Бишкекте медайымдык иштин адистерин даярдоо боюнча эксперименталдык программанын бет ачаары болду
16.06.2022 / Просмотров: 1475
Жаңы окуу жылында Кыргызстанда медайымдык иш адистерин даярдоо боюнча жаңы эксперименталдык программа ишке киргизилет жана ал медициналык айымдарды бюджеттик жана контракттык негизде даярдап жатышкан 4 пилоттук, тагыраак айтканда Бишкек, Нарын, Токмок жана Өзгөн медициналык колледждери өңдүү кучагына камтыйт.
Үстүбүздөгү жылдын 10-июнунда Бишкек шаарында «КРдагы медициналык билим берүүнү реформалоо» аттуу Швейцария долбоорунун колдоосу менен «Кыргызстандагы медайымдарга сапаттуу билим берүү» аталышындагы пресс-кафе өткөрүлүп, ага республикалык ММКлар, КР Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Медициналык жардам жана дары саясаты башкармалыгынын башкы адиси Гүлназ Ажымамбетова, КР Билим берүү министрлигинин Жогорку жана орто кесиптик билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Төлөсбай Абылкасымовдор, «КРдагы медициналык билим берүүнү реформалоо» аттуу Швейцария долбоорунун (MER долбоору) өкүлдөрү, КРнын медайымдык иш жана медициналык колледждер ассоциациялары катышкан.
Пресс-кафенин катышуучулары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-2030-жылдарга калктын ден соолугун сактоо жана саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү боюнча "Ден соолугу чың адам - өнүккөн өлкө" Программасынынын айрым пункттарын жүзөгө ашыруу максатында медициналык билим берүүгө өзгөртүүлөрдү киргизүү чечими кабыл алынгандыгы тууралуу кабардар болушкан. Белгилей кетчү нерсе, Программанын жогоруда аты аталган пункттарында медайымдык билим берүүнү саламаттык сактоонун жаңы талаптарына жана муктаждыктарына ылайык реформалоо караштырылган.
Кыргыз Республикасынын медициналык колледждеринде медайымдарды даярдооонун учурдагы абалына жүргүзүлгөн дыкат иликтөөнүн жүрүшүндө төмөнкүлөр аныкталды:
- бүгүнкү күнү медайымдарды даярдоо деңгээли эл аралык деңгээлдеги «медайымдын ассистентинин» деңгээлине жооп берет;
- студенттердин практика өтүүсү үчүн караштырылган кредиттердин саны практикалык көндүмдөрдү кабыл алууга жана бышыктоого жетишсиз;
- адистердин кесиптик компетенциясынын деңгээлин аныктоо үчүн бүтүрүүчүлөрдү кабыл алуу жана медайымдарды аттестациялоо системасы жок;
- билим берүү мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүн ишке орноштуруу боюнча көйгөй кадрдык потенциалдык пландоо жана бөлүштүрүүнүн чала иштелип чыккан пландоо системасы менен байланыштуу.
Окуу программасы медайымдык иш адиси, Словения университетинин профессору Бригита Скела Савичтин көрсөткөн эксперттик колдоосу алдында толугу менен жергиликтүү жумушчу топ тарабынан кайрадан каралып чыккан. Баардык окуу сааттарынын 50% практикалык иштерге арналат жана студенттер чыныгы клиникалык процесстерге тартылышат. Белгилей кетчү нерсе, буга чейин мейли жогорку жана орто билим берүүдө болсун азыркы окуу программасында бул өңдүү жаңычылдыкты жолуктура албайбыз. Окуу процессинин мөөнөтү ошол бойдон калган, тагыраак айтканда ал толук үч академиялык жылды түзөт.
Азыркы этапта, пилоттук программанын катышуучуларын тандоодон сырткары «Медайымык иш» адистиги боюнча эксперименталдык профессионалдык билим берүү программасы иштелип чыкккан.
Артыкчылыктары
- «Саламаттыкты сактоодогу гигиена жана ден-соолукка байланыштуу инфекциялар», «Теориялар, концепциялар жана медайымдык иш жөнүндө илим», «Медайымдык процесс жана документация», «Тамак-аш жана диетология», «Сапат жана саламаттык сактоодогу бейтаптардын коопсуздугу» ж.б. ушул өңдүү жаңы предметтер киргизилди.
