Copyright: ©
Бишкекте энелердин ден соолугуна инвестициялоого арналган тегерек стол өттү
27.11.2024 / Просмотров: 3045
2024-жылдын 22-ноябрында Бишкек шаарында «Энелердин ден соолугуна инвестициялоо — Кыргызстанынын келечегине салым» аталышындагы тегерек стол өттү. Иш-чаранын максаты — репродуктивдик саламаттыкты жана энелердин ден соолугун коргоо боюнча кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жакшыртуу.
Иш-чараны Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министрлигинин орун басары Байдавлетов Каарманбек ачты: «Энелердин ден соолугу түздөн-түз балдардын ден соолугуна таасир этет. Ден соолугу чын энелердин балдары ооруларга аз кабылып, активдүү жана жемиштүү өсөрү далилденген. Аялдарды колдоого багытталган программаларга салынган ар бир инвестиция олуттуу экономикалык кайтарым берет. Бул — ден соолукка гана эмес, мамлекеттин өнүгүүсүн камсыз кылган адамдык капиталга салым».
Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбеков энелердин ден соолугун коргоо маселелерин саламаттыкты сактоо министрлиги жана Кыргызстандагы БУУнун калк боюнча фонду менен биргелешип карап чыгууга даяр, 35 депутаттан турган эң чоң жумушчу топ бар экенин баса белгиледи.
«Акыркы маалыматтарга ылайык, Кыргызстан Борбордук Азияда энелердин өлүмү боюнча алдыңкы орундардын бирин ээлейт, бирок акыркы убакта бул көрсөткүчтөр азаюуда. Ошентсе да, биз адистер менен бул теманы тереңирээк изилдеп, өлүмгө алып келүүчү булактарды жоюшубуз керек», — деди ал.
Кыргызстандагы БУУнун калк боюнча фондуну башчысы Бактыбек Кайназаров өз сөзүндө энелердин ден соолугу боюнча көрсөткүчтөрдү жакшыртуу үчүн медициналык-санитардык гана эмес, энелердин ден соолугун коргоо боюнча кызматтарды жеткирүүнү чектеген коомдук факторлорду да аныктап, жоюу зарылдыгын айтты: «Энелердин өлүмүн азайтуу үчүн бардык кызыкдар тараптар биригип, координацияланган чараларды кабыл алып, бардык деңгээлде саламаттыкты башкарууга жамааттык катышууну кеңейтүү аркылуу ишенимди жана жоопкерчиликти бекемдеши керек».
Ал эми «YПКА» коомдук уюмунун директору Бактыгүл Бозгорбоева энелердин ден соолугун колдоодо жарандык сектордун негизги ролун белгиледи.
«Биз аялдар өз укуктарын билип, кайсы жактан жардам сураса болорун түшүнүшү үчүн маалыматтык иш-чараларды жүргүзүп жатабыз. Мамлекеттик органдар менен кызматташып, саламаттык сактоо тутумун бекемдөөгө аракет кылып, маанилүү программаларды каржылоодогу боштуктарды жоюу үчүн эл аралык ресурстарды тартуудабыз», — деди ал.
Ал кошумчалагандай, энелердин ден соолугуна инвестициялоону чыгым катары эмес, келечекке салым катары кароо керек. Энелердин ден соолугуна жумшалган ар бир каражат көп деңгээлдүү кайтарым берет — өлүмдү азайтат, үй-бүлөлөрдү бекемдейт жана коомдун өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт.
Тегерек столдун алкагында энелердин ден соолугуна кам көрүүнүн маанилүүлүгү тууралуу максаттуу аудиторияларды маалымдоо жана кошумча ресурстарды тартуу үчүн даярдалган үч видеороликтин бет ачары болду.
Ошондой эле, Кыргызстандын энелердин ден соолугу боюнча учурдагы абалы тууралуу саламаттыкты сактоо министрлигинин энелердин, балдардын жана өспүрүмдөрдүн ден соолугун коргоо башкармалыгынын башкы адиси Раиса Асылбашева баяндама жасады. Ал эми финансылык жана бюджеттик пландоо боюнча эксперт Бакыт Сатыбеков энелердин ден соолугуна инвестициялоо боюнча цифралык маалыматтар менен бөлүштү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министрлигинин орун басары Байдавлетов Каарманбек, Жогорку Кеңештин депутаттары Чыңгыз Айдарбеков жана Венера Раимбачаева, Кыргызстандагы БУУнун калк боюнча фондуну башчысы Бактыбек Кайназаров, Э,ЮжөДКтин башкы адиси Раиса Асылбашева, ЮНФПА жана Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин өкүлдөрү, төрөт мекемелеринин жетекчилери жана башка кызыкдар тараптар катышты.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министрлиги, ЮНФПА жана «YПКА» коомдук уюму тарабынан уюштурулду.
