Copyright: ©

Саламаттыкты сактоо системасын колдоо максатында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине компьютерлер жана жеке коргонуу каражаттары тапшырылды

11.10.2024 / Просмотров: 11023

Бүгүн, 11-октябрда 117 компьютер жана 9500дөн ашык жеке коргонуу каражаттарын тапшыруу аземи болуп өттү.

Электрондук саламаттык сактоо борбору эненин жеке идентификациялык номерин (ЖИН) колдонуу менен жаңы төрөлгөн ымыркайларды өз убагында каттоого мүмкүндүк берүүчү маалыматтык системаны иштеп чыкты, бул ар бир баланын саламаттык сактоо кызматтарына, анын ичинде эмдөө кызматтарына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан көрсөтүлүүчү социалдык кызматтарга жетүүсүн камсыз кылат. Ушуга байланыштуу, саламаттыкты сактоо системасын чыңдоо үчүн ГАВИнин грантын ишке ашыруунун алкагында (УСЗ-3) 117 компьютер алынды, алар Электрондук саламаттыкты сактоо борборунун, атап айтканда, төрөт үйлөрүндө төрөттү каттоону башкаруу чөйрөсүндөгү ишинин эффективдүүлүгүн жогорулатат.

Мындан тышкары, Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөтүүнүн алкагында ЮНИСЕФ 9 миңден ашык жеке коргонуу каражаттарын берди, алар өлкөнүн саламаттыкты сактоо кызматына өткөрүлүп берилип, жугуштуу оорулар менен ооруган бейтаптар менен иштеген медицина кызматкерлери колдонот.

Расмий азем Саламаттык сактоо министрлигинде Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Самман Джунг Тхапа мырзанын катышуусунда өттү.

«Санариптештирүү Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо системасын өнүктүрүүнүн негизги приоритети болуп саналат. Жаңы төрөлгөн ымыркайларды эненин ЖИНи боюнча каттоонун маалыматтык системасын киргизүү ар бир баланын медициналык жана социалдык кызматтарга жеткиликтүүлүгүн кыйла жакшыртат. ГАВИнин грантынын жана ЮНИСЕФтин гуманитардык жардамынын аркасында биз саламаттыкты сактоо системасын чыңдоону улантып жатабыз, медицина кызматкерлерин керектүү ресурстар менен, анын ичинде өлкөнүн эң алыскы аймактарында эмдөө үчүн жеке коргонуу каражаттары жана жабдуулар менен камсыз кылуудабыз», - деди Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.

Саламаттыкты сактоо министри ошондой эле эл аралык уюмдардын колдоосунун маанилүүлүгүн белгилеп, ЮНИСЕФке саламаттыкты сактоо системасын чыңдоого көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Жаңы «Медициналык күбөлүк» маалымат системасынын ишин күчөтүү үчүн өлкө боюнча 72 төрөт үйүнө компьютерлер таратылат. Бул система эненин жеке идентификациялык номерин колдонуу менен жаңы төрөлгөн ымыркайларды ыкчам каттоону камсыздайт, бул ар бир балага мамлекет тарабынан көрсөтүлгөн медициналык жана социалдык кызматтарды өз убагында алууга мүмкүндүк берет.

«Бул кадам Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Балдардын укуктары боюнча комитеттин 2024-жылдын башында туулгандыгын каттоо тутумун күчөтүү боюнча берген негизги сунуштарынын бирин ишке ашырууга багыт алганын тастыктайт. Бул демилгелер саламаттыкты сактоо системасын бекемдейт жана Кыргызстандын 2030-жылга карата ТӨМ 3-кө өзгөчө көңүл буруу менен ТӨМ ишке ашыруу боюнча алдыңкы 30 өлкөнүн катарына кошулуу максатын ишке ашырууга салым кошот», - деп белгиледи Саммана Тапа.

 

Берилген жабдуулардын жана коргоочу каражаттардын жалпы баасы 10 миллион сомдон ашат (болжол менен 120 000 АКШ доллары), аны ЮНИСЕФ жана Вакцинация жана иммунизация боюнча глобалдык альянс (ГАВИ) каржылаган.