- Клиникалык практиканын сааттары кыйла көбөйтүлдү, бул өз кезегинде студенттерге медайымдык кийлигишүүлөрдү аткаруу боюнча көндүмдөрдүн үстүндө иштөөсүнө шарт түзөт. Белгилей кетчү нерсе, аларга иш үстүндө жүрүшкөн медайымдар насаатчылык кылышат.
- Клиникалык насаатчылыкты өнүктүрүү мүмкүнчүлүгү пайда болууда.
- Практик медайымдар окуу процессине насаатчы жана айрым дисциплиналар боюнча окутуучу жана клиникалык насаатчы катары тартылат.
- Кредиттердин жалпы саны өзгөргөн жок, бул студенттер менен алардын үй-бүлөлөрүнө, ошондой эле окуу процессинин узактыгына каржылык кесепетин тийгизбейт.
- Кыскартылган предметтердин эсебинен клиникалык практикаларга тиешелүү сааттар көбөйтүлдү.
Айырмачылыгы
- Жалпы билим берүүчү предметтер кыскарган
- Эксперименталдык программанын максаты болуп профессионалдык блокту жана клиникалык практикаларды күчөтүү саналат.
Маалымат үчүн:
Медайымдык иш адистери тарабынан жүргүзүлүүчү иштин негизги максаты – бул бейтаптарга жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө коопсуз, квалификациялуу, этикалык нормаларга жооп берүүчү медайымдык жардам көрсөтүү; медициналык алдын алуу, үй-бүлөнү пландоо, калктын саламаттыгын сактоо маселелери боюнча окутуу жана консультация берүү боюнча иш-чараларды өткөрүү болуп саналат.
Кыргызстанда 25 миңден ашуун медайымдык иш адистери улуттук саламаттык сактоо системасынын ар кыл баскычтарында кызмат кылуу менен өтө кеңири ролдорду жана милдеттерди аркалашат. Башкача айтканда, алар бүгүн калкты саламаттык сактоо жаатындагы, айрыкча баштапкы медициналык-санитардык жардам системасындагы кызматтар менен камсыздоодо маанилүү ролду ойношот жана айрым учурларда үй-бүлөлүк дарыгерлердин тартыштыгын компенсациялашат.
Кыргыз Республикасынын Электрондук саламаттык сактоо борборунун маалыматы боюнча 2020-жылы медайымдык персонал менен камсыз болуу баштапкы деңгээлде – 96,5%, стационардык деңгээлде – 95,3%ды түзгөн. Айлык акынын аздыгына жана эмгектик начар шарттарына байланыштуу кадрлардын жумуш таштап кетүүсү көп кездешет.
Республика боюнча 27 билим берүү мекемесинде (26 колледж жана 1 училища) орто медициналык жана фармацевттик билимдүү адистерди даярдоо иштери жүргүзүлөт, алардын ичинен 14 медициналык колледж жана 1 медициналык училища мамлекеттик, ал эми клаган 12 медициналык колледж жеке менчик болуп саналат.
Республика боюнча бүтүндөй медициналык колледждердин бүтүрүүчүлөрү (2010-жылы – бардыгы: 3 542 адам, 2020-жылы – 6 052 адам).
Прикрепленные файлы:
Другие Новости
29.12.2025
Жаңы жылдык майрам жана дем алыш күндөрү саламаттык сактоо уюмдарынын иш тартиби
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги майрам жана дем алыш күндөрүндө саламаттык сактоо уюмдарынын иштөө тартиби тууралуу маалымдайт.
Медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана үзгүлтүксүз көрсөтүлүшүн камсыз кылуу максатында 2025-жылдын 30–31-декабрында республика боюнча бардык медициналык уюмдарда күчөтүлгөн иш тартиби камсыздалат. Бул күндөрү медициналык кызматкерлердин кошумча нөөмөттөрү уюштурулуп, кызматтардын жогорку даярдыгы камсыз кылынат, ошондой эле калкка шашылыш жана тез жардам көрсөтүү үзгүлтүксүз жүргүзүлөт.
