Улуттук кардиология, фтизиатрия борборлору жана №10 үй-бүлөлүк медицина борборуна жаңы жабдуулар берилет

04.03.2022 / Просмотров: 1077

2022-жылдын 4-мартында Япониянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинде Япония Өкмөтүнүн “Чөптүн тамыры жана адам коопсуздугу” гранттык программасынын алкагында келишимге кол коюу аземи болуп өттү.

Кол коюу аземи Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин, Япониянын Кыргызстандагы элчиси Маэда Сигеки мырзанын жана медициналык жабдууларды ала турган саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилеринин катышуусунда өттү.

 Кол коюлган контракттардын алкагында Улуттук кардиология жана терапия борбору жалпы баасы 82 538 АКШ долларын түзгөн кызыл өңгөч аркылуу эхокардиография жасоо үчүн датчиги бар эксперттик класстагы көчмө санариптик УЗИ системасы (Philips) менен жабдылат.

Улуттук фтизиатрия борбору жалпы суммасы 151 223 долларга электрондук оптикалык күчөтүүчү түтүк (Philips), өпкөнү жасалма желдетүүчү аппарат, операциялык лампа, балдар бөлүмүнө керебеттерди жана тумбаларды алат.

Бишкектеги №10 үй-бүлөлүк медицина борборуна жалпы суммасы 55 956 АКШ долларына “Philips Affiniti 50” УЗИ аппараты берилет.

Өз сөзүндө КР Саламаттыкты сактоо министри Япония Өкмөтүнө Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагына “Чөптүн тамыры жана адам коопсуздугу” гранттык программасы аркылуу узак мөөнөттүү колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Маалымат үчүн:

«Чөптүн тамыры жана адам коопсуздугу» гранттык программасы Кыргыз Республикасында 1996-жылдан бери ишке ашырылып келет. Ал жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, баштапкы медициналык-санитардык жардам мекемелеринин, башталгыч билим берүүнүн, бейөкмөт уюмдардын жана башкалардын күч-аракети менен адамдын негизги муктаждыктарына (Basic Human Needs) байланыштуу көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган. Ушул убакыттын ичинде Кыргызстанда бул программанын алкагында жалпы суммасы 11 417 853  АКШ долларын түзгөн 170 долбоор ишке ашырылган.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

17.04.2024
Бишкекте Кыргызстандын кургак учукка каршы күрөшүү кызматындагы комплекстүү реформалардын жетишкендиктери жана туруктуулугу талкууланды

Бишкекте “USAIDдин “Кургак учукту айыктыруу” демилгесинин алкагында иштелип чыккан комплекстүү реформалардын жетишкендиктери жана туруктуулугу” деген темада конференция өттү.

Конференция USAIDдин “Кургак учукту айыктыруу” беш жылдык долбоорунун жардамы менен Кыргызстандагы кургак учукка каршы саясатты жакшыртууну талкуулоого арналган. Анын ичине кургак учукту аныктоо, дарылоо, алдын алуудагы жетишкендиктер, инновациялар жана туруктуу өнүгүү стратегиялары кирген. Долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өлкөдөгү кургак учукка каршы күрөшүү боюнча аракеттерин колдоого багытталган.

Конференцияга КР Жогорку Кеңешинин депутаты Айбек Маткеримов, КР Саламаттыкты сактоо министринин биринчи орун басары  Медер Исмаилов, Кыргызстандагы АКШнын элчилигинин убактылуу ишенимдүү өкүлү Лиз Зентос, ошондой эле медицина кызматкерлери, өнөктөштөр жана USAIDдин “Кургак учукту айыктыруу” долбоорунун адистери катышты. 

 

Конференциянын жүрүшүндө кургак учуктун лабораториялык диагностикасынын системасын чыңдоо, кургак учук менен ооругандарды активдүү аныктоону киргизүү тажрыйбасы, кургак учук боюнча областтык консилиумдун иши, ийгиликтүү дарыланган учурларды верификациялоону жана «кургак учук менен ооругандарды башкаруу» тажрыйбасын киргизүү, Кыргызстанда кургак учукка каршы жардам көрсөтүү системасын оптималдаштыруу боюнча баяндамалар угулду, ошондой эле кургак учук темасын сапаттуу чагылдыруу үчүн журналисттердин дараметин жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалыматтар берилди.

 

Кыргызстанда кургак учукка каршы жардам көрсөтүү системасын өнүктүрүүгө кошкон салымы жана жемиштүү кызматташуусу үчүн ыраазычылык белгиси катары КР Саламаттык сактоо министрлиги USAIDге Ыраазычылык катын жана анын бир катар кызматкерлерине Ардак грамоталарды тапшырды.

 

Маалымат үчүн:

 

USAIDдин “Кургак учукту айыктыруу” долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө дары-дармекке туруктуу кургак учукка өзгөчө көңүл буруу менен, кургак учук менен ооруган адамдарды диагностикалоодо, дарылоодо жана айыктырууда колдоо көрсөтөт. Долбоор эл аралык сунуштамаларга ылайык Кыргызстандын кургак учукка каршы аракеттенүүсүн күчөтүү үчүн системаларды, шаймандарды, ресурстарды жана кадрдык потенциалды чыңдоого багытталган.