Саламаттык сактоо министрлиги менен Вакцинация жана иммунизация боюнча Глобалдык альянстын (ГАВИ) ортосундагы саламаттык сактоо системасын бекемдөө максатында ЮНИСЕФтин техникалык колдоосу менен ГАВИнин гранттары бир нече жылдардан бери ийгиликтүү ишке ашырылып келе жатканын белгилейбиз. Балдарды өз убагында жана коопсуз эмдөөдөн өткөрүү үчүн республика боюнча вакциналарды ташууга саламаттык сактоо министрлигине 26 унаа тапшырылган.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

16.06.2025
Кыргызстанда айдоочулукка талапкерлер үчүн 083/у медициналык маалымкатты онлайн алуу кызматы ишке кирди

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жаңы электрондук мамлекеттик кызматтын ишке киргизилгенин жарыялайт — айдоочулукка талапкерлер үчүн 083/у формасындагы медициналык маалымкатты онлайн форматта алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

Эми Кыргыз Республикасынын жарандары транспорт каражатын башкарууга жарамдуулугу боюнча милдеттүү медициналык комиссиядан санарип форматта өтүп, маалымкатты электрондук түрдө ала алышат, аны менен кагаз маалымкаттарды айдоочуларды каттоо органдарына тапшыруу зарылдыгы жоюлду. Комиссиядан өтүү жыйынтыктары автоматтык түрдө тиешелүү маалыматтык системаларга жөнөтүлүп, бул ачык-айкындуулукту, отчеттуулукту камсыз кылат жана жасалмалуулуктан коргойт.

Онлайн кызмат «Түндүк» мамлекеттик электрондук кызматтар порталы жана мобилдик тиркемеси аркылуу жеткиликтүү.

Жаңы кызматтын артыкчылыктары:

  • Маалымкат алууну жөнөкөйлөтүү — бардык этаптар санарип медициналык карта алкагында жүргүзүлөт.
  • Кагаз документтердин жүгүртүүсүн азайтуу жана маалыматтарды берүүдө адам факторун жокко чыгаруу.
  • Ачык-айкындуулукту жогорулатуу жана коррупциялык тобокелчиликтерди азайтуу.

Бул кызматты киргизүү саламаттык сактоо тармагындагы бирдиктүү санарип мейкиндикти өнүктүрүүнүн алкагында ишке ашты. Медициналык адистердин кароосунан өткөндүгү боюнча маалыматтар корголгон маалыматтык система аркылуу катталып, иштетилет.

«Бул — Санарип MED максаттуу моделин ырааттуу ишке ашыруунун кезектеги кадамы. Ал жарандар менен саламаттык сактоо системасынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жөнөкөйлөтүүгө багытталган. Натыйжада мамлекеттик кызматтар жарандар үчүн жеткиликтүүрөөк, натыйжалуураак жана коопсузураак болууда», — деди Саламаттык сактоо министрлигинин санариптик өнүгүү боюнча орун басары Н.Аднаева.

Онлайн маалымдаманы ишке киргизүү демилгеси мамлекеттик башкарууда санариптик инновациялар менен чечкиндүү чечимдерди киргизүүгө багытталган Өкмөттүк акселераторлор программасынын алкагында ишке ашты.

12.06.2025
Жогорку Кеңеште тамекиге салыктарды өзгөртүү маселеси талкууланды

Жогорку Кеңеште саламаттык сактоо тармагындагы салык системасын өркүндөтүү маселеси боюнча талкуу болуп өттү. 

2025-жылдын 11-июнунда өткөн жыйынга Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасы Данияр Толонов, депутаттар Айсаракан Абдибаева жана Таалайбек Масабиров, саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Ливиу Ведраско, ошондой эле ДСУнун Тамекиге каршы күрөшүү боюнча Рамкалык конвенциясынын Секретариатынын Билим борборунун өкүлдөрү катышты.

Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаевдин маалыматына караганда, Рамкалык конвенциянын Секретариатынын Билим борборунун эксперттери тамеки тартуудан келип чыккан зыянды азайтуу үчүн фискалдык чараларды иштеп чыгышкан. Тамекиге болгон акциздик салыкты жыл сайын 25%га акырындык менен жогорулатуу сунушталды. Учурда акциздик салык тамекинин наркынын 32% түзөт, ал эми ДСУ 70% кем эмес деп сунуш кылат. «Тамекилердин арзан баалары жана жеткиликтүүлүгү алардын балдар жана өспүрүмдөр арасында жайылышына шарт түзөт», - деп баса белгиледи министр.  Тамекинин арзан жана жеткиликтүү болушу балдардын жана өспүрүмдөрдүн арасында анын жайылышына шарт түзүп жатат, - деп белгиледи министр Чечейбаев.

ДСУнун Тамекиге каршы күрөшүү боюнча алкактык конвенция Билим борборунун директорунун орун басары Эстель Доши модельдик эсептөөлөрдү сунуштап, ага ылайык акциздик салыктардын жогорулатышы 2027-жылга чейин Кыргызстанда 40 миң адамдын өмүрүн сактап калууга мүмкүндүк берерин айтты.

Бюджеттик комитеттин төрагасы Данияр Толонов Кыргызстанда калктын 27 пайызы тамеки тартарын, бирок керектөөнүн төмөндөө ылдамдыгы Борбор Азиядагы эң төмөнкү көрсөткүчтөрдүн бири экенин белгиледи.

Тамекилердин баасы бүгүнкү күндө дагы элге өтө жеткиликтүү бойдон калууда, ошол себептен салыктык саясатты тез арада реформалоо керек, -деп билдирди ал.

Ошондой эле Данияр Толонов бардык түрдөгү тамеки буюмдарына, анын ичинде ысытылган (нагреваемый) тамекилерге дагы бирдей акциздик салык киргизүүнү сунуштады.

Бул жерде саясий эрк керек, анткени тамеки менен спирттин артында ири компаниялар турат. Бирок бул маселеде саясий эрк бар, президент жана анын командасы спортчулар болгондуктан сергек жашоо образын карманышат», - деди ал.

Депутаттар элдин саламаттыгын сактоо боюнча чараларды колдоого жана улуттун кызыкчылыгы үчүн кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти. Алар сунушталган материалдарды жана эсептөөлөрдү ийне-жибине чейин изилдеп, андан соң Салык кодексине өзгөртүү киргизүүнү караштырууну пландаштырууда.

12.06.2025
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жаңы эндоскоптун жардамы менен 8 жаштагы баланын ашказанынан тыйын чыгарылды

Бишкек, 2025-жылдын 12-июнь — Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун дарыгерлери 2017-жылы төрөлгөн баланын ашказанынан бөтөн затты — 10 сомдук тыйынды эндоскопиялык жол менен алуу операциясын ийгиликтүү жүргүзүштү.

Процедура борборго жакында тапшырылган заманбап SonoScape 550 эндоскоп аппаратынын жардамы менен жасалган. Жаңы аппарат мекеменин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, кичинекей бейтаптарга тез жана пландык жардам көрсөтүүдө жаңы деңгээлге чыгууга өбөлгө түзөт.

Эндоскопист-хирург Кубанычбек Раззаковдун айтымында, ичеги-карын жана дем алуу жолдорунда бөтөн заттын болушу менен кайрылган учурлар аз эмес.

"Бизге жумасына 3-4 бала ушундай учурлар кайрылып турат. Жаңы эндоскоп сыяктуу жогорку тактыктагы жабдыктар жаш бейтаптарга өз убагында жана аз инвазивдүү жардам көрсөтүү үчүн өтө маанилүү", - деп белгиледи адис.

Жогорку технологиялуу эндоскопту өз убагында колдонуу бөтөн затты операциялык жол менен кеспей туруп эле чыгарууга мүмкүнчүлүк берди. Бул бейтап үчүн тобокелдиктерди азайтып, калыбына келүү процессин тездетүүгө шарт түздү. Бала канааттандырарлык абалда үйүнө чыгарылды.

Жабдуулардын алынышы Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, генерал-полковник Камчыбек Ташиевдин колдоосунун аркасында мүмкүн болду.

Медициналык мекеменин жетекчилиги жаңы медициналык технологиялар менен жабдуу балдардын өмүрүн сактап калууда чечүүчү роль ойноорун жана өлкөнүн саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүүгө кошкон маанилүү салым экенин баса белгиледи.