Copyright: ©
ПАРФЮМЕРИЯ-КОСМЕТИКАЛЫК ПРОДУКЦИЯЛАРДЫН КООПСУЗДУГУ БОЮНЧА ТЕХНИКАЛЫК РЕГЛАМЕНТТЕРГЕ ӨЗГӨРТҮҮЛӨРДҮ КИРГИЗҮҮНҮ КООМДУК ТАЛКУУЛОО
27.02.2025 / Просмотров: 13919
Саламаттыкты сактоо министрлиги бизнес өкүлдөрүнө жана бардык кызыкдар тараптарга ЕЭКнын “Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2020-жылдын 22-декабрындагы №177 чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” чечиминин долбоорун коомдук талкуулоонун жүрүп жаткандыгы жөнүндө маалымдайт.
Долбоор Бажы бирлигинин «Парфюмериялык-косметикалык продукциянын коопсуздугу жөнүндө» (ТР CU 009/2011) техникалык регламентинин стандарттарынын тизмесине түзөтүүлөрдү киргизүүнү карайт. Коомдук талкуу белгиленген тартипте жүргүзүлөт жана бизнес өкүлдөрүнүн, тармактык эксперттердин жана башка кызыкдар тараптардын пикирлерин эске алууга багытталган.
Карап чыгуу үчүн документтер Евразия экономикалык биримдигинин расмий сайтында жайгашкан: https://regulation.eaeunion.org/pd/2959/.
Талкуулоо мөөнөтү:
- Башталышы: 2025-жылдын 11-февралы
- Аякталышы: 2025-жылдын 13-марты
Кантип катышса болот?
Сунуштар жана пикирлер 2025-жылдын 13-мартына чейин төмөнкү даректерге жөнөтүлүшү керек:
Кагаз түрүндө: 115114, Москва ш., Летниковская к., 2-имарат, 2-корпус
Электрондук почта аркылуу: dept_techregulation@eecommission.org
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги конструктивдүү сунуштарды киргизүү жана өзгөртүүлөрдүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында бизнес өкүлдөрүн жана кызыкдар тараптарды талкууга активдүү катышууга чакырат.
Прикрепленные файлы:
Другие Новости
04.12.2025
МинКаб Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Дүйнөлүк Банктын саламаттыкты сактоону өнүктүрүү маселелери боюнча миссиясы менен жолугушту
Бишкек, “Ынтымак Ордо”, 2025-жылдын 3-декабры. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Дүйнөлүк Банктын өкүлдөрү – Дүйнөлүк Банктын Кыргыз Республикасындагы кеңсесинин башчысы Хью Ридделл жана Саламаттыкты сактоо маселелери боюнча улук адис, Баштапкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу программасын ишке ашыруу боюнча жумушчу топтун жетекчиси Мохини Как менен жолугушту. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Тараптар баштапкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жакшыртуу боюнча программаны ишке ашыруунун орто аралык жыйынтыктарын, ошондой эле анын камтуу чөйрөсүн кеңейтүү, натыйжалуулугун жана туруктуулугун жогорулатуу боюнча мындан аркы кадамдарды талкуулашты. Кадрдык потенциалды өнүктүрүү, жеке секторду тартуу, балдардын ден соолугун коргоо боюнча чараларды күчөтүү, анын ичинде курамында кант бар суусундуктардын жүгүртүлүшүн жөнгө салуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Эдил Байсалов саламаттыкты сактоо системасын чыңдоо өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги багыты болуп саналарын баса белгиледи.
«Кыргызстан социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жаңы этабына кадам таштады. Президент Садыр Жапаров 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасын бекитти, анда адамдык капиталды өнүктүрүүгө өзгөчө орун берилген. Жакынкы жылдары саламаттыкты сактоого кеткен чыгымдардын үч эседен ашык көбөйүшүн күтүп жатабыз. Кийинки жылы эле медицина кызматкерлеринин эмгек акысы кыйла жогорулайт, ал эми Бишкек шаарында да, аймактарда да заманбап медициналык инфраструктураны курууга болуп көрбөгөндөй мамлекеттик инвестициялар багытталат. Президент саламаттыкты сактоо тармагына мамлекеттик мамилени түп-тамырынан бери жаңылоо жана натыйжалуулугун жогорулатуу милдетин коюп, жаңы саламаттыкты сактоо министрин дайындады Биз Дүйнөлүк Банк жана башка эл аралык өнөктөштөр менен биргелешип иштөөнү мындан ары да бекемдөө жана медициналык кызматтардын сапатын жогорулатуу үчүн ийгиликтүү кызматташууну улантууга үмүттөнөбүз", - деп белгиледи Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары.