Прикрепленные файлы:
Другие Новости
04.12.2024
Чүй облусундагы мурдагы оорукананын имараты мамлекетке кайтарылып, облустук төрөт үйү болот
Бүгүн, 2024-жылдын 4-декабрында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев иш сапары менен Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылына барды. Иш сапарынын жүрүшүндө ал мурда жеке адамдар тарабынан менчиктештирилип, бирок жакында мамлекеттин менчигине кайтарылган мурдагы оорукананын имаратынын абалы менен таанышты.
Административдик-аймактык реформанын алкагында Чүй төрөт үйүнүн имараты Бишкек шаарынын карамагына өтүп, Чүй облусунда тобокелдик тобуна кирген аялдарга акушердик жардам көрсөтүү үчүн Чүй облусунун аймагында жаңы медициналык мекемени уюштуруу зарылчылыгы келип чыккан. Министр кайтарылган имараттын базасында 100 орундуу заманбап Чүй облустук төрөт үйүн түзүү боюнча иштерди баштоону тапшырды.
Саламаттык сактоо министри облустун координатору Алмаз Назарбековго имаратты капиталдык оңдоого кеткен чыгымдарды эсептеп, керектүү медициналык жабдуулардын тизмесин түзүп, Саламаттык сактоо министрлигине долбоорду каржылоону камсыздоо боюнча сунуштарды даярдоону тапшырды.
04.12.2024
Шаардык тез жардам балдар ооруканасында кичинекей бейтаптар жана алардын ата-энелери үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү
Бүгүн, 2024-жылдын 4-декабрында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Шаардык балдар клиникалык тез медициналык жардам ооруканасына барды. Анда министр бөлүмдөрдү кыдырып, кызматкерлер менен баарлашып, бейтаптардын жана алардын ата-энелеринин жашоо шартын жакшыртууга багытталган чаралар менен таанышты.
Министр соматикалык имараттын кабыл алуу бөлүмүндөгү жаңы күтүү залына өзгөчө көңүл бурду. Аны кеңейтүүгө республикалык бюджеттен 18 миллион сом бөлүнгөн. Мындай чечимди былтыркы кырдаал, КРВИ жана сасык тумоо боюнча эпидемиологиялык сезондун кызуу маалында бейтаптардын агымы абдан көп болгондуктан, аларга сыртка чатыр тигип берүүгө аргасыз болгон.
Аянты 240 чарчы метр болгон жаңы күтүү залы бардык керектүү жабдыктар менен жабдылган. Эми балдарын коштоп жүргөн ата-энелер кезекти ыңгайлуу шарттарда күтө алышат.
«Саламаттык сактоо министрлиги медициналык мекемелерде ыңгайлуу жана заманбап инфраструктураны түзүү боюнча ырааттуу иш алып барууда. Биз бейтаптарга жана медициналык кызматкерлерге сапаттуу жана өз убагында жардам көрсөтүү үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзүүгө аракет кылабыз», - деди Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.
Оорукананын башкы дарыгери Акылбек Маманов министрге ооруканага күнүнө 300-350дөй бейтап келип жатканын билдирди. Тез жардам бөлүмү күчөтүлгөн режимде иштеп, 25 дарыгер, анын ичинде педиатрлар, хирургдар, травматологдор жана реаниматологдор күнү-түнү иштешүүдө.
«Бейтаптардын көп агымы инфраструктураны модернизациялоону талап кылат. Саламаттык сактоо министрлигинин демилгеси менен быйыл кабыл алуу бөлүмүнүн кошумча имараты курулуп, жабдылып, биздин бейтаптар үчүн шарттар бир топ жакшырды», - деди Акылбек Маманов.
03.12.2024
Улуттук онкология жана гематология борборуна жаңы директор дайындалды
Бүгүн, 2024-жылдын 3-декабрында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Улуттук онкология жана гематология борборунун жамаатына борбордун жаңы директору Букуев Нурбек Медетбековичти тааныштырды.
Иш-чаранын жүрүшүндө министр борборду онкологиялык жана гематологиялык ооруларды дарылоого адистешкен өлкөдөгү негизги медициналык мекемелердин бири катары мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Алымкадыр Бейшеналиев Нурбек Медетбековичтин жетекчилиги астында борбордун позициясы бекемдеп, дарылоонун алдыңкы ыкмаларын киргизип, бейтаптарга жогорку деңгээлдеги медициналык жардам көрсөтүлөөрүнө ишеним билдирди.