Copyright: ©

КРВИ жана сасык тумоо боюнча эпидемиологиялык абал жөнүндө маалымат

18.11.2024 / Просмотров: 6400

 Оперативдүү маалыматтар боюнча 2024-жылдын 46-жумасында (11.11-17.11.24) республика боюнча КРВИнин 7119 учуру катталган (и.к 100,3) 45-жумага салыштырмалуу (индекс 60,2) оорунун деңгээли +1, 7 эсе жогору. Бардык оорулардын 70,8и 14 жашка чейинки балдар (5039 учур).

Оорунун көп таралышы Бишкек шаарында (286,2), Ош шаарында (241,2) жана Ысык-Көл облусунда (102,3) байкалып; республикалык көрсөткүчтөн 2,8 эсеге жана 2,4 эсеге, т.а 2%га жогору.

 Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында курч кармаган респиратордук инфекцияларга (КРВИ) жана сасык тумоого окшош ооруларга эпидкөзөмөл жүргүзүү улантылууда.

 Медициналык жардамга кайрылгандардын лабораториялык жыйынтыгы боюнча респиратордук синцитиалдык вирус 37,1%, риновирус 17,1%, сезондук коронавирус 18,2%, аденовирус 11,4% парагрипп 9,5%, бокавирус 6,7% таралышы байкалган.

 Алынган үлгүлөрдөн грипптин вирусу табылган жок.

COVID-19 боюнча мониторинг дагы уланууда. 46-жума ичинде ооруга чалдыккандар катталган жок.

Республикада сасык тумоо, КРВИ жана COVID-19 менен ооругандардын саны боюнча эпидемиологиялык абалга мониторинг жана баалоо улантылууда.

 

Маалымат үчүн:

Абанын температурасынын төмөндөшү адамдын ден соолугуна терс таасирин тийгизип, иммундук системага таасир этип, организмдин коргонуу күчүн төмөндөтүшү менен адамдар түрдүү респиратордук вирустук инфекцияларга кабылышы мүмкүн.

 Ошондуктан, КРВИ жана сасык тумоо сыяктуу респиратордук вирустук инфекциялардын алдын алуу үчүн сиз жөнөкөй эрежелерди сакташыңыз керек, мисалы:

 - беткап кийүү режимин жана социалдык аралыкты сактоо;

 - дем алуу органдарынын гигиенасын сактоо - жөтөлгөндө оозду жана мурунду жүз аарчы менен жабуу;

- үшүп калуудан жана ысып кетүүдөн сактануу;

 -жогорку температура жана башка сасык тумоого окшош белгилер пайда болуп, өзүн начар сезген адамдарды өз убагында изоляциялоо;

- санитардык-гигиеналык чараларды сактоо (кол гигиенасы, үзгүлтүксүз жайларды желдетүү, нымдуу тазалоо ж.б.).

 Эгерде сиздин балаңызда КРВИнин белгилери пайда болсо, үй-бүлөлүк дарыгериңизге кайрылыңыз.

 

 

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

04.12.2024
Чүй облусундагы мурдагы оорукананын имараты мамлекетке кайтарылып, облустук төрөт үйү болот

Бүгүн, 2024-жылдын 4-декабрында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев иш сапары менен Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылына барды. Иш сапарынын жүрүшүндө ал мурда жеке адамдар тарабынан менчиктештирилип, бирок жакында мамлекеттин менчигине кайтарылган мурдагы оорукананын имаратынын абалы менен таанышты.

Административдик-аймактык реформанын алкагында Чүй төрөт үйүнүн имараты Бишкек шаарынын карамагына өтүп, Чүй облусунда тобокелдик тобуна кирген аялдарга акушердик жардам көрсөтүү үчүн Чүй облусунун аймагында жаңы медициналык мекемени уюштуруу зарылчылыгы келип чыккан. Министр кайтарылган имараттын базасында 100 орундуу заманбап Чүй облустук төрөт үйүн түзүү боюнча иштерди баштоону тапшырды.