17.04.2024
Саламаттык сактоо министри Талас облусундагы көрсөтүлүп жаткан медициналык кызматтардын сапаты менен таанышты

Бүгүн, 2024-жылдын 17-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Чолпон Мамбетов атындагы Талас облустук биргелешкен ооруканасын кыдырып көрүп, оорукананын абалы менен таанышты. Анын жүрүшүндө кардиология бөлүмүнө ангиограф аппаратын алуу боюнча маселе көтөрүлүп, чечип берүү жагын караштарын айтып, дарыланып жаткан бейтаптардын абалынан кабар алды.

 

Андан соң Талас областтык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунда болуп, ал жердеги көйгөйлөр менен таанышты.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Марат Мураталиев менен биргеликте Талас медициналык колледжине интерактивдик панель, компьютер, принтер сыяктуу заманбап жабдууларды тапшыруу аземине катышты. Колледждин эмгек жамааты менен жолугушууда учурдагы көйгөйлүү маселелердин бири болгон ремонт иштерине жардам берерин убада кылды. 

 

Мындан тышкары, Талас облустук Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборундагы көйгөйлүү маселелер менен таанышып, элге шарттарды түзүү максатында ремонт иштерин бүткөрүү керек экенине токтолду.

 

Талас облусунун медицина кызматкерлери менен жолугушуу өткөрүлүп, анда айлык маяна, депозит, турак жай, ипотека, жумуш орундары боюнча маселелер көтөрүлдү.

16.04.2024
Кенелер ойгонду

Кенелердин активдүүлүгүнүн мезгили келди, суук түшкөнгө - кеч күзгө чейин созулат.

Кене энцефалити – бул биринчи кезекте борбордук нерв системасын жабыркатуучу курч жугуштуу вирустук оору. Оорунун кесепеттери майыптыкка жана өлүмгө алып келет.

Кене энцефалитинде адам өзүн алгач алсыз жана начар сезет. Болжол менен бир жумадан кийин бул симптомдор басаңдашы мүмкүн, бирок андан кийин катуу баш оору жана жогорку дене тап менен коштолгон экинчи фазасы пайда болот.

Оорунун мезгилдүүлүгү жана оорунун негизги белгилери

Оору кенелердин эң чоң активдүүлүгүнүн мезгили менен байланышкан жаз-күз мезгилдүүлүк менен мүнөздөлөт (апрель-сентябрь). Инкубациялык мезгил (инфекция жуккан учурдан тартып оорунун алгачкы белгилери пайда болгонго чейин) адатта 1 күндөн 60 күнгө чейин термелүү менен 7-14 күнгө созулат.

Оору катуу башталып, чыйрыгуу, катуу баш оору, температуранын 38-39 градуска чейин кескин көтөрүлүшү, жүрөк айлануу, кусуу менен коштолот. Бейтапты көбүнчө моюн жана ийинде пайда болгон ооруксунуу, көкүрөк жана белдин арткы бөлүгүндө, буту-колдогу булчуңдардын оорушу тынчсыздандырат. Бейтаптын көрүнүшү: бети кызарып канга толуп (гиперемия), кийинчерээк ал тулку боюна тарайт.

Эгерде адамда жогоруда аталган оорунун белгилери болсо, анда дарылоо-профилактикалык уюмдарга тез арада медициналык жардамга кайрылуу зарыл.

Кене вирустук энцефалитке ким кабылат?

Бардык адамдар жашына жана жынысына карабастан кене энцефалитинин инфекциясына кабылышат. Жумушу токойдо жүрүү менен байланышкан жарандарда (жыгач өнөр жай ишканаларынын кызматкерлери, геологиялык чалгындоо кызматтары, авто жана темир жол куруучулар, мунай жана газ түтүктөрүн, электр линияларын куруучулар, топографтар, мергенчилер, туристтер) жуктуруп алуу тобокелдиги жогору. Шаардын жашоочулары шаар четиндеги токойлордо, сейил бактарда, бакчаларда жумуш жана эс алуу учурунда жуктуруп алышы ыктымал.

Табиятта кене чаккандан кантип сактануу керек?

Жаратылышка эс алууга чыкканда жабык, ачык түстөгү кийимдерди кийүү талапка ылайык. Кийимдин ичине кене кирип кетпеши үчүн шымды өтүктүн ичине же калың резинасы бар байпактарга кыстарып коюу керек. Үстүнкү кийимди (көйнөк, куртка) шымга шымдап, жең манжети колго жабышып турушу шарт. Баш жана моюн жоолук менен жабылышы керек.

Кенелерден коргонуу үчүн дененин ачык жерлерин жана кийимдерди курт-кумурсканы качыруучу аэрозоль, мазь, крем ж.б.(репелленттер) менен сүртүп алса болот.

Кене вирустук энцефалитинин табигый очогу болгон учурда ар бир 30 мүнөт сайын кийимди жана денени текшерип, кийимге жабышкан кенелерди түшүрүп туруу керек.

Үйгө кайтып келгенден кийин бардык кийимдерди чечип, баштын терисин кылдат текшерип, эс алуудан алып келинген жууркан, дасторкон, сумкаларды силкип, күнгө илип коюңуз.

Кененин көп жабышкан жерлери — кулак, көкүрөк, колтук, моюн, табарсык, курсак жана белдин ылдыйкы бөлүгү.