Улуттук госпиталдын нейротравматология бөлүмүнө 35 миллион сомдук микроскоп аппараты тапшырылды

23.01.2023 / Просмотров: 908

Бүгүн, 2023-жылдын 23-январында Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын нейротравматология бөлүмүнө оор операцияларга керектелүүчү нейрохирургиялык LEIСA M 530 OHX микроскоп аппараты берилди. 

Аппараттын келүүсүнө “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коому демөөрчүлүк кылган жана анын баасы 35 млн сомду түзөт.

 Микроскопту тапшыруу аземине “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунунун вице президенти Абакиров Улукмырза келип КР саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова, Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Токтобай Маанаев, профессор, нейрохирург Миталип Мамытов жана нейротравматология бөлүмүнүн дарыгерлеринин катышуусунда тапшырды. 

Өз сөзүндө саламаттык сактоо министри Гулнара Баатырова акыркы үлгүдөгү заманбап операциялык микроскоп бүгүнкү күндө нейрохирургия тармагын өнүктүрүүгө өбөлгө түзүп, аны менен бирге элибизге көрсөтүлүп жаткан жардамдын сапаты көтөрүлөөрүн белгиледи. “Өлкө башчысы тарабынан саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатат, бүгүнкү алынган жабдуу дагы ошонун бир мисалы деп айтып кетким келет. Бул заманбап аппараттын жардамы менен нейрохирургиялык жардамга муктаж бейтаптарга көрсөтүлүүчү жардамдын сапаты жакшырып, ошондой эле дарыгерлердин ишин да жеңилдетет. Биз бул үчүн “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун жетекчилигине ыраазычылыгыбызды билдиребиз”, - деди Гулнара Баатырова.

 Мындан тышкары өлкө жетекчилигинин демилгеси менен, калкка көрсөтүлчү медициналык кызматтын сапатын көтөрүү максатында саламаттык сактоо уюмдарына заманбап компьютердик томограф, рентген-аппараттар берилип жатканы айтылып, жакынкы арада Улуттук Госпиталга Магниттик резонанстык томограф аппараттары орнотулары да белгилүү болду.

 

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

20.04.2024
Медицина кызматкерлери жалпы республикалык ишембиликке активдүү катышты

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Жарлыгынын 1-пункту менен апрель айынын үчүнчү ишембиси “Улуттук тазалык күнү” деп белгиленген.

Бүгүн, 2024-жылдын 20-апрелинде Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин борбордук аппаратынын кызматкерлери, министрликтин алдындагы Мамлекеттик санэпидэм көзөмөл департаментинин, “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасынын, Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун, Электрондук саламаттык сактоо борборунун, Саламаттык сактоону өнүктүрүү жана медициналык техника борборунун кызматкерлери менен биргеликте  “Улуттук тазалык күнүнө” карата уюштурулган республикалык ишембиликке чыкты. Медициналык кызматкерлер ишембиликтин алкагында Бишкектин четиндеги Степное, Озёрное айылдары тараптагы 4.5 кмге жакын  жолдун жээгин таштандылардан тазалоо иштерин жүргүзүштү.

 Мындан тышкары республикадагы бардык саламаттык сактоо уюмдары мекемеге тийиштүү аймактарда ишембилик өткөрүштү.

Саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Медер Исмаилов айлана-чөйрөгө кам көрүү максатында мамлекет башчысы тарабынан демилгеленген иш-чараны колдоп ишембиликке чыгып, айлана-чөйрөнүн тазалыгына көңүл кош карабаган ар бир кызматкерге ыраазычылыгын билдирди. 

 

“Үч-төрт сааттын ичинде 250дөн ашык кап таштанды чыгарылып, калаабызды айланып өткөн жол жээги тазалыгы менен көз кубандырып калды. Мындай иш-чаралар туруктуу негизде жүргүзүлүп, мамлекетибиздин ар бир жараны жаратылышка аяр мамиле жасоого чакырам. Тазалык – ден соолуктун булагы эмеспи”, - деди ал. 

