Назира Артыкова, ДСУнун Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси: “Алкоголдук ичимдиктер, тамеки заттары жана курамында кант бар суусундуктар биринчи кезекте керектүү муктаждык эмес, ошондуктан бул азыктарга салыкты көтөрүү саламаттыкты сактоо тармагын каржылоону жакшыртат”

18.05.2022 / Просмотров: 1036

2022-жылдын 17-майында Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун көмөгү менен алкоголдук ичимдиктерге, тамеки заттарына жана курамында кант бар суусундуктарга ден соолуктун кызыкчылыгы үчүн салык салуу мүмкүнчүлүгүн кароо боюнча улуттук секторлор аралык кеңешме өткөрүлдү. Калк арасында жугуштуу эмес ооруларды пайда кылуучу жана өлүмгө чейин алып келүүчү алкоголдук продукцияларга, тамеки заттарына жана канттуу суусундуктарга кеңири жеткиликтүүлүктү чектөө. Бүгүнкү күндө жугуштуу эмес оорулардын натыйжасында калктын өлүмү дүйнөлүк масштабда 40 миллион адамды түзөт, ал эми Кыргызстанда жугуштуу эмес оорулардан, мисалы, жүрөк-кан тамыр жана онкологиялык оорулардан өлүм биринчи орунда турат. Бул жолугушуу салык салууну жогорулатуу боюнча жаңы сунуштарды иштеп чыгууга арналган. Салык маселеси, адатта, эл арасында нааразычылыкты жаратат. Бирок бул үч продукт – алкоголдук ичимдиктер, тамеки жана канттуу суусундуктар – биринчи кезекте керектүү муктаждык эмес, ошондуктан бул азыктарга салыкты көтөрүү саламаттыкты сактоо тармагын каржылоону жакшыртмак. Бирок биздин негизги максатыбыз салыкты көтөрүү эмес, салыкты көбөйтүү жолу менен Кыргыз Республикасынын калкынын арасында бул продукциянын кеңири таралышына жол бербөө үчүн бул продукцияга, өзгөчө жаштар арасында жеткиликтүүлүктү чектөө. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Канада, Беларусь, Россия, Грузиядан эксперттерди чакырган. Мындан тышкары, ДСУнун Женевадагы кызматкерлери жана Копенгагендеги Регионалдык кеңсеси онлайн режиминде туташат. Салыктарды жумушчулардын кызыкчылыгына кедергисин тийгизбей турган түрдө көтөрүүнүн алдыңкы тажрыйбалары, ошондой эле мыйзам же өкмөттүн чечими түрүндө документтерди тапшыруу жана бекитүү процесстери боюнча презентациялар өткөрүлдү.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

17.04.2024
Бишкекте Кыргызстандын кургак учукка каршы күрөшүү кызматындагы комплекстүү реформалардын жетишкендиктери жана туруктуулугу талкууланды

Бишкекте “USAIDдин “Кургак учукту айыктыруу” демилгесинин алкагында иштелип чыккан комплекстүү реформалардын жетишкендиктери жана туруктуулугу” деген темада конференция өттү.

Конференция USAIDдин “Кургак учукту айыктыруу” беш жылдык долбоорунун жардамы менен Кыргызстандагы кургак учукка каршы саясатты жакшыртууну талкуулоого арналган. Анын ичине кургак учукту аныктоо, дарылоо, алдын алуудагы жетишкендиктер, инновациялар жана туруктуу өнүгүү стратегиялары кирген. Долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өлкөдөгү кургак учукка каршы күрөшүү боюнча аракеттерин колдоого багытталган.

Конференцияга КР Жогорку Кеңешинин депутаты Айбек Маткеримов, КР Саламаттыкты сактоо министринин биринчи орун басары  Медер Исмаилов, Кыргызстандагы АКШнын элчилигинин убактылуу ишенимдүү өкүлү Лиз Зентос, ошондой эле медицина кызматкерлери, өнөктөштөр жана USAIDдин “Кургак учукту айыктыруу” долбоорунун адистери катышты. 

 

Конференциянын жүрүшүндө кургак учуктун лабораториялык диагностикасынын системасын чыңдоо, кургак учук менен ооругандарды активдүү аныктоону киргизүү тажрыйбасы, кургак учук боюнча областтык консилиумдун иши, ийгиликтүү дарыланган учурларды верификациялоону жана «кургак учук менен ооругандарды башкаруу» тажрыйбасын киргизүү, Кыргызстанда кургак учукка каршы жардам көрсөтүү системасын оптималдаштыруу боюнча баяндамалар угулду, ошондой эле кургак учук темасын сапаттуу чагылдыруу үчүн журналисттердин дараметин жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалыматтар берилди.

 

Кыргызстанда кургак учукка каршы жардам көрсөтүү системасын өнүктүрүүгө кошкон салымы жана жемиштүү кызматташуусу үчүн ыраазычылык белгиси катары КР Саламаттык сактоо министрлиги USAIDге Ыраазычылык катын жана анын бир катар кызматкерлерине Ардак грамоталарды тапшырды.

 

Маалымат үчүн:

 

USAIDдин “Кургак учукту айыктыруу” долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө дары-дармекке туруктуу кургак учукка өзгөчө көңүл буруу менен, кургак учук менен ооруган адамдарды диагностикалоодо, дарылоодо жана айыктырууда колдоо көрсөтөт. Долбоор эл аралык сунуштамаларга ылайык Кыргызстандын кургак учукка каршы аракеттенүүсүн күчөтүү үчүн системаларды, шаймандарды, ресурстарды жана кадрдык потенциалды чыңдоого багытталган.

