сөзүндө министр Саламаттык сактоо министрлиги бейтаптар жана медицина кызматкерлери үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, ошондой эле сапаттуу жана өз убагында медициналык жардам алуу үчүн оорукананын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча иштерди уланта берерин баса белгиледи.