Copyright: ©
КР Саламаттык сактоо министрлиги жана БУУнун Өнүктүрүү программасы саламаттык сактоо системасын модернизациялоо боюнча кызматташууну күчөтүүдө
01.08.2025 / Просмотров: 11107
2025-жылдын 1-августу, Бишкек шаары — Бүгүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде министр Эркин Чечейбаев БУУнун Өнүктүрүү программасынын (ПРООН) Кыргызстандагы Туруктуу өкүлү Александра Соловьева менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда учурдагы кызматташтык жана мындан аркы өнөктөштүктүн артыкчылыктуу багыттары талкууланды.
Негизги көңүл кургак учук жана АИВ инфекциясы менен күрөшүү, саламаттык сактоо системасын санариптик трансформациялоо, дары-дармектердин жана диагностиканын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, инфраструктураны жаңылоо жана саламаттык сактоо системасын климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлаштыруу маселелерине бурулду.
Министр БУУнун Өнүктүрүү программасы тарабынан көрсөтүлүп жаткан колдоого ыраазычылыгын билдирип, социалдык мааниси чоң ооруларга каршы күрөшүүдөгү кызматташуунун маанисин белгиледи:
«Биздин биргелешкен аракеттердин аркасында кургак учук менен күрөшүүдө, калктын аялуу катмары үчүн медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоодо жана санариптик чечимдерди киргизүүдө олуттуу жыйынтыктарга жетиштик. БУУнун Өнүктүрүү программасынын колдоосу улуттук саламаттык сактоо приоритеттерин алдыга жылдырууда маанилүү фактор бойдон калууда», — деди министр Эркин Чечейбаев.
Тараптар 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы жетишкендиктерди жана келечектеги демилгелерди да карап чыгышты. Арасында — жеке медициналык мекемелерди электрондук эмгекке жарамсыздык баракчаларынын системасына интеграциялоо, Ноокат аймактык ооруканада кычкылтек станциясын куруу жана ишке киргизүү, ошондой эле алдын алуу жана социалдык коргоо жаатында санариптик чечимдерди илгерилетүү сыяктуу жетишкендиктер белгиленди.
Министр ошондой эле коомдук саламаттык сактоонун институционалдык бекемделишине багытталган иштер башталганын маалымдады. Бул багытта бир катар тийиштүү мекемелерди бириктирип, келечекте эл аралык аккредитациядан өтүүгө жана донордук уюмдардын, анын ичинде Глобалдык фонддун каражаттарын башкарууга жөндөмдүү борбор түзүү каралууда.
Өз кезегинде Александра Соловьева БУУнун Өнүктүрүү программасы Кыргызстандын саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү боюнча мындан ары да колдоо көрсөтүүгө даяр экенин ырастады:
«Биз Кыргызстандагы саламаттык сактоо системасын өнүктүрүүдө чоң потенциалды көрүп турабыз жана аны колдоону кеңейтүүгө, анын ичинде сатып алуулардан тартып санариптештирүүгө жана климаттык туруктуулукка чейинки багыттар боюнча колдоого даярбыз», — деп белгиледи ал.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар артыкчылыктуу багыттар боюнча конкреттүү иш-чараларды тактоо үчүн биргелешкен жумушчу топ түзүү боюнча келишишти. Алгачкы милдеттердин катарында — саламаттык сактоо инфраструктурасын энергия үнөмдөөчүлүккө, медициналык калдыктарды коопсуз утилизациялоого жана башка багыттарга көңүл буруу менен жаңылоого багытталган Жашыл климат фондуна гранттык арыз даярдоо пландалууда.
Мындан тышкары, БУУнун Өнүктүрүү программасы дары-дармектерди жана жабдууларды эл аралык механизмдер аркылуу натыйжалуу сатып алууда министрликке көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди. Сатып алуулардагы ачыктыкты жогорулатуу максатында министрликтин өкүлдөрү үчүн Копенгаген шаарындагы БУУнун Өнүктүрүү программасынын аймактык кеңсесине иш сапар уюштуруу маселеси да талкууланды.
