Copyright: ©

Органдарды трансплантациялоо маселеси боюнча КР Саламаттык сактоо министрлигинин түшүндүрмөсү

28.11.2024 / Просмотров: 2649

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги 2024-жылдын 28-ноябрында Жогорку Кеңештин жыйынында боорду трансплантациялоону жүзөгө ашыруучу саламаттыкты сактоо уюмдарына карата айтылган маалыматты тактоо зарыл деп эсептейт.

Саламаттык сактоо министри 27-ноябрда Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүндө Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин карамагындагы үч мамлекеттик уюмду атады:

Трансплантация жасалып жаткан Кыргыз-Түрк достугу мамлекеттик ооруканасы.

Улуттук хирургиялык борбор, ал жерде активдүү даярдык иштери жүрүп жатат. Борборду оңдоого 33 миллион сом, керектүү жабдууларды алууга 170 миллион сом бөлүнгөн, учурда жеткирүү стадиясында.

Ош шаардык клиникалык ооруканасында органдарды трансплантациялоо борбору түзүлүп, бөлүм, операциялык бөлмөлөр жана реанимация бөлүмү толук даяр. Аталган оорукананын адистери Түркиянын жана Россия Федерациясынын клиникаларында билим алышкан. Учурда керектүү жабдууларды алып келүү иштери жүрүп жатат.

Мындан тышкары, министр төртүнчү клиника – ОшМУнун (ОшМУ) клиникасы бар экендигин белгиледи, ал дагы органдарды трансплантациялоого даяр, бирок ал КР Билим берүү жана илим министрлигинин карамагында. Белгилей кетсек, аталган уюм 2021-жылдан бери «ОшМУнун алдындагы Медициналык борбор» КФнын жеке клиникасы катары медициналык ишмердүүлүк жүргүзүп келет. Ал эми “Жарандардын саламаттыгын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, органдарды алуу мамлекеттик саламаттыкты сактоо уюму тарабынан жүзөгө ашырылат, ага ылайык органды трансплантациялоодо жеке клиникаларга органдарды алууга тыюу салынат. Ушуга байланыштуу 2024-жылдын 1-октябрынан тартып ОшМУнун чечими менен жеке менчик түрүндөгү «ОшМУнун алдындагы Медициналык борбор» КФ менчиктин мамлекеттик формадагы «ОшМУнун Медициналык борбору» мекемесине өзгөртүлгөн. Учурдагы мыйзамдарга ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдары милдеттүү түрдө аккредитациядан өтүшү керек.

Буга байланыштуу Жогорку Кеңештин айрым депутаттарынын ОшМУнун клиникасы тууралуу “унутулуп калган” делген сөздөрү чындыкка дал келбейт. Саламаттыкты сактоо министри өз компетенциясынын чегинде маалымат берип, трансплантация маселелери менен алектенген бардык уюмдарды эске алды.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

04.12.2024
Чүй облусундагы мурдагы оорукананын имараты мамлекетке кайтарылып, облустук төрөт үйү болот

Бүгүн, 2024-жылдын 4-декабрында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев иш сапары менен Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылына барды. Иш сапарынын жүрүшүндө ал мурда жеке адамдар тарабынан менчиктештирилип, бирок жакында мамлекеттин менчигине кайтарылган мурдагы оорукананын имаратынын абалы менен таанышты.

Административдик-аймактык реформанын алкагында Чүй төрөт үйүнүн имараты Бишкек шаарынын карамагына өтүп, Чүй облусунда тобокелдик тобуна кирген аялдарга акушердик жардам көрсөтүү үчүн Чүй облусунун аймагында жаңы медициналык мекемени уюштуруу зарылчылыгы келип чыккан. Министр кайтарылган имараттын базасында 100 орундуу заманбап Чүй облустук төрөт үйүн түзүү боюнча иштерди баштоону тапшырды.

