Copyright: ©
Республиканын саламаттык сактоо уюмдарынын жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун өкүлдөрү программалык бюджеттештирүү боюнча окутуудан өтүштү
23.09.2024 / Просмотров: 2183
2024-жылдын 19-21-сентябрында Чолпон-Атада республиканын саламаттык сактоо уюмдарынын жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жетекчилери программалык бюджеттештирүү боюнча окутуудан өтүштү.
Тренингдин негизги максаты – Кыргызстандын саламаттык сактоо уюмдары үчүн программалык негизде бюджеттерди иштеп чыгуу боюнча Окутуу-тажрыйбалык колдонмону презентациялоо жана сыноо. Ошондой эле саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилеринин программалык бюджеттештирүүнү иштеп чыгуу потенциалын жогорулатуу, айрыкча үй-бүлөнү пландаштыруу жана репродуктивдик ден соолук боюнча маселелерге көңүл буруу.
Айдай Раимбаева 2025-жылга карата Саламаттыкты сактоо министрлигинин орто мөөнөттүү бюджеттик чыгымдарынын стратегиясы тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, министрликтин бюджетинде каржылоо жүргүзүлүп жаткан 4 программа бар, аларда негизги милдеттерди аныктоого багытталган иш-чаралар бар. «Бул тренинг саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилерине стратегиялык бюджетти натыйжалуу түзүүгө жардам берүү максатында өткөрүлүүдө, өзгөчө эне жана баланын ден соолугун коргоого басым жасоо менен. Бул саламаттыкты сактоо тутумунун бюджетин түзүүнү жеңилдетип, эне жана баланын ден соолугун коргоо боюнча кызматтардын сапатын, ачыктыгын жана калктын канааттануусун көрсөтөт», – деп билдирди ал.
Өз кезегинде, ЮНФПАнын Репродуктивдик ден соолук программасынын улуттук аналитиги Нургүл Сманкулова саламаттыкты сактоо уюмдары үчүн каражаттарды туура каржылоо жана бөлүштүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, бул үй-бүлөнү пландаштырууга жана эне өлүмүнүн көрсөткүчтөрүнө чоң таасирин тийгизерин айтты.
ЮНФПАнын улуттук аналитиги Дамира Абакирова социалдык жактан аялуу топтогу аялдарды мамлекеттик бюджеттин эсебинен сатып алынган сапаттуу контрацептивдер менен камсыз кылуунун жана жеткирүү тармагын көзөмөлдөө системасын түзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.
«ҮПКА» коомдук бирикмесинин директору Бактыгүл Бозгорпоева Кыргызстандын репродуктивдик ден соолугу боюнча жалпы абал жөнүндөгү маалымат менен бөлүштү.
Мамлекеттик каржы жана бюджеттик пландоо маселелери боюнча эксперт Бакыт Сатыбеков программалык бюджеттерди аткаруунун тартиби, бюджеттик программалардын натыйжалуулугун аныктоого коюлган талаптар жана эне жана репродуктивдик ден соолукту, өзгөчө үй-бүлөнү пландаштырууну коргоо боюнча чаралар, бюджеттик программа катары бюджеттик чараларды баяндоо боюнча маанилүү маалыматтар менен бөлүштү.
Саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилери үй-бүлөнү пландаштыруу бөлүгүндө программалык негизде бюджет долбоорлорун түзүү жана карап чыгуу тартибин иштеп чыгуу боюнча практикалык көнүгүүлөрдү аткарышты.
Үч күндүк тренингдин жыйынтыгында, үй-бүлөнү пландаштыруу боюнча саламаттыкты сактоо уюмдарынын деңгээлинде программалык бюджеттин паспорттору иштелип чыгып, калктын репродуктивдик ден соолук боюнча укуктарын ишке ашыруу, жашоо сапатын жакшыртуу жана үй-бүлөнү пландаштыруу муктаждыктарын канааттандыруу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында иштелип чыкты.
Прикрепленные файлы:
Другие Новости
04.10.2024
Саламаттык сактоо министри Талас районунун Көпүрө-Базар айылындагы оорукананын курулушунун жүрүшү менен таанышты
2024-жылдын 4-октябрында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев иш сапары менен Талас облусуна келди. Иш сапардын алкагында министр Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Марат Мураталиев менен бирге Көпүр-Базар айылындагы оорукананын жаңы имаратынын курулушунун жүрүшү менен таанышты.
Жаңы медициналык мекеменин курулушуна республикалык бюджеттен 98 миллион сом бөлүнгөн. Курулуш иштери 2024-жылдын июнь айында башталып, бүтүрүү кийинки жылга пландаштырылган. Жаңы ооруканада төрөт бөлүмү жана үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жайгашып, айыл тургундарына жана жакын жайгашкан калктуу конуштардын жашоочуларына керектүү медициналык жардамды алуу мүмкүнчүлүгүн камсыздайт.
Саламаттыкты сактоо министри белгилегендей, курулуш иштери аяктагандан кийин оорукана бардык керектүү медициналык жабдуулар менен камсыздалат. «Алыскы калктуу конуштарда медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүнүн маанилүүлүгүн эске алып, төрөт бөлүмү төрөт учурундагы аялдарга жана кош бойлуу аялдарга сапаттуу жана жеткиликтүү медициналык кызмат көрсөтөт, ал эми калкка баштапкы деңгээлдеги бардык зарыл медициналык кызматтар көрсөтүлөт”, – деп баса белгиледи Алымкадыр Бейшеналиев.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Марат Мураталиев да республиканын алыскы аймактарына оорукана куруунун маанилүүлүгүн белгиледи: «Калктын саламаттыгына кам көрүү айылдардан башталышы керек».
04.10.2024
Кореялык офтальмологдор Чүй облусунун Жайыл районунун тургундарын бекер текшерүүдөн өткөрүп, операция жасашты
2024-жылдын 30-сентябрынан 4-октябрына чейин Чүй облусунун Жайыл районунда «Vision Eye Camp Kyrgyzstan» компаниясы тарабынан уюштурулган медициналык кайрымдуулук акциясы болуп өттү. Түштүк Кореядан текшерүүлөрдү жана операцияларды жүргүзүү үчүн 22 адис, анын ичинде үч офтальмолог-хирург келген.
Акциянын негизги максаты Чүй облусунун Жайыл районунун жана ага жакын аймактардын тургундарына офтальмология тармагында медициналык жардам көрсөтүү болду.
Адистер 600 бейтапты текшерип, анын ичинен 97 бейтапка катарактага операция жасалат. Ошондой эле акциянын алкагында бейтаптарга 500гө жакын көз айнек жана тамчылаткычтар бекер таратылды.
04.10.2024
Талас районунун №6 “Ак-Сай” Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна тез жардам унаасы тапшырылды
Бүгүн, 2024-жылдын 4-октябрында Талас районунун №6 «Ак-Сай» Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна тез жардам унаасы тапшырылды. Бул унааны ишкер Думан Рыскулов демөөрчүлүк катары белекке берген.
Тез жардам унаасы Манас айылынын тургундарына тез медициналык жардамды өз убагында көрсөтүүнү камсыздайт. Жаңы транспорт керектүү медициналык жабдуулар менен жабдылган, бул медициналык кызматкерлерге чакырууларга эффективдүү жооп берүүгө жана адамдардын өмүрүн сактап калууга мүмкүндүк берет.