2011-жылдан бери БУУнун Өнүктүрүү программасы Кыргызстанда жашоо үчүн маанилүү дары-дармектерди жана медициналык каражаттарды сатып алууга 67 миллион АКШ долларынан ашуун каражат бөлүп, АИВ жана кургак учукту дарылоодо туруктуу жыйынтыктарга жетишүүгө көмөктөшүп келет. Ошондой эле өлкөнүн безгек оорусунан эркин макамын сактап калууга салым кошуп, климаттын өзгөрүшүнө ылайыкташуу боюнча улуттук пландын саламаттык сактоо блогун иштеп чыгууга көмөк көрсөткөн.
Бул жолугушуу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен БУУнун Өнүктүрүү программасынын стратегиялык өнөктөштүгүн дагы бир жолу тастыктап, туруктуу өнүгүү максаттарына, калктын ден соолугун жакшыртууга жана адамга багытталган, натыйжалуу жана заманбап саламаттык сактоо системасын курууга багытталган кызматташтыгын бекемдеди.
Прикрепленные файлы:
Другие Новости
29.12.2025
Жаңы жылдык майрам жана дем алыш күндөрү саламаттык сактоо уюмдарынын иш тартиби
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги майрам жана дем алыш күндөрүндө саламаттык сактоо уюмдарынын иштөө тартиби тууралуу маалымдайт.
Медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана үзгүлтүксүз көрсөтүлүшүн камсыз кылуу максатында 2025-жылдын 30–31-декабрында республика боюнча бардык медициналык уюмдарда күчөтүлгөн иш тартиби камсыздалат. Бул күндөрү медициналык кызматкерлердин кошумча нөөмөттөрү уюштурулуп, кызматтардын жогорку даярдыгы камсыз кылынат, ошондой эле калкка шашылыш жана тез жардам көрсөтүү үзгүлтүксүз жүргүзүлөт.
2026-жылдын 1-9-январь аралыгында, жаңы жылдык каникул күндөрүндө, саламаттык сактоо уюмдары белгиленген тартипте иштеп, жооптуу кызматкерлердин нөөмөттөрү уюштурулат. Медициналык мекемелерде күнү-түнү тез жардам көрсөтүү камсыздалып, шашылыш дарылоого муктаж бейтаптарды жаткыруу үчүн керебеттердин резерви түзүлөт. Ошондой эле зарыл болгон дары-дармектердин, медициналык буюмдардын, кан компоненттеринин жана алардын резервдеринин жетиштүүлүгү камсыздалат.
Амбулатордук деңгээлде — үй-бүлөлүк медицина борборлорунда, жалпы дарыгердик практика борборлорунда жана үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунда — 1–9-январь күндөрү үй-бүлөлүк дарыгердин, үй-бүлөлүк медайымдын жана каттоо бөлүмүнүн нөөмөттөрү 08:00дөн 18:00гө чейин, ал эми дарылоо кабинеттери 14:00гө чейин иштейт.
Тез жардам кызматы Бишкек жана Ош шаарларында, ошондой эле өлкөнүн бардык аймактарында демалышсыз, күнү-түнү иштейт. Мындан тышкары, санитардык авиациянын үзгүлтүксүз иши, санитардык-эпидемиологиялык кызматтын адистеринин жана лабораториялардын нөөмөтү майрамдык жана дем алыш күндөрү да камсыздалат.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жаңы жылдык майрамдар мезгилинде калкка медициналык жардам толук көлөмдө көрсөтүлөрүн белгилеп, жарандарды зарыл болгон учурда медициналык уюмдарга өз убагында кайрылууга чакырат.
26.12.2025
Дары-дармектерге жеткиликтүүлүк жана ачык-айкын сатып алуулар: КР Саламаттык сактоо министрлиги БУУнун тутумундагы уюмдар менен кызматташуунун артыкчылыктарын талкуулады
2025-жылдын 26-декабрында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов Бириккен Улуттар Уюмунун тутумуна кирген уюмдардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрүп, анда колдонулуп жаткан Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун алкагында дары-дармек менен камсыздоо маселелери талкууланды.
