Copyright: ©

Бишкекте артериялык гипертензияны көзөмөлдөөнүн маселелери боюнча тегерек стол өттү

29.05.2024 / Просмотров: 4553

Жыл сайын 17-майда Бүткүл дүйнөлүк гипертонияга каршы күрөшүү лигасынын жана Эл аралык гипертония коомунун демилгеси менен бүткүл дүйнөдө Гипертонияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү белгиленет. Кыргызстанда бул күнүсалттуу түрдө калктын гипертония, тобокел факторлору жана алдын алуу чаралары тууралуу маалымдуулугун жогорулатууга багытталган бир катар иш-чаралар өткөрүлөт.

 Бүгүн, 29-майда Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевдин, КР Саламаттык сактоо министрлигинин, Саламаттыкты сактоо министрлигинин ведомстволук уюмдарынын, ДСУнун, Кыргызстандын Дин башкармалыгынын жана Кыргызстандын Православ чиркөөсүнүн, коомдук жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда секторлор аралык тегерек стол болуп өттү.

Тегерек столдун жүрүшүндө КР Жогорку Кеңешинин депутаты Дастан Бекешев Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте иш алып барып, бала кезинен сергек жашоо тууралуу маалымдуулугун жогорулатууну сунуштады.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы кеңсесинин улуттук кызматкери Алиина Алтымышева гипертония боюнча Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун глобалдык көрсөтмөлөрү менен тааныштырды. Ал эми дин өкүлдөрү өздөрүнүн дин кызматкерлеринин арасында кан басымдын жогорулашын аныктоону кызуу колдоп, кошумча жолугушууларды өткөрүүнү чечишти.

Өз сөзүндө Саламаттыкты сактоо министрлигинин Медициналык жардамды уюштуруу жана дары-дармек саясаты башкармалыгынын башчысы Нургүл Ибраева жугуштуу эмес ооруларды (ЖЭО) көзөмөлдөө КР Саламаттык сактоо министрлигинин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи. 

«Артериалдык гипертонияны (АГ) «үнсүз өлтүргүч» деп аташат, анткени бул оору көбүнчө симптомсуз өөрчүйт жана маанилүү органдарга: мээге, жүрөккө, кан тамырларга, көзгө жана бөйрөккө таасир этет. Кан басымды үзгүлтүксүз өлчөө, туура тамактанууга өтүү, тамекини таштоо жана физикалык активдүүлүктү жогорулатуу артериялык гипертониянын жана анын олуттуу кесепеттерин алдын алууга жардам берет”, - деп баса белгиледи Нургүл Ибраева.

 

Академик М.Миррахимов  атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Талантбек Сооронбаев калктын жүрөк-кан тамыр ооруларынан (ЖКВ) жана биринчи кезекте инсультунан, курч кармаган миокард инфарктынан өлүм көрсөткүчү жогору экенин белгиледи, бул биздин өлкөнүн калкынын жылдык өлүмүнүн 52,1%ын түзөт. Чоң адамдардын 40%дан ашыгында кан басымы жогору, бул өлүмгө алып келген жүрөк, бөйрөк жана мээ ооруларын өнүктүрүү үчүн негизги тобокелдик фактору болуп саналат. Ал эми Кыргызстандын бойго жеткен калкынын 4%дан ашпаганы гана гипертония менен каттоодо турат.

 

Талкуунун жыйынтыгында ЖЭО жана биринчи кезекте жүрөк-кан тамыр ооруларынын оор жүгүн эске алуу менен, республикалык жана аймактык көзөмөл механизмин түзүү, ошондой эле тармактар ​​аралык деңгээлде көбүрөөк иштөө сунушталды. Жүрөк-кан тамыр оорулары боюнча профилактикалык иш-чараларды күчөтүү, артериялык гипертензия менен ооруган бейтаптарды баштапкы деңгээлде башкаруу системасынын оптималдуу моделин иштеп чыгуу, жүрөк-кан тамыр жана башка жугуштуу эмес ооруларды 8 параметр боюнча "Саламат жүрөк" Check-Up модулу аркылуу комплекстүү алдын алуу ыкмалары тууралуу калктын маалымдуулугун жогорулатуу боюнча иштерди күчөтүү керектиги айтылды.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

17.07.2024
КР Саламаттык сактоо министри ата мекендик спортчуларга Олимпиада алдында ийгиликтерди каалады

2024-жылдын 16-июлунда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ата мекендик спортчулардын Париждеги Олимпиаданын алдындагы жыйынтыктоочу машыгуусуна барды. Министр олимпиадалык балбандарга ийгилик жана ден соолук каалап, алардын аракети жана жеңишке болгон умтулуусу маанилүү экенин белгиледи.

Иш сапардын алкагында министр олимпиадалык курама команданын дарыгерлери менен да жолугушту. Ал өз сөзүндө спортчуларды коштоп жүргөн медициналык кызматкерлердин маанилүү ролун баса белгиледи. Башкы дарыгер Сагындык Айтбаев жетектеген спорттук-реабилитациялык борбордун дарыгерлери өз убагында жардам көрсөтүү үчүн бардык керектүү нерселер менен жабдылган медициналык баштыктарды алышты.

«Биздин спортчуларга чын дилимден ийгилик жана чың ден соолук каалайм. Мекенибизге көптөгөн медалдарды алып келишип, ден соолук менен кайтып келишсин», - деди өз сөзүндө Алымкадыр Бейшеналиев, Саламаттык сактоо министри.