 

 

 

19.04.2024
Кене вирустук энцефалиттин алдын алуу боюнча сунуштар

Республикада кене вирустук энцефалитинин (КВЭ) табигый очоктору бардык климаттык зоналарда аныкталган жана адам үчүн коркунучтуулугунун даражасына жараша белгиленет. Үстүбүздөгү жылдын 3 айында республика боюнча 156 адам кене чагып кайрылган. Анын арасында КВЭ жуктурган учур катталган жок. Чоң-Кемин, Кыргыз тоо кыркалары Күнгөй Ала-Тоо, Тескей Ала-Тоо айыл аймактарында жайгашкан очоктор олуттуу коркунучту жаратат.

Кене вирустук энцефалити кантип жугушу мүмкүн?

Оорунун козгогучу (арбовирус) адамга вирус жуккан кенен чаккан алгачкы мүнөттөрүндө анын ооруну басуучу шилекейи менен кошо жугат:

• КВЭ боюнча эндемикалык аймактарга барууда (токойлордо, токой сейил бактарында, жеке бакча участокторунда);

• кенелер жаныбарлар (иттер, мышыктар аркылуу келгенде;

• кене энцефалити боюнчу коопсуз аймактарда эчкинин (көбүнчө), койдун, уйдун чийки сүтүн ичкенде, кенелердин массалык чабуул учурунда сүттө вирус болушу мүмкүн. Баса белгилей кетүүчү нерсе, чийки сүт гана эмес, андан жасалган азыктар (быштак, каймак ж.б.) да жугуштуу;

• вирусту териге сүрткөндө кенени эзгенде же чаккан жерди тырмаганда.

• Ушул себептен чийки сүт азыктарын кайнагандан кийин гана колдонуу керек.

Оорунун кесепеттери: толук айыккандан ден соолук көйгөйлөрүнө чейин, майыптыкка жана өлүмгө алып келет.

Кене вирустук энцефалитке ким кабылышы мүмкүн?

Жашына жана жынысына карабастан бардык адамдар кене энцефалитинин инфекциясына кабылышат. Жумушуна байланыштуу токойдо жүргөндөр (жыгач өнөр жай ишканаларынын кызматкерлери, геологиялык чалгындоо кызматтары, автомобиль жана темир жол куруучулар, мунай жана газ түтүктөрүн, электр линияларын куруучулар, топографтар, мергенчилер, туристтер) тобокел тобуна кирет. Шаардын жашоочулары жумуш жана эс алуу учурунда шаар четиндеги токойлордо, сейил бактарында, бакча участокторунда жуктуруп алышат.

19.04.2024
Саламаттык сактоо министри Республикалык балдар реабилитациялык борборунун жаңы имаратынын курулуш иштери менен таанышты

Бүгүн КР саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында, Чолпон-Ата шаарында жайгашкан Ибн Сина атындагы Республикалык балдар реабилитациялык борборунун жаңы имаратынын курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринде таанышты. 

Аталган имаратынын курулушу 2023-жылы май айында башталган. 2 кабаттан турган 3 корпус курулууда. Азыркы күндө курулуш иштери аяктап, ички жасалгалоо иштери жүрүүдө. 

Азыркы учурда ичүүчү суу менен камсыз кылуу үчүн скважинанын курулушу чечилип, имараттын тегерек четин көрктөндүрүүгө, балдарга спорт жана ойноо аянтчаларын курууга кошумча каражат бөлүү чечими кабыл алынган.

Борбордун ачылышы 2024-жылдын 1-июнунда Эл аралык балдарды коргоо күнүнө пландаштырылууда.

Жаңы имарат 100 орунга ылайыкташкан, бардык санитардык эпидемиологиялык талаптарга жооп берет. Борбордо 2 бөлүм, клиникалык, бактериологиялык лабораториялар, рентген кабинет, физиобөлүм, стоматологиялык кабинет, туз шахтасы, тамак-аш блогу, спорт зал, дарылоочу дене тарбия залы каралган. 

Борбордо өпкө оорулары менен жабыркаган балдарды дарылоо жана реабилитациялык жардам көрсөтүлөт.