Copyright: ©

ЕАЭБ алкагында дары-дармек каражаттарын жүгүртүүгө жаңы талаптар алардын сапатын жана коопсуздугун камсыздоого багытталган

21.02.2025 / Просмотров: 13050

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаменти ЕАЭБ өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстанда дары-дармек каражаттарынын жетишсиздигине алып келиши мүмкүн болгон ЕАЭБ эрежелерине ылайык дары-дармек каражаттарын жүгүртүүгө карата чектөөчү ченемдик талаптарга байланыштуу фармацевтикалык коомчулуктун кооптонуусуна байланыштуу төмөндөгүлөрдү билдирет.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы макулдашуулардын алкагында кабыл алынган дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү талаптар биринчи кезекте калктын саламаттыгын коргоо кызыкчылыгында кабыл алынат жана өнүккөн өлкөлөрдүн деңгээлинде дары-дармек каражаттарынын коопсуздугун жана сапатын камсыз кылууга багытталган.

Дары-дармектерге карата талаптарды күчөтүү боюнча киргизилген чаралар менен катар катышуучу-мамлекеттердин өкүлдөрүнөн турган Евразиялык Комиссия бирдиктүү талаптарга өтүүнү жумшартуу жана дары-дармек менен камсыз кылууда кризистик кырдаалдардын алдын алуу боюнча тараптардын сунуштарын эске алуу менен өлкөлөрдүн дары-дармек рынокторундагы учурдагы кырдаалды эске алат.

Бул багытта төмөнкүдөй өзгөртүүлөр учурда кароону жана ишке ашырууну күтүп жаткан жөнгө салуучу талаптарды өзгөртүү боюнча эң маанилүү чаралардын катарына кирет.

2025-жылдын башында коомдук талкуу болуп өттү жана Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2022-жылдын 10-июнундагы №96 Чечиминин 1-пунктунун "Медициналык багыттагы дары-дармек каражаттарын жүгүртүүнүн өзгөчөлүктөрүн белгилөө боюнча убактылуу чаралар жөнүндө" “А” пунктчасына өзгөртүү киргизүү ЕЭК Кеңешинде каралышы күтүлүүдө. Бул өзгөртүүгө ылайык мүчө мамлекеттердин дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдары (мындан ары - ыйгарым укуктуу органдар) 2027-жылдын 31-декабрына чейин (мурун 2025-жылдын 31-декабрына чейин) Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2016-жылдын 3-ноябрындагы № 78 чечими менен бекитилген “Медициналык максатта колдонуу үчүн дары-дармек каражаттарын каттоо жана экспертизадан өткөрүү эрежелерине” ылайык дары-дармек каражаттарын каттоо мүмкүнчүлүгүн сактоо менен  дары-дармек каражаттарын жүгүртүүнүн убактылуу тартибин (анын ичинде дары-дармек каражаттарын каттоону жана дары-дармек каражаттарынын каттоо досьесине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү) белгилөөгө укуктуу. 

Башкача айтканда, 2027-жылдын аягына чейин мүчө мамлекеттерге өздөрүнүн (улуттук) белгиленген эрежелери боюнча дары-дармек каражаттарын каттоо мүмкүнчүлүгү берилет.

Ошондой эле, 2024-жылдын ноябрында Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2016-жылдын 3-ноябрындагы №78 “Медициналык максатта колдонуу үчүн дары каражаттарын каттоо жана экспертизадан өткөрүү эрежелери жөнүндө” Чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча коомдук талкуу өткөрүлдү жана ЕЭК Кеңешинде каралуусу күтүүдө. Бул толуктоолорго жана өзгөртүүлөргө ылайык, Биримдиктин талаптарына шайкеш келтирүү үчүн өтүнмөлөнгөн жана референттик мамлекетте көрсөтүлгөн жол-жобосу 2025-жылдын 31-декабрына карата бүтө элек дары-дармек каражаттарынын каттоо сертификаттарынын жарактуулугу Эрежелердин XIII бөлүмүндө белгиленген жол-жоболордун мөөнөтүнө узартылат, бирок өтүнмө берген мүчө-мамлекеттердин ар биринде референттик мамлекетке өтүнмө берген күндөн тартып 3 жылдан ашык эмес жана кошумча түрдө тааныган мамлекетте көрсөтүлгөн жол-жоболорду жүргүзүү мезгили үчүн, бирок таанылган мамлекетте өтүнмө берилген күндөн тартып 2 жылдан ашык эмес. Мында таанылган мамлекетке өтүнмө берүү референттик мамлекетке өтүнмө берилген күндөн тартып үч жылдык мөөнөт аяктагандан кечиктирилбестен берилүүгө тийиш.