Саламаттык сактоо министри облустун координатору Алмаз Назарбековго имаратты капиталдык оңдоого кеткен чыгымдарды эсептеп, керектүү медициналык жабдуулардын тизмесин түзүп, Саламаттык сактоо министрлигине долбоорду каржылоону камсыздоо боюнча сунуштарды даярдоону тапшырды.

04.12.2024
Шаардык тез жардам балдар ооруканасында кичинекей бейтаптар жана алардын ата-энелери үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү

Бүгүн, 2024-жылдын 4-декабрында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Шаардык балдар клиникалык тез медициналык жардам ооруканасына барды. Анда министр бөлүмдөрдү кыдырып, кызматкерлер менен баарлашып, бейтаптардын жана алардын ата-энелеринин жашоо шартын жакшыртууга багытталган чаралар менен таанышты.

Министр соматикалык имараттын кабыл алуу бөлүмүндөгү жаңы күтүү залына өзгөчө көңүл бурду. Аны кеңейтүүгө республикалык бюджеттен 18 миллион сом бөлүнгөн. Мындай чечимди былтыркы кырдаал, КРВИ жана сасык тумоо боюнча эпидемиологиялык сезондун кызуу маалында бейтаптардын агымы абдан көп болгондуктан, аларга сыртка чатыр тигип берүүгө аргасыз болгон.

Аянты 240 чарчы метр болгон жаңы күтүү залы бардык керектүү жабдыктар менен жабдылган. Эми балдарын коштоп жүргөн ата-энелер кезекти ыңгайлуу шарттарда күтө алышат.

«Саламаттык сактоо министрлиги медициналык мекемелерде ыңгайлуу жана заманбап инфраструктураны түзүү боюнча ырааттуу иш алып барууда. Биз бейтаптарга жана медициналык кызматкерлерге сапаттуу жана өз убагында жардам көрсөтүү үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзүүгө аракет кылабыз», - деди Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.

Оорукананын башкы дарыгери Акылбек Маманов министрге ооруканага күнүнө 300-350дөй бейтап келип жатканын билдирди. Тез жардам бөлүмү күчөтүлгөн режимде иштеп, 25 дарыгер, анын ичинде педиатрлар, хирургдар, травматологдор жана реаниматологдор күнү-түнү иштешүүдө.

«Бейтаптардын көп агымы инфраструктураны модернизациялоону талап кылат. Саламаттык сактоо министрлигинин демилгеси менен быйыл кабыл алуу бөлүмүнүн кошумча имараты курулуп, жабдылып, биздин бейтаптар үчүн шарттар бир топ жакшырды», - деди Акылбек Маманов.

03.12.2024
КР Саламаттык сактоо министри Клиникалык тез жардам ооруканасына барды

Бүгүн, 2024-жылдын 3-декабрында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкек шаарындагы Клиникалык тез жардам ооруканасына барды. Иш сапардын жүрүшүндө ал медициналык мекеменин жамааты менен жолугушуп, учурдагы көйгөйлөрдү талкуулап, аларды чечүүнүн жолдорун белгиледи.

Талкуунун негизги темаларынын бири оорукананын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу болду. Министр стерилизация жана кир жуучу бөлүмгө автоклав орнотуу зарылчылыгына көңүл буруп, медициналык аспаптарды сапаттуу стерилизациялоону камсыз кылуу үчүн бул жабдыктын маанилүүлүгүн белгиледи.

Мындан тышкары, оорукананын жамааты эки оорукананын имаратынын ортосун бириктирүүчү өтмөк куруу маселесин көтөрүштү. Министр бул маселени тез арада карап чыгып, жакынкы аралыкта анын чечилишин камсыз кылууга убада берди.

Өз сөзүндө министр Саламаттык сактоо министрлиги бейтаптар жана медицина кызматкерлери үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, ошондой эле сапаттуу жана өз убагында медициналык жардам алуу үчүн оорукананын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча иштерди уланта берерин баса белгиледи.