Дүйнөлүк Банктын өкүлдөрү баштапкы медициналык-санитардык жардамды өнүктүрүүгө, кадрдык потенциалды бекемдөөгө жана жалпы саламаттык сактоо системасынын туруктуулугун жогорулатууга багытталган реформаларга эксперттик жана финансылык колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин ырасташты.
02.12.2025
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Саламаттыкты сактоо министрлигинин жамаатына министрдин милдетин аткаруучуну тааныштырды
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Саламаттыкты сактоо министрлигинин жамаатына министрдин милдетин аткаруучу Каныбек Досмамбетовду тааныштырды.
Ведомствонун кызматкерлерине кайрылып, Эдил Байсалов Каныбек Досмамбетовдун башкаруучулук сапаттарын белгилеп, анын дайындалышы Президент Садыр Жапаровдун жогорку талаптарына жана өлкөнүн өнүгүшүнүн жаңы этабында Кыргызстан элинин өсүп жаткан үмүтүнө ылайык саламаттыкты сактоо системасын түп-тамырынан бери жаңылоого өбөлгө болоруна ишеним билдирди.
Өз кезегинде Каныбек Досмамбетов көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылык билдирип, жарандардын жашоо сапатын жогорулатууга багытталган саламаттыкты сактоо тармагындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракетин жумшаарын баса белгиледи.
02.12.2025
Сасык тумоо жана респиратордук вирустук инфекциялардын алдын алуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жана учурдагы эпидемиологиялык абал жөнүндө маалымат
2025-жылдын 2-декабрында Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин базасында республикадагы сасык тумоо жана респиратордук вирустук инфекциялар боюнча эпидемиологиялык абалды талкуулоо боюнча ыкчам штабдын жыйыны болуп өттү. Жыйындын жыйынтыгында билим берүү уюмдарында алдын алуу иш-чараларын жана мониторингди мындан ары күчөтүү, ошондой эле калкка алдын алуу чаралары жөнүндө маалымат берүүнү активдештирүү чечими кабыл алынды. Ыкчам штаб Райондор аралык Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлоруна алдын алуу иштерин бала бакчалар жана мектептер арасында гана эмес, соода борборлорунда, айрыкча балдар ойноочу жайлары бар жерлерде күчөтүүнү сунуштады. Оорунун интенсивдүү өсүшү сакталган учурда балдар көп чогулган жерлерде убактылуу чектөө жана карантиндик чараларды киргизүү мүмкүнчүлүгүн кароо сунушталды.
Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин Инфекциялык ооруларды көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Динара Оторбаеванын айтымында, эпидемиологиялык абал күн сайын көзөмөлдө турат. 48-жумада (2025-жылдын 24–30-ноябры) республика боюнча 37 068 сасык тумоо жана респиратордук вирустук инфекциялар катталган, бул мурунку жуманын көрсөткүчтөрүнөн 2,5 эсе көп. Ооругандардын 73%ын 14 жашка чейинки балдар түзөт, ооругандардын жалпы санынан 5%ы ооруканага жаткырылган. Оорунун эң көп катталышы Ош жана Бишкек шаарларында, ошондой эле Баткен жана Чүй облустарында байкалууда. Оорулардын көбөйүшүнө байланыштуу Бишкек шаарында 25ке жакын мектепке чейинки уюм убактылуу жабылды, Чүй облусунда 40ка жакын, ал эми Ош облусунда беш мектеп онлайн окууга өттү. Ар кандай уюмдардын жана мекемелердин жетекчилерине санитардык эрежелер даярдалды, райондук администрацияларга жана тиешелүү ведомстволорго, анын ичинде Билим берүү министрлигине, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына каттар жөнөтүлдү, ошондой эле ири соода борборлоруна, маданий жана билим берүү мекемелерине профилактикалык чараларды күчөтүү боюнча эскертүүлөр берилди.
Бүгүнкү күндө эпидемиологиялык абал туруктуу болгон облустарда оорунун жайылышына жол бербөө үчүн профилактикалык иштерди күчөтүү тапшырылды. Бардык саламаттыкты сактоо уюмдарында карантиндик чаралар күчөтүлдү: милдеттүү түрдө бет кап кийүү режими киргизилди, стационарларга бейтаптардын туугандарынын жана жакындарынын баруусу чектелди, сасык тумоонун алдын алуу боюнча маалыматтык материалдар жайгаштырылды, имараттарды үзгүлтүксүз дезинфекциялоо жана бактерициддик тазалоо жүргүзүлүүдө. Республиканын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун адистери тарабынан респиратордук вирустук инфекциялардын жана сасык тумоонун андан ары жайылышына жол бербөө үчүн бардык зарыл чаралар көрүлүп жатканын белгилейбиз. Кырдаалга мониторинг күнү-түнү жүргүзүлүүдө жана калкка мындан аркы чечимдер жана сунуштар жөнүндө өз убагында маалымат берилет.