17.04.2024
Саламаттык сактоо министри Талас облусундагы көрсөтүлүп жаткан медициналык кызматтардын сапаты менен таанышты

Бүгүн, 2024-жылдын 17-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Чолпон Мамбетов атындагы Талас облустук биргелешкен ооруканасын кыдырып көрүп, оорукананын абалы менен таанышты. Анын жүрүшүндө кардиология бөлүмүнө ангиограф аппаратын алуу боюнча маселе көтөрүлүп, чечип берүү жагын караштарын айтып, дарыланып жаткан бейтаптардын абалынан кабар алды.

 

Андан соң Талас областтык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунда болуп, ал жердеги көйгөйлөр менен таанышты.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Марат Мураталиев менен биргеликте Талас медициналык колледжине интерактивдик панель, компьютер, принтер сыяктуу заманбап жабдууларды тапшыруу аземине катышты. Колледждин эмгек жамааты менен жолугушууда учурдагы көйгөйлүү маселелердин бири болгон ремонт иштерине жардам берерин убада кылды. 

 

Мындан тышкары, Талас облустук Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборундагы көйгөйлүү маселелер менен таанышып, элге шарттарды түзүү максатында ремонт иштерин бүткөрүү керек экенине токтолду.

 

Талас облусунун медицина кызматкерлери менен жолугушуу өткөрүлүп, анда айлык маяна, депозит, турак жай, ипотека, жумуш орундары боюнча маселелер көтөрүлдү.

16.04.2024
Кенелер ойгонду

Кенелердин активдүүлүгүнүн мезгили келди, суук түшкөнгө - кеч күзгө чейин созулат.

Кене энцефалити – бул биринчи кезекте борбордук нерв системасын жабыркатуучу курч жугуштуу вирустук оору. Оорунун кесепеттери майыптыкка жана өлүмгө алып келет.

Кене энцефалитинде адам өзүн алгач алсыз жана начар сезет. Болжол менен бир жумадан кийин бул симптомдор басаңдашы мүмкүн, бирок андан кийин катуу баш оору жана жогорку дене тап менен коштолгон экинчи фазасы пайда болот.

Оорунун мезгилдүүлүгү жана оорунун негизги белгилери

Оору кенелердин эң чоң активдүүлүгүнүн мезгили менен байланышкан жаз-күз мезгилдүүлүк менен мүнөздөлөт (апрель-сентябрь). Инкубациялык мезгил (инфекция жуккан учурдан тартып оорунун алгачкы белгилери пайда болгонго чейин) адатта 1 күндөн 60 күнгө чейин термелүү менен 7-14 күнгө созулат.

Оору катуу башталып, чыйрыгуу, катуу баш оору, температуранын 38-39 градуска чейин кескин көтөрүлүшү, жүрөк айлануу, кусуу менен коштолот. Бейтапты көбүнчө моюн жана ийинде пайда болгон ооруксунуу, көкүрөк жана белдин арткы бөлүгүндө, буту-колдогу булчуңдардын оорушу тынчсыздандырат. Бейтаптын көрүнүшү: бети кызарып канга толуп (гиперемия), кийинчерээк ал тулку боюна тарайт.

Эгерде адамда жогоруда аталган оорунун белгилери болсо, анда дарылоо-профилактикалык уюмдарга тез арада медициналык жардамга кайрылуу зарыл.

Кене вирустук энцефалитке ким кабылат?

Бардык адамдар жашына жана жынысына карабастан кене энцефалитинин инфекциясына кабылышат. Жумушу токойдо жүрүү менен байланышкан жарандарда (жыгач өнөр жай ишканаларынын кызматкерлери, геологиялык чалгындоо кызматтары, авто жана темир жол куруучулар, мунай жана газ түтүктөрүн, электр линияларын куруучулар, топографтар, мергенчилер, туристтер) жуктуруп алуу тобокелдиги жогору. Шаардын жашоочулары шаар четиндеги токойлордо, сейил бактарда, бакчаларда жумуш жана эс алуу учурунда жуктуруп алышы ыктымал.

Табиятта кене чаккандан кантип сактануу керек?

Жаратылышка эс алууга чыкканда жабык, ачык түстөгү кийимдерди кийүү талапка ылайык. Кийимдин ичине кене кирип кетпеши үчүн шымды өтүктүн ичине же калың резинасы бар байпактарга кыстарып коюу керек. Үстүнкү кийимди (көйнөк, куртка) шымга шымдап, жең манжети колго жабышып турушу шарт. Баш жана моюн жоолук менен жабылышы керек.

Кенелерден коргонуу үчүн дененин ачык жерлерин жана кийимдерди курт-кумурсканы качыруучу аэрозоль, мазь, крем ж.б.(репелленттер) менен сүртүп алса болот.

Кене вирустук энцефалитинин табигый очогу болгон учурда ар бир 30 мүнөт сайын кийимди жана денени текшерип, кийимге жабышкан кенелерди түшүрүп туруу керек.

Үйгө кайтып келгенден кийин бардык кийимдерди чечип, баштын терисин кылдат текшерип, эс алуудан алып келинген жууркан, дасторкон, сумкаларды силкип, күнгө илип коюңуз.

Кененин көп жабышкан жерлери — кулак, көкүрөк, колтук, моюн, табарсык, курсак жана белдин ылдыйкы бөлүгү.