Ошондой эле Алымкадыр Бейшеналиев спортчулар үчүн туура тамактануунун маанилүүлүгүн белгилеп, медицина кызматкерлерине олимпиадачылардын спорттук тамак-ашына дыкат көз салып, алардын оптималдуу физикалык даярдыгын жана мелдеш учурунда жогорку көрсөткүчтөргө ээ болушун камсыз кылууну тапшырды.

10.07.2024
Боору трансплантацияланган бейтаптар канааттандырарлык абалда үйүнө чыгарылды

Бүгүн, 2024-жылдын 10-июлунда, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргыз-түрк достугу ооруканасына барып, боору трансплантацияланган эки бейтаптын абалы менен таанышты. Консилиум жана бардык керектүү текшерүүлөрдөн кийин эки бейтап тең канааттандырарлык абалда үйүнө чыгарылды.

Бир ай бою хирургдар, трансплантологдор, гастроэнтерологдор жана реаниматологдордон турган адистерибиз боору трансплантацияланган бейтаптардын абалын дыкат көзөмөлдөп турушту. Күнүмдүк эртең мененки жана кечки текшерүүлөр, анын ичинде гемодинамикалык жана биохимиялык көрсөткүчтөр боюнча анализдер, ошондой эле УЗИ жана компьютердик томографиялык изилдөөлөр жакшы жыйынтык көрсөттү. Реципиенттердин боору ийгиликтүү иштеп жатат.

Бейтаптар Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге жана бул операцияга катышкан бардык медицина кызматкерлерине өздөрүнүн кесипкөйлүгү жана берилгендиги үчүн ыраазычылык билдиришти. 

«Биз Кыргызстанда биринчи жолу боорду алмаштыруу операциясы ийгиликтүү жасалганы, өзгөчө бул операциялар биздин жарандар үчүн бекер болгону менен сыймыктанабыз. Бул биздин медицинанын тарыхындагы орчундуу окуя жана ал Президент Садыр Жапаровдун колдоосунун жана кыргыз-түрк адистеринин биргелешкен аракетинин аркасында мүмкүн болду. Биз ар бир жараныбызга жогорку деңгээлдеги тиешелүү медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн арттыруу үчүн өлкөбүздөгү медициналык тейлөөнү жакшыртуу боюнча иштерди уланта беребиз», - деди Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри. Алымкадыр Бейшеналиев.

Мындан тышкары, министр Улуттук хирургия борборунда гепатология бөлүмү түзүлүп, бейтаптар ай сайын адистердин көзөмөлүндө болоорун кошумчалады. Саламаттык сактоо министрлиги кийинки этаптагы операцияларга бейтаптарды даярдоону улантууда. Учурда 15 адам боорду алмаштыруу үчүн кезекте турат; төрт реципиентте ылайыктуу донорлор бар, алар операцияга чейинки бардык зарыл текшерүүлөрдөн өтүп жатышат.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 10-июнунда Кыргызстанда алгачкы жолу Кыргыз-түрк достугу ооруканасында Түркия жана Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев баштаган жогорку квалификациялуу адистеринин катышуусунда акысыз боорду алмаштыруу операциясы жасалган. Операциялар толугу менен Президенттик фонддон каржыланып, бейтаптарга кошумча чыгымдарсыз кымбат баалуу медициналык жардам көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түздү.

08.07.2024
КР Саламаттыкты сактоо министрлиги кореялык H-Robotics компаниясынан реабилитациялык жабдууларды алат

Бүгүн, 8-июлда, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев H-Robotics компаниясынын эл аралык бизнести өнүктүрүү боюнча директору Марина Ли айым менен жолугушту. 

 

Жолугушуунун жүрүшүндө кореялык компаниянын өкүлдөрү тарабынан ар кандай реабилитациялык программаларда, анын ичинде инсульттан, мээ жаракатынан жана кыймылдын бузулушун пайда кылган башка оорулардан кийин калыбына келтирүүдө колдонулуучу REBLESS жабдуусу менен тааныштырышты. 

 

Белгилүү болгондой, H-Robotics компаниясынын өкүлдөрү КР Саламаттык сактоо министрлигине ушундай 20 комплект жабдуу берүү ниетин билдиришти. Ушуга байланыштуу жолугушуунун катышуучулары аны Кыргызстандын саламаттыкты сактоо системасында колдонуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. 

 

Министр Бейшеналиев H-Robotics компаниясына ыраазычылык билдирип, жабдыктар республиканын саламаттык сактоо уюмдары  тарабынан көрсөтүлүүчү реабилитациялык  кызматтарга баалуу кошумча болорун белгиледи. 

 

«Биз медициналык жардамга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү жана жаңы технологияларды колдонуу саясатыбызда кореялык тараптан мындай практикалык колдоо көрүп жатканыбызга абдан кубанычтабыз. Биз бул жабдуулар көптөгөн адамдардын жашоо сапатын жакшыртууга жана алардын толук кандуу активдүүлүккө кайтып келишине жардам берет деп үмүттөнөбүз", - деди Алымкадыр Бейшеналиев. 

 

Жолугушуунун соңунда министр Алымкадыр Бейшеналиев кореялык тарап менен кызматташуу айкын багытка ээ болуп, кийин эки өлкөнүн ортосундагы саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташтыкты калыптандырууга жана бекемдөөгө негиз болот деген ишенимин билдирди. 

 

Маалымат үчүн: Rebless – бул чыканактын, билектин, тамандын жана тизе муундарынын кыймылдуулугун камсыз кылган роботтоштурулган реабилитациялык аппарат.