2026-жылдын 1-9-январь аралыгында, жаңы жылдык каникул күндөрүндө, саламаттык сактоо уюмдары белгиленген тартипте иштеп, жооптуу кызматкерлердин нөөмөттөрү уюштурулат. Медициналык мекемелерде күнү-түнү тез жардам көрсөтүү камсыздалып, шашылыш дарылоого муктаж бейтаптарды жаткыруу үчүн керебеттердин резерви түзүлөт. Ошондой эле зарыл болгон дары-дармектердин, медициналык буюмдардын, кан компоненттеринин жана алардын резервдеринин жетиштүүлүгү камсыздалат.
Амбулатордук деңгээлде — үй-бүлөлүк медицина борборлорунда, жалпы дарыгердик практика борборлорунда жана үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунда — 1–9-январь күндөрү үй-бүлөлүк дарыгердин, үй-бүлөлүк медайымдын жана каттоо бөлүмүнүн нөөмөттөрү 08:00дөн 18:00гө чейин, ал эми дарылоо кабинеттери 14:00гө чейин иштейт.
Тез жардам кызматы Бишкек жана Ош шаарларында, ошондой эле өлкөнүн бардык аймактарында демалышсыз, күнү-түнү иштейт. Мындан тышкары, санитардык авиациянын үзгүлтүксүз иши, санитардык-эпидемиологиялык кызматтын адистеринин жана лабораториялардын нөөмөтү майрамдык жана дем алыш күндөрү да камсыздалат.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жаңы жылдык майрамдар мезгилинде калкка медициналык жардам толук көлөмдө көрсөтүлөрүн белгилеп, жарандарды зарыл болгон учурда медициналык уюмдарга өз убагында кайрылууга чакырат.
26.12.2025
Дары-дармектерге жеткиликтүүлүк жана ачык-айкын сатып алуулар: КР Саламаттык сактоо министрлиги БУУнун тутумундагы уюмдар менен кызматташуунун артыкчылыктарын талкуулады
2025-жылдын 26-декабрында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов Бириккен Улуттар Уюмунун тутумуна кирген уюмдардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрүп, анда колдонулуп жаткан Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун алкагында дары-дармек менен камсыздоо маселелери талкууланды.
Талкуунун жүрүшүндө тараптар дары-дармек менен камсыздоо жаатындагы кызматташуунун негизги багыттарына — улуттук жөнгө салуу тутумун чыңдоо, өмүр үчүн зарыл дары-дармектерге жеткиликтүүлүктү кеңейтүү, сатып алуулардагы ачык-айкындуулукту жогорулатуу жана жеткирүү чынжырларынын туруктуулугун камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурушту.
Министр сапаттуу дары-дармектерге адилеттүү жана туруктуу жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу саламаттык сактоо тармагындагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин жана бул Туруктуу өнүгүү максаттарына, айрыкча «Чың ден соолук жана бакубаттуулук» максатына жетүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин баса белгиледи.
Өзүнчө көңүл сатып алуулардагы ачык-айкындуулукка жана коррупциялык тобокелдиктерди алдын алууга бурулду. Каныбек Досмамбетов системалуу өзгөрүүлөрдүн зарылдыгын белгилеп, алар адилетсиз практикаларды четтетүүгө жана бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга багытталышы керектигин айтты.
«Мамлекет жыл сайын дары-дармек сатып алууга олуттуу каражаттарды багыттайт, биздин милдет — бул ресурстарды мүмкүн болушунча ачык-айкын жана рационалдуу пайдаланууну камсыз кылуу. Биз сатып алуулар тармагында тартипти катуу орнотууга, системаны адилетсиз практикалардан тазалоого жана туруктуу, чынчыл кызматташтыкты курууга багыт алдык. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрүбүздүн колдоосу менен бул кызматташтык системалуу жана узак мөөнөттүү мүнөздө болот деп ишенебиз», — деп белгиледи Каныбек Досмамбетов.
Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө даяр экенин, анын ичинде эл аралык стандарттарга ылайык сатып алууларды колдоо, жеткирүү чынжырларын башкаруу, санариптик чечимдер, фармакологиялык көзөмөл жана саламаттык сактоо тутумунун институционалдык потенциалын жогорулатуу багыттарында көмөк көрсөтүүнү ырастады.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун жоболорун ишке ашыруу боюнча биргелешкен ишти улантууга макулдашышты. Бул иш конкреттүү, өлчөнө турган натыйжаларга багытталып, дары-дармек коопсуздугун чыңдоого жана бейтаптардын кызыкчылыктарын коргоого кызмат кылмакчы.
25.12.2025
Кыргызстанда 2026-жылы ажылыкка зыярат кылуучуларга эмдөө иш-чаралары уюштурулду
Санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана жугуштуу оорулардын жайылышын алдын алуу максатында, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан 2026-жылы Меккеге ажылык сапарга баруучу жарандарды профилактикалык эмдөөнү жүргүзүү уюштурду.
Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин бекитилген буйругуна ылайык, бардык зыяратчылар менингококк инфекциясына, ошондой эле сезондук сасык тумоого каршы эмдөөдөн өтүшү керек. Бул чаралар эл аралык саламаттыкты сактоо жана санитардык талаптарга жооп берет жана ажылыкка кирүү үчүн милдеттүү талап болуп саналат.
Эмдөөлөр 2025-жылдын 23-декабрынан 30-декабрына чейин республиканын бардык аймактарындагы саламаттык сактоо уюмдарында 1-таблицага ылайык жүргүзүлөт, милдеттүү түрдө алдын ала медициналык кароодон өтүшөт. Эмдөөлөр бардык коопсуздук талаптарына, «муздак чынжырча» стандарттарына жана инфекцияны көзөмөлдөө эрежелерине жооп берет.
1-таблица
2026-жылдагы ажылык сапарга баруучуларга эмдөө жүргүзүлгөн жерлердин тизмеси
| № | Аймактар | Вакцинацияланган жер |
| 1 | Ош облусу жана Ош шаары | №8 ΥМБ Ош областтык жана Ош ш. эмдөө кабинети, Ж.Райымбекова көч. №22 |
| 3 | Жалал-Абад облусу | Манас шаары, Курманбек көчөсү, №13, №2 ҮДТнын эмдөө кабинети |
| 4 | Баткен облусу | Баткен облусунун ҮМБ эмдөө кабинети, Султанмурат көчөсү, Мин башы №14 |
| 5 | Талас облусу | Талас шаары, областык ҮМБ эмдөө кабинети, Бердике Баатыр көчөсү №293 |
| 6 | Ысык-Көл облусу | Каракол шаары, областык ҮМБ, Абдрахманов көчөсү, № 121 |
| 7 | Нарын облусу | Нарын шаары, областык ҮМБ, эмдөө кабинети Качкынов көчөсү №5 |
| 8 | Чуйская аймак | -ЖДПБ Кант шаары, Ысык-Ата району, көч. Иманкулова №6. - ҮДТ Военно-Антоновка, Сокулук району, Фрунзе көчөсү б/н |
| 9 | Бишкек | Бишкек шаары, №5 ҮМБнын эмдөө кабинети, Курманжан Датка көчөсү, №109а |
Бардык катышкан саламаттыкты сактоо уюмдары эмдөө үчүн зарыл болгон вакциналар жана каражаттар менен камсыздалган. Эмдөө аяктагандан кийин ар бир зыяратчы белгиленген үлгүдөгү эмдөө сертификатын алат жана маалымат электрондук эмдөөнү каттоо системасына киргизилет.
Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги 2026-жылы ажылыкка барууну пландап жаткан жарандарды белгиленген эмдөө пункттарында өз убагында медициналык кароодон жана эмдөөдөн өтүүгө чакырат. Бул чараларды сактоо зыяратчылардын ден соолугун коргоо жана өлкөгө жугуштуу оорулардын киришинин алдын алуу үчүн абдан маанилүү.