Эдил Байсалов Каракол шаарында ымыркайлардын жана балдардын өлүмүн талдоо боюнча республикалык комиссиянын көчмө жыйынын өткөрдү

27.01.2023 / Просмотров: 1016

Бүгүн, 27-январда президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүндө Эне, ымыркай жана баланын өлүмүн азайтуу боюнча республикалык комиссиянын жыйыны өтүп, анда Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын төрөт үйүндө жаңы төрөлгөн алты баланын өлүмү талкууланды.

Ага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Айнура Султанбаева жана дарыгерлер катышты.

Жыйындын жүрүшүндө КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы неонатологу Сагынбү Абдувалиева жаңы төрөлгөн 6 баланын экөөнүн салмагы аз болуп, ара төрөлгөнүн билдирди. Ал эми төрт ымыркай толук мөөнөттүү төрөлгөн, алардын өлүмүнө инфекция себеп болгон.

КР Саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова жыл башында Каракол шаарындагы төрөт үйүндө алты баланын каза болушу абдан кейиштүү жана резонанстуу окуя экенин белгиледи. «Бул кейиштүү окуя төрөт үйүндө бардык керектүү медициналык жабдыктар бар экенине, дары-дармектер менен толук камсыз болгонуна, тартыштык болбогонуна карабастан болду. Эксперттик топтун корутундусуна ылайык, төрөт үйүнүн жетекчилиги менен кызматкерлеринин жоопкерчиликсиз мамилеси бар. Апасы баласын 9 ай  көтөрүп, анын төрөлүшүн үмүт менен күтөт.  Жаңы төрөлгөн баланын чарчап калуусу - ата-эне үчүн чоң кайгы. Буга байланыштуу 2023-жылы бардык медицина кызматкерлери коррупциясыз иштешин жана өз милдеттерине жоопкерчиликтүү мамиле кылуусун талап кылам», - деди министр.

Ошондой эле, министрдин орун басары Улан Садыков комиссиянын ишинин негизинде кабыл алынган чечимди билдирди. Анда, Ысык-Көл облусунун саламаттыкты сактоо тармагынын алты жетекчиси ээлеген кызматынан бошотулду:

1. Саламаттыкты сактоонун облустук координаторунун м.а. М.Б. Кыдырбаева;

2. Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын жетекчиси М.Ө. Сагынбаев;

3. Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын төрөт үйүнүн жетекчиси И.К. Атагельдиева;

4. Ысык-Көл облустук  бириккен ооруканасынын төрөт үйүнүн төрөт бөлүмүнүн башчысы Р.К. Алдашева;

5. Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын Ресурстук борборунун жетекчиси А.Т. Айткулиева;

6. Ысык-Көл облустук ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жетекчиси Г.Б. Тайлакова.

 

Мындан тышкары төрөт бөлүмүндөгү айрым кызматкерлерге жана Ысык-Көл облустук милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жетекчиси Т.Исаевге сөгүш берилди. 

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

20.04.2024
Медицина кызматкерлери жалпы республикалык ишембиликке активдүү катышты

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Жарлыгынын 1-пункту менен апрель айынын үчүнчү ишембиси “Улуттук тазалык күнү” деп белгиленген.

Бүгүн, 2024-жылдын 20-апрелинде Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин борбордук аппаратынын кызматкерлери, министрликтин алдындагы Мамлекеттик санэпидэм көзөмөл департаментинин, “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасынын, Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун, Электрондук саламаттык сактоо борборунун, Саламаттык сактоону өнүктүрүү жана медициналык техника борборунун кызматкерлери менен биргеликте  “Улуттук тазалык күнүнө” карата уюштурулган республикалык ишембиликке чыкты. Медициналык кызматкерлер ишембиликтин алкагында Бишкектин четиндеги Степное, Озёрное айылдары тараптагы 4.5 кмге жакын  жолдун жээгин таштандылардан тазалоо иштерин жүргүзүштү.

 Мындан тышкары республикадагы бардык саламаттык сактоо уюмдары мекемеге тийиштүү аймактарда ишембилик өткөрүштү.

Саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Медер Исмаилов айлана-чөйрөгө кам көрүү максатында мамлекет башчысы тарабынан демилгеленген иш-чараны колдоп ишембиликке чыгып, айлана-чөйрөнүн тазалыгына көңүл кош карабаган ар бир кызматкерге ыраазычылыгын билдирди. 

 

“Үч-төрт сааттын ичинде 250дөн ашык кап таштанды чыгарылып, калаабызды айланып өткөн жол жээги тазалыгы менен көз кубандырып калды. Мындай иш-чаралар туруктуу негизде жүргүзүлүп, мамлекетибиздин ар бир жараны жаратылышка аяр мамиле жасоого чакырам. Тазалык – ден соолуктун булагы эмеспи”, - деди ал. 

 

 

 

19.04.2024
Саламаттык сактоо министри Республикалык балдар реабилитациялык борборунун жаңы имаратынын курулуш иштери менен таанышты

Бүгүн КР саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында, Чолпон-Ата шаарында жайгашкан Ибн Сина атындагы Республикалык балдар реабилитациялык борборунун жаңы имаратынын курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринде таанышты. 

Аталган имаратынын курулушу 2023-жылы май айында башталган. 2 кабаттан турган 3 корпус курулууда. Азыркы күндө курулуш иштери аяктап, ички жасалгалоо иштери жүрүүдө. 

Азыркы учурда ичүүчү суу менен камсыз кылуу үчүн скважинанын курулушу чечилип, имараттын тегерек четин көрктөндүрүүгө, балдарга спорт жана ойноо аянтчаларын курууга кошумча каражат бөлүү чечими кабыл алынган.

Борбордун ачылышы 2024-жылдын 1-июнунда Эл аралык балдарды коргоо күнүнө пландаштырылууда.

Жаңы имарат 100 орунга ылайыкташкан, бардык санитардык эпидемиологиялык талаптарга жооп берет. Борбордо 2 бөлүм, клиникалык, бактериологиялык лабораториялар, рентген кабинет, физиобөлүм, стоматологиялык кабинет, туз шахтасы, тамак-аш блогу, спорт зал, дарылоочу дене тарбия залы каралган. 

Борбордо өпкө оорулары менен жабыркаган балдарды дарылоо жана реабилитациялык жардам көрсөтүлөт.

19.04.2024
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Ысык-Көл облусундагы жаңы тез жардам бөлүмүнүн курулушунун жүрүшү менен таанышты

2024-жылдын 19-апрелинде Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ысык-Көл облусунун Жалпы дарыгерлик практика борборунда болуп, тез жардам бөлүмүнүн жаңы имаратынын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Тамчы айылында «Ас-Сафа Борбору» коомдук кайрымдуулук фондунун каржылоосу менен Тез медициналык жардам бөлүмүнүн (ТМЖБ) имараты курулуп, бүгүнкү күндө курулуш иштери 70-80%га бүткөрүлдү. Учурда ички жасалгалоо жана жабдууларды орнотуу иштери жүрүп жатат.

Ысык-Көл облусунун Жалпы дарыгерлик практика борборунун директору Альмира Алдашеванын айтымында, ТМЖБнын 3 кабаттуу имаратынын курулушуна жалпы 40 млн сом сарпталды. Фонд биздин арызыбызды толугу менен жактырды жана курулуштан тышкары бөлүм бардык зарыл болгон медициналык жабдуулар жана эмеректер менен жабдылат. Кызматкерлердин жана бейтаптардын ыңгайлуулугу үчүн лифт орнотулат. Мындан тышкары, Тамчы айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан ТМЖБнын айланасында көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери жүргүзүлөт.

Министр өзгөчө туристтик сезондун алдында калкыбызды сапаттуу жана өз убагында медициналык жардам менен камсыздоодо Ысык-Көл облусунда тез жардам бөлүмүн уюштуруу чоң роль ойноорун баса белгиледи. Бөлүм өзгөчө кырдаалдар учурунда ыкчам жардам көрсөтүү менен чектелбестен, облустун калкынын жалпы ден соолугун чыңдоого да көмөктөшөт.

Тез медициналык жардам бөлүмүнүн расмий ачылышы жана ишке берилиши үстүбүздөгү жылы 20-майга пландалууда.