Талкуунун жүрүшүндө тараптар дары-дармек менен камсыздоо жаатындагы кызматташуунун негизги багыттарына — улуттук жөнгө салуу тутумун чыңдоо, өмүр үчүн зарыл дары-дармектерге жеткиликтүүлүктү кеңейтүү, сатып алуулардагы ачык-айкындуулукту жогорулатуу жана жеткирүү чынжырларынын туруктуулугун камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурушту.
Министр сапаттуу дары-дармектерге адилеттүү жана туруктуу жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу саламаттык сактоо тармагындагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин жана бул Туруктуу өнүгүү максаттарына, айрыкча «Чың ден соолук жана бакубаттуулук» максатына жетүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин баса белгиледи.
Өзүнчө көңүл сатып алуулардагы ачык-айкындуулукка жана коррупциялык тобокелдиктерди алдын алууга бурулду. Каныбек Досмамбетов системалуу өзгөрүүлөрдүн зарылдыгын белгилеп, алар адилетсиз практикаларды четтетүүгө жана бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга багытталышы керектигин айтты.
«Мамлекет жыл сайын дары-дармек сатып алууга олуттуу каражаттарды багыттайт, биздин милдет — бул ресурстарды мүмкүн болушунча ачык-айкын жана рационалдуу пайдаланууну камсыз кылуу. Биз сатып алуулар тармагында тартипти катуу орнотууга, системаны адилетсиз практикалардан тазалоого жана туруктуу, чынчыл кызматташтыкты курууга багыт алдык. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрүбүздүн колдоосу менен бул кызматташтык системалуу жана узак мөөнөттүү мүнөздө болот деп ишенебиз», — деп белгиледи Каныбек Досмамбетов.
Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө даяр экенин, анын ичинде эл аралык стандарттарга ылайык сатып алууларды колдоо, жеткирүү чынжырларын башкаруу, санариптик чечимдер, фармакологиялык көзөмөл жана саламаттык сактоо тутумунун институционалдык потенциалын жогорулатуу багыттарында көмөк көрсөтүүнү ырастады.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун жоболорун ишке ашыруу боюнча биргелешкен ишти улантууга макулдашышты. Бул иш конкреттүү, өлчөнө турган натыйжаларга багытталып, дары-дармек коопсуздугун чыңдоого жана бейтаптардын кызыкчылыктарын коргоого кызмат кылмакчы.
25.12.2025
Медициналык 083 формадагы маалымкат алуудагы кезектер боюнча маалымат
Айдоочулук күбөлүк алуу же алмаштыруу үчүн зарыл болгон 083 формадагы медициналык маалымкатты алуу учурунда Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда адамдардын топтолушу тууралуу жарандардын кайрылууларына жана социалдык тармактардагы билдирүүлөргө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги учурдагы кырдаал боюнча түшүндүрмө берип, жарандарды медициналык уюмдардагы убактылуу жогорулаган жүккө түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.
Үй-бүлөлүк медицина борборлорунун жетекчилеринин маалыматына ылайык, акыркы апталарда жарандардын дал ушул 083 формадагы медициналык маалымкат боюнча кайрылуулары кескин көбөйгөн. Мурда мындай маалымкат алуу үчүн күнүнө орто эсеп менен 15–20 адам кайрылса, учурда кайрылуулар кыйла өсүп, айрым медициналык уюмдарда кезектердин жаралышына алып келди. Эгер сентябрь айында республика боюнча орто эсеп менен күнүнө 500гө жакын 083 формадагы медициналык маалымкат берилсе, декабрь айында бул көрсөткүч суткасына 3 миңге чейин жетип, Үй-бүлөлүк медицина борборлоруна түшкөн жүк дээрлик алты эсеге көбөйгөнүн көрсөтүүдө.
Ошол эле учурда Саламаттык сактоо министрлиги медициналык маалымкаттарды берүү штаттык режимде жүргүзүлүп жатканын, медициналык кызматкерлер кабыл алуудан баш тартпаганын жана кайрылган бардык жарандар белгиленген кезек тартибине ылайык кабыл алынып жатканын баса белгилейт.