Саламаттык сактоо министри облустун координатору Алмаз Назарбековго имаратты капиталдык оңдоого кеткен чыгымдарды эсептеп, керектүү медициналык жабдуулардын тизмесин түзүп, Саламаттык сактоо министрлигине долбоорду каржылоону камсыздоо боюнча сунуштарды даярдоону тапшырды.

04.12.2024
Шаардык тез жардам балдар ооруканасында кичинекей бейтаптар жана алардын ата-энелери үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү

Бүгүн, 2024-жылдын 4-декабрында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Шаардык балдар клиникалык тез медициналык жардам ооруканасына барды. Анда министр бөлүмдөрдү кыдырып, кызматкерлер менен баарлашып, бейтаптардын жана алардын ата-энелеринин жашоо шартын жакшыртууга багытталган чаралар менен таанышты.

Министр соматикалык имараттын кабыл алуу бөлүмүндөгү жаңы күтүү залына өзгөчө көңүл бурду. Аны кеңейтүүгө республикалык бюджеттен 18 миллион сом бөлүнгөн. Мындай чечимди былтыркы кырдаал, КРВИ жана сасык тумоо боюнча эпидемиологиялык сезондун кызуу маалында бейтаптардын агымы абдан көп болгондуктан, аларга сыртка чатыр тигип берүүгө аргасыз болгон.

Аянты 240 чарчы метр болгон жаңы күтүү залы бардык керектүү жабдыктар менен жабдылган. Эми балдарын коштоп жүргөн ата-энелер кезекти ыңгайлуу шарттарда күтө алышат.

«Саламаттык сактоо министрлиги медициналык мекемелерде ыңгайлуу жана заманбап инфраструктураны түзүү боюнча ырааттуу иш алып барууда. Биз бейтаптарга жана медициналык кызматкерлерге сапаттуу жана өз убагында жардам көрсөтүү үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзүүгө аракет кылабыз», - деди Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.

Оорукананын башкы дарыгери Акылбек Маманов министрге ооруканага күнүнө 300-350дөй бейтап келип жатканын билдирди. Тез жардам бөлүмү күчөтүлгөн режимде иштеп, 25 дарыгер, анын ичинде педиатрлар, хирургдар, травматологдор жана реаниматологдор күнү-түнү иштешүүдө.

«Бейтаптардын көп агымы инфраструктураны модернизациялоону талап кылат. Саламаттык сактоо министрлигинин демилгеси менен быйыл кабыл алуу бөлүмүнүн кошумча имараты курулуп, жабдылып, биздин бейтаптар үчүн шарттар бир топ жакшырды», - деди Акылбек Маманов.

03.12.2024
КР Саламаттык сактоо министри Клиникалык тез жардам ооруканасына барды

Бүгүн, 2024-жылдын 3-декабрында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкек шаарындагы Клиникалык тез жардам ооруканасына барды. Иш сапардын жүрүшүндө ал медициналык мекеменин жамааты менен жолугушуп, учурдагы көйгөйлөрдү талкуулап, аларды чечүүнүн жолдорун белгиледи.

Талкуунун негизги темаларынын бири оорукананын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу болду. Министр стерилизация жана кир жуучу бөлүмгө автоклав орнотуу зарылчылыгына көңүл буруп, медициналык аспаптарды сапаттуу стерилизациялоону камсыз кылуу үчүн бул жабдыктын маанилүүлүгүн белгиледи.

Мындан тышкары, оорукананын жамааты эки оорукананын имаратынын ортосун бириктирүүчү өтмөк куруу маселесин көтөрүштү. Министр бул маселени тез арада карап чыгып, жакынкы аралыкта анын чечилишин камсыз кылууга убада берди.

Өз сөзүндө министр Саламаттык сактоо министрлиги бейтаптар жана медицина кызматкерлери үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, ошондой эле сапаттуу жана өз убагында медициналык жардам алуу үчүн оорукананын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча иштерди уланта берерин баса белгиледи.