2025-жылдын 31-декабрына чейин референттик мамлекетте шайкеш келтирүү жол-жобосун аяктаган дары-дармек каражаттарынын каттоо күбөлүгүнүн колдонуу мөөнөтү таанылган мамлекеттерде жол-жоболор аяктаган мөөнөткө, бирок 2025-жылдын 31-декабрынан тартып 2 жылдан ашпаган мөөнөткө узартылат.

Жогоруда аталган тиркемеде мурда катталган дары-дармек каражаттарынын каттоо досьесин ЕАЭБ талаптарына ылайык келтирүү үчүн өндүрүүчүлөргө жана каттоо күбөлүгүнүн ээлерине кошумча мөөнөт каралган.

 Дары-дармек каражатын өндүрүүчү участоктун (жерлердин) Биримдиктин тийиштүү өндүрүштүк практикасынын талаптарына шайкештигин ырастаган жарактуу документти берүү мүмкүн болбосо, өтүнмө ээси 2024-жылдын 31-декабрына чейин дары-дармек каражатын каттоого же аны Биримдиктин талаптарына ылайык келтирүү үчүн арыз берүүдө бул документтин ордуна башка тизмени берет.

Ошентип, эгерде өндүрүүчүлөр өз убагында чара көрүшсө, ЕАЭБ эрежелеринин талаптарына жогоруда аталган өзгөртүүлөр 5 жыл ичинде Кыргыз Республикасынын фармацевтикалык рыногунда дары-дармектердин тартыштыгын болтурбоого жардам берет.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

04.12.2025
МинКаб Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Дүйнөлүк Банктын саламаттыкты сактоону өнүктүрүү маселелери боюнча миссиясы менен жолугушту

Бишкек, “Ынтымак Ордо”, 2025-жылдын 3-декабры. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Дүйнөлүк Банктын өкүлдөрү – Дүйнөлүк Банктын Кыргыз Республикасындагы кеңсесинин башчысы Хью Ридделл жана Саламаттыкты сактоо маселелери боюнча улук адис, Баштапкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу программасын ишке ашыруу боюнча жумушчу топтун жетекчиси Мохини Как менен жолугушту. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар баштапкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жакшыртуу боюнча программаны ишке ашыруунун орто аралык жыйынтыктарын, ошондой эле анын камтуу чөйрөсүн кеңейтүү, натыйжалуулугун жана туруктуулугун жогорулатуу боюнча мындан аркы кадамдарды талкуулашты. Кадрдык потенциалды өнүктүрүү, жеке секторду тартуу, балдардын ден соолугун коргоо боюнча чараларды күчөтүү, анын ичинде курамында кант бар суусундуктардын жүгүртүлүшүн жөнгө салуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
 

Эдил Байсалов саламаттыкты сактоо системасын чыңдоо өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги багыты болуп саналарын баса белгиледи.
 
 «Кыргызстан социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жаңы этабына кадам таштады. Президент Садыр Жапаров 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасын бекитти, анда адамдык капиталды өнүктүрүүгө өзгөчө орун берилген. Жакынкы жылдары саламаттыкты сактоого кеткен чыгымдардын үч эседен ашык көбөйүшүн күтүп жатабыз. Кийинки жылы эле медицина кызматкерлеринин эмгек акысы кыйла жогорулайт, ал эми Бишкек шаарында да, аймактарда да заманбап медициналык инфраструктураны курууга болуп көрбөгөндөй мамлекеттик инвестициялар багытталат. Президент саламаттыкты сактоо тармагына мамлекеттик мамилени түп-тамырынан бери жаңылоо жана натыйжалуулугун жогорулатуу милдетин коюп, жаңы саламаттыкты сактоо министрин дайындады Биз Дүйнөлүк Банк жана башка эл аралык өнөктөштөр менен биргелешип иштөөнү мындан ары да бекемдөө жана медициналык кызматтардын сапатын жогорулатуу үчүн ийгиликтүү кызматташууну улантууга үмүттөнөбүз", - деп белгиледи Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары.
 
 Дүйнөлүк Банктын өкүлдөрү баштапкы медициналык-санитардык жардамды өнүктүрүүгө, кадрдык потенциалды бекемдөөгө жана жалпы саламаттык сактоо системасынын туруктуулугун жогорулатууга багытталган реформаларга эксперттик жана финансылык колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин ырасташты.

02.12.2025
Сасык тумоо жана респиратордук вирустук инфекциялардын алдын алуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жана учурдагы эпидемиологиялык абал жөнүндө маалымат

2025-жылдын 2-декабрында Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин базасында республикадагы сасык тумоо жана респиратордук вирустук инфекциялар боюнча эпидемиологиялык абалды талкуулоо боюнча ыкчам штабдын жыйыны болуп өттү. Жыйындын жыйынтыгында билим берүү уюмдарында алдын алуу иш-чараларын жана мониторингди мындан ары күчөтүү, ошондой эле калкка алдын алуу чаралары жөнүндө маалымат берүүнү активдештирүү чечими кабыл алынды. Ыкчам штаб Райондор аралык Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлоруна алдын алуу иштерин бала бакчалар жана мектептер арасында гана эмес, соода борборлорунда, айрыкча балдар ойноочу жайлары бар жерлерде күчөтүүнү сунуштады. Оорунун интенсивдүү өсүшү сакталган учурда балдар көп чогулган жерлерде убактылуу чектөө жана карантиндик чараларды киргизүү мүмкүнчүлүгүн кароо сунушталды. 

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин Инфекциялык ооруларды көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Динара Оторбаеванын айтымында, эпидемиологиялык абал күн сайын көзөмөлдө турат. 48-жумада (2025-жылдын 24–30-ноябры) республика боюнча 37 068 сасык тумоо жана респиратордук вирустук инфекциялар катталган, бул мурунку жуманын көрсөткүчтөрүнөн 2,5 эсе көп. Ооругандардын 73%ын 14 жашка чейинки балдар түзөт, ооругандардын жалпы санынан 5%ы ооруканага жаткырылган. Оорунун эң көп катталышы Ош жана Бишкек шаарларында, ошондой эле Баткен жана Чүй облустарында байкалууда. Оорулардын көбөйүшүнө байланыштуу Бишкек шаарында 25ке жакын мектепке чейинки уюм убактылуу жабылды, Чүй облусунда 40ка жакын, ал эми Ош облусунда беш мектеп онлайн окууга өттү. Ар кандай уюмдардын жана мекемелердин жетекчилерине санитардык эрежелер даярдалды, райондук администрацияларга жана тиешелүү ведомстволорго, анын ичинде Билим берүү министрлигине, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына каттар жөнөтүлдү, ошондой эле ири соода борборлоруна, маданий жана билим берүү мекемелерине профилактикалык чараларды күчөтүү боюнча эскертүүлөр берилди. 

Бүгүнкү күндө эпидемиологиялык абал туруктуу болгон облустарда оорунун жайылышына жол бербөө үчүн профилактикалык иштерди күчөтүү тапшырылды. Бардык саламаттыкты сактоо уюмдарында карантиндик чаралар күчөтүлдү: милдеттүү түрдө бет кап кийүү режими киргизилди, стационарларга бейтаптардын туугандарынын жана жакындарынын баруусу чектелди, сасык тумоонун алдын алуу боюнча маалыматтык материалдар жайгаштырылды, имараттарды үзгүлтүксүз дезинфекциялоо жана бактерициддик тазалоо жүргүзүлүүдө. Республиканын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун адистери тарабынан респиратордук вирустук инфекциялардын жана сасык тумоонун андан ары жайылышына жол бербөө үчүн бардык зарыл чаралар көрүлүп жатканын белгилейбиз. Кырдаалга мониторинг күнү-түнү жүргүзүлүүдө жана калкка мындан аркы чечимдер жана сунуштар жөнүндө өз убагында маалымат берилет.

02.12.2025
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Саламаттыкты сактоо министрлигинин жамаатына министрдин милдетин аткаруучуну тааныштырды

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Саламаттыкты сактоо министрлигинин жамаатына министрдин милдетин аткаруучу Каныбек Досмамбетовду тааныштырды.
 
 Ведомствонун кызматкерлерине кайрылып, Эдил Байсалов Каныбек Досмамбетовдун башкаруучулук сапаттарын белгилеп, анын дайындалышы Президент Садыр Жапаровдун жогорку талаптарына жана өлкөнүн өнүгүшүнүн жаңы этабында Кыргызстан элинин өсүп жаткан үмүтүнө ылайык саламаттыкты сактоо системасын түп-тамырынан бери жаңылоого өбөлгө болоруна ишеним билдирди.
 
 Өз кезегинде Каныбек Досмамбетов көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылык билдирип, жарандардын жашоо сапатын жогорулатууга багытталган саламаттыкты сактоо тармагындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракетин жумшаарын